Кыдыр даарыган адамдар. Турду аке

Алгы сөз

Оболу Баймырза агай тууралуу эки ооз сөз.

КРдин Билим берүүсүнүн эмгек сиӊирген кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Баймырза Нурманбетов көзү тирүүсүндө өзүнө эки эстелик куруп кетти. Бири – “кыргыз Макаренкосу” деп аӊызга айланган ысымы. Бири – “Турду аке” китеби. 

“КЫРГЫЗ МАКАРЕНКОСУ”

Баймырза агайдын “кыргыз Макаренкосу” аталып калганы мындайча. Ал убакта Баймырза агай өз ишинин чыныгы устаты катары таанылып калган убагы экен. Талас райондук партиялык комитеттин суроосу жана өтүнүчү менен Талас районундагы Чалдовар мектеп-интернатына которулуп келип, анда 1961-1965-жылдары директор болуп кызмат аткарып калат. Ушул учурда Кыргызстан Компартиясынын жана Эл агартуусунун министрлигинин жетекчилигинин астында Москва районундагы Беловодск өзгөчөлөнгөн колония тибиндеги мектеп-интернаттын директорлугуна кимди директор дайындайбыз деген суроо күн тартибине коюлат. Анын себеби акыркы эки жылда 6 директор алмашып, асты ооруканага түшүп, арты интернаттан качып кеткен болот. Маселе курч крюлуп, Кыргызстандагы 5 мыкты директор тандалып, алар эки жылда алты директор алмашкан интернатка жетекчи болуудан баш тартышат. Бир гана Баймырза Нурманбетов макулдугун берет. Бул ишке Кыргыз КП БКнын биринчи секретары Турдакун Усубалиев өзү кийлигишип, Баймырза агай Таластан шашылыш чакыртылып алынат. Биринчи экөө көзмө көз сүйлөшөт. Турдакун Усубалиевич андан интернатты тартипке салып бер деп суранат. Ошентип, чыныгы педагог жана мектеп директору катары такшалган Баймырза Нурманбетов эки жылда алты директор алмашкан Москва районундагы Беловодск өзгөчөлөнгөн колония тибиндеги мектеп-интернатына “десант” болуп түшүрүлүп, директор дайындалат. 

Бул мектеп-интернат чектен чыккан, ээнбаш, тартипсиз жаш өспүрүмдөрү менен бүтүндөй республикага таанымал эле. Директорду Эл агартуу министри А.Каниметов өзү мектеп-интернатка алпарып тааныштырат. 

Мектеп-интернаттагы балдардын шоктугу жаӊы директорду тааныштыруу линейкасында эле дароо көрүнөт. Завуч окуучуларды тартипке чакырып, сүйлөйүн десе, аны сүйлөтпөй ызы-чуу салышат да, арасынан бирөө колун көтөрсө, баары дымып калышат. “Эмне айтайын дедиӊиз эле?” – дейт тигил баа. “Жаӊы директор келди эле. Ошону тааныштыралы дегенбиз” – дейт завуч күнөөлүү кишидей. “Жаӊы директор… Качанга чейин апкеле бересиӊер. Келгенинен кеткени бат. Баары качканга маш. Андан көрө директорсуз эле окуй бербейлиби. Ал эмне биз үчүн окуп бермек беле?” – дейт тигил неме каткырып күлүп. Жанындагылар аны коштоп күлүп калышат.

Ортого узун бойлуу, бүркүт кабак Баймырза агай салмактуу басып чыгат да: “Балдар, талаада жайылып жүргөн малдын да артында кайтарган малчысы болот. Силер советтик интернатта тарбияланып жаткан окуучусуӊар. Ээн талаа, эрме чөлдө жүрсөӊөр да эмне болуптур. А советтик интернатта эӊ алды темирдей тартип болушу шарт. Мен качпайм, силер да эч жакка кетпейсиӊер. Мен силер үчүн окубайм, өзүӊөр окуйсуӊар. А мен анүчүн бардык шарттарды түзүп берем. Мен бул жакка силер менен көпкө иштешкени келдим. Эмне маселе болсо, түптүз өзүмө кайрыласыӊар. Буюрса, жатакана да, жатаканадагы абал да, жууркан-төшөк, кийим-кече, тамак-аш да, силерге жасаган мамиле да оӊолот. Силер мугалимдериӊерге, тарбиячыларга ата-энедей мамиле жасай баштасаӊар, алар да силерге өз балдарындай, бир тууганындай мамиле жасай башташат. Эгер кимде-ким силерге орой мамиле жасаса, анда дароо жумушунан кетет. Эгер силер сыйлабайсыӊарбы, анда сөз башкача болот. Мамлекет түрмөлөрдө да темирдей катуу тартип орнотуп жатат, мектеп-интернат эмне болуп калыптыр. Бекеринен эле тагдырыӊарга балта чаап албагыла”, – деп ары ишенимдүү, ары чыйрак сүйлөйт. Ушул бир ооз сөзү менен эле ээнбаш балдарды ордуна коет. 

Баймырза агай убада кылгандай эле, эки жылда алты мектеп директору алмашкан мектеп-интернат эки жыл ичинде республикадагы үлгүлүү мектепке айланат. “Кыргыз Макаренкосунун” педагогикалык таланты бүткүл союздук республикаларга дүӊ болуп, анын мектеп-интернаттагы ишмердиги тууралуу очерктер, китептер жазылат. Жазуучу Калканбай Ашымбаев агай ага бир повестин арнаган.

Өзү педагогикалык өмүрүнүн бул мезгилин: “…Ар бир мектептин, мектеп-интернаттын өзүнчө өзгөчөлүктөрү, айырмаланган жактары көп болот. Мектеп-интернатты жалпы билим берүүчү мектептер менен салыштырууга болбойт. Андан тарбиялангандар сутканын 24 саатында дайыма көз алдыӊда болот. Бир эле учурда, педагогдун, ата-эненин түйшүгүн тартууга, билим берүүгө да, тарбия берүүгө да туура келет. Негизинен мектеп-интернатта тарбиялануучу балдар А.С.Макаренко тарбиялаган чектен чыккан бейбаш балдар эмес, алардын теӊинен көбүнүн ата-энеси барлар, бирок араларында кароосуз калган жетим-жесирлердин, мектептен, үйдөн качкан, ата-энесине баш ийбеген балдар да жок эмес” – деп эскерген.

“ТУРДУ АКЕ” КИТЕБИ

Баймырза агайдын өзүнө койгон эстеликтеринин бири – “Турду аке” аттуу китеби. Ал андагы маалыматтарды эл арасынан көп жылдар бою мыскалдап чогултуп, анын баарын иреттеп кагазга түшүргөн. Көкүрөк Таластан чыгып кыргыз-казакка таанымал болгон Турду акенин басып өткөн өмүр жолу, кара кылды как жарган калыстыгы, кеменгерлиги, нускалуу кептери, даанышмандык ишмердиги тууралуу жазылган жападан жалгыз китеп ушул. Ал бул китепти жазып калтыруу менен өзүнө да, Турду акеге түбөлүк эстелик калтырды. Бир чети муну менен урпактык милдетин аткарды. 

Баймырза агай Турду акенин түздөн түз тукуму. Турду акеден беш уул: Кыдыралы, Сасман, Абдылда, Байдылда, Нуралы. Байдылдадан Нурмамбет. Нурманбеттен – Баймырза. Ошондо Баймырза агай Турду акенин чөбөрөсү.

ТАКТОО ИРЕТИНДЕ

Биз мындан аркы сөзүбүздү Баймырза агайдын “Турду аке” китебине жана агай пайдаланып жазган кол жазмаларга таянып улантабыз жана кээ бир жерлерде сөзмө сөз кеп кылабыз. Неге дегендеи, Турду аке тууралуу кенен маалыматтарды агайдын китебинен жана УИАнын Кол жазмалар фондусундагы Чыналы Шакетаевдин кол жазмаларынан, Абаскан Айдаровдун балдарына мурастаган дептерлеринен, Качкын уулу Ибраим ж.б.лардын айткандарынан гана табууга болот. Башка эч жерден азырынча Турду аке тууралуу маалыматтарды кездештире элекпиз.

ШАЛТАК УРУУСУНУН ЧЕЖИРЕСИ

Оболу жетиген элинен чыккан шалтак уруусуна кыскача токтололу. Жетигенден Кыбал. Кыбалдын улуу баласы Кудаймендеден Бейше. Бейшенин беш баласынын бири – Байдөөлөт. Байдөөлөттөн эки бала – Шалтак жана Узак. Шалтактын өз ысымы – ….. 

Узактан – Атакозу, Жамансарт, Курмансарт, Жолдошалы, Солто. 

Шалтактан – Ажы, Атажан, Бердике, Бектен, Бекмурат. Ажыдан – Турду, Итийбас. Итийбастан – Айтымбет, Убаке, Жунуш, Молдостан, Адамбек. Убакеден – Жапар, Сапар. Жапардан – Сопубек, Алайбек, Мырзабек, Ташболот. Сапардан – Болот, Болоттон – Бакыт. Адамбектен – Кеңешбек. Кеӊешбектен – Кубатбек. Жунуш, Молдостан, Айтымбеттен бала жок.

Ажынын улуу баласы Турдудан беш уул: Кыдыралы, Сасман, Абдылда, Байдылда, Нуралы. Турду көз ачып көргөн баласы Кыдыралыны Семейден окуткан. Орус тузем мектебинен окуган Кыдыралы жаш кезинен тыӊ чыккан. Көп жыл болуш болгон. Тилекке каршы, Кыдыралыдан бир кыздан башка тукум жок. Экинчи баласы Сасмандан – Момбек, Молдалы, Шабданалы, Молдояр, Биялы, Субанбек. Момбектен Жылдызбек, Жылдызбектен – Сталбек, Бекитай. Абдылдадан – Султанбек, Сейитказы. Биялыдан – Жоробек, Балкыбек. Жоробектен – Дамир (Болот), Бактыбек, Рысбек, Алмас, Байсал. Балкыбектен – Руслан. Субанбектен – Кушубек, Сүйүнтбек. Кушубектен – Асан, Үсөн, Мурат. Сүйүнтбектен – Казыбек, Козубек, Осмон, Эрнис, Искен, Өкчөм. 

Сасмандын кийинки балдары – Шабданалы, Молдалы, Молдоярдан тукум жок. Үчөө да 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, кайтпай калышкан. 

Байдылдадан – Нурмамбет. Нурманбеттен – Баймырза, Сармырза 

(Сакен). Баймырзадан – Марат, Мурат, Турат. Мараттан – Айбек, Ильяс. Сармырзадан – Эрнис, Эрмек. Кенже уулу Нуралыдан –Арстаналы, Каймазар, Арстанбек, Орозбек. Арстаналыдан – Азамат, Рысбек, Жолдошбек, Шаршен, Мурат. Арстанбектен – Бакыт, Абас, Адыл. Орозбектен – Улан, Руслан. Каймазардан бала жок.

Шалтактын экинчи баласы Атажандан – Майлыбай, Жумабай, 

Кошой үч уул. Майлыбайдан – Түлөберди, Мамбетжан, Кудайберди, 

Кожокелди, Кыштакбек, Исаке деген балдар төрөлгөн. Түлөбердиден Эсенжан, Исакеден – Эшимбек, Токуш. Эшимбектен – Рысбек,

Салмоорбек, Токуштан – Төрөбай, Бөрүбай, Иманбай, Карабай. Мамбетжан, Кудайберди, Кожегелди, Кыштакбектен тукум жок. Жумабайдан – Апыш, Ырсалы. Апыштан – Ниязбек. Ниязбектен – Асымбай, Касымбай. Ырсалыдан – Ауланбек. Атажандын үчүнчү баласы Кошойдон: Үмөт, Кул. Кулдан – Өмүралы менен Сыдык. Өмүралыдан – Бузурман. Сыдыктан Чынжырбек жана Саякбай. Үмөттөн – Ашыралы, Султаналы, Ильяс, Кыстарбек, Камчыбек, Жолдошбек, Төштүк. Ашыралыдан – Оңолбай. Султаналыдан – Ашымбек менен Эсенбек. Ашымбектен – Кабыл, Абыл жана башка дагы балдары бар. Эсенбектен – Эркинбек, Какин, Алмасбек, Каныбек, Рысбек. Ильястан – Төлөбек.

Шалтактын Бердике деген баласынан Абдыраман. Абдырамандан – Карагул, Жаналы, Калмамбет, Бөкө. Карагулдан – Аманбек. Аманбектен – Темиш, Ормошбек, Адыбай. Жаналыдан – Акмат, Алымбек, Бекмат. Акматтан тукум жок. Алымбектен Бекболот, Бекматтан – Жыргалбек, Шерик, Айдарбек. Бөкөдөн – Оторбек. Оторбектен – Казакбай менен Өмүрбай. Калмамбеттен бала жок.

Шалтак уулу Бектенден Дүйшөналы. Дүйшөналыдан – Рыскелди. 

Бекмураттан тукум жок.

Азыркы мезгилде шалтак уруусунан тарагандар 300-350 түтүнгө чамалап калды. Негизинен Талас районунун Талды-Булак жана Көпүрө-Базар айылдарында, айрымдары Бишкек, Талас шаарларында жашашат жана эмгектенишет.

Турду аке ким болгон?

Турду акени (1826-1914) көргөн-билгендердин айтымында, ал узун бойлуу, сакалы жайкалган, кырдач мурун, узун жаак, көзү сүрдүү караган, үнү ачуу чыккан, түспөлү ак жуумал, кызыл беттүү киши болуптур. Башына сүлөөсүн же суусар тебетей кийсе, үстүнө желең баркут күрмө кийип, анын сыртынан илбирстен, же карышкырдын терисинен кооздоп жасалган ичик кийип, же жамынып жүрчү экен. Атка минсе камчы албаган, узун жеңи менен камчыланган, өтө боорукер, сылык сүйлөп, бир адамга жаман айтпаган, калыс киши экен. Эки жакка чыкканда алмак-салмак мине турган, камчы чаптырбаган жүрүштүү эки күлүк аты – бири тору кашка, экинчиси жээрде кашка болот. Аларды дайыма Кара менен Сары деген жигиттери багып, керек дегенде токуп, кээ бир учурда бир жакка чыкса кошо ээрчип, атына көз салып, жем-чөбүн даярдап, кетерде даярдап берип турушчу дейт. Экөө тең жылкынын сырын терең билип, сындай билген, саяпкер сынчы адамдар болушкан көрүнөт айтымда. 

Кара кылды как жарган калыстыгы, капилеттен сөз тапкан чечендиги, караӊгыда жол тапкан көсөмдүгү менен узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына аты таанылып, аке катары элге төбөсү көрүнгөн Турду аке өз мезгилинде Талас өрөөнүнө гана эмес, Чүй боорундагы солто, сарбагыш урууларына, бир тууган казак элине, Кокон, Наманган, Анжияндагы боордош өзбек элине чейин маалым залкар тарыхый инсан. Ал тубаса акылы, бийик адамгерчилиги, өзү көрбөсө да көргөндөрдөн артык түшүнгөн акылы дааналыгы, ар нерсеге көзү жетип каныккан акылмандыгы, ар иштерди алдын ала билип айткан көрөгөчтүгү, ар кандай талаш-тартыш, же пикир келишпегендиктерди, адилетсиз чечилген маселелерди адилеттүү жана калыс чечкен калыстыгы менен элге таанылып, урмат-сыйына ээ болгон. Турду акенин калыс сөзү, адилет кеби ага аке деген сый апкелип, атагы улуу элдин учуна, кичи элдин кыйрына жеткен жана угулган. 

Турду аке чыккан шалтак уруусу Таластын көкүрөгүн, азыркы Талас районунун Көпүрө-Базар айылы жана анын айланасындагы сары талааны, түштүгүнөн азыркы Талды-Булак айылынын түндүк жагындагы тегиздикти жердеген.

Бул жерлер Талас кырка ала тоолору менен курчалган. Каракол, Кумбел, Кара-Кыштак, Орто-Кошой, Чоң-Кошой, Боз-Айгыр, Бакай-Таш, Жылаңач, Желди-Суу, Жел-Тийбес, Жаргарт, Сандык, Өтмөк деген жайлоолору бар. Байкаганыӊыздардай, бул чөлкөмдөгү жер-суу аталыштары Манас, Бакай, Кошой бабаларыбыздын ысымдары менен байланышкан: Бакай-Таш, Орто-Кошой, Чоң-Кошой, Кичи-Кошой.

ШУМКАР-УЯ

Манас бабабыз ак шумкарын кармаган Шумкар-Уя да ушул чөлкөмдө. Алыстан эле заӊкайып, бийик да, сүрдүү да көрүнгөн бул аскалуу зоо убагында аябай эле бийик болсо керек, бирок мезгил өзүнүкүн бербей койбойт экен. Ондогон кылымдар үстүнөн далай жолу чагылган түшүп, жамгыр нөшөрлөп куюп, жааган кар катып муз болуп, күнгө куйкаланып отуруп, четинен кетилип баратканы аскадан төмөндө жаткан учтуу таштардан даана көрүнүп турат. 

ЧАТ-БАЗАР. КӨПҮРӨ-БАЗАР

Илгери-илгери Таласта эки базар болуп, бири – Каракол суусу менен Талды-Булак суусу кошулган чатта орун алгандыктан Чат-Базар аталып, кийин кеӊеш өкмөтү орногондон кийин айылдын аты да Чат-Базар аталды. Экинчиси, Көпүрө-Базар. Ал Чат-Базардан 30-35 чакырым өйдө Каракол суусунун боюндагы, кайсы бир кылымдарда Улуу Жибек Жолу өткөн жолдогу базардын аталышы. Азыр Көпүрө-Базарда базар жок, Көпүрө-Базар аталган айыл бар. Мына ушул базардын Көпүрө-Базар аталып калышын Турду акенин ысымы менен байланыштырышат.

Казак, өзбек соодагерлери, кашкарлык соодагерлер бирде чаттагы базарга чогулушса, бирде кербен сарайлуу казак менен кыргыздын чегин бөлүп турган Көк-Кыяда ашуусунун түшө калышындагы базардан соода кылышат. Бирок баарынын көкүрөгүн өйүгөн бир нерсе, Каракол суусунан өткөн көпүрөнүн жоктугу болот. Анткени жыл сайын жаз-жай айларында суу ташкындап жөө адам турмак, атчан адам да өтө алгыс болгон. Ал кыш айларында үйөр жүрүп ташкындап, суу үстүнө чыгып, көк муз каптап, бир жээктен экинчи жээкке өтүш кыйындаган. Каракол суусу өткөн кылымда азыркыга караганда эки-үч эсе көп да, терең да болгон дешет.

Күндөрдүн биринде тиги-бул өйүздөгүлөр чогулуп: «Көпүрө салыш, көпүрө салдырыш Турду акенин колунан келет. Канча кылса да эл кишиси эмеспи, элге боор ооруйт чыгар» деп ага келишет. Ал бир ооз гана: «Аракет кылып көрөйүн» деп жооп берет. Жаз-жай аяктап, суу тартылып калган убакта Ак-Чий менен Олуя-Атадан усталарды чакыртып, жергиликтүү элдин кол кабышы менен эки ай ичинде мал-кел, жөө адамдар өтчү кенен көпүрө салынып бүтөт. Четиндиден жүз жылдык арчаларды алдыртат. Кеткен каражат чыгымдарды эч кимден жардамсыз Турду аке өзү гана төлөйт. Элдин ыраазылыгы менен көпүрө – «Турду акенин көпүрөсү» аталса, көпүрөнүн аркы-берки өйүзүндөгү жанындагы базарга байланыштуу ошол чөлкөм Көпүрө-Базар аталып калат. 1960-жылдары колхоздор ирилешип, чоӊ айыл түшүп, Көпүрө-Базар аталышын алат.

Турду акенин көпүрөсү совет бийлигинин мезгилинде бир нече жолу кайра-кайра оңдолуп, кийин ал оор жүктүү машиналар ж.б. техникалар өтө тургандай кылып мезгилдин талабына жараша кайра курулуп салынган. 

Ажы атанын балдарынын журт которушу

Шалтак уруусу кышында көкүрөк Таластын Талды-Булак тарабында Бакай-Таштын алдындагы Чаар-Таштан төмөн карай кеткен кокту-сайлардагы Узун-Булак менен Кырк-Булак деген бөксө күнгөй жерлерди кыштаса, экинчи кыштоосу Караколдун күнгөй тарабындагы Чычырканак сайы болуптур. Жаз-жай айларында Суусамырдын Муз-Төр, Жайсаң, Ала-Бел, Чымынды-Сай жайлоолорун жайлаганы айтылат.

Турду аке бир тууган иниси Итийбасты ээрчитип, 5-6 үй-бүлө менен Чүй тараптан Таласка ооп келип калышынын тарыхы бар. Атасы Ажы Кара-Балта тараптагы жетиген урууларынын арасында, Теңир-Тоо кыркаларынын күн чыгыш этек жагындагы Жайыл жана Ак-Суу аймактарында жашап турушкан экен. Чүй боорунда жашаган соӊ, айтылуу Канай менен туугандашып, мамиле түзөт. Канай менен Ажынын көзү өткөндөн кийин ата салтын улантып, Байтик, Бошкой, Жанкарачтар Турду менен Итийбасты өз боорлоруна тартышат. Жакшылык-жамандыктарда туугандашып катташат. Ошентип, атасы Ажыдан келаткан жакындык катташ үзүлбөй, Турду жаш болсо да Байтик, Жангарач, Бошкойлор менен үзөӊгүлөш жүргөн. Байтик Турдунун башкаларга салыштырганда тирикарактыгын, турмушка тың, жаш болсо да акыл-эси жетик, көп нерселерди айттырбай жана алдын ала билгендигин байкап билген.

Турду он төрттөн он бешке караганда Байтик баатыр аны чакырып: «Сен эми чоңоюп эр жеттиң, бир айылга гана эмес, бир элге баш көз боло турган маалың келди. Таластын көкүрөк тарабы али ээн, бош жатат. Жакын-жукун, урук-туугандарыңды топтоп, ээрчигенин ээрчитип ошол жакка бар. Биз бияктан көз салып, кем-карчыңа жардамдашып турарбыз. Бала-чакалар кез-кезде барып аман-эсениңерди билип, барып-келип турар. Кайсы жерде болсо да урук-туугандарыңды тап» – деп кеӊеш курат.

Турду жакын урук-туугандары болуп он чакты үй-бүлө Таластын баш жагындагы Чаар-Таш деген жерге көчүп келип отурукташып калат. Шалтак уруусунан тарагандар гана эмес, жакын жоро-жолдоштор, жетиген урууларынын айрым уруктары улам барган сайын бара-бара көчүп келишип, буларга кошула берет.

Элге таанылышы

Таласка көчүп келген Турду аке бат эле көзгө урунуп, элге таанылат. Тубаса акылдуу, сейрек кездешкен кеменгер, нарк-нускалуу олуя, сынчы, зирек, калыс Турду аке уруу арасындагы, бай-кедей, казак арасындагы талаш-тартыш доолорду, уурдоолорду, барымталарды, эр өлтүрүп кун төлөмөр доолорду, жер талашкан чатактарды ж.б. ар кандай пикир келишпегендиктерди чечкенге аралашат. Качан да уруш-талашы жок, сүйлөшүү жолу менен бир-бирине доо, же кек сактабагандай кылып адилеттүү чечип бергени эл сыйына татыйт. Айрыкча жетим-жесирлерге, бей-бечараларга көңүл буруп, аларга жылуу мамиле жасап, боор тарткан. Керек учурда алардан жардамын аябайт.

Өтө кыраакы келип, көп нерселерди алдын ала туюп, алысты көрө билген. Айтканы айткан, дегени деген болуп, кадыр-баркы өсөт. Бара-бара аны билген жана катташкан адамдары да көбөйөт. Чүй тараптан курбу-курдаш, куда-сөөк болуп Канай тукуму – Байтик, Байке, Байсеит, Бошкой, Жанкарач, алардын балдары Өзүбек, Байсал, Алымбек, Турумбек, Ибраим, Медетбектер менен катташса, Кетмен-Төбө тараптан Рыскулбек баш болгон алардын тукумдары – Керимбай, Акмат, Дыйканбай жана башкалары менен тууганча катташып, Рыскулбектин инилеринин бири Муктаркандын кызы Рабияханды небереси Молдалыга келин кылып алып берет. Кемин тараптан Жантай, сарбагыштан Үмөталы баатыр менен, төмөн жактагы Ажыбек датканын балдары – Нурак, Кыдыралы, Эшенкул менен, Ош тараптан Алымбек, Мусулманкул менен, казак элинен Супатай, кийин анын уулдары Бердикожо жана Агибай менен, ошондой эле саруу, кытай, мундуз, алакчын, азык, берен, черик урууларынын аксакал билермандары ж.б. даңазалуу адамдары бирине жакшы мамиледе болуп, жакшылык-жамандыкта бир-бирине урмат-сый көрсөтүшүп, үзбөй өз кезегинде катташып, барып келип турушкан.

Кат сабаттуу болбосо да турмушка көз карашы, кылган иши прогрессивдүү болгон. Бий-болуштардын зулумдугун, адилетсиздигин, алдым-жуттумдуулугун, ачкөздүгүн ашкерелеген. Калайык-калкка калыс болгон. Адамдардын ак ниет, чынчыл, бир-бирине жан тарткан жолдоштук, жөнөкөйлүк мамилесин жактырган. Ошон үчүн Турду аке эл оозуна алынып, эл оозунан түшпөй «АКЕ» деген элдик ардак, сый-урматка, даңкка татыган.

Ал өз заманынын нукура акылманы катары өз уруусун гана эмес, башка элдерди да биримдикке, ынтымакка чакырган. Турмуштагы кыйынчылыктардын, ар кандай шарттардын айынан, же ар кандай башка себептер менен ыдырап көрүнгөн жерде жүргөн адамдарды таап келип, өз уруусуна кошуп жаңы тууган кылган. Көп жерлердеги болгон чыр-чатактарды адилеттүү чечип, аларды жараштырган, тубаса калыстыгы менен өзгөчөлөнгөн. 

Фольклор жыйноочу Ч.Шакетаев: «Турду аке Талас аймагына белгилүү, кең пейил, акыл-эстүү, чечен, сөз кадырын билген жана колунда бар киши болгон» деп жазат. 

Ага-тууган арасында бирөөнөн кичүү, бирөөнөн улуу болсо да баары Турдуну улуудай көрүп, аны урматтап сыйлашкан. Айткандарын эки кылбай пайгамбар айткандай кабыл алып жабыла аткарышкан. Чоң атасы Шалтактан тарагандар болобу, же атасы Ажыданбы, бир тууганы Итийбастанбы, булардын бүт бала-чакасы – Айтимбет, Убаке, Жунуш, Молдастан, Абданбек, Ташкаралар, улуу агалары – Атажан, Бердике, Бектен, булардан тараган: Майлыбай, Жумабай, Кошой, Абдыраман, Дүйшөналы, Рыскелди ж.б. алыс-жакын туугандардын баары ички жана тышкы маанилүү маселелерди, жакшылык-жамандыктарды, аласа-береселерди, келин алып кыз берүүлөрдү Турду аке менен акылдашмайынча өз алдынча чечкен эмес. Андан акыл-кеп сурап, бир ооз макулдугун алып, же акыл кеп кеңешин угуп, эмне деп айтса так ошондой кылып аткарышкан экен.

Турду акенин тушунда бүткүл шалтак уруусу бир үй-бүлөдөй болуп «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышкан», ынтымагы артып, биримдүүлүгү ширелишкен. Бир-бирин сыйлай билгендиги, меймандостугу, боорукерлиги, берешендиги менен элге, башка уруулар арасында атак даңкы чыгып, аларга айтарлык үлгү, сабак болгон дешет.

Турду аке мал-келдүү, бардар адам болуптур. Ал баштаган шалтак уруусунун карамагында 3 миңдей кой, миңге жакын жылкы жана ири мүйүздүү мал болуп, көчкөнгө деп атайы 30-40тай төө кармаган экен. Ортодогу көп сандаган койлор, уй менен жылкылар бул меники, тиги сеники делбестен жалпы ортодо болуп, ар бир үй-бүлө керек учурунда өз эркинче каалашынча алып турушкан. 

Керимбай болуш менен тогуз кумалак ойногону

Ал убакта акча бирдиги дээрлик колдонулбагандыктан, алыш-бериш, соода-сатык, аласа-береселер, карыз берүү, карыз алуу көбүнчө малды алмаштыруу жолу менен жүргүзүлгөн эмеспи.

Бир жылы Узун Акмат дарыясынын боюнда (Кетмен-Төбө) жашаган, мурунтан алыш-бериш кылган Мүсүркан деген досу келет. Чарбачылык жумуштарынабы, же башкасынабы керектөө үчүн кырк баш жылкысын эки жылдык мөөнөткө карыз сурап алып кетет. Бирок, мөөнөтү өтсө да кабарлашпайт, Турду аке удаасы менен эки-үч жолу жигиттерин жиберет. Ана-мына берем дегени менен жооп болбойт. Дагы 3-4 жыл өткөрүп, белгилүү кишилерин ээрчитип, «Ээси келсе, бээсин бер» – дегендей Турду аке өзү барат. Муну күтпөгөн Мүсүркан шашып калат. 

Турду аке ачуусу чукул адам экен. Анын бул мүнөзүнөн корккон досу эптеп-септеп 40 жылкы таап берет. Турду аке өндүргөн жылкыларын айдап келе жатса, жолдон ак боз үйлөр, андан берегирээк уй мүйүз тартып отурган кишилердин карааны көрүнөт. Көрсө алар көк жашыл шиберге көлдөлөң жана төшөктөрдү калың салдырып, кымызга кызып, тогуз коргоол ойноп жаткан Керимбай манаптын тобу болуп чыгат.

Алар Турду акени алыстан эле таанып, алдынан тосуп чыгып, келгенде кош колдоп аттан алып, бир аз отургандан кийин конок каадасына кам көрө башташат. Учурашып, бала-бакыра, мал-жан сурашат. Кымызга кызыган Керимбай манап:

— Турду аке! Өнбөй турган жерден берген жылкыңды өндүрүп алыпсыз. Тогуз кумалак ойнойлу. Не бар, не жок, айдап бара жаткан жылкыңызды сайыңыз. Калыстар жаныбызда. Утсаңыз кырк жылкыңызга кырк жылкы кошуп берем. Уттурсаңыз тиги көрүнгөн жылкыларыңыздын баары меники болот. Үйүңүзгө кур жалак кетесиз, – дейт. Анда Турду аке:

— Мейли. Ойносо ойнойлу. Бирок сөз бир. Чыр кылмай жок. Уттурсам жылкыларымды таштап кете берем. Кайда калбаган жылкы, кайда калбаган дүнүйө дейсиң, – дейт.

Экөө каш карайганча тогуз кумалак ойношот. Турду акени келекелейм деген Керимбай манап осол болуп өзү утулуп калат. Эртеси жигиттерине айтып, 40 жылкыны айдатып келип, тиги жылкыларга кошуп берет. Турду аке коштошуп кетер алдында Керимбайга: «Сөз, сөз! Оюн, оюн! Соодада достук жок» деп, кырк жылкысына кырк жылкы коштуруп, 80 жылкы кылып жигиттерине айдатып жүрө берет. 

Эки Кудайбергенди элдештиргени

Таласта Кызылбаш Кудайберген жана Карабаш Кудайберген аттуу болуштар болгон. Чалдын Кудайбергени Чат-Базардан жогору, өрөөндүн оң тарабындагы, азыркы Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеӊеш аймагында жашаган сабатар, сакалды, каракужур урууларына болуш болсо, Кызылбаш Кудайберген азыркы Ак-Жар айылынын айланасында отурукташып, Кеӊ-Колго жайлоого чыгып, ошол тегеректеги майтык, саруу, саяк урууларынын болушу болот. Эки Кудайберген бири-бири менен теӊтуш, үзөӊгүлөш болгону менен көп учурда бирине бир өйдөсүнүп, кыр көрсөтүп, атаандашчу тура. Экөөнүн табышканынан жаатташканы, урушканынан тил табышканы бат экен. Мунун баары барып-келип, мансап талашка такалат.

Дагы бир жолу үзөӊгү кагышып, абал курчуп кетет. Экөөнүн ортосунда карама-каршылык күчөйт. Күндөрдүн биринде Турду аке буларды жоо кылбай жараштыруу максатында конокко чакырат. Эки тараптан уруулардын он чакты аксакалы да келет. Конок каадасы эки-үч күнгө созулат. Айтылбаган сөз калбайт. Алардын бир-бирине болгон нааразылыктарын, аша чапкан тартипсиздиктерин Турду аке кунт коюп угат. Анан соӊ отурган топ адамдардын көзүнчө ар биринин кетирген кемчиликтери менен каталыктарын моюндарына коюп, акыры бир-биринен кечирим сураттырат. 

Турду аке: “Эки Кудайберген, экөөӊөр да жаш эмессиӊер. Артыӊарда силерге ишенген элиӊер турат. Анан силер жаш баладай болуп, бири-бириӊе таарына берсеӊер, ортодо элге эле кыйын болуп жатпайбы. Мындан ары бири-бириӊе таарынып, эки жакты карай турган болсоӊор, анда бириӊер Таластан көчүп кеткиле. Же болуштукту башка бирөөгө өткөрүп бергиле. Бул жарашуу – силердин гана жарашуу эмес, бул эки элдин, эки уруунун жарашы. Же ары, же бери болгула” – деп так кесер сөз айтат. Катуу чекилик кетиргенин түшүнгөн эки Кудайберген ошондон кийин мурдагыдай катуу кетишпей, эки уруунун ортосундагы талаш-тартыш маселелерди биргелешип, акылдашып чечип калган дешет.

Эки Кудайбергенди жараштырган Турду аке отургандарга карап: “Эми Кудайберген инилерим капа болбосо, дагы бир такилибим бар. Эл бириңерди «төмөнкү Кудайберген” десе, экинчиңерди “жогорку Кудайберген» деп, көп убактарда жаңылышып, кайсы Кудайберген дешип сурап да калышат. Кээ бир учурда эки баш Кудайбергендер деп да айтышат. Каршы болбосоңор, туугандар! Мындан ары бирин – кызылбаш Кудайберген дейли, экинчисин – карабаш Кудайберген дейли. Кандай дейсиңер? – дегенде, отурган аксакал-көксакал «туура, туура» дешип колдоп кетишет. Эки Кудайберген да «биз да макулбуз» деп макулдук билдиришет. Ошондон тартып төмөнкүсү кызылбаш Кудайберген, жогоркусу карабаш Кудайберген деп аталып тарап кетет. Көрсө карабаш Кудайберген карараак, кызылбаш Кудайберген кызыл сары экен.

*   *   *

Эки Кудайбергенди элдештирген Турду аке аларга эзелки болгон окуяны эске салган дешет. Анда Карабаш Кудайберген жигит болуп, үйлөнөр куракка келип калган чагы экен. Атасы Чал орто бай болсо да, мал-салы жана дүнүйөсү жетпейби же дагы кандай себеп бар, айтор уулуна кайындап койгон жериндеги байыраак бирөөнүн кызын чыгынып алып бере албай жүрөт. Бул окуя Турду акеге жетет. Күндөрдүн биринде Турду аке аттанып төмөнкү Ак-Чий тарапка жигиттерин ээрчитип жөнөп калат. Жолдон карабаш Кудайберген кезигет.

— Оо, Кудайберген, келишкен чоң жигит болупсуӊ! Сен эми качан келинчек аласың? – деп сурайт тике эле. Ал болсо эмне деп айтаарын билбей, башын жерге салат. 

— Анда эмесе атыңды току, мени менен төмөн жакка барасың, – деп, аны жигиттерине кошуп ээрчитип алат. Күн кечтеп калганда Кызылбаштын үйүнө жетип, ошол жерде конок болушат. Кызылбаш кушчу, саруу урууларынын манабы болгону менен, түпкү теги кушчу уруусунан. Турду акеден – кызылбаш Кудайберген 4-5 жаш, карабаш Кудайберген он чакты жаш кичүү. Мейманчылыкта аркы-берки сөздөр көп айтылып, көп сүйлөнөт эмеспи. Аягында Турду аке мурдатан ойлонуп койгон ички сырын сыртка чыгарып мындай дейт:

— Кызылбаш, сен мени жакшылап ук. Карабаш Кудайберген мени менен бул жерге бекеринен келген жок. Атасы Чалды менден да жакшы билесиң, алы-күчү, кубаты кетип, карылыкка моюн сунуп калган кези. Антсе да агасы сен турасың. Сенин колуңан бардыгы келет. Сен бир чети Карабашка агасың, ал сага ини. Көптөн бери жалгыз бой аялсыз жүрөт. Агасы катарында аял алып бербейсиңби? Ошентсең атак-даңкы сага эле калат эмеспи. Анын үстүнө жек-жаат, куда-сөөктүү да болосуң. Мен да бул маселеде четте калбайм, колуман келишинче жардамымды берем, – дейт. Кызылбаш Кудайберген нары ойлонуп, бери ойлонуп көрүп, бул сунушту туура көрөт.

— Турду аке, Карабаш Кудайберген келинчек алам десе, алып берели, бул иш колдон келет. Эми менин байбичем эмне дээр экен деп, эшикте казан-аякка баш кез болуп жүргөн Айшаны чакырат.

— Айтканыӊыздардай болсун, мен макулмун. Эртең жагданымды ачып көрөйүн, эмне бар, эмне жок экенин билейин, – дейт ал.

Эртеси Айша байбиче жагдандарын ачып аңтарып, 2-3 кара көрпө ичик, бир сүлөөсүн ичик, бир түлкү ичик, 5-6 аялдардын кыжымы тукаба күрмөлөрү, көптөгөн шайы көйнөк жана жоолуктар, ошондой эле жууркан-төшөктөр, эки-үч килем жана шырдактарды эшикке алып чыгып, Турду аке менен келгендердин алдына жаят. Кызылбаш болсо таң азандан жигиттерине отуздай жылкы жана аттарды айдатып келип, байбичесинин бергендерин эки төөгө кам-чомдоп артып, үч жигитти кошуп берип, кыз бере турган кудага жөнөткөн экен. Ошентип Турду акенин акылы жана жардамы менен, Кызылбаштын марттыгы менен карабаш Кудайберген кийинки жылы кудалап койгон кызын алат.

Анан бара-бара убакыт да, мезгил да жылып, атадан балага байлык да, бийлик өтүп дегендей, атасы Чалдан баласы Карабашка баары – бийлиги да, суулугу да калат. Баягы Кудайберген жок, анын кулк-мүнөзү, жүрүш-турушу, адамдарга болгон мамилеси да өзгөрөт. Эми ал бир кезде аял алперген кызылбаш Кудайбергенге каршы чыгып, бийлик да, мансап да талаша баштайт. 

Сабатар уруусуна гана эмес, айлана-чөйрөдөгү башка майда уруулар менен уруктарга да өз үстөмдүгүн күчөтөт. Бир-бирине кылган жакшылыктарын унутушуп, Карабаш менен Кызылбаш болуштукту талашат. Анын натыйжасында эки уруу – сабатар менен майтык, саруулардын ортосунда араздашуу ырбайт. Муну билген Турду аке эки уруунун башчыларын чакырып жогоруда айтылгандай элдештирген себеби да ушул болуп жатпайбы.

Кыржыларды Кумбел, Четиндиге көчүрүп келгени

Кушчунун Жоош аттуу уулунан тараган кыржы, каймазар уруулары касиеттүү Көл жергесинен Чүй бооруна ооп, Ашмаранын оозунда отурукташып жашап турушат. Кийин Кенесары менен Ноорузбайдын кыргыздарга келип кол салганынан кийин ал жерлерди Ормон хан казак Сыпатай баатырга тартуу кылып ийип, кыржылар менен каймазарлар Таласка ооп, Чат-Базардын түштүк тарабындагы Сүттүү-Булак деген чаканыраак сайына барып отурукташат. Кыржылар уста да, дыйканчылыкка да мыкты эл экен. Бири сууга тегирменин орнотуп, бири суу чыкпаган жерлерге суу чыгарышып, эгин айдашат. Ал үчүн төтөлөп арыктарды салышат. Ошол жерлерде ушу күндөргө чейин ал арыктар сакталып, алар азыр “кыржы арык” аталат. Кызык анан келип чыгат. Кайда жүрсө чогуу жүрүп, жарты нанды теӊ бөлүшүп жеген эки атанын балдары кичине тыӊыган соӊ, ээлеп отурган жерин бири-биринен кызганып, жер талаш, суу талаш башталат. Акыры күндөрдүн биринде Баялы деген бай жигиттери менен барып, эккен арпа, буудайын сугарып жаткан кыржынын бир баласын “сууну жыгып алыпсыӊ” деп шылтоолоп сабап, алышка бастырып коет. Эки атанын балдарынын ортосундагы чыр ошондон тутанып, айтылуу ырчы Эсенамандын уулу Эсеналы Семейден орусча окуп келип, аябай сабаттуу экен. Ал Олуя-Ата уездине окуянын болгонун болгондой жазып, баягы Баялыны жер оодуртуп иет. 

Ошондо кыржынын мыктылары чогулуп, Эсеналы: “Качанга чейин каймазарлар менен чабыша бермек элек, бул жерден көчпөсөк болбойт. Чүйдүн солтолору бир жылы келбей, бир жылы келип жайлаганы болбосо, Таластын көкүрөгү бош жатат. Ал жактын болушу – Турду аке. Барып сүйлөшпөйлүбү” – деп кеӊеш салат. Кеӊешүүчү топтун башчылыгына сөзгө чечен, акылга бай Бөлөкбай шайланат. Аны Эсенаман ырчынын эки уулу – Эсеналы менен Үмөталы коштоп, дагы эки жигит кошулуп жөнөп калышат. 

Турду аке кыржынын сөзгө чечен, акылга дыйкан жигиттеринин дайынын алыстан гана укпастан, мурда-кийин да тааныштык жайы бар экен, аларды жылуу тосуп алып, сый-урматын билдирип, тай сойдурат. Ал күнү коноктоп, эртеси Бөлөкбайлардан келгенинин себебин сурайт. Турду аке өткөн-кеткендерден ага чейин деле каймазар менен кыржынын ортосундагы чыр-чатактын чет-чекесин уккан экен, унчукпай отуруп угат. 

Анан Бөлөкбайларга эки жигитин кошуп берип, Каракол менен Кумбел жайлоолорунун башынан аягына чейин көрсөтүп келүүнү буйрат. Каракол жайлоосундагы суу аккан сайлар, кеӊирсиген төрлөр ошол жерлерди жерлеген солтонун байларынын аты менен аталган менен ошол мезгилде бош жаткан болот. 

Каракол суусунун эки тарабында жайык келген конуш жерлер, көптөгөн кенен сайлар, кокту-колоңдор Бөлөкбайларга аябай ынайт. Баргандар жайбаракат, шашпай коен жатагына чейин калтырбай көрүп чыгышат. Мал-жанга ылайыктуу, суусу кенен, эгин айдаганга ылайык кара топурактуу жерлерге көз тоет. 

Жер кыдырган кыржынын кыйындары кечке жуук келишет. А күнү да жатып калышат, эртеси аттанып кетээр алдында Турду аке:

— Кыржы туугандарым, «айткан бир, көргөн башка» дегендей өз көздөрү менен көрдүӊөр. Жакса ошол жерлерге ким каалаган жерине, бүт урук-туугандары, мал-салы менен түбөлүк отурукташсын деп жибергем. Айтканыӊарга караганда ал жерлер жаккан окшойт. Анда көчүп келип бизге жаңы тууган болгула. Эки атанын балдары эки күндүн биринде душмандашып чабышканы уят. Сый болгонуӊар жакшы. Өзүңөрчө ээн-эркин жашагыла. Ылдый жагыңарда болсо мен турам, менден өтүп барып эми силерге тийип же бирдеме деп көрсүн! – дейт. Анда Бөлөкбай: 

— Турду аке! Кудай алдында биз ыраазыбыз, биздин эл ыраазы! Биз сизди кыржы менен каймазардын ортосуна түшүп, жараштырар сөз айтабы деп келди элек. Эми минтип жер маселесин чечип бердиӊиз. Эки бир тууган эми калганын өзүбүз чечишип алабыз, – деп ыраазылыгын билдирет.

Бөлөкбайлар Сүттүү-Булакка келишип, каймазарлардын кыйындары менен сүйлөшүп, мунасага келип, бири-бирин кечиришет. Убакытты көпкө өткөрбөй, кам-чомун даярдап, аксакалдары менен атка минер билермандары тандап көрсөткөн жана жактырган Каракол өрөөнүнө кире бериштен башына чейин чоӊ суунун боюнун өйүз-бүйүзүнө, суу түшкөн кокту-колоттун оозуна отурукташат. 

Мына ошол көчтө кыржы уруусу менен бирге Майлуу-Суу тараптан келишкен кушчунун Меӊдуулат уулунан тараган кагазды уруусу да келип, кыржылар менен аралаш отурукташып калганы да айтылат. Ошентип тогуз ата кыржы менен бирдикте кушчудан тараган кагазды, сабатарлар, жетигенден тараган ормош, шалтак, жаныбай, жалаңнайзалар жана башка уруулар менен бир тууган болуп жашап калышат.

Кыргыз менен казактын ортосуна түшкөнү

Кыргыз-казак эли байыртан эриш-аркак жашап, бир-бирин урматтап, сыйлап жакын бир туугандардай болуп катташып келишкен. Жаз-жай мезгилинде бирге жайлоодо, кышта коңшу-колоң болуп кыштоодо жанаша отурукташкан. Ошол салт атадан балага калып, укумдан-тукумга чейин өнөкөт болуп келе берген. 

Алсак чыгышынан Каркыра, Кенес-Анаркайды, аягы Кара-Кыштак жайлоолорун илгертеден чогуу жайлашкан. Талас менен Мерке, Куландын ортосундагы Кара-Кыштак жайлоосу кыргыз-казак элинин көпүрөсү гана эмес, биргелешип жайлашкан түбөлүктүү жайлоосу да, кыштоосу да болуп калган. Мамилелердин жакшылыгынан кала берсе казак баурдастардан канча бир алыс жаткан Суусамыр жайлоосун да бирге пайдаланган. Өз ара туугандашып, кыз берип, кыз алып, той-тамашаларды бирге өткөрүп дегендей, мындай карым-катнаш эки элди бир-бирине ого бетер данакерлентип жакындаткан. 

Тилекке каршы, «жакшылык менен жамандык бирге жүрөт» дегендей, эки бир тууган элдин ортосунда кээде ойдо жок окуялар, айтылып келбеген кокустук менен кырсыктар да болуп кеткен. Андай каргаша окуялардын бири Турду аке жашаган чөлкөмдөгү айылдардын биринде болот. 

Ал жылы жаз эрте келет. Күн эрте жылымдап, казак туугандар эптеп-септеп кыштан араң чыккан арык-сарык малдарын эртелеп айдап, Кара-Кыштак ашырып, Арал – Каракол – Талды-Булак – Өтмөк аркылуу Суусамырга жөнөп калышат. Алар жыл сайын ушул жерлер менен малдарын айдап өткөндүктөн жергиликтүү эл баягылар деп көнүмүш болуп, көп көңүл бурбай да калышат. Күндөрдүн биринде өтүп бараткан короо-короо койлордун ичинен бир короо кой өзүнчө бөлүнүп калат. Ага баш көз болгон койчу да, же айдаган кишиси да жок болгондуктан, төштө ээн-эркин жайылып жүргөн жаныбай менен жалаңнайза урууларынын койлоруна кошулуп кетет. Койчулар аралашып кеткен койлорду бөлөйүн десе ээси жок болуп чыгат. Арга жок ээси табылганча баш көз болуп кайтарып турушат. Кой кайтарган койчу араң дегенде экинчи күнү гана койлорун издеп келет. Көрсө ал кымызга мас болуп, ары катуу чарчаганга, катуу уктап калат да, койлорунун кайда кеткенин билбей калыптыр. Анан бир маалда туруп алып эле көрүнгөн ойду-тоону кыдырып издеп таппай, анан болсо болбосо деп төмөн түшүп, сурамжылап отуруп кою кошулган буларга кездешип калат. Кызыгы казак койчу койлорунун түгөл экенин билип, ыраазы болуп кечирим суроонун ордуна, тескерисинче, коюн кайтарып жүргөн койчуларды күнөөсүз күнөөлөп, өкүрүп-бакырып аябай тилдейт. Аягында бир-бири менен эрегишип, андан ары чатакташып мушташа кетишет. “Уруу” аталып ыза болгон койчулар казак койчуну аябай токмоктоп коюп, берки бечара ноокастап, бир айга жетип-жетпей акыры каза болот. Ал Мерке тараптагы бир байдын койчусу болуп чыгат. Койчунун бала-чакасы жок экен, койдун ээси казак тууган Олуя-Ата уездинин губернаторуна арызданып, күнөөлүүлөрдү жазалап, кун төлөөлөрүн талап кылат.

Ал учурда Талас өрөөнү жана Кулан менен Мерке Олуя-Ата уездине караган. Нааразылыктар, талаш-тартыштар ж.б. даттануулар ушул уезддин аскер соту тарабынан чечилчү. Тиги тараптан арызданууларынын негизинде уезддин соту эки тарапты тең бир айдан ашуун текшерип, териштирип, сурап көргөн-билгендерди же күбө боло тургандарды тактайт. Андан ары бирде чакырып, бирде чакырбай, аларды бир-бири менен кез-кезде гана беттештирип коюп, бул маселе 4-5 айга созулуп кетет. Күнөөкөрлөрдөн башка бул ишке үч бий, анын бири Сасман бий да кошо чакырылып, ал жерде көпкө жүрүп калат.

Ошентип ана бүтөт, мына бүтөт деп отуруп бул иш бүтпөйт. Улам барып келгендердин айтымына караганда кабары катуурак чыгып, кыргыздар тарап чоң күнөөгө тартылып, чоң айыпка жыгыла тургандыгы угулат. Муну угуп чыдабаган Турду аке эки жүрүшчөөк атын токутуп, алмак-салмак минип эрте жете турган болуп, 5-6 жигитке кымыз, бышкан кой-козулардын эттерин арттырып бир жарым күндүн ичинде Олуя-Атага жетип барат. Түз эле доочу казактар турган чоң ак боз үйгө түшөт.

— Ой, бай-оо, Турду акемиз келиптир гой, эми неме кыламыз, төргө, төргө чыгыңыз, – деп, үйдө отургандардын баары кол берип, жол да берип, бир-бирин мурда көрүп таанып жүргөндөй учурашат. Дасторкон жайнап, аны тегеректеп баары отуруп калышат. 

Аңгыча Турду акенин келгенин уккан күнөөлүү туугандар да чогулуп келип, отургандардын үстүнө киришет. Бир аз чай ичилип, аны-муну сурашкандан кийин, атка жүктөп алып келгендерин дасторконго төгүп салып, «атайын даам сызсын» деп казак туугандарга алып келгенин айтат. Казак менен кыргыздар качан да болсо ушинтип чай берип, чай ичишип келгенин, кыз берип, кыз алышканын, кокус адашкан кандуу окуялар болсо бир-бирин кечирип, ажырашпай сыйлашып бир боор эл болуп келгенине токтолот. Андан ары Турду аке отургандарды тегерете карап:

— Кыргыз менен казак бир тууган элбиз. Бир тууган кылып улуу болсок ага, кичүү болсок ини кылып, ар кандай күнөө кылсак анын себебин билип, бир-бирибизге кечиримдүү болуп жашаган элбиз. Качан кыргыз менен казактын ортосуна башка элден ортомчу түштү эле. Абалтадан жашаган жерибиз бир-бирибизге жакын чектеш, жайлоолорубуз да негизинен бир. Көчүп башка жакка кете албайбыз. Карым катнаш бир-бирибиз аркылуу. «Ат баспаймын деген жерин миң басат» дегендей бир-бирибиз менен аман болсок канча жолугуп, канча катташабыз, канча көрүшөбүз деңизчи. Жанагы бир-эки ээнбаш койчу балдар бир-бирин түшүнбөй, ошолордун кесепетинен бүгүн жоо болуп, бир-бирибизди карай албай күнөөкөр кишидей болуп отурабыз. «Малчы малын багат, жакшы адам эл багат» дегендей, эки элдин малчы-койчуларынын кылган терс жоруктары менен эки бир тууган элди жоо кылабызбы. 

«Өткөнгө өкүнбө, ал кайрылып келбейт» дейт. Кандай айла кылабыз? Бул иш болору болду. Мындан ары элибиздин аманчылыгын тилейли, бул жалган дүйнөдө ким келип ким кетпеди. Ар кимдин ажалы ар башка. Бирөө суудан, бирөө өз ажалынан, бирөө жанагы кырсыктардан, иши кылып ажал айтып келбейт деген ушул. Ар кимибиз бешенеге жазылганды көрөбүз. Качан кыргыз менен казак доо доолашчу, же кун жоолашчу эле, ошон үчүн бизди бир тууган эл дейт. Мейли жанагы балдар кесилсин, кун төлөшсүн. Андан кийин эмне болобуз, бир-бирибиз менен жоо болуп, котур ташыбыз койнубузда калат да, сый жана туугандык катташыбыз үзүлөт. Алган кундан силер да байып кетпейсиңер, эгер балдар кесилсе, баары бир алар кайра келет да өч алабыз дейт. Ошентип арабыз бузулуп, бүтөлбөс жик кетет. Айыккан жараны кайра ырбатпайлы, эки дос эл-жерди бөлбөйлү. «Ырыс алды ынтымак» дейт. Сиздер менен биздерге ынтымак берсин. «Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч» деген. Улуу башымды ийип силердин алдыңарга кечирим сурап отурам. «Эрегиштен эр өлөт» болуп, эки элди эрегиштирбейли, кечиримдүү бололу. Менин байкашымда бул жерде айыл аксакалдары, урук билермандары, эл-журт билген туугандар отурасыздар. Уезддеги арызыңарды алгыла. Тынчтыкта өзүбүз тынышалы, кучакташып өбүшүп, жарашып айыл айылга кетели. Көптөн бери ушул иш менен жүргөн балдар өң-далеттен кетип, ансыз деле ойлоп азап тартып, арыктап жүрө албай калыптыр. Кана эмесе, чын ыклас менен кол жайып, ак батаңарды бергиле. Айтарым силерди кудай оңдоп, улуу ата-бабаңардын, Абылай хандын арбактары колдосун, мындан ары мындай жаманчылык болбосун, – деп бата тилегенде отурган эркек-аял дебей «болду, болду гой, мындан артык не керек» дешип, бир-бирин карашып баары: «Айтканыңыз келсин Турду аке» – деп чуркурашып батасын беришет. Аягында тиги тараптан биларманы болсо керек.

— Турду аке, мунун баары сиз үчүн болду го. Мейли мындан ары сойтип жүрө берели, мына бу каргыш тийген болмаган иш эми унутулсун – деп, ордуларынан туруп калган эки тарап эл кучакташып өбүшүп, жакшылыкча коштошуп тараган экен. Турду аке аттанып кетерде ошол казактардын бир аксакалы келип «бизге ушундай эле алдыбызга келип айткан жакшы сөз керек болчу, кам санабай кете бериңиз, башка эч нерсенин кереги жок, убара болуп алдыга түшпөңүз, калганын өзүбүз бүтүрөбүз» деп атказып жөнөткөн дешет. 

Кийин алардын көпчүлүгү Турду аке менен катташып, жакшы тууган да болуп кеткен экен. «Эр чекишмейинче бекишпейт» деген ушул.

Кабай менен Жабай

Турду аке Чүйгө конокко келип, Канайдын небереси, Бошкойдун уулу Өзүбектин үйүнөн эки окшош баланы көрөт. Бири отурган адамдарга суу куйса, экинчиси күйүп жаткан отту улам ичкерештирип жүргөн болот. Бир маалда экөө тең коломтонун жанына отура калганда Турду аке:

— Ай балдар, силер ким дегендин балдарысыңар? Аты жөнүңөр ким? – деп сурап калат. Чоңураагы тура калып: — Менин атым Кабай, – десе, экинчиси: — Мен Жабаймын, – деп жооп беришет. — Оо, анда атыңар сонун уйкаш турбайбы, – деген Турду аке. — Деги өзүӊөр ким дегендин балдарысыңар? – деп экинчи жолу кайталап сурайт. Бири: — Тайганчынын баласыбыз, – десе, экинчиси: — Куш баккан кишинин баласыбыз, – деп жооп берет. Көрсө, алар айткандай атасы Өзүбектин куштарын да, тайгандары менен иттерин да баккан киши экен. Ошодон улам булардын атасын айылдагы эл, тегерегиндеги коло-коңшулары Медер деп атынан айтпай, «тайганчы», же «куш багар» киши деп аташчу тура.

— Силерди атаңардан сурап алып кетип, экөөңөрдү тең бала кылып алайын, барасыңарбы? – деп сурайт Турду аке. Экөө тең унчукпай ылдый карашат. Бир-бирин күлүмсүрөп тиктешип, калбаттуу чоңураагы Кабай: — Аке, чын эле алып кетсеңиз, барабыз, – дегенде, берки кичинеси да: — Мен да барам, – дейт. Турду аке бирдеме дегиче улуусу озунуп: — Аке, сиз алыс турасызбы? Эгер жакын болсоңуздар анда атам да, апам да барышат, – дейт. Кичүүсү: — Анда бизди качан алып кетесиз? – деп сурайт. Айтаарын айтып алып, экөө тең Турду акенин жанында отурган Өзүбекти карап, эмне дээр экен деп калышат. Аны түшүнгөн Өзүбек: — Балдар, бу силер менен баятан бери сүйлөшкөн киши Турду аке деген киши, бизге жакын тууган адам. Бул жерде жүрүп чоңоюп деги калдыңар, барабыз десеңер баргыла. Мен макулмун, каршы эмесмин. Барсаңар эч убакта ач болбойсуңар. Дайым курсагыңар ток болот. Турду аке да мага окшогон колунда бар бай киши, – дейт.

— Чоң атаңар Өзүбек да “барабыз” дегениңерге макул болду. Мен эки-үч күндөн кийин айылыма кетем. Кийин атайын көчүрүп кете турган кишилерди жиберем. Ага чейин ата-энеңерди макулдатып, өзүңөр камданып даярданып тургула, – дейт Турду аке.

— Болот, болот, – дешип экөө тең сүйүнгөндөн кубанышып, — Биз сизди бүгүндөн баштап чоң ата дейбиз. Эрте келип, бизди тез алып кетсеңиз. Өзүбүзчө барсак адашып кетебиз. Сиздердин кай жерде турарыңыздарды билбейбиз да, – дешет Кабай жана Жабай. 

Кабай Жабайга караганда 2-3 жаш улуу да, анын үстүнө инисине караганда ишке жөндөмдүү, кичипейил жана элпек көрүнөт. Тең өсүп, тең жүргөндүктөн бою-башы бирдей. Кимиси улуу, кимиси кичүү экенин даана карабаса ажырата албай, экөө эгиз баладай окшош көрүнчү экен.

Арадан кыш өтөт. Жаз келет. Көчүрүп келүүнү күтпөй Өзүбек мырзанын ыраазычылыгы менен ата-энесин ээрчитип, жөө-жалаң анча-мынча жүктөрүн өгүзгө артып, Кабай менен Жабай Таласка Турду акенин айылына өздөрү эле келип калышат. Турду аке аларды жакшы кабыл алат. Урук-туугандардын баарын чогултуп, «жаңы тууган келди» деп тааныштырып, мындан ары булар шалтак уруусуна кирерин, Кабай менен Жабай өз балдары сыяктуу эле балдары болорун айтып эскертет. Шалтак уруусу Турду аке сыяктуу эле жылуу мамиле жасап, колунан келген жардамдарын аябай, ар кимиси кереге-ууктарын, кийиздерин, артык баш туурдуктарын берип, бат эле жети канат боз үй жасап, бирин-экин мал, саарга уй берип өз катарларына теңеп коюшат.

Кабай, Жабай жана атасы Медер болуп, тиги жактан чыкканда өздөрү менен кошо Турду акеге тартуу кылабыз деп, эки күлүк чоң тайган, бир алгыр кушту ала келишкен экен. Аларды келер замат тартуу кылышканда, салт боюнча Турду аке Кабай менен Жабайга эки күлүк ат мингизип, башка баалуу белектерди, кийим-кечелерди берет. 

Дагы бир кызыгы, берген эки тайгандын ар биринин төрт буттарында шыйрагына чейин чарык чокойго окшотуп калың териден кийгизип, чыккандан келгенге чейин алып келгени болот. Көрсө алыс барабыз, тайгандар кокус буттарынан ташыркап, же муз-карда үшүп калбасын дегени тура.

Ушул бүгүн Кабай, Жабайдан тараган, өскөн жыйырма-отуз чакты үй-бүлө бар. Алар шалтак уруусунун белсемдүү жана кадыр-барктуу мүчөлөрү, бир туугандай болушуп, жаман-жакшылыкта ушул уруу менен каны-жаны дайым бирге.

Жаӊы тууган

Ошол мезгилде шалтак уруусуна дагы бир жаңы туугандар келип кошулат. Анын жөнү мындай. Турду аке Чүйдөгү солто тарапка барып, кудаларына, курбу-курдаштарына жолугуп кайтат. Кайра келатып Кара-Балта туштагы жетиген урууларынын аксакалдарына учураша кетейин деп кайрылат. Ал убакта Таластагы жетигендер менен карабалталык жетигендер ага-тууган болушуп, бир-бири менен байма-бай катташып турушкан экен. Бара турган жерине жетип-жетпей кеч кирип, өзү тааныган белгилүү бир кишинин үйүнө конок-мейман болуп калат. Ошол үйдө 14-15 жашар бир бала суу апкелип, отун кийрип от жагып жүрөт. Казанда кайнап жаткан этти кез-кезде сапырып коюп, эки көзүн Турду акеден албай тиктеп карап коёт. Чыгарган эттин бир бөлүгүн туураганга берсе, кол-колуна тийбей майда жана бат туурап, үн сөзү жок отурат. Бардыгына көз салып отурган Турду аке үй ээсин карап: «Бул бала эмнең болот?» – деп сурап калат. Анда ал киши: — Бул бала аталаш тууганыбыздын баласы. Ата-энеси бир убактарда кайтыш болгон. Эми биздин үйдө жүрүп, үй жумуштарына каралашып, мал-салга көз салат. Мындан башка деле балдар, кыздар, кишилер бар. Бирок бу кайда барат, ким ишенип, ким киргизет? Уругу карабакал, аты Осмоналы, – дейт. 

Ушул тапта сыртка чыгып кеткен Осмоналы кайра кирет. Ошол жерден Турду аке үй ээси менен да, ошол кара тоголок бала Осмоналы менен да сөздү бүтүрүп, үй ээси бермей, бала бармай, Турду аке өз айылына алып кетмей болот. Ошентип кайтар убакта жигиттеринин бирине учкаштырып, Турду аке аны алып келет.

Шалтак уруусуна мына ошентип экинчи бир жаңы жаш тууган келип кошулат. Турду аке ага келинчек алып берип, үй жасап бала кылып алат. Осмоналы өзү тирикарак чыгып, чарбачыл, мал-салга карамдуу, көп жумушту айттырбай жасаган, мал-салы бар, өзүнө жетерлик оокат-ашы бар ал тың кишилердин бири болот. 

Турду аке Осмоналыга дайыма кыйын жана зарыл жумуштарды тапшырып, ал өз убагында аткарчу экен. Айыл ичинде бирөөлөрү жакшы көрсө, бирөөлөрү башкача көрөт эмеспи. Анын сыӊарындай бир окуя болот. Жадырап жаз келет. Кышкы кыштоодон бир аз алыстап, «көктөмдөйбүз» дешип журт которуп көчө конушат. Күн кадимкидей жылып, чөп көтөрүлүп, мал тоё баштап, жыл сайын көчүп барып жайлай турган жайлоого сөзсүз барчу мезгил келет. Бул кыргызда салтка айланган. 

Турду аке жайкы конушка мурдараак жетип, көчтүн келишин күтүп отурат. Баары келип, бир гана Осмоналы өзү жана анын көчү жок болуп чыгат. Айрымдарынан сураштырып билсе, аны баласы Сасман бий тилдеп, ура берерге алганын, ага таарынган Осмоналы арткан жүгү менен Суусамырга эмес, Кара-Балтадагы туугандарына жөнөп кеткенин айтат. Турду аке буга ачуусу келип Сасманды камчы менен бир-эки чаап, аябай тилдейт. Эки жигитин алып, анын артынан кууп, жаңы эле жетип жүктөрүн түшүрүп жаткан маалда жетип барат. Кайра түшкөн жүктөрүн арттырып, Суусамырдагы жайлоого алып келип, өзүнө жакын жерден конуш берет. 

Осмоналы жаш болгондуктан, ага акыл-насаатты көп айтып, аны өз балдарынан кем көргөн эмес экен. Канчалык ылымсынганына карабай, өз ичинен кооптонуп, алгач бөтөнсүп жүргөн Осмоналы кийин тууган арасында тең ата болуп, уруу арасында ички жана тышкы иштерге акыл кошуп, кадимкидей алар менен жуурулуп аралашып кетет. Ошондой болсо да, тиги Кара-Балтадагы туугандарын унутпай кез-кезде ал жакка да барып келип турат. Алар менен каттап жүргөн бир учурда туугандарынын бири:

— Жаңы барган шалтак туугандарың кандай экен? – деп сураган экен. Анда Осмоналы: «Жаңы барганда бир-эки жолу төпөштөйт, андан кийин колуңа эки тизгин, бир чылбырды кармата берет экен», – деп, туугандарын күлдүрүп жооп берген дешет. Кийин жакын аталаш инилеринин бири Орозобайды да алып келип, шалтак уруусунун катарына кошот. Азыркы күндө ошол Осмоналыдан тараган он чакты түтүн үй-бүлө бар. Алардын баары ак ниет иштерман, эмгекчил, көбү билимдүү адамдар болушат. Совет бийлигинин учурунда улуу агасы Орозумбек согуштун алоолонгон күндөрүндө Улуу Ата Мекендик согушка барып, Ата Мекенин коргоп оор жарадар болуп келет. Согуш бүткөндөн кийин, ошол оорусуна карабай өз айлындагы «Каракол» колхозунун башкармасынын орун басары, орто мектептин директору, окуу бөлүмүнүн башчысы, кийин көп жылдар мугалим болуп иштейт. Анын бир тууган иниси Эсен ошол чарбада көп жылдар бою баш бухгалтер болуп иштеди. Эсеп-учет иштерин так билип жана бул боюнча жогорку адистиги болгондуктан өзү иштеген колхоздо гана эмес, район боюнча да эң алдыңкылардан болду. 

Кара кылды как жарган калыстыгы

Ар дайым зиректигинен, калыстыгынан тайбаган, айтканын эки кылбаган чечкиндүү, чындыкты гана сүйлөгөн Турду аке качан болбосун адилеттүүлүктү колдогон. Урук-тууган, жек-жааттарга, кала берсе жакшылар менен бай-манаптарга, уруулардын кичине чоңуна карабай бирдей мамиле жасап, алардын ортосундагы пикир келишпегендиктер болуп калса, тиги же буга тартпай калыстыгын гана кылган. Ушундай мамилени бир туугандарына жана жакын ага-инилерине да жасаган.

Агасы Атажандын эки баласы Майлыбай менен Жумабай эр жетип, өзүнчө үй-жай күтүп, балалуу-чакалуу болуп калышат. Атасынын бир-эки короо кою, жүздөгөн кара малдары болсо да, ана-мына бөлүп берем деп кийин балдарына бергиси келбей калат. Керек учурунда балдары кой-козу сураса бирде берип, бирде бербей да коёт. Көпкө күтүп, тиешелүү айткан малдарын бөлүп бербегенден кийин, алар экөө тең Турду акеге барышат, атасына болгон нааразычылыктарын айтышат. Турду аке экөөнү ээрчитип агасы Атажанга барат. «Бере турган малдарыңды балдарыңа жалдыратпай бербейсиңби» – десе, аны-муну айтып, “малды бөлө турган киши жок” дейт. “Анда эмесе мен бөлүп берем” дейт Турду аке. Экөөнү ээрчитип короого кирип, эки этегин эки жакка түрүп көтөрүп, ошол этеги менен койлорду оңго-солго экиге айдап бөлүп, бөлүнгөн бир бөлүгүн короодон эшикке айдатып чыгып, экинчи бөлүгүн короого калтырат. Бөлүнгөн койлорду санашса, бир жагындагыга караганда экинчисинен бир кой ашык чыгат. Бир кой ашык чыккан бөлүгүн улуу агасы Майлыбайга, бир кой кем чыккан бөлүгүн иниси Жумабайга алып берет. Турду акенин бир короо койду санабай этпей эле, этек-жеңи менен ага-инилүү бир туугандарга тең бөлүп бергенин көргөн билгендер ушул күнгө чейин аңыз кылып айтып, анын тубаса калыстыгына таң калышат.

*   *   *

Таластын көкүрөк тарабындагы Кара-Суу айлында, уругу сабатар Намазалы уулу Омор дегендин аялы ооруп көпкө төшөктө жатып калат. Колдо малы жок, кедейликтин айынан ошол жердеги байыраак жашаган Шекербек деген кишиден зарыл болуп, оору аялынын керегине жаратыш үчүн карызга бир улактуу эчки алат. Кайра андан кутулганча арадан 2-3 жыл өтүп кетет. 

«Эчки тууйт эгизди, эки жылда сегизди» дегендей жанагы бай берген эчкисин жылына экиден туугузуп, 5-6 жеткизип аны карыз кылып коёт. Омор үчүнчү жылы эптеп-септеп бир эчки улагы менен алып барса, бай аны албай алты эчки доолап, баарын чогуу алып кел деп талап кылат. Нары чуркап, бери чуркап, ал жылы да, кийин да кутула албайт. Убакыт өткөн сайын байдын карыз берген эчкиси үстү-үстүнө кошулуп отуруп, саны жыйырмадан ашат. Бирок Омордо андан кутулууга дарман да, чама да жок колдон эчтеме келбей калат. Бай болсо күндөн-күнгө, айдан-айга доосун артып кыстап, үй-жайын баалап алууга далалат кылат. Мындан кутула албай турганын билип, Шекербек байдын кордугуна жана зомбулугуна чыдабай, айласы кеткен Омор эмнеси болсо да Турду акеге барайын, ал-абалымды айтып түшүндүрөйүн, канча кылса да калыс жана боорукер киши эмеспи деп, жөө-жалаң чарыгын сүйрөп эптеп келет. Турду аке айтканын кунт коюп угуп, адамкерчилик сыйын жасап, кайрат берип сооротуп, бир кой жетелетип, эртеси келген жагына жөнөтүп коет. Эки-үч күн өткөндөн кийин баягы байга аттанып жөнөйт. 

Бай Турду акеден беш-алты жаш кичүү болсо керек. Анын алыстан жай бастырбай, улам жеӊи менен камчыланып, атын акшыӊдатып келе жатканын көрүп, «бул жакка оңой менен келчи эмес эле, болсо болбосо да бир чатак иш менен мага келаткан окшойт»,– деп үйүнө качып кирип кетет. Жакындаган сайын Турду аке байдын үйүн тепсетип кете тургансып теминип, камчыланып, улам барган сайын катууланып жетип барып, аттан түшпөй камчы менен кез-кезде үйүн сабап, «чык эле чык, ата-бабаңдын оозун урайын» деп, опузалап тилдеп, “Өзүң чириген бай болсоң, эми сага Омор кедейдин чычкак улактары керек болуп калдыбы? Мунун чычкак улактарынын туугучтугун кара. Жылына экиден-үчтөн тубат имиш дагы, акмак жегич ит десе. Аялы ооруп төшөктө жатса жардам бербей доолайт имиш. Азыр анын сага бере турган эчтекеси жок, эми жээриң ушул Омор калдыбы? Чык эшикке, мен берем сага чычкак улак эчкини, арам тамак десе» – деп дагы көп сөздөрдү айтып күпүлдөйт. Үйүнөн чыкпай коргологон Шекербек бай Турду акелеп: «Эчки да, улак да албайм, мындан ары андан эчтеке доолабайм, кечтим, дооласам майнеке болоюн, ишенип коюңуз Турду аке, бул сиз үчүн» – дейт. Аны уккан Турду аке ичинен кымыңдап, үйгө түшүп чай-пай ичиңиз дегенге болбой жөнөй берип:

— Дагы доолап аламын деп көр, анда сени менен башка жерде сүйлөшөм, – деп атын ыкчам бастырып кетип калат. 

Ошентип Омор кедейди кутулгус карыздан ушинтип кутулткан экен. Омордун аялы оорудан аман-эсен айыгып, бир бала төрөп, өмүрү узун болуп токтосун деп атын Токуш коёт. Оморов Токуш 40 жылдан ашуун педагогикалык кесипте иштеп, билимин, күчүн балдарды тарбиялоого арнады. Бакыбат жашап, эмгеги бааланып Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги деген ардактуу наамга татыктуу болду. 

Турду акенин батасы

Кайсы бир жылы Чүй боорундагы туугандарына барып, жамандык-жакшылыкка көз көрсөтүп, аласа-береселерин бүтүрүп, кайра Таласка жол тартат. Аба ырайы бат эле бузулуп, күн бүркөлөт. Жамгыр көз ачырбай нөшөрлөп жаап, шамалдын буйгундугунан аттар түз баса албай абдан убара болушат. Күн да кечтеп, караңгы түшүп, жол жээгинде көрүнгөн үйлөрдүн бирине кайрылып түшүп калууга туура келет. 

Турду акенин жанында коштоп жүргөн эки жигити бар экен. Бири сөзмөр, уккан, же айтылган кепти бир нече күн өтсө да сөзмө-сөз жаңылбай кайра айтып, айткандарды так аткарып берчү жакын иниси Абдыраман уулу Жаналы, экинчиси ишенимдүү жаңы тууган Медер баласы Кабай. 

Четки үйгө жакындап, аттардын дүбүртү угулган сайын, ошол үйдөн бир-бирине бакырып катуу сүйлөгөн добуш тымтырс басылып калат. Аттан түшпөй бир аз туруп, эч ким чыкпагандан кийин, жигиттердин бири: «Ким бар, кудай конокпуз, эшикке чыгыңыздар» деп эки-үч жолу кайталап айтышат. Бир аз убактан кийин бир жигит үйдөн чыгар-чыкмаксан болуп, эшигин жарым-жартылай ачып, келгендерди жактырбагандай түр көрсөтөт. “Аттан түшкүлө” дегенге жарабай каткан боюнча туруп калат. Айла канча, бөлөк бөтөн жерде «тааныбасты сыйлабас» деген ушул. Бир убакта Жаналы:

— Оо, тууган, бир баурлас элмис гой, бара турган жерге жетпей катуу жаандан кайрылып калдык, – дейт. Эшик алдында турган жигит укса да укмаксандай болуп, нары-бери кайсалактап карап, ооз учунан: — Мейли, түшүңүздөр, – деп үйгө кирип кетип, кайра чыкпайт. 

Турду акени үйгө киргизип коюп, аттардын ээр токумдарын алып, аларды жайгаштырып, жигиттер да үйгө киришет. Эски төшөк үстүнө Турду акенин отурганын көрүп, Кабай улага тарапта жыйналган ээрлердеги жаңы жасалган чийбаркут көрпөчөлөрдөн кабаттап алдына салат. Суу болгон күрмө жана чапандарын чечип, кереге жакка илип, башка кургагыраак кийим-кечелер менен аларды ооштурат. Өчүп бара жаткан отту кайра жандандырып, чай коё баштайт. Эшикке чыгып кайра кирип келген үй ээси жигит эми коломтодогу күйүп жаткан отко жакындап келип, отту өзү жагып, бирок үн-сөзү жок күнөөкөр кишиче отура берет. 

Ашкана тарапта кыймылсыз эки тизесин бооруна алып, жоолугун ылдый салынган жаш келин отурат. Кебетесине караганда экөө аябай урушкан. Али көз жашын тыя албай, кез-кезде улутунуп гана коет. Бирок башын ылдый салып кебетесин көрсөтпөйт. Үй ээлери ушундай абалда болгон соӊ, булар менен сөз баштап, аны-муну сурап таанышыш али эрте эле. Кабай дасторкон салып, куржундагы бышкан эт, боорсок, нан, набат канттарды алып чыгып, аларды дасторкон үстүнө жайнатат. Кайнаган чайды демдеп, чай куюп үй ээсин болбос оюна койбой чайга чакырып өздөрү менен отургузушат. Чакырса да болбой, келин көгөрүп өз ордунда башын ылдый салган боюнча отура берет. Чай ичилип бүткөнчө келген меймандар өз алдынча сүйлөшүп, ара чолодо үй ээси жигитти да сөзгө тартышат. Жигит ошондо гана араӊ чечилип, келинчегине үйлөнгөнүнө он жылдан ашып бара жатса да, көз жарып бала көрө электигин, ошол себептен ата-энесинин макулдугу менен ажырашып жатканын айтат. Башында бир-бирине араң жетип сүйүп кошулса, эми болсо бир-бирин көргүсү келбей эртели кеч чатакташып, урушуп калганын кайгырып да, муңканып да айтып берет.

— Жигит, мен баарын уктум да түшүндүм, айта турган сөздү эртең менен сүйлөшөлү. Керели кечке ат үстүндө жүрүп чарчадык, биз мейман каадасы кылалы, – деп Турду аке, аны менен кошулуп беркилер эшикке чыгып, аба ырайын жана аттарын көзөмөлдөп карашып, кайра үйгө киришип салынган төшөктөргө жатып калышат. Үй ээси жигит жана анын келинчеги экөө эшикке чыгып кеткен боюнча кайра үйгө киришпейт.

Таң сүрүп жер бети агара баштаганда Жаналы менен Кабай тушап коё берилген аттарды алып келип, аларды токуп, жал-башын сылап, андан кийин бети-баштарын жууп жатканда үй ээси:

— Аксакал кайда, чакырыңыз! Чай кайнап, эт бышып калды, – деп, алардын үйгө кирүүсүн суранат. Алардан обочороок турган Турду акеге кечээ кечинде башын жерге салып сүйлөбөгөн келин жакындап барып, салт боюнча ийилип жүгүнүп, саламдашып, кечээги кыялы үчүн кечирим сурап, артын салбай артка кетенчиктеп, «чайга кирсеңиз» деп күтүп туруп калат.

Алды менен келин эшик ачып үйгө Турду акени киргизип, калгандары анын артынан кирет. Жаңы-жаңы төшөктөр салынып дасторкон жайнаган, баягы үңкүйгөн келин жадырап-жайнап, өзү чай куюп, улам-улам «алсаңыздар акелер» деп, “Кечинде коноктой албай ачка жатып калдыңыздар, бизди кечиргиле” деп чайды баса-баса куюп сый көрсөтөт. Чай ичилип бүтө жаздап калганда, келиндин күйөөсү чоң табакка бышкан этти башы, көзү менен үймө кылып эшиктен көтөрүп кирип келип Турду акенин алдына коет. Көрсө, жигит менен келин экөө таң атканча укташпай козу союшуп, бири эт бышырса, бири боорсок бышырып жүрүшүптүр.

— Чай эле ичет элек, убара болуп сойбой койсоңор болмок экен, мынча оокатты ким жейт, – деп Жаналы айтса, Кабай “эрте кетели дедик эле” – деп кошумчалайт. Бирок үй ээси жигит:

— Андай болмойду гой, конок койдон жоош боло турган эди, не берсе не демей жей бере турган, – деп жооп кайтарып, “Жолго чыгасыздар, жол алыс, курсагыңар ачаар” деп күбүрөнөт.

Бир саамдан кийин: “Турду акенин өзүн билмесек да, көрмөсөк да атын угуп жүрөр эдик. Бу жердеги казак туугандар көп айтышат. Өзгөчө Кулан, Меркелерде Турду аке келип кетти, же Турду акеге барып келдик деп. Кечээ келгенде Турду акени тааныбадык, сый көрсөтүп көңүл бурулбады. Жылуу-жумшак төшөк да салынбады. Эми сиздердин алдыңыздарда уят болуп отурабыз. Кайтемиз эми, сиздерден, өзгөчө Турду акеден миң мертебе кечирим сурайбыз. Кажылдашып урушуп жатып капыстан сиздер келгенде эмне кыларды билбей өзүбүздү жоготуп, не кыларды билбей калыптырбыз – дейт жигит.

— Эч нерсе эмес балдар, али жашсыңар. Турмуштун жана жашоонун жакшы-жаманын али башыңардан өткөрө элексиңер. Баары али алдыда, биздин курагыбызга келгенче аман болсоңор далайды көрүп, далайды башыңардан өткөрөсүңөр, – деген Турду аке, — Мен байкап көрсөм, бириңерге бириңер жарашып төп келген жакшы жубайлардан экенсиңер. Бир-бириңерди түшүнүп жакшы эле жашап, урматтап-сыйлашып ушунча турмуш куруптурсуңар. «Бири кем дүйнө» дегендей бир перзенттин айынан көңүл калтырышып, зээниңерди кейитип урушканыңар туура иш эмес, балдар. Ар ким бешенесине жазылганды көрөт, ага айла барбы. Чын эле ажыраша турган болсоңор, урушсаңар да, урушпасаңар да, талашсаңар да, талашпасаңар да ажырашасыңар. Андан көрө бир-бириңердин көңүлүңөрдү калтырбай, «ачуу арас, акыл дос» дегендей жөн жакшылыкта ажырашкыла. «Эки тоо көрүшпөйт, эки адам качан да болсо көрүшөт» дейт. Ажырашкандан кийин да эсенчиликте болсоңор көрүшөсүңөр. Бул бир деп туруңуз, эми экинчи, мен силерге улуу аксакал катары, жана да атаңар катары айта турган акыл кеңешим бар, эгер аны угуп аткарсаңар. 

Баары Турду акени тиктеп калышат.

— Кудай буюрса, периште колдосо, мындан ары экөөңөрдүн биримдигиңер артып, турмушуңар жакшы болот. Бассаң-турсаңар кудайга келме келтирип, эч кандай көңүл калтырып жамандык ишке барбасаңар, – деп сөзүн али айтып бүтө электе жанагы үй ээси жигит өз ордунан тура калып:

— Сакалыңыздан айланайын аке, айтканыңыз келсин! Сизди Кыдыр да, кудай да колдогон касиеттүү киши экенсиз, – деп өбөйүн деп алдына жакын барат. «Шашпа, балам, коё тур, отура тур», – деп Турду аке сөзүн улайт:

— Келин бала, эми сен ук. Сага айтам – жүзүң жарык ыймандуу келин экенсиң. Экөөң алгач бир-бириңерди жакшы көрүшүп кошулган жубайлардан болуп, али ысыгыңар тарай электе ажырашпагыла. Бул сөз жигит сага да тиешелүү. Айтпайын дедим эле, мейли алдын ала айтып коеюн. Периштелер колдоп, кудай буюрса бир жарым жылдын нары жак бери жагында эркек балалуу болуп калышыңар ыктымал. Андан кийин көп узабай кыздуу да болосуңар. Мен кудай эмесмин, кудайдан жудаа эмесмин. Түндө силер жөнүндө көргөн жакшы түшүмдү божомолдоп жана чечмелеп айтып жатам. Алла Таала буйруп, көргөн түшүм түш эмес туш келип калса, эркек баланын атын Турдуконок, кыздын атын Турдубүбү деп атап койгула. Эми оокат жеп бүттүк. Курсак тойду. Кана жолго чыгалы, бизге уруксат кылгыла. Жанагы мен айткандар орундалып, өмүрүңөр узун болсун, бактыңар ачылсын, Оомийин! – деп алакан жайылып ак бата берилип, дасторкон жыйыла электе эле аттап барып Турду акенин алдына барып чөгөлөп:

— Дагы бир жолу, ылайым айткандарыңыз келсин! Сиздин алдыңызда айтаарым өлүп калып ажырашпасак тирүүлүктө ажырашпайбыз. Ар дайым ынтымакта жашайбыз. Колумдан келишинче келиниңизди сыйлайм. Бул менин сизге берген убадам болсун деп, Турду акенин мойнунан улам-улам сыга кучактап, сакал-башын өөп, көзүнөн жашы шорголойт жигиттин. Жашын араң чала-була аарчып: — Аке, сизге узун өмүр, шыдыр жол каалап, ар дайым Кыдыр аке болуп жүрө бериңиз. Күйөөсү орун бошоткондон кийин анын артында шолоктоп ыйлап, жүүнү бошоп турган келин да:

— Аке, сизге чоң ыраазыбыз, бизди жаңы кайра кошулган кыз-жигиттей кылып кетпедиңизби. Көзүңүз ачык улук киши экенсиз. Биз үчүн сиз периште болдуңуз, – деп, Турду акени ал да атасындай кучактап көзү-башын өөп, тура калып эки-үч жолу жүгүнөт. Турду аке: «Бай бол, көп жаша» деп, кана экөөңөр жанаша катар тура калып бата сурагылачы, – дейт. Экөө катар тура калып алакандарын жайып: — Оо-омийин, – дегенде: «Жамгыр менен жер, бата менен эл көгөрөт». Өмүрүңөр узун болсун. Башыңарга бак конуп, бала-чакалуу болуп, алардын убай-урматын көргүлө, мейманыңар бизге окшоп үйүңөрдөн үзүлбөсүн, – деп бата берип, баары эшикке чыгып, Турду аке жанындагы жигиттери менен шыр жөнөп кетишет.

“Үйдөн бир-эки чакырым узай бергенден кийин да Турду аке улам-улам арт жагын карай берет. Тигилер дагы эле бизди узаткан боюнча үйгө кирбей турушту. «Алыстаган сайын мен тигилерди көрбөй баратам. Силер жакшылап карагылачы, алардын колунда эч нерсеси көрүнбөйбү» – деп Турду аке кез-кезде бизден сурап коёт. “Биз бери чыгарда эле колдорунда эчтеке жок болчу”, – деп жооп кайтарып, анан өзүбүзчө “Жарыктык, бу кишинин көзүнө бирдемелер көрүнүп калган го” деп Кабай экөөбүз күбүрөшүп калабыз” – деп айтчы эле дешет Жаналы.

Арадан 4-5 жыл өтөт. Баягы конок болгон үй, айтылган сөз, аларга берген каалоо-баталар унутулгандай болот. Күз аяктап, эл мал-салын жайлоодон жакага түшүрүп, кыштай турган короолоруна жакындап келип, Ала-Тоо башын ак кар, көк муз чалып, кыштын анча мынча белгилери баамдап калган учур экен. Турду акенин кыштоосу күнгөй тараптагы Бакай-Таштын этек жагында Узун-Булак деген чоң коктудан орун алган. Бирок ага жетпей азырынча анын төмөн жагында Кырк-Булакта отурушат. Бул жердин кышы жылуу, бороон чапкын анча жетпей, малга жай, кар жатпайт. Коктунун баш жагы жайык жана бийик, эки жагын короого окшоп курчаган жазы келген дөңсөөлөрү бар. Мына ошол жерде катары менен он чакты үй отурушат. Анын ичинен өзгөчөлөнүп турганы Турду акенин он эки канат ак боз үйү. Турду аке ошол үйдө жылуу-жумшак төрдө салынган көлдөлөңдүн үстүндө эс алып отурат. Бир маалда энтеңдеп Каракойчу үйгө кирип келип, «Турду аке, эки-үч чоочун кишилер келе жатат, алдында өңөргөн балдары да бар окшойт» деп калат. Алар үйгө жакындап калганда арасынан бир эркектин үнү чыгып, «опиримай, осы Турду акенин үйүмы» деп казакча сүйлөгөн адамдын добушу угулат. Аңгыча үйдөгүлөрдүн бири бул казактар бул жерде эмне кылып жүрөт болду экен деп калышат. Алар аттарынан түшүп, аттарын жетелеп, эркеги эркек баланы, аял кызды колдорунан кармап ээрчитип үйгө жакын кирип келишет. Аттын чылбырын эшикте тургандарга кармата коюп, Турду аке отурган үйгө экөө тең барып, биринен сала бири алмак-салмак бети-башын, сакал мурутун койбой өпкүлөп «Биздин пайгамбар – кудайыбыз, кыдыр акебиз, периштебиз» дешип ой-боюна койбой шаштысын кетиришет. Турду аке болсо эмне кыларын билбей аң-таң калып, булар кимдер болду экен деп тиктейт, же тааный албайт. 

Бир убакта эсине келип: «Ой-буй, силер баягы Меркедеги биз конгон Жаманкара менен Айжансыңарбы? Оо, айланайындар, аман-эсенсиңерби, мал-жан аманбы?» деп сурайт. Аӊгыча сыртта калтырып келишкен бала менен кызды алып келишет.

— Турду аке, баягы сиз конок болуп, жакшы тилек айтып, төрөлө электе аттарын коюп кеткен балаңыз Турдуконок үчтөн төрткө карады. Кызыңыз Турдубүбү экиге келди. Ушуларды сизге көрсөтөлү деп алып келдик. Айтканыңыздай болуп келиниң экөөбүз ынтымакта балдардын сүймөнчүлүгүндө бирге жашап жатабыз. Сиз болбосоңуз биз эмдигиче ажырашып, анда булардын баары кайдан болмок. Ошон үчүн алдыңызга кулдук уруп, дагы ак батаңызды алалы деп келдик. Дайым бар болуңуз, – дейт Жаманкара. 

Турду аке эки баланы өөп-жыттап, экөөн эки тизесине отургузуп, далайга эркелетип алып отурат. Аңгыча алып келген куржундардын ооздору чечилип дасторкон жайнап, Турду акеге алып келген баалуу белектерин – түлкү ичик, кымкап матасынан жасалган күрмө, сүлөөсүн тебетей, намеркен маасы, көлөш ж.б. алып келгендерин алдына коюп, жетелеп келишкен эшиктеги күлүк атты ээр токуму, жарак жабдыгы жана жасалгасы менен тартуу кылышат. Үй ичиндегилер да кур калбайт. Аздыр-көптүр көрүндүк-көнчөгүн аларга да ыроолоп берген болушат. Келгендерге арналып жылкы, кой-козулар союлуп, эки жумадай конок болуп жатышат. Ошол сыйдын үстүндө Турду аке чечилип:

— Чарчап келип катуу уктаган экенбиз. Жаманкаранын үйүнө түнөгөн түнү таңга маал түш көрдүм. Анда ушул эле Жаманкара бизди аткарып жөнөтүп жатыптыр. Бир аз үйдөн алыстай электе артымды кайра карай салсам, Жаманкаранын бир колунда кичинекей куш, экинчи колунда кекиликпи, же көгүчкөнбү айтор кызыл-тазыл болуп куулуп конуп турганын көрдүм. Анын жанында келинчеги туруптур. Ойгонуп кетип, эшикке чыгып айлананы карасам, таң жаңы эле сүрүп келаткан экен. Дааратымды алып, намазымды окуп, көргөн түшүмдү тиги экөөнө карата жакшылыкка жорудум. Ынтымак берип, конуп турган кушу – бул эркек бала, экинчи колундагысы кыз болот экен деп божомолдоп бата кылдым. Кетер алдында экөөн отургузуп алып, ажырашпагыла, ынтымакта жашагыла. Кудай берсе балалуу да, кыздуу да болосуӊар, болуп калса аттарын жанагы мен айткандай деп коёсуңар дегеним ошол болчу. Ал эми үйдөн узай бергенде, Жаналы менен Кабайды карагылачы, үй ээсинин колунда конуп турган бирдемелер жок бекен деп сураганым да ошол эле, – деп айткан экен. 

Жаманкаралар кайра кайтканда, атасы менен баласына эки күлүк ат жасалга-жабдыктары менен, кыз менен апасына саан уй, үч жылкы жана согуму менен, ар бирине өзүнчө ылайык кымбат баалуу кийим-кечелерди тартуулап жөнөтөт. Андан тышкары баштарын куттуктаганыбыз деп эки-үч түлкү жана сүлөөсүн, Турдубүбүгө толуп жаткан шөкүлөлөрдү да беришет. 

Турду акенин ишенген жигити Кабай аларды узатып чыгып, Кара-Кыштакты ашырып жөнөтүп келет.

*   *   *

Бул окуяны Бекмурун уулу Алыш аксакал айтчу экен. 

Жаныбай уруусунан чыккан эки бир тууган Карбоз менен Супатай күндөрдүн биринде конокто отуруп уруша кетишет. Супатай мал-келдүү экен, байлыгына мактанып бир тууганы Карбозго бой көтөрүп, аны кемсинткен катуу жана болбогон көп сөздөрдү айтат. Малдуу болгону менен жашы кырктардан ашып кетсе да бала-чакасы жок экен. Ачуусу келген Карбоз: «Айтчы деги, оозуна алы жетпеген, бакан ооз сага окшогондорго малдын, байлыктын эмне кереги бар? Артында калган баласы жок болсо» – дейт. 

Бул сөз октой катуу тийип, ары сөзгө сынып, байлыгына чиренип мурда мындай кепти укпаган Супатай ооруп, бүк түшүп көпкө төшөктө жатып калат. Баласыздыгына өтө капа болот. Бул кабар Турду акеге жетет. Карбозду чакырып катуу жемелеп, Турду аке сабатардан Үтүрөкөйдү, каймазардан Чоюбек ажыны ээрчитип Супатайдын айлына жакын жердеги эл сыйынып жүргөн касиеттүү булакка токтошуп, ал жерге Супатайды аялы менен чакыртат.

— Супатай, кана алаканыңарды жайып, аялың экөөңөр биринчи кудайдан, экинчи бизден бата сурагылачы. «Балалуу бол» деп ак ниет, ак батабызды ыйык жерде берели, – дейт Турду аке. Супатай аялы экөө алакан жаят, тигилерди карап жалынып-жалбарып бата сурашат.

— Бир жылдан кийин бир кыздуу болгула, – деп Чоюбек ажы биринчи бата берет.

— Андан кийин эркек балалуу болгула, – деп Турду аке бата берет.

— Андан кийин да үчүнчү балалуу болгула, бизден эмес кудайдан, – деп Үтүрөкөй батасын берет.

Булардын баталары жана айткандары келип, төрт-беш жылдын аралыгында, Супатай бир кыздуу, эки эркек балалуу болушат. Кийин да аялынын этегинен жалгап, Супатай бир нече уул-кыздардын атасы болгон. Алардан өсүп-өнүгүп, бир топ укум-тукумдар тараган. Андан бери бир кылымдан ашык убакыт өтсө да, Супатайдан тараган урпактар атадан балага айтылып, Турду аке «ушинткен, минткен экен» деп унутушпай айтып отурушат. Ал эми Карбоздон болсо ушу күндө калган бир да тукум жок.

*   *   *

Турду аке кайсы жерде, кайсы элде, кайсы үйдө болбосун кары-жашы, кыз-келиндери болобу, айтор баары жакшы сөзүн угууга, ак батасын алууга ынтызар болушкан. Анын берген баталары менен каалоолорунун көпчүлүгү жакшылык жышаан берип, айткандары туш келип аткарылган дешет.

Бир күнү аталаш жакын туугандарынын бири Майлыбай мейманга чакырат. Оокат желип бүткөндөн кийин колго суу куюла турган маалда кумганды талашышып, ар кимиси куюуга далалат кылат. Бирок көгөрүп өлөрмандык кылып жатып баласы Түлөберди куя турган болуп, Турду акенин батасын ошол ала турган болот. Турду аке аны угуп байкап калат. Түлөберди кумганды алып катарлата колго суу куюп кезеги Турду акеге келгенде, колун жууп бүтүп, аны карап Турду аке:

— Баракелде, рахмат балам! Өмүрүң узун болсун, атаңды тартып жаман бала болбойсуң. Кийин анча-мынча кат сабатың болот. Оокат-аштуу болуп кем болбойсуң, тектүү жерден келин аласың, андан бир уул, бир кыздуу болосуң, жашың пайгамбар жашынан ашат, – деп айткан дешет. Айткандары туура келип, көпкө жашап, Совет бийлигинин мезгилинде сабаттуу болуп, колхоздун ар кандай кызматтарында иштеп, турмуш тиричиликтери жаман болбоптур. 

Ошол Түлөбердиден бир уул, бир кыз калып, уулу Эсенжан эл агартуу майданында көп жылдардан бери иштеп, жогорку катардагы мугалим болуп, Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги деген ардактуу наамга татыктуу болду. Кызы Дилде да мектептердеги балдарды окутуп-тарбиялады. 

Тескери батасы…

Турду аке өмүрүндө бир жолу гана айласыздан тескери бата бергенге мажбур болгон дешет. Аргынбай (уруунун аты) Суеркул уулу Асанбектин айтуусуна караганда, окуя түлөмөт уруусунун айылында болот. Жалбы деген кишинин бешинчи аялы Сейдана (Сеил деп да аташчу экен) атактуу Кызылбаштын карындашы экен. Ал кичине кезинен эрке өсүп, турмушка чыкса да эркелигин коё бербейт. Улуу-кичүүлөрдү көзүнө илбей, баягы эле «өлүңө сийейин» деген көнүмүш сөзүн ар бир сүйлөгөн сөзүнө кошуп, кала берсе бирөөнү тилдесе да ошонусун айтып, ээнбаш, бей ооз аял болуптур. 

Турду аке баш болгон бир топ эл чогулуп, үйдөн алыс эмес жерде чатакташкан маселени териштирип жаткан болот. Аларды көзүнө илбей эшикке жылаңбаш, жылаңайлак чыга калып ошол жерде ойноп жаткан балдарга адатынча кыйкыра баштайт. Өкүрүп-бакырып «өлүгүңөргө сийейиндер ээ» деп ж.б. оозго албаган сөздөр менен эркекче да сөгөт. Аны уккан коңшу аялдар: «Ай, кой! Нары жакта Турду аке, чогулуп отурган эл угат» десе да болбой, кайра күчөп “Эл-мелиңди, кушчу-жетигениӊди, аксакал-көксакалыңды урганым барбы. Аларды да өлүгүнө сийейин» деп жинденип тилдей берет. Муну Турду акеге жанында отургандар шыбырап айтып коёт. Турду аке ал жерден аттанып кетерде «жанагы тартиби начар келинге айтып койгула, боюнда бар болсо керек. Ошондой болсо да бизди көзүнө илбей жети атабызга чейин каргап-шиледи. Менин ага айтаарым «суу бойлоп калсын»! Башка айтарым жок” деп жүрүп кетет. 

Сейдана тогуз күндөн кийин суу бойлоп нары-бери чуркап, делбе тап болуп эс-учун билбей кайтыш болот.

*   *   *

Күндөрдүн биринде Рыскулбектин баласы казы Дыйканбай Таластагы жек-жаат туугандарына келип, кайра Кетмен-Төбөгө кетип баратып, Турду акеге учурашып кетейин деп кайрылып конок болуп калат. Оокат асылып даярдалып, ал бышканча өткөн-кеткендер айтылып, сөз кызып калганда Дыйканбай:

— Турду аке, сизди адамдын кеменгери деп баарыбыз сыйлайбыз. Сизге эки соболум бар эле. Байтик, Байтик эле дейсиңер, андан менин эмнем кем, же кандай менин артыкчылыгым бар? Бул бир. Экинчи суроом, боло элек ишти алдын ала айткан олуялыгыңыз да бар деп угуп жүрөм, буга кандай дейсиз? – дейт. Анда Турду аке көпкө ойлонбой туруп ага мындай жооп кайтарат.

— Дыйканбай мырза, Байтик акылы терең, тубаса баатыр, эр жүрөк киши. Анда акыл да, байлык да, дөөлөт да, адамкерчилик менен боорукердик да бар. Бардык жагынан төп келишкен адам. Ал эми сен болсоң, кудай ата-тегиңен бери байлыкты, анын аркасы менен убактылуу дөөлөттү берген. Асти сага терең акыл менен адамкерчиликти берген эмес. Кирди-чыкты акылың бар. Байтик солто элин акылы менен башкарып, элге дайым адамкерчилик мамиле жасайт. «Адам байлык жана дөөлөтү менен сүрдүү болсо, бүркүт тырмагы менен күчтүү». Өз элиӊди акылың менен эмес, байлык жана күнүмдүк дөөлөт менен башкарып да, бийлеп да жатасың. Бул түбөлүктүү эмес, күнүмдүк. Байтиктин артыкчылыгы жанагы, ал эми сенде болсо андайлар жок, кемчилигиң ушул, мырзам, – деген экен.

Экинчиден, айтаарым саал өмүрүң кыска болот. «Эр ортону элүү» дегендей ошого же пайгамбар жашына чамалап барасың. Уругуң кем болот. Дөөлөтүң дөңгөлөнүп, байлыгың колдогу муздай эрип кетет. «Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы» дегендей, эл өзгөрөт, журт өзгөрөт. Ошондо бир аз кысымга алынып, кордук көрүп калаар бекенсиңер, – деп аягында ушинтип кошумчалайт.

Суроо берерин берип алып, ушул айтылган сөздөрдү угуп, Дыйканбай мырза таарынып анча оокат жебейт. Таңга маал эч ким тура электе эрте туруп, коштошпостон жигиттерин ээрчитип кетип калат. 

Кийин Турду аке айткандай болуп, заман өзгөрүп, Совет доору чыгып, Дыйканбай мырза көз жумуп, Керимбай болуш кулакка тартылып, мал-салы, дүнүйөсү бөлүнүп, Анжиян – Наманганга качып, ошол жерде күн көрүп, ошол жерден акыры бул дүйнө менен коштошот.

Көрбөй туруп көрө билген көрөгөчтүгү

Турду аке өз заманынын алдыӊкы адамдарынан болгон. Орус келгиндери Чүй жана Ысык-Көл тарапка келе баштаганын угуп-билип, алар эми Талас өрөөнүнө да келип отурукташа баштарын айттырбай түшүнөт. Элге, өзгөчө урук-туугандарына орустар менен жакын туугандай болуп жакшы мамиледе болууларын эскертет. Антип эскерткени орустар келе электе эле, эл арасында ар кандай ушактар таралып, көрүп-билбей жаманатты кылган болот. Айрым караңгы чала сабат молдолор аларды «каапырлар» деп аташып, кыргыз эли менен жаңы келаткан орустарды бириктирбей, ортосуна от жагууга аракет кылышкан. 

Турду аке: — Оо, балдар, туугандар! Ар кандай ушактарга кирбегиле, өңү-түсү, тили менен дини башка болгону менен орус эли да бизге окшогон адам баласы. Жаман айтпай, душмандашпай алар менен достошуп алгыла. Аласа-бересе кылгыла. Келсе чай-пайыңарды, айран-сүтүңөрдү берип, тилин үйрөнгүлө. «Береген колум алаган» дегендей, аларды сыйлап, сураганын берип турсаңар, алар да эч нерсесин силерден аябайт, колунда барын берет. Ошентип байланышып да, катташып да алгыла. Келечек турмуш ушуну талап кылат, – дейт.

Турду акенин айтканын эки кылбай, балдары Сасман менен Нуралы, Шабданалы Россиядан көчүп келген Ак-Чий менен Көк-Ойдогу жаңы келип отурукташкан Иван жана Кондратенко менен мамилелешет. Бара-бара аласа-бересе кылып, достошуп, Нуралы менен Шабданалы алардан сабак алып, орус тилин кадимкидей үйрөнүп, алар менен сүйлөшө алган дешет.

Орустар келгенче кыргыздарда орок, балка, чот, буурусун, жаргылчак, керкиден башка чарбалык шаймандар өтө эле аз болгон. Орус келгиндеринин келиши менен араба, темир соко жана мала, чалгы, балта жана башка чарбачылык, үй-тиричилик буюмдар менен аспаптар пайда боло баштайт.

Өткөн кылымдын 30-жылдарынын орто ченинде Сасман кайтыш болуп, Улуу Ата Мекендик согуш башталар алдында Кондратенко катуу ооруп каза болот. Согуш жүрүп жаткан мезгилде карылыгы жеткен Иван 78 жаш курагында дүйнөдөн өтөт. Кийин алардын үй-бүлөлөрү биринин артынан бири Россияга көчүп кетип, ошону менен орус агаиндер менен катташ үзүлүп калат.

Байтиктин ачуусун басканы

Солто Байтик баатыр кушчу-саруу элине күйөө бала болгондуктан, Таласка келип-кетип дегендей катташып жүрөт. Кийинки бир келгенде кайын журту жеткиликтүү жамандап, аябай ушактап койсо керек. Кайра кайтып бара жатып, төмөнкү кушчуларды бир аз опусалап, айрым тийишкендерди анын жигиттери уруп-сабап, дагы даярданып келип чаба тургандарын жарыя кылып кетишет. 

Бул болгон ишти кушчунун аксакалдары Турду акеге атайын келип айтышат. Эки эл кагылышып кетпесин деп чочулаган даанышман аке Бойкондун уулу Атыканды, дагы үч-төрт белдүү жигиттерди ээрчитип алып, Байтиктин айлына таңга маал жетип барат. Байтик тура элек болуп, аны кайтарган жасоолдору Турду акени кое бербей турган болот. Атын Атыканга кармата салып, жасоолдорду эки жакка түртүп, аларга ээ бербей Байтик жаткан үйгө кирип барат да: 

— Ай, Байтик тур, көзүңдү ач. Мен сага бата бергени келдим, – дейт. Байтик ич кийимчен тура калып, бул ким, эмне болуп кетти деп, уйкудан чала-була көзүн ачып алакан жая салат:

Байтик жашың жүзгө толсун,
Башыңа Ала-Тоодой бакыт консун.
Эрегиштен эр өлөт дегендей,
Эрегишкен элдер мындан ары койсун.
Ырыс менен ынтымак артып,
Ортодогу жамандыкты жойсун.
Байтик дайым солто элине тирек болсун,
Оомийин! Менден эмес Кудайдан, – деп бата берип, кетенчиктеп үйдөн чыгып, кетенчиктеп барып атка минип, артын карабай бастырып жөнөп кетет. 

Аңгыча Байтик туруп, жуунуп-тазаланып, жасоолчу жигиттерин чакырып:

— Жанагы таңга маал келген киши ким? Ал каякка кантип кетти? – деп сурайт.

— Аты-жөнүн айткан жок. Ээ-жаа бербей сизге кирип кетти. Анан үйдөн кетенчиктеп чыгып, кетенчиктеп атка минип, эки жакты карабай, күн батыш тарапка жай бастырып кетти, – дейт жасоолдору. 

— Анда эмесе атка тез минип, тез жөнөгүлө. Артынан кууп жетип, ал кишини чакырып келгиле, – дейт Байтик. Алар кууп жеткен жигиттер: “Бийибиз чакырып жатат” – деп, ой-боюна койбой кайра ээрчитип келишет. 

Байтик таӊ эрте келип бата берип кеткен адам Турду аке экенин түшүнүп, андан кечирим сурап, «Ылайым берген батаңыз орундалсын. Элибизге бейкут тынчтык берсин, жаман көрүшкөндөрдүн бөөнү жарылсын, душманыбыз ар дайым жок болсун» – деп ага кымбат баалуу чепкен жаап, күлүк ат жабдыгы менен мингизип, андан тышкары эки согум жылкы жетелеткен дешет. Турду аке Байтиктин кушчуларга болгон ачуусун ошентип баскан экен.

Сыдыгалыга болушканы

Турду аке улуу менен кичүү, байы менен кедейи, бийи менен болушу урматтап сыйлаган, кадыр-барктуу киши болгон. 

Бир жылы кызылбаш Кудайберген алыска аттанып кетип бара жатып, күн кечтеп калгандыктан, ормош Сыдыгаалы байдын үйүнө кайрылат. Сыдыгалы өзү мүнөзү оор, жакшы-жаманды билип байкабаган, сыпайкерчилиги начар, ошого карабастан төрө пейил адам экен. Кызылбаш жигиттери менен үйгө кирип, кол сунуп амандашып, ал-абалын сурап төр жакка барып отуруп калышат. 

Сыдыгалы ордунан козголбой, жамбаштаган калыбында “тиги конок үйгө киргиле” деп көрсөтмө берип, өзү үйдө кала берет. 

Болгону жигиттерин чакырып «кой союп, чай-дасторкон даярдап жанагыларды коноктогула» деп коет. Ошону менен келген коноктор кеткиче жолукпайт. Буга кызылбаш Кудайбергендин аябай ачуусу келет. Бирок кетип калалы десе түн кирип, кечтеп калгандыктан айласыз конок болуп жатып калышат. Эртеси кетип бара жатып, буга ызаланган кызылбаш Кудайберген: «Мунун кылганын карачы, Турдусу бар да. Болбосо атасын Үч-Коргондон көрсөтөт элем. Же сабаттырып өзүн таң аткыча улагасына байлаттырып коёт элем» – деген экен. 

Чындыгында ал мезгилде кызылбаш Кудайберген колунан эмне жасайм десе баары келген убагы болгон. Бирок Турду акени сыйлап андай ишке батына алган эмес.

Элди дыйканчылыкка үндөгөнү

Турду аке шалтак тукумун гана эмес, бүтүндөй жетиген урууларын, кушчудан тараган кыржы, сабатар, кагаздыларды: «Оо эл-журт, туугандар! Айран-сүт да, эт-май да керек. Бирок дан да, нан да керек. Адамды нан тойгузат» – деп дыйканчылык кылууга үндөгөн экен. Каракол суусунун баш жагынан өзү кичине арык чыгартып, бир кулак суу менен он-он беш теше келген түз аңыз жерлерди сугартып, андан тышкары кээ бир ылайыктуу кайракы жерлерди да айдаткан. Аларды багып өстүрүү үчүн атайын 5-6 үйлүү жатакчыларды калтырган. Жайлоодон мал келгенче чөбүн оруп, эгинин бастырып, түшүмүн жыйнап, Турду акенин кампасына топтоп койчу эле дейт аргынбай уругунан чыккан Сары деген киши. Ошол кампадагы жыйналган эгиндин көпчүлүгү жанагы жогоруда айтылгандардан тышкары көптөгөн бей-бечераларга, сураган-сурабаган көп бүлөлүү үй-бүлөлөргө зарыл учурда таратып берчи экен.

Токтогул болуш менен достугу

Өмүр бою Турду акенин жанында коштоп жүргөн жигити Жаналы: “Турду аке адам баласына жакшылык гана каалачу жана жасачу. Өмүрү андай адамды кездештире албадым. Адамдын оор жана жаман кемчиликтерин көрүп-билип турса да макал-ылакап менен чучугуна жеткизе, орой көзүн чарай кылып үн көтөрүп ачууланбай жай сөз менен айтып коёр эле. Жаман көргөн душманы болбоду. Кай жакка барбасын, кай жакта жүрбөсүн сый менен урматта, кадыр-баркта жүрүп өттү” деп эскерген. 

Турду акеге ылым санаган тааныштары, курбу-курдаштары, замандаш адамдары өтө көп болгон. Ошолордун бири – Токтогул болуш. Турду аке аны менен өтө сырдаш эле. Токтогул күӊгөй бет Таластагы азыркы Арал айылынын аймагында жашаган жана ошол чөлкөмдөгү уруулардын болушу болгон. Уругу төлөбай чокой. Атасы Нанай белгилүү жана бай адамдардан болуп, анын салтын жана мурасын баласы Токтогул улап, сөзмөр, бир сырдуу, оңой менен чечилбеген, кадыр-барктуу кишилерден болуп жетилген. Анысы менен эл жактырып, кийин болуш шайлашкан. 

Токтогул Турду акеге көп келип, Турду аке да ал жакка көп барган. Экөө кездешкен учурда айтор көпкө сырдашып, болгон окуяларды бир-бирине айтышып, анан «жанагы айтылган сөз жанагыдай болсун» – деп, убадалашкан же макулдашкан сөздөрүн бекемдегендей бир-бирин тиктеп карап калар эле” дечү экен Жаналы.

Сүйүнбайдын күлүгү

Нанай ажынын ашын Токтогулдун өтүнүчү менен Турду аке башкарат. Аш макулдашылгандай, ойдогудай жана жогорку деңгээлде өтөт. Ат чабылат, кыргыздын бардык оюн тамашалары болот. Ат чабышта жаныбай Сүйүнбайдын аты чыгып, баш байгени ошол алмак болот. Бирок жетиген уруусунун аксакалы Турду аке турганда байгени биз албайбыз дейт так кесе. Аш тарайт. Келген эл кетет. Аягында Токтогул өзү баш болуп, итемген уругу чогулуп Турду акеге ыраазычылыгын айтып, жакшы баталарын беришет. 

Баш байгеге тиешелүүнүн баарын алышат. Күлүктүн ээси катары Сүйүнбайга «ат териси» деп байгеден ырым кылышат. Калгандарын жолдон жолугуп «атыңар байгелүү болсун» деп бата сураган кары-картаң, бей-бечераларга, тааныш адамдарга таратышат. Кара-Чокуга жеткенче бирден-экиден таратып отуруп, ал жетпей баратканда Сүйүнбайды үйүнө чаптырат. Дагы да жүз койго жетерлик акча алдырып, аны да жеткенче «соога» деп сурагандарга берген экен. Ошентип байгеге алган малдан эчтеке калбай, анысы аз келгенсип чыккан аттын ээси кайра чыгым болот. 

Кийин Супатай бай: «Турду аке бул кылганыңыз эмне? Бул кылганыңыз кандай?» деп сураса, «Сүйүнбай менен анын күрөң күлүгү аман болсо, ат байге алган элдин батасы тийсе, кудай буюрса мындай байгенин далайын алабыз, ичиңерди тарытпагыла» – деп жооп берген экен. 

Айткандай андан көп узабай берен тараптан Нуралы деген бай атасына аш бергенде, меркелик бир казак чоң той бергенде, солтодон Канай уругунун балдары аш-той бергенде Сүйүнбайдын күлүк күрөң аты баш байге бербей, көптөгөн акча, малды алып, «байге» кошулуп жакшы эле байыган дешет. Кийин анын аты жашы өтүп карыса да ага карабай ат жарыштарда биринчи келбесе да экинчи, же үчүнчү орунду берчү эмес экен.

Бий-болуштарды табыштырганы

Көл менен Кочкордо бугу менен сарыбагыштар чабышкандай, Талас өрөөнүндөгү уруулар да бир-бири менен атаандашып, бир-бири менен чабышып турган. Анын баары байлык, бийлик, мансап, жайлоо талаштан келип чыккан. 

Солтонун манабы Медеткан (Түлөберди тукумунан) Шадыбай дегенге аш берип калат. Анда кушчу ичиндеги каймазар менен жетиген эки жаат болуп, кырчылдашып турган кези экен. Чабышта каймазарлар жеңилет. 

Окуя мындай. Ошол чабышта каза болгон Абылгазы сабатар уругунан экен. Анын жакын тууганы Карабаш да сабатардан. Бирок Абылгазы жетигенге кошулуп, ошолордун таламын талашып чабышат. Ошондо Кызылбаш, Карабаш бир тарап, Абылгазы, Токтогул болуш, Дүйшөмбү (Абылгазынын бир тууган иниси) бир тарап болуп, Чөӊөр деген жерде аябай бир-бири менен чабышат. Абылгазы тарабы качып берет. Абылгазы өлөт. Эки тараптан тең өлүм-житимдер, жарадар болгондор да болот. 

Турду аке бул окуяны угуп, абдан кайгырып, капа болот. Бир эл, бир уруу болсо булар кайда кетмек эле деп, аларды жараштыруу максатын көздөйт. Ар бир тарапка өзүнчө барып, анын себептерин, күнөөлүүсү ким экенин териштирет. Жараштыруу үчүн топко уруу башчыларын, алар менен кошо Карабаш, Кызылбаш, Токтогул, Супатай, Дүйшөмбү, Канай, Сыйдалы, Ыйманкул, Малабек ж.б. көптөгөн адамдарды чакыртат. 

Турду аке эрегиштин себебин айтып, күнөөлүүлөрдү жемелеп, айрымдарын доого жыгып, чатактагы кетирилген кемчиликтерди жогорудагы аты аталгандардын мойнуна коет. Акырында аларды жараштырып, бир-биринен кечирим суратат. Моюн алып кучакташтырып кайра баарын табыштырат. 

Кийин буга ыраазы болушуп, Карабаш, Кызылбаш, Токтогул бий Турду акени ар бири өзүнчө чакырып, ат мингизип, тон кийгизип дегендей, согумдарын кошо берип сый менен жөнөтүшкөн дешет.

Кушбек төрөнүн ашында

Бир жылдары казактын Кушбек төрөсү каза болуп, арадан эки жыл өтүп ашы берилет. Кушбек төрө казак арасындагы чоң байлардан болуп, 25 миңден ашуун кою, миңдей жылкысы, 200дөй төөсү, толуп жаткан ири мүйүздүү малы болгон экен. Өлөр алдында малы менен дүйнөсүн беш баласына тепетең кылып бөлүп берет. Алар атасын ардактап коюп, ашка катуу даярданып, Алма-Ата, Олуя-Ата, Чымкент, Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Талас тараптан ж.б. жерлерден көптөгөн конокторду чакырышат.

Чакырылгандардын арасында Турду аке жана кудасы Сыйдалы манап да бар эле. Ашка барарга чукул калганда Сыйдалы манап Турду акеге акылдашканы келип, салт боюнча кимдер барат, эмнелерди тартуу кылып алып барарын талкуулашат. Ат чабышка Бөжөк тору деген күлүк тандалып, аны Рысбергендин Абдыракман деген баласы чапмак болот.

Ашка эки жактан чакырылган эл келип, конок каадасын көрүп, ат чабышка бериле турган байгелерди угушат. Жарчы 30 атка байге бар экенин, биринчи келгени баш байгеге – 300 кой, 9 төө, 9 жылкы, 9 уй жана торпок ж.б. кошумча байге ала тургандыгын айтат. 

Аттар чабыларга бир күн калганда Таластагы кушчу уруусунан Жанузак деген бир кызыл күлүк атын жетелеп барып калат. Ошентип Талас тараптан ат жарышка эки күлүк ат катышмак болот. Күлүк аттар үчүн буларга бир боз үй, бир боо чөптөн беде, бир кочуш ууч жем берилет.

Ашта үч-төрт күн катары менен казак элинин улуттук оюн-тамашалары өткөрүлөт. Бешинчи күнү күлүктөрүн сынамакка саяпкерлер менен сынчылар келиет. Башкы сынчы Турду аке менен мурунтан көрүп билип тааныш болгондуктан, аттарды көрүп, кетип баратканда «алдагы кызыл күлүк атыңарды бир убакта ток чаап, богу ичинде катып калган. Ага карабай жакшы суутулган. Экинчи же үчүнчү келет, кеме байгени алат. А тиги Бөжөк тору күлүгүңөр эртеңкиге чейин кырсык болбосо Кушбектин жайдак боз күлүгү менен баш байгени талашып калар бекен» – деп жөрөлгө сурайт. Турду аке бир аттын пулун берет. 

Ошол күнү кечинде күлүк аттарды коногуна айдап кетет. Кетээрде чубатып жөнөткөндө 200-250дөй күлүк кеткен болот. Чапкан Абдыракман балага чабуунун жол-жобосун дагы бир ирет айтып түшүндүрөт. Эртеси марадан коё берилген күлүктөр белгиленген чекке жакындай берет. Алдыда келе жаткан күлүктөрдү сүрөө мезгилинде биринчи келаткан Бөжөк торунун алдынан беш-алты казак чыга калып бир кыйып кетет. Бөжөк тору ат башындай артта калып экинчи байге ала турган болот. «Кара таандай көп казак туугандар менен чырдашпайлы» – деп Турду аке башталган чырды тыйып коет. Баары бир өздөрүнүн кетирген кемчиликтерин билип, аш ээлери баш байге менен экинчи күлүк аттын байгелерин кошуп, эки биринчи чыккан аттарга тепетең бөлүп бере турган болот. Бөлүнгөндөн тийгени болуп, Бөжөк тору күлүк үчүн 250 кой, 9 төө, 9 жылкы, 9 кара мал ж.б. баалуу аң терилерди алышат. Ал эми кемеге байгеде Жанузактын кызыл аты чыгып келет, ал да сайылган байгени алат.

Аш бүтүп, кайта турган маал келгенде, чакырылып жана алар менен чогуу баргандардан тышкары, ашты угуп баргандар болуп жүздөй киши кайра тартат. Турду аке айдалып келе жаткан малдан алардын ар бирине алдына төө, жылкы, уй, же торпок, артына бир-экиден козу бөлүп берет. Дагы жеткенче жолдон соогалап сураган кишилерге калганын таратып, ат териси деп Жанузакка бир төө, эки жылкы калтырып, ат чапкан балага бир жылкы, 5 кой берет. Буга Жанызак нааразы болуп, «Турду аке бул кандайча болуп кетти» деп сураганда, «аш-тойдон алган эч убакта бай болбойт, байге деген элдики болот, күлүктүн тер акысын алдың болду» – деген экен. Алгандар Турду акеге ак батасын берип, узун өмүрүн тилеп, рахматын айтышыптыр. 

Саке бийдин тоюнда

Турду аке марттыгы жана берешендиги менен гана эмес, калыстыгы менен да эл-журтка, кала берсе казак элине чейин таанылган. Кайсы бир жылы Кулан тараптагы катташы Саке бий той берип, Турду акени чакырат. Тойго өзү менен кошо олуя Нусубалы жана 3-4 жигитти алып барат. Эки күн түнөп, үчүнчү күнү кетээрде кеч болуп, конок болуп калышат. Атайын арнап мал союлуп, кымыз берилет. Чоң ак боз үйдө толтура эл. Өлөң айтылып, домбура менен чертмек чертилет. Улага тарапта кымызга кызып калган казак жигит менен капшыт тарапта отурган кыргыз жигит сөз талашып айтыша кетет. Койгула дегенге болбойт. Аларга жанаша отургандар бири анысына, бири мунусуна болушуп, жиреп жиберишет. Заматта кыргыз, казак болуп эки жаатка бөлүнө түшөт. Үй ээси эмне кыларын билбей, төрдө отурган Турду акеге:

— Турду аке! Мен, же башка бирөөлөр бирдеке десе тигиге-буга тартты дейт. Сизди кыргыз-казак эли кылдан тайбаган адилеттүү калыс адам деп билишет, айтканыңызды эки кылбайт. Буларга калыстык кылып коюңузчу, – деп суранып калат. Турду аке камданып бирдеме деп айтканча, нары жанында отурган Нусубалы озунуп:

— Калыстыкты Турду акеге кудай атайын энчилеп берген. Оо, улагада отурган бейжай балдар, тынч отуруп сөз уккула. Төөнүн этин жапырактап жеген тетиги казак жигит акмак. Кой этин туурап беш бармак кылып жеген тетиги кыргыз жигит акмак. Отурган элди, конок болгон бизди көзүнө илбей, экөөңдү ала-чакмак кылып мас кылган кымыз акмак – дегенде, отургандардын баары дуу күлүп жиберишет. Анда Турду аке: 

— Болду, болду. Жанагы жигиттерге ушул эле жетет. «Эстүү жигитке бир айтканда жетет, эси жокко миң айтсаң да жетпейт» деп ушуну гана кошумчалайт. Уялгандан эки жигит биринин артынан бири чыгып, эшиктен элдешип кайра үйгө кирип, отургандардан жана Турду акеден кечирим сурашкан экен.

Жылкы жоголгондо…

Казак элинин айтылуу баатыры Супатай өз мезгилинде атак-даңкы катуу чыгып, казак элине гана эмес, кыргыз элине да сый-урматка жеткен. Кенесары менен Норузбай кыргыздарга кол салганда ушул Супатай баатыр ортого түшүп, эки тууган элдин ынтымагын сактап калууга далалат кылып, кыргыздар тарабында болгон.

Мезгил өтүп, Супатай баатыр карылыкка моюн сунуп, алдан-күчтөн тайып, көзүнүн тирүүсүндө болгон байлыгын жана бийлигин баласы Бердикожого өткөрүп берет. Көп узабай Супатай баатыр көз жумат. Баласы Бердикожо атасы менен катташкандардын баарын, ошонун ичинде Турду акени да «бир ууч топурак салып узатышып калсын» деп кабар жөнөтөт. Кийин ашына чакырат. Турду аке менен жакындап таанышып, туугандашып, бир-бирин жакшы билишип калышат.

Кеч күз. Жылдагыдан кыш эртерээк келип, жер бетин анча калың эмес кыламык кар басат. Бердикожонун бир үйүр жылкысы айгыры менен кошо жок. Анын жигиттери из кууп отуруп Кара-Кыштакка чейин барып, андан ары Кичи-Кыя аркылуу Таластын көкүрөк тарабына чейин келишет. Бир жумадай нары-бери издешип, көргөн-билгендерден сурашат. «Мен көрдүм» деген киши жок, изи бар, өзү жок. Издеп таппай, же дарек дайнын билбей казак жылкычылар өз айлына кайтууга аргасыз болушат.

Бердикожо күлүк айгыры жана тандалма жылкыларынын табылбаганына, жылкычыларынын кайдыгер мамилесине кейип-кепчип, ачуусу келет. Изи ошол жакка кеткенден кийин, болду-болбоду жылкылар ошол тарапта экенин билип, изи сууп жок боло электе деп, ишенимдүү адамы Турду акеге тезинен кабар бердирип, 2-3 жылкычысын жиберет. Турду аке аларды жакшы кабыл алып, аларга эки киши кошуп берип, айланадагы кокту-колотторду, тоо-таштарды кыдыртып издетет. Кээ бир шек санаган адамдарга чейин каратат. Бирок табылбайт. Жылкычыларды келген жагына жөнөтүп, жоголгон жылкыларды мындан ары да иликтеп-изилдерин, кокус дайыны билинип калса Бердикожого кабарлаарын айттырып жиберет.

Турду аке тигилер кеткенден кийин, эки тууган элдин биримдигин бузбай, бир-бирине болгон ишенимин кетирбей, ыр-чыр кылбай, кандай да болсо таап берүүнүн амалын көздөйт. Атайын өзүнө ишенимдүү адамдарды таап, аларга катуу дайындап, эл ичинен, жер ичинен болсо да тинтип таап берүүнү милдет кылып коёт. Өзгөчө аргынбай, жалаңнайза, жаныбай урууларынын айрым шек саналган кишилери көзөмөлгө алынат. Ошентип жарым ай ичинде араң дегенде изилдеп издеп жүрүп Жел-Тийбес сайынын баш жагындагы Нуралы чокусунун этегиндеги шагылдуу сазда оттоп жүргөн жеринен жылкылар табылат. Бирок алар айтып кеткен сандагы төрт жылкы жетпейт. Айгыры аман эсен. Уурдап келген ууру кишилердин биринин да дайыны жок, көрүнүп бутакка да илинбейт. Кийин он чакты жыл өтүп, бул окуя эскирип унутулуп калгандан кийин баягы уурдап келгендер башка бир чатак менен арыздашып, кагылышып бир-бирине айгак болуп муну да ким уурдап келгенин айтып коюшат. Көрсө жогорудагы шектенген жаныбай урууларынын бир-эки ууру ээнбаш балдары экен.

Турду аке жетпеген жылкыларды өз эсебинен жана жакын туугандарынан алып толуктап, Жаналы менен Кабайга дагы эки киши кошуп берип, бир үйүр жылкыны Бердикожого жеткиртип берет. Буга Бердикожо өтө ыраазы болот. Бир чети сүйүнүп баргандардан Турду акеге «согум үчүн» деп жондору билинбеген семиз үч жылкы берип жиберет. Анын бирин айдап келгендерге, экинчисин коңшу-колоңдорго союш кылып берет, калган бирин өзү алып калган дешет. 

Турду аке ар дайым кыргыз-казак элинин бири-бирин сыйлап, ынтымактуу жашашы үчүн кам көрүп, ал үчүн көп аракет кылган.

Турду акенин макал-ылакаптары

«Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы»

«Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз»

«Адамдан адамдын эмнеси артык, убактылуу берген дөөлөтү артык»

«Жерден жердин эмнеси артык, бир чөмөлөй чөбү артык»

«Койдон койдун эмнеси артык, кол башындай эти артык»

«Келгендин маңдайын, кеткендин соорусун сыла»

«Өз агасын агалай албаган киши өзгөнүн агасын сагалайт» 

«Ырыс алды – ынтымак» 

«Ачуу – арас, акыл – дос» 

«Адам болуш аста-аста, айбан болуш бир паста», 

«Өз кайрылат, жат айрылат»

«Дос айрылат, өз кайрылат» 

«Аялды башынан, баланы жашынан тарбиялайт»

«Дөөлөт колдогу дөңгөлөк, байлык колдогу муз»

«Өзөктөн чыккан өрт жаман»

«Ит кутурса ээсин кабат» 

«Акыл – элде, байлык – жерде»

«Эрди эр кылган да аял, эрди жер кылган да аял»

«Байлык колдогу муз, дөөлөт колдогу куш»

«Бирөө ичерге суу таппай жатса, бирөө кечерге кечүү таппайт»

«Кеңешип кескен бармак оорубайт»

«Чакыргандан калбагын, өзүң басып барбагын»

«Жакшынын – шарапаты, жамандын – кесепети»

«Жылкы мүнөздүү кишилер да болот, курсагы ачса шалпайып, курсагы тойсо кулагы тикчийип тебенээк болот»

Апыш уулу Ниязбек “Ушул макал-ылакаптарды башка кишилерден эмес, жалаң Турду акенин өз оозунан гана укчу элем. Мындайды ого эле көп айтчы, бирок көбүн унутуп койдум. Айткандары турмуштан алынып, мисал гана эмес, тарбия-таалим болуп ар адамдын эсинде калчу. Эми мындай макал-ылакаптарды билбеген адам жок, элге тарап алардын баары элдик болуп калбадыбы” деп айтчу экен. Анын айтканына караганда Турду аке сөзгө чечен, акыл менен чукугандай сөз таап сүйлөгөн адам болуптур. Айткан сөздөрүнүн маани-маңызына карата ал мезгилде сейрек кездешип, али эл анча уга элек макал-ылакаптарды мисал келтирип, адамдын мээсине түшүнүктүү кылып куюп койчу экен.

Даанышмандын дүйнөдөн өтүшү

Турду аке 1914-жылы эрте жазда, кар али кете элек ала шалбыртта көз жуумп, бул дүйнө менен кош айтышат. 88 жашка келсе да акыл-эси толук болуп, сөзүнөн жаңылбаптыр. Адам эмес жаныбарга залалын тийгизбей, сыймыктуу аты менен келбес сапарга кетиптир.

Качкын уулу Ибраим минтип эскерчү экен:

— Турду аке чакырып жатат дегенинен келсем, айтылуу ак чоң боз үйү башка жерге которулуп тигилип калыптыр. Мени “үйгө киргин, сени баятан бери күтүп жатат” дешти. Ал үйгө эки эшик каалга аркылуу (бири кадимки боз үйдүн эшиги, каалгасы, экинчиси ички үйдүн кош каалгалуу жыгач эшиги) кирдим. Көрсө жети канат боз үй тигип, анын сыртынан дагы он эки канат чоң ак боз үй тигип, кош кабат кылып курчап, жылуу болсун дегени болсо керек. Төр жакта кабат-кабат салынган шайы жууркан, ак шейшеп, пар жаздык, үстүндө Турду акем. Жанында Ногой молдо куран китеп окуп отуруптур. Дагы да төрт-беш айыл аксакалы, Нусубалы, Ырсаалы да бар экен. Салам айтсам кабыл алып, башын ийкеди да: «Балам, Ибраим келдиңби, отур!» – деди. Отурдум.

— Ибраим! Сен чыйрак, малга сак, ар ишке так, кичи пейил болуп эр жеттиң. Бардык жасаган ишиңе ак ниет, адамкерчиликтүү мамиле кылып жакшы жүрдүң. Баарынан да менин айткан сөздөрүмдү, акыл-насаат кеңешимди эки кылбай кыйшаюусуз аткарып келдиң. Аткарып да жүрдүң, мен сага чоң ыраазымын. Сага бере турган энчиӊди балдар берет, аларга айтылды. Эми менин көзүм өтө элек тирүүмдө айтайын дегеним, бүгүндөн тартып бош жана эркин жаша. Жакында заман оошот, кедей-кембагалдардын заманы болот, ал келет. Эл-жерди ошолор башкарат. Кудай кааласа сен да жаман болбойсуң. Ошол башкаргандардын бири болуп каларсың. Менден бир аз таалим-тарбия алгандай болдуң. Түз жүрүп, түз иштеп, элге калыс бол. Кедей-кембагалдарды колдо, сага алардын ар дайым батасы тиет. Алар бирдей жакшы турмушка жетишет. Бирок ошол келген жаңы заман түбөлүк жашаарына көзүм жетпейт, ай ким билет? Өткөндөрдү ойлосоң канча бир кылымдар келип кетти. Адам баласын таң калтырган канча бир пайгамбарлар, олуялар өттү. Өттү-кетти дейсиң, ал мезгилдин ичинде нечен заман да өзгөрдү, – деп улутунду да, анан молдого карады: — Молдоке, мен түндө түш көрдүм, түшүмдө бир кара бүркүт эки кекиликти шаштырып кууп келип, эки колтугума киргизди да кайра колтугумдан тез эле сууруп кайра алып кетти, – дегенде, молдо: — Оо, анда оорудан тез эле жакшы болуп кетесиз, – деп молдо бат жоруй салды. — Жок, андай эмес, молдоке. – Мени карап: — Ибраим, сен барып Кабайды чакырып келчи, – деди. Кабайды чакырып келдим. — Кабай балам, айлана-тегеректин баарын тазалат. Бүгүлгөн үйлөрдү тиккиле, союла турган мал-салыңарды дайындагыла. Эл көп келиши мүмкүн. Сыйдалы манапта эрке кызым бар эле. Жер али каткалаң, тайгак. Кокус ал чаап келсе, аттан жыгылып калбасын. Ошого да сен сак бол, башкасын балдар менен өзүңөрчө бүгүн-эртең сүйлөшүп чечкиле», – деди. 

Биз таң калып, капырай бул эмнеси деп, отургандар бир-бирибизди карап калдык. Ошондон эки күн өтүп, өзү айткандай Турду аке кайтыш болду. 

“Турду аке каза болгондо, мен жыйырмаларга чамалап барып калган чагым болсо керек, – дечү экен Ырсалы деген инилери. — Эл көп. Турду акеге топурак салып коштошуш үчүн жумурай-журт, кушчу, жетиген, сарбагыш, саруу, солто, саяк уруулары жана казак, өзбек туугандардан, айтор ичтен-сырттан болуп кулак угуп, көз көргөндөрдүн баары келгендей болду. Жаназа окулуп табытты көтөрүп чыкканда, жолдун эки жагында казганактап турган элден жол тийбейт. Керектүү нерселерин алып атчан жүргөн кары-картаңдардын арасындамын. Табыт артынан кетип бара жатып кез-кези менен келе жаткан элди карап көз жүгүртөм. Чубап келаткан элдин баш аягы көрүнбөйт. А кишинин табытын жеткенге чейин колдон колго өткөрүп жөө көтөрүп барышты. Кийин байкасам алып чыккандан койгонго чейинки аралыгы сегиз чакырым экен, ошого чейин жөө көтөрүп барыш ошол кезде бул чоң сый жана урмат болчу. Коюп келгенден кийин келген эл Турду акенин арбагына бата кылып, салт боюнча сыйын көрүштү. Жакындары үчүлүгүн жана жетилигин өткөргөнчө калып, андан кийин гана кетишти. Узатуудан кийин жыртыш, мүчөлөр берилип, ат чаптырылды. Жалаң доорон менен жаназага бир үйүр жылкы жана жүздөй кой коюлду. Ошол кайгылуу күндөрдө Аксыдан Көкө уулу Жеңижок Турду акенин кайтыш болгонун угуп, мурунтан бери тааныш жана көрүп билип жүргөндүктөн кеч болуп топурак сала албасам да көз көрсөтүп, бата кылып, бала-бакырасына, жакын туугандарына кайрат айтканы кайрылганы айтылат.

Үмөталы ырчынын Турду акени жоктогону

Үмөталы ырчы Турду акени кошуп, минтип жоктоп ырдаган экен.

Айрылып калдык улуудан,
Ак туйгун учту туурдан.
Теңдеши жок киши эле,
Айтылуу кушчу уруудан.
Көк туйгун учту туурдан,
Көп кеңеш берчи улуудан.
Кеменгер эле эл журтка,
Тутуму шалтак уруудан.
Турду акем эле абабыз,
Аны эми кайдан табабыз.
Өзүңдөй эми теңдеш жок,
Күлүккө кимди чабабыз.
Капилет кеттиң дүйнөдөн,
Калкыңда жоктур күйбөгөн.
Калкыңда адам жок эле,
Кадырлап сени сүйбөгөн.
Учтуң да кеттиң дүйнөдөн,
Улуулар болбос күйбөгөн.
Жалганда кеттиң дүйнөдөн,
Балдарың болбос күйбөгөн.
Бул дүйнөдө ким калат,
Жылдызы бар түн калат.
Жарык берген күн калат,
Кайгырган менен пайда жок.
Кайраттан башка айла жок,
Кайрылбас сапар жол тарттың.
Узак ооруп бактырбай,
Уу ичкендей тез кайттың.
Элди үркүтүп кыйнабай,
Созулуп жатып кетиптир.
Акыл-эсин жоготпой,
Сүйлөп жатып кетиптир.
Оо дүйнөгө кетерин,
Алдан мурда сезиптир.
Өксөп-өксөп өкүрүп,
Элиң калды Турду аке.
Өрүшү малга кең эле,
Жериң калды Турду аке.
Көздөрүнөн жамгыр жаап,
Балдарың калды Турду аке.
Кошок кошуп муңканып,
Жесириң калды Турду аке.
Ак боз үйлөр тигилген,
Журтуң калды Турду аке.
Жай-жаз барып жайлаган,
Жайлооң калды Турду аке.
Кыргыз-казак катташкан,
Теңтушуң калды Турду аке.
Сыртыңдан айбып сыйлаган,
Кыз-келин калды Турду аке.
Ата ордуна тутунган,
Тууганың калды Турду аке.
Ак калпак элге дайындуу,
Кадырың калды Турду аке.
Бу дүйнөдөн тосчу экен,
Урмат-кадыр сый менен.
Бай-манаптар сезчү экен,
Адилет айткан сүр менен.
Өнбөй турган доо болсо,
Өкүм кылган Турду аке.
Бербей турган доо болсо,
Бергин деген Турду аке.
Артыңда калса жакшы сөз,
Бу да мурас иш экен.
Туура сүйлөп, ак жүргөн,
Акылмандын иши экен.
Үзүлгөндү улаган,
Адилдик ишти сураган.
Бир да адам баласын,
Жамандыкка кыйбаган.
Жарды адамды көргөндө,
Жакынындай сыйлаган.
Жаш адам өтүп кеткенде,
Жанын кыйнап ыйлаган.
Бей-бечара жардыны,
Жамандык ишке кыйбаган.
Кедейлер кейип келгенде,
Кара жанын кыйнаган.
Нуска сөзгө нар эле,
Айтылгандай бар эле.
Айта электе түшүнүп,
Бел болуп элге турчу эле.
Айта берсе түгөнгүс,
Арман экен бул дүйнө.
Бардыгынын түбү жок,
Жалган экен бул дүйнө.
Адамдарды жөн койбой,
Жалмайт экен бул дүйнө.
Кары-жашты ылгабай,
Сомдойт экен бул дүйнө.
Жакшысын алып сыздатып,
Буркуратат бул дүйнө.
Адаштырып кишини,
Алып кетет бул дүйнө.
Акыры кууп отуруп.
Жетет экен түбүнө,
Тозокчу ажал келгенде.
Тосо албайт экен араачы,
Тооруган ажал акыры,
Топ элден алды карачы.
Айла жок экен өлүмгө,
Алдында тозок жок болсун.
Адилет «аке» келди деп,
Бейиштен орун бош болсун.
Акырында айтаарым,
Жакшылык кылган иштериң,
Бирден издеп тергиле.
Жыл өткөрүп күзүндө,
Урматтап ашын бергиле.

Аталаш иниси Ырсалынын айткандары

Күз убак. Сасман бийдин, Турду акенин дагы башка балдары менен инилеринин чакыруусу боюнча кушчу жана жетиген урууларынын мыктылары, карыя аксакалдары Турду акеге аш берүү жана аны качан өткөрүү жөнүндө кеңешке чогулушат. Аш келерки күздө, Каракол өрөөнүндөгү Чырканак сайынан төмөн карай Көпүрө-Базарга чейин 7-8 чакырым келген Каракол суусунун боюнда саз жерлердеги түз майдандарда өткөрүлмөк болот.

Кийинки жылы келген элди, конокторду тосуп кабыл алуу үчүн кушчу, жетиген урууларынын жана жек-жаат, урук-туугандардыкы болуп 300дөй боз үй тигилет. Кеӊеште 300дөй жылкы, миңге жакын дөнөн койлор союлат. Ашка 400дөй жылкы, эки миңге жакын кой-козу жана көптөгөн баалуу белектер келип түшөт. Нанайдын уулу Токтогул бий ашты башкаргандардын бири болуп, аларга Кабай, Жаналы, Назар, түлөкабылдан Карачал жана жалаңнайза, ормоштон, жаныбай уруктарынан дагы бирден каада-салтты билген, эл башкарып жүргөндөр кошулат.

Ашка Турду акени тааныган, билген Талас өрөөнүн эли, сары өзөн Чүйдөн, Кетмен-Төбө, Аксы, Олуя-Ата, Кулан, Мерке тараптан, катташып жүргөн Анжиян, Кокон, Намангандагы өзбек туугандар, бугу, сарбагыш, черик, саяк урууларынан, мурда унутулуп чакырылбай, же кабар жетпей калган казак-кыргыз мыктылары, дагы-дагы өз эрки менен келгендер болуп өзүнчө бир жер жайнаган калың эл келишет.

Ашка жарчы болуп кыржы Үмөтаалы ырчы дайындалып, анын жанында коштоп ээрчип жүрүү үчүн дагы эки жамакчы бекитилет. Ошондо Үмөтаалы келген элге аштын шаан-шөкөтүн, коюлган байгелерин, кайсы күнү кандай оюн-тамашалар болорун айтып, төмөндөгүчө жар чакырган экен:

Ага-тууган калайык,
Сөзгө кулак салалык.
Аш маанисин силерге,
Тактап айтып калалык. 

Тамаша бүрсүгүнү башталат,
Токтогул, Сасман башкарат.
Шайланышкан мырзалар,
Бир-бирден жорго ат алат.
Чыр-чатагын жок кылып,
Тартип менен алпарат.
Белгилүү болгон бул ашты,
Он эки киши башкарат. 

Илгертен бери келаткан,
Оюн-шооктор сакталды.
Бериле турган байгелер,
Сандары да такталды. 

Бүгүн келген меймандар,
Эс алууга баргыла.
Бериш-алыш нерсени,
Бирден санап айткыла.
Жетелеп келген мал-салды,
Көгөнгө байлап салгыла.
Куран окуп эскерип,
Каада-салтты кылгыла. 

Эми кийинкисин айтайын,
Айтып берип кайтайын.
Азыраак сабыр кылгыла,
Бир-бирден эми баштайын. 

Биринчи болуп тамаша,
Жөө күрөштөн башталат.
Жөө балбандык күрөшкө,
Экиден издеп тапкыла.
Аркан тартыш жеңмейге,
Ага да балбан тапкыла.
Жөө күрөштө балбандар,
Торой чалып алгандар.
Жамбашка салып көтөрүп,
Оңкосунан салгандар.
Айры төштүн үстүнө,
Алчайып басып калгандар. 

Эми байгесин айтып берейин,
Аркан тартыш, күрөшкө,
Он беш байтал, үч айгыр,
Жетелеп жүрүп сен кайгыр.
Кушу менен төөсү бар,
Жетелеп жүрчү дөөсү бар.
Мына ушул байгеси,
Ошо күнү бүтүп ташталат.

Жорго салыш, оодарыш,
Наркы күнү башталат.
Жоон билек, жолборс төш,
Оодарышка салалык.
Ар бир кармаш өткөндө,
Билеги калсын кабарып.
Эңкейип жалды кармабай,
Тике тартып жыксынчы.
Аттын мойнун кучактап,
Аңтарылбай чыксынчы.

Андан кийин тамаша,
Ат жорго болот жанаша.
Оңду-солду камчы уруп,
Мараны көздөй талаша.
Экөөнө тең бипбирдей,
Азбы-көппү дебестен,
Тогуздап мал коюлат.

Төртүнчү күнү болгондо,
Түшкө чейин эр сайыш.
Анан тай-кунан чабыш башталат.
Буга түшкөн балбандар,
Ээрге найза салгандар,
Саярда көзүн жумбастан,
Жалт карабай баргандар.
Жандап кечип өз башын,
Канжыгага байлап алгандар.
Ээрге бекип козголбос,
Эр жүрөктүү балбандар.
Туура эмес сайсаң найзаны,
Эл чабышар жаңжал бар.
Эр сайышып жыкканга,
Эрди ыргыта сай да деп,
Эл кулагы укканга,
Эки өркөчтүү төө нары бар,
Эки жүз дилде пулу бар,
Отуз жылкы дагы бар,
Эки жүздөй кой менен,
Ала турганы дагы бар.
Ошо күнү түш обо,
Кунан чабыш башталат.
Он эки байтал коюлган,
Байгесин алып ээлери,
Бир-бирине мактанат.
Айланайын туугандар,
Бириң калбай угуп ал.

Бешинчи күнү болгондо,
Аш аяктап толгондо,
Аламан байге башталат.
Чабылчу атты санаса,
Жүзгө жакын болуптур.
Коногуна жөнөтүп,
Алыс айдап ташталат.
Марага келсе күлүктөр,
Ашып келсе байге алат.
Алыстан келген саяпкер,
Күлүгүн таптап жолго сал.
Чыкканы болсо күлүгүң,
Күтүп туруп байгең ал.
Отуз атка байге бар,
Баш байгеси дагы бар.
Калтар, суусар, сүлөөсүн,
Аны алгандын багы бар.
Бере турган байгеге,
Алтын, күмүш дагы бар.
Он беш жылкы жүз койду,
Биринчи чыккан ат алат.
Он жылкы менен элүү кой,
Экинчи чыккан ат алат.
Беш жылкы менен отуз кой,
Үчүнчү чыккан ат алат.
Калгандары келет көз жайнап,
Бир жылкы менен беш койго,
Ошого да бел байлап.

Акыркы күнү болгондо,
Эт, майга курсак тойгондо.
Таң агарып чачырап,
Үй-үйгө кетүү башталат.

Мына ошентип күткөн оюн-шоок башталат. Баарынан кызыгы найза сайыш болот. Кетмен-Төбөдөн келген чоң дөөдөй болгон далылуу кара жигит чыгып, далайга чейин аны менен даап беттешүүгө эч ким чыкпайт. Көпкө күбүр-шыбыр болуп, ар жерде топтошо калып бир чечимге келген адамдардын күчү менен төмөнкү саруу тараптан узун бойлуу, арык чырай, чап жаак, сүрдүү келген жигит сур кашка атты ойнотуп ортого чыга келет. Ал Теке деген жигит экен. Кийин көп жеңиштерден кийин Теке баатыр аталып калыптыр. Сайыш башталат. Биринчи жана экинчи беттешүүдө бир-бирин жандап өтүп, андан кийинкилеринде найза бакандарынын карсылдагандары гана угулат. Бир маалда дагы беттешип өтүп бара жатканда, жанагы далдайган чоң кара жигит ээр-сээри менен атынан ооп жерге талп деп кулайт. Эл ызы-чуу болуп, «өлдү эле, өлдү» деп, ал тарапка чуркашып калышат. Өлбөй-сөлбөй, жарадар болбой эле соо экен. Көрсө, Текенин жоон найза баканы, анын ээринин кашына дал тийип, ээрдин кашын сындырып, андан ары ичке байланган калың кабат курмушуга тайып тийип, ат үстүндөгү оор жигит бир үзөңгү тарапка чирене темине бергенде, кош басмайыл туруштук бере албай, чарт үзүлүп кетиптир. Жеңиш Текеники болуп, тийиштүү байгени алат. Саруу эли буга кубанып, күпүлдөп калышты.

Акырында эл күткөн аламан байге үчүн белгиленген чекке 150дөй күлүк айдалат. Марасы Чат-Базардын тушундагы Таш-Мойноктон Көпүрө-Базарга чейинки аралык белгиленет. Күлүктөрдүн келишин күтүп эл ар-ар жерде топтошуп, сүйлөшүп отурушат. Улгайган казак киши, өзү сынчы болсо керек, күлүмсүрөп сырдуу мүнөздө: «Осы тор керкасканын бир ак кемшилигин кеше оңоп алып тастамаса, бас байге өзүмүздүкү гой. Доомдун кызыл атынан асып кете турган атты кеше көрө алмадым» деп кубанганын жашырбай сүйлөп отурат дейт. Бир маалда эл чуулдап: «келатат, келатат» – деп калышат. Көрсө алда кайда узап, караанын көрсөтпөй баягы казак киши айткан Доомдун кызыл күлүк аты келаткан экен. Анын артынан Нуралынын тор кашкасы, үчүнчү болуп Арал айлынын күлүгү келет. Биринчи чыгат деген Анжияндан келген өзбек Талипбайдын күлүк аты төртүнчү болуп калат. Андан кийин калган күлүктөр биринин артынан бири чубап келе беришет.

Турду акенин ашы урушсуз, талашсыз аяктап, келген мейман коноктор каада-салт, сый-сыпат жолу менен, даңазалуу мүнөздө, арбагы ыраазы болгондой өткөрүлдү деп айтышат.

Балдарына калтырган нускасы

Турду акенин эки аялы болуп, бири төмөнкү колпоч уруусунун көрүнүктүү бир байынын кызы – Ашмачы экен. Ал байбичесинен – Кыдыралы, Сасман, Абдылда. Экинчи аялы Калыйпа да төмөнкү саруу элинде атак-даңкы чыккан Ажыбек, Нурак, Кыдыралы, Бердике деген даткалардын небере кыздарынан экен. Калыйпа аялынан – Байдылда, Нуралы, Кенже деген уул-кыздар төрөлөт. 

Турдунун беш баласы тең жаш кезинен эле тың чыгышат. Өзгөчө Кыдыралы менен Байдылда жалындап күйүп турган отко окшоп курч, айтканынан кайтпаган, акыл-эси тетик болуп, эл арасында эрте тааныла баштайт. Экөө тең атасына өтө жакын болуп, айланчыктап жанынан чыкпай, кайда барса кошо барып, айтканын аткарышып, акылынан чыкпай, атасын урматтап сый көрсөтөт. Кичи пейил, акыл тегереткен, ой жүгүрткөн, тирикарактыгы бар балдар болуп өсөт. Калгандары да бир-биринен калбай удаалаш жетилип өсүп отурат. 

Көпчүлүк убактарда Турду аке балдарын жана ага-инилерин бирден же чогуу чакырып алып, айта турган ой пикирин ортого салып, анан айтылган сөздөргө «Кимдин кандай пикири, же кошумчасы, же акыл кошору бар» – деп сурап калар эле дечү экен Майлыбай уулу Түлөберди. Көрсө Турду аке биринчиден жаңы өсүп келе жаткан балдардын, экинчиден ини туугандарынын турмушка болгон жөндөмдүүлүгүн, тигил же бул маселеге көз карашын, адамкерчилигин текшерип сыначы тура. 

— Балдар, «Эл ичи – акыл кенчи». Эл менен дайым бирге болгула. Улуу-кичүүлөрдүн сөзүн дайым кунт коюп угуп жүргүлө. «Карынын сөзүн капка сал» дейт. Алар көптү көргөн, көптү билет. Турмушта билген-билбегендер кездешет. Ар кыл өрөскөл иштер да жолугат. Турмуш жөнөкөй көрүнгөнү менен татаал нерсе, бул жалганда жашаш андан бетер кыйын. Айсыз караңгыда бүлбүлдөп күйгөн шамдай болгон жашоо шооласынын аягына жетиш пендечиликте кыйын, татаал жана буйгат. Ар бир адамдын тагдыр жолу, ошол жолдогу максаты, бара турган чеги, марасы бар. Бул шарт, бул тагдыр. Падыша бол, бай-манап бол, кедей, кайырчы бол, бардык адам баласына бирдей. Биз бул дүйнөнүн келип кеткен коногубуз. Колдон келишинче эл-жерди сыйлап жүргүлө. «Жаман сөз жанды кейитет, жакшы сөз жанды сергитет». Бирөөгө жаман айтпагыла, калп сүйлөбөгүлө. «Калп айткандын казаны кайнабайт». Бул турмуштан алынган макал. Ушак айыңдан качкыла, ага жолобогула, улууну улуудай, кичүүнү кичүүдөй сыйлагыла. Туруктуу жана кечиримдүү, ар дайым кичи пейил болгула. Жаман, акылсыз адам орой болот. Оройлугу менен адамдын көңүлүн калтыраарын билбейт. Бир адам жалкоо болот, жалкоолугу менен өзүн жана үй-бүлөсүн бага албай кор болот. Таарынганды билбеген адамга таарынбаш керек. «Элиң түлкү болсо түлкү бол, бөрү болсо бөрү бол» деген. Анын сыӊары заманга жараша ылайыкташып жашаш керек. Заман жаман эмес, заманга жараша жашай албаган адам жаман.

Аялзатка жаман айтпагыла. Алар да силердей адам баласы, бирөөнүн алдейлеп баккан кызы. Өз кызыңар менен карындашыңарды кандай көрсөңөр аларды ошондой көргүлө. Келген келиндер силерге ишенип келди: багат, бизди кор кылбайт, бирөөнүн көзүн каратпайт, агарабыз, көгөрөбүз деп. Алар аркылуу түтүн чыгарып, үй күтүп, балалуу-чакалуу болуп, бир башыңар беш-онго жетип отурат. Ошон үчүн кыз-келиндерди гана эмес кайын-журтту да сыйлай билгиле. 

«Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот» дейт. Жакшылык менен жамандык кошо жүрөт. Ошондо баары керек, тууган да керек, куда-сөөк, жек-жаат да керек болот, – дечү экен. 

Турду акенин бул айткандары азыр да баалуу, өз күчүн жогото элек.

Кыдыралынын болуш шайланганы

Кыдыралы – Турду акенин улуу баласы. Семейде орус тузем мектебинде окуган. Орусча мыкты билген. Бир жолку шайлоодо ошол чөлкөмдөгү башка уруулар менен уруктар колдоп, Кыдыралыга токтолушат. Эл чогулуп, Кыдыралы чакыртылат.

— Кыдыралы балам, – деп сөз баштайт аксакалдардын улуусу: — Жамандыгың калбаса, жаштыгың калган жок. 27ге келипсиң, угуп-билишибизге караганда акыл токтотуп, көп маселени өз алдынча чече турган мезгилиң келди. Анын үстүнө ата көргөн, эл-журт көргөн, таалим тарбия алган баласың. Ата-бабаң да эл-журтка баш көз болуп, акыл-насаат айткан кадырлуу адамдардын бири. Бул жерде отурган аксакал-көк сакалдар эл менен кеңешип көрүп, болуштукка сени шайлайлы деп чечтик. Буга өзүң кандай дейсиң, макул болосуңбу, балам, – деп суроо таштайт.

Кыдыралы эч тартынбастан ордунан шарт туруп, аксакалдардын алдына таазим кылып, анан чөгөлөп отура калып: 

— Акелер, мен силер үчүн, элим үчүн курмандыкка даярмын! Ишенимиңерди актоого аракеттенип көрөйүн! – дейт. 

— Оп, баракелде, сөз эмес бекен, өркөнүң өссүн! – деген аксакалын жайкалткан карыя элге кайрылып: — Кана эл-журт батаңарды бергиле! Оомийин, – дегенде чогулган эл дуулдап өз баталарын беришет. Ошентип Турду акенин баласы Кыдыралы жаш кезинде шалтак, жалаңнайза, ормош, түлөкабыл, кагазды, кыржы, сабатар, жаныбай ж.б. уруулар менен уруктарга болуш болуп шайланып, болуштук мөөр алат.

Кыдыралынын болуш болгонун куттуктап карамоюн элинин беги Казыбай бардык жасалгасы менен Керкашка жоргосун тартуу кылат. Шайланган күндөн тартып Кыдыралынын кадыр-баркы ого бетер жогорулап, бара-бара эл арасында ишеними өсөт. Аларга дайым калыстык мамиле жасап, колунан келген жардамын берет. Эч кимге зордук-зомбулук көрсөтпөйт. Эл арасында жакшы сөз, жакшы пикирлер айтылып, «болуш болсоң Кыдыралыдай бол» дешип, эл арасында, аш-тойлордо, жыйындарда аңыз айтылат. 

Калыстыгы жана адамгерчилиги менен элге жагып эки жолу катары менен болуштукка шайланат. Тилекке каршы, кийинкисинин мөөнөтү бүтө электе 32 жаш курагында, көп оорубай эле, бул жарык дүйнө менен кош айтышат. Салт менен келбес сапарга узатылып, Чүйдөн Турду акенин кудасы, Кыдыралынын кайнатасы, Байтик баатырдын бир тууган агасы Бошкой да (кызы Калыйча) жүзгө жакын жоон-топ урук-туугандарын ээрчитип келип калат. 

Бошкой ата даңкы жана байлыгы менен солто уруусунда бирден-бир кадырман белгилүү кишилердин бири болгон экен. Ал өз каада-салты менен жанына жаш төкмө ырчы Калмырзаны кошо ээрчите келет. Ал Кара-Кыштактын белдеринен ашып, Көк-Кыяга келгенде чертмегин күүлөп, муңдуу күүгө салып, Кыдыралыны кошуп келер-келгиче ырдап келген дешет.

Көк-Кыянын белинен,
Көтөрүлүп карасам,
Көк желек турат желбиреп.
Кайран жездем, хан жездем,
Эртели кеч сени эстеп,
Алганың Калыйча калды телмирип.
Ашмаранын белинен,
Аша түшүп карасам,
Ак желек турат желбиреп.
Кайран жездем, хан жездем,
Эртели кеч сени эстеп,
Ата-энең калды мелтиреп, – деп ырдаган экен Калмырза ырчы.

Баласы Кыдыралы төшөктө жатып калган күндөн тартып Турду акенин көңүлү ачылбайт. Түнөргөндөн-түнөрүп, ичинен сызып, алдын ала билгендей үмүтү үзүлгөнсүп, өңү-башы бузулуп, колдон келбегенине сыздап арман кылгандай болот.

*   *   *

…Турду акенин болуш болуп турган уулу баласы Кыдыралы кара түйнөк болуп чукул өлөт. Өз убагында бара албай, бир ай өткөндөн кийин барып, куран окулуп бүткөндөн кийин Үмөтаалы көңүл айтат.

Абалап учуп талпынган,
Алтының кетти дүйнөдөн.
Айтканы болот курч эле,
Жаркының кетти дүйнөдөн.
Өлдү – деп кабар укканда,
Жан калган жок күйбөгөн.
Таалайга бүткөн алп эле,
Бир сөздү кесе сүйлөгөн.
Артык баш бекер сөз сүйлөп,
Башына чөптү үйбөгөн.
Болот эле, курч эле,
Жалындап көөрүк үйлөгөн.
Болотуң сынды, мүрт кетти,
Жалының өчтү, дүрт этти.
Арадагы душманың,
Табасы канып күрс этти.
Дүрмөтсүз мылтык тарс этти,
Кабырга сынып карс этти.
Айланайын Турду аке,
Амал-айла куруду аке.
Аргасыз шум өлүмгө,
Табылбай айла бирдеке.
Өзөндүү булак өрттөндү,
Күтүүсүз ажал туш келди.
Эми өкүнбөйлү өткөнгө,
Кейибейли кеткенге.
Аш айланып той болсун,
Кыш айланып жай болсун, – деп ырдаган экен Үмөталы.

*   *   *

Кыдыралы орто бойлуу, кара сур, чымыр келген, өтө сүрдүү, сөзгө чечен, жаш болсо да 60-70ке келген адамдардай акылдуу жана токтоо, айткан сөздөрдү сабырдуулук менен уга билген, бир сырдуу, ар нерсеге чыдамкай, келечеги кең жигит эле дешет. Ал болуш болуп камчы салдырбай иштейт. Антсе да Турду аке «адилдикте тууган жок, туугандууда адил жок» деп, акыл айтып, кеп-кеңешин берип, ар дайым адилеттүү болуусун эскерип турган деп айтышат.

Кыдыралынын чыдамкайлыгы жөнүндө бир окуя. Көз жумар алдында эртең мененки шашке ченде Медетбек баатыр эки-үч жигити менен келе жатат деген кабар угулат. Катуу ооруп бирде эсин жыйып, бирде эсин жоготуп кыңкыстап чыдай албай жаткан Кыдыралы кийим-кечесин жамынып, жаткан төшөгүнө какайып отуруп калат. Келген Медетбек:

— Кыдыралы иним, кандайсың? Ден соолугуң жакшыбы? Аман-эсен сакайып-кетсең эле болду, бизге ушул эле керек, – деп айтат. 

Анда Кыдыралы: 

— Кудай кааласа жакшымын, бир-эки күндө сакайып эл катарына кошулуп калам го, – деп, араң отурганын билгизбей, какайган тейде демин ичине алып жооп берет. 

Чай-пай ичишип, алар кеткенче өзүн бекем кармап, соо кишидей сөзгө аралашып отура берет. Медетбек баатыр айылдан бир аз узай бергенде өкүрүк чыгып калат. Аны уккан Медетбек баатыр кайра кайрылып ботодой боздоп өкүрүп түшөт.

Кыдыралыга Чойбектин тан бергени

Кыдыралы Олуя-Атага барып, кайра кайтканда күн кечтеп кетет. “Каймазар уруусунун жакшысы Чойбек байдын үйүнө кайрылып учураша кетели. Шарты болсо конуп да калалы” деп жигиттери менен барып калат. Чойбек камырабай төрдө отурган болот. Кыдыралы салам айтып кирип барганда, өмүрүндө кебелбеген Чоюбек улуу болгондугуна карабай, шашып тура калып, босогого чейин чуркап барып кол берип учурашат. Бир ийнинен кармап жетелеп өзү отурган төрдөгү аюу көлдөлөңдүн үстүнө алып барып отургузат. Ошондо жүк алдындагы коюлган табактардагы сүттүн каймактары чайкалып төгүлүп калат. Конок салтын кылып, эртеси Кыдыралыны узаткандан кийин Чойбектин байбичеси:

— Ия, абышка, деги машаяк келсе да отурган ордуңдан козголчу эмес элең. Эч кимге озунуп барып салам да берчи эмес элең. Кечээ келген жаш балага үйгө кире электе, эс акылыңды жоготуп, босогого чейин шашып барып өзүң салам айттыӊ. Өзүң кол берип, эч кимди отургузбаган ордуңа алып барып отургуздуң. Ал кеткенче эмне сүйлөп, эмне кылганыңды да билбедиң. Бул эмнең чал? – дегенде: «Ээ, байбиче, ушу баланы болуш болду деп уктум эле. Көрсө өтө сүрдүү жигит турбайбы. Анын үстүнө эшиктен кирип келе жатканда жанындагы ээрчимелери кошо көрүнүп, аны тоодой-таштай кылып көрсөттү. Шашканымдан эмне кыларымды билбей калыптырмын», – деп жооп кайтарган экен. 

Атадан балага өткөн калыстык

Ошондон бир-эки жыл өтүп, төмөнкү Чат-Базардан нары Кара-Суудан жетиген уруусунан Батый деген жесир аял арыз-муңун айтып арызданып келет. Аны Кыдыралы кунт коюп угат. “Баланча күнү оёзго барам, келатып Канай манапка кайрылам. Ошондо сен ошол жерде бол. Калганын ошол жерден сүйлөшөбүз”, – деп болжолдошуп аны кетирет. 

Көрсө Канай айда-жылда жигиттерин жиберип, бербес оюна койбой Батый жесирден 3-4 кара малын, он чакты кой-козусун алып койгон болот. Арадан көп убакыт өтсө да ана берем, мына берем деп такыр бербей коёт. Кыдыралы Канайдын үйүнө келип түнөп, эртеси баягы аялды чакырып алып Канайга:

— Сиз манап да, бий да болосуз. Сизге деги эмне жетпейт? Эл-жерди жеп бүтүп, эми жээриң ушул көп балалуу жесир байкуш аял калдыбы? Менин көзүмчө алгандарыңды бер. Болбосо биз бүтүргөнчө конок болуп жата беребиз. Же айылыңдагы аксакалдарды чакырып калыс топко салабыз, – дейт. 

Канай Кыдыралынын өткүрлүгүн билип, Батый жесирге эки кара мал үстөгү менен, алган койлорун толугу менен берип кутулган экен. Батый сүйүнгөндөн ыйлап, Кыдыралыга алкыш айтып, өмүрүн тилеп, өнбөй турган малын айдап кетет.

*   *   *

Буга саруу элинин агынай-алакчын уруусунун беги атак-даңкы таш жарган, менменсинген билерманы, ары байы Канай катуу таарынып калат. Өйдө-төмөн өткөн кушчу, жетигендин балдарын анын жигиттери аттарын жыгып алат, же каалаганча ар кандай өз жумуштарын иштетип, зордук-зомбулук кылышат. Запкы көргөн адамдар арыз менен Канайга барса, ал адилет чечмек турмак, уруп-сабатып, жалган күнөөлөрдү коюп, кайра доого жыгат. Мындай кески иш өнөкөткө айланат. Акыры жапа чеккен адамдар Кыдыралыга барып даттанышат. Кыдыралы жигиттерин жиберип, Канайдын 3-4 үйүр жылкысын, минип жүргөн аттарына чейин айдатып алат да, Караколдун баш жагындагы Кум-Бел жайлоосуна чыгарып жиберет. Бир-эки жигитке көзөмөлдөтүп коёт. 

Канай көргөн-билгендерден сурамжылап, жылкылары Кыдыралы болушта экенин угат. Аны алып келүү үчүн 5-6 адамын жиберет.

Кыдыралы келген адамдарын карматып, бирөөсүн Канайды чакырып алып келүүгө жөнөтөт. Ал өзү келмейинче жылкылары берилбей турганын катуу эскертет. Айласы кеткен Канай көпкө ойлонуп, айласы кетип, эмне кыларын билбей, акыры өзү келүүгө аргасыз болот. Кыдыралы ал келгенче кушчу, жетигендеги ага нааразы болгон адамдарды чогултат. Жигиттери менен келген Канай көңүлсүз чала-була саламдашып, Кыдыралыны карап: 

— Кыдыралы балам, бул кылганың кандай, уят иш эмеспи, – дейт.

Анда Кыдыралы:

— Мени коюп тиги чогулган элдин арыз-муңун угуңуз. Калганын дагы сүйлөшө жатарбыз, – дейт. «Канайга киши кетиптир, Канай келет экен, Канай келе жатыптыр» – деген кабар укканда ага нааразы болуп жүргөн кушчу-жетигендер гана эмес, андан кордук көрүп жүргөн төмөнкү кушчу-саруулар да келишет. 

Алар «баш кесмек бар, тил кесмек жок» дешип, биринен сала бири чыгып, агынай-алакчындын жеринен өтүп бара жатканда, алардын көрсөткөн зомбулук-зордуктарын, кыянат иштерин, аттарын жыгып алып коюп жөө-жалаң, эптеп-септеп араң айылга жеткендерин жана башка көргөндөрүн, билгендерин төкпөй-чачпай баарын айтышат. Канай угуп, уялгандан кызыраңдап, өңү башы бузулуп, андан соң Кыдыралыны карап:

— Айткандары туура болуш керек. Чынында алардын бирин билсем, бирин билбейт экенмин. Кыдыралы иним баары түшүнүктүү, сөзүңөрдү эми токтоткула. Мындан ары биздин элде мындай окуя болбойт. Өткөн иштерди отурган эл кечирсин, – деген экен. Ошондо Кыдыралы:

— Кечирсе, кечирели. Бирок ар дайым эстен чыгарбай угуп коюңуз. Эгер сиз агынай-алакчындын картаң Канайы болсоңуз, мен кушчу-жетигендин жаш Канайымын. Мындан кийин көзүңүздү ачып, арт жагыңызды жаап жүрүңүз. Керек болсо кушчу-жетиген ал тараптан өтпөй, өтө турган башка жери бар. Ал – Кара-Кыштак. Ал аркылуу Олуя-Ата эмес, төгөрөктүн төрт бурчуна каттаса болот. Андай болсо силерге эле кыйын болуп, көкүрөк тарап силер үчүн жабык болот. Суусамыр менен башка жайлоолорго каттай албай каласыңар, силерге ушул керекпи? – деп орой көзүн чарай кылып кекете айтат.

Ортодо ары-бери сөздөр айтылган соӊ, акыры сөзгө келишип, айдалып алынган жылкыларды тоодон айдап келгенче Кыдыралы Канайды сый-сыпаты менен коноктоп, эртеси аны ыраазы кылып жөнөткөн экен. Ошондон кийин Канай тескери иштерин токтотуп, Кыдыралы менен «эр чекишмейинче бекишпейт» болуп мамилеси, карым-катнашы жакшырат. Бир-бирин урматтап сыйлап, саруу, алакчын, агынай менен жетигендердин бир туугандыгы артып, шериктештиги, жылуу мамилелери улана берген деп айтышат.

*   *   *

Төлөбай-чокой урууларына (азыркы Арал айлы) Чыныке бийдин баласы Ормон ата жолун жолдоп бий болот. Бирок атасындай эмес, кара мүртөз, элге көп жакшылык кылбаган, алдым-жуттум шылуун чыгат. Анысы аз келгенсип Кыдыралы болушка асылып, оёздогу жыйындарда сүйлөгөн адилеттүү сөзүнө жана сунуштарына каршы чыгып, бир нече жолу асылат. Убагында Ормон жөнүндө Турду аке угуп-билип, эл жакшыларын чогултуп, аны ортого салып жемелеп, убадасын алып койдурган экен. «Эси жокко миң камчы» дегендей ал бат эле унутулуп, кайра баягы таз кейпин кийип, көнүмүш ишин кайра баштайт. Күндөрдүн биринде Кыдыралы ага жолугуп, элге кылган мамилелерин, мыйзам чегинен чыккан иштерин ж.б. кемчиликтерин бир эл, бир уруу жетигендик тууган катарында эскертип айтат. Өз катасын мойнуна алуунун ордуна Ормон бий тескерисинче, Кыдыралыны күнөөлөйт. Кайра ага асылып, ата-салтта жок сөздөрдү жанында турган элдин көзүнчө айтат. Кала берсе Кыдыралыны, урук-туугандары менен Чүйдөгү солто тарапка көчүп кетүүсүн да талап кылат. Көпкө ойлонуп, Ормондун сөз жебесин билип, ачуусу келген Кыдыралы Ормон бийди ат үстүнөн камчы менен сабап, көгала кылып, башында кийген тебетейин түшүрө коёт. Берки кол көтөрмөк тургай, ага каршы сүйлөй да албайт. Ал бүт элге угулуп, ошондон тартып кадыр-баркы кетип, иши оңолбой, оёздо аны колдобой, акыры өз бийлигин башкаларга өткөрүп берүүгө мажбур болот. Ошондон кийин эли Кыдыралыга ыраазы болгон дешет.

*   *   *

Тилекке каршы, Кыдыралыдан тукум жок. Бир кыз төрөлүп, ал Кара-Балта тараптагы белгилүү бир бай адамдын баласына турмушка чыгат. Андан Кожомкул аттуу бала төрөлүп, кийин чоңоюп өсүп өз ага-туугандарын таап кайра Таласка келет. Ал эми келинчеги болсо эски салт боюнча кайниси Сасманга нике кыйылат. Кээ бир адамдардын айтымына караганда Кыдыралынын сөөгү Зулпукорго коюлуптур.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.