“Миң булактан” миң дүйнө же Матисаков мектебиндегилер жөнүндө

 

2024-жылдын 23-майында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң залында өткөн “Миң булак” китебинин бет ачарына катыша алган эмесмин. Барсам болот эле деп кыйылганым менен ага чейин Ат-Башы районунун кадимки Калыйбек Тагаев менен Майрам Дүйшөкеева чыккан айылы Бирликтен биринчи ирээт илимдин кандидаты чыкты делип, айылдын мектеби аспирантым Кенжегүл Кайыпова экөөбүздү ага арнап атайын уюштурулган бурчтун ачылышына бир ай эрте чакырып коюшкан. Айылдагы салтанатта жүргөнүм менен оюм Матисаков мектебиндегилерде болду.

Аталган университеттин журналистика бөлүмүнүн студенттери негизин түзгөн мектеп – биздин адабий чөйрөдөгү жакшы саамалык. Болгондо да анын башында Кыргыз эл жазуучусу, ансыз да кыргыз журналистикасы менен адабиятынын бир катар көрүнүктүү өкүлдөрүнө кезинде устаттык кылган Абдиламит Матисаков агай тургандыгы көп нерсени айтып турат.

Адатта акындар менен жазуучулар филфактан чыгат. Биздин адабияттын тажрыйбасы дагы муну күмөнсүз тастыктайт. Ал тургай элге төбөсү көрүнгөн журналисттердин көбү – филфакты бүткөндөр. Бул жердеги картина болсо такыр башкача. Болочок журналисттердин ичинен чыгып аткан жаш жазуучулар. Мындай фактылар мурда болгонбу?

Дүйнөлүк адабиятка баам салсак, көптөгөн белгилүү жазуучулар адабий ишмердигинин башында журналисттер болушкан. Мунун да жөнү бар. Айлана-чөйрөнү, жашаган коомду баалап, талдап, анализдеп, анысын текстке айлантуу өнөкөтүнө көнгөн адистер кайсы бир учурда көргөнүн көркөм электен өткөрбөй коюшу мүмкүн эмес. Алардын айрымдарын мисалга келтирсек, америкалык белгилүү жазуучу Марк Твен өзүнүн атактуу романдары, ага чейинки жакшы кабылданган алгачкы китебине чейин (“Простаки за границей”) публицистикалык макалалар менен жол эсселерин жазып, Сан-Францискодо бир учурда бир нече гезиттер менен кызматташкан. Андан мурда россиялык “Отечественные записки” аттуу нускасы чоң журналда Фёдор Достоевский, Иван Тургенев, Михаил Салтыков-Щедрин ж.б. жазуучулар эмгектенген. Ал тургай Достоевскийдин басма ишин мыкты билип, редакторлук бай тажрыйбасынан улам 1861-1863-жылдары “Время”, андан соң “Эпоха” журналдарын чыгарганын айтышат. Николай Некрасовдун “Современник” журналынын даңазасы арткан. Ал өзүнүн басмадагы ишмердигин эссе, фельетон, рецензия, макала жазуу менен айкалыштырган. Михаил Салтыков-Щедрин болсо 16 жыл бою “Отечественные записки” журналынын редактору кезинде Россиянын турмушун, коом көйгөйүн чагылдырган очерк, макалаларын жазган. Америкалык жазуучу Теодор Драйзерди замандаштары ириде журналист катары эсептешсе, Эрнест Хемунгуэйдин өспүрүм кезиндеги чыгармачылык ишмердиги гезит менен тыгыз байланыштуу. Некрасов деле алгачкы тексттерин 17-19 жаштарында жазып атат. Кыргыздын туңгуч гезити “Эркин тоого” байланышкан төл башы адабияттын өкүлдөрүнүн тажрыйбалары менен андан берки көрүнүштөр дагы журналистика адабиятка чоочун эместигин, тескерисинче, анын фактылары адабиятты байытаарын көрсөттү. Демек, Матисаков мектебиндегилердин толук кандуу журналист катары тажрыйбасы артканда, жазган чыгармалары азыркыдан дагы көркөм, идеялык-тематикалык жактан мындан дагы кеңири, масштабдуу болот деген ишеним бар.

Жаш жазуучулардын курагы, менимче, 20-30 жаштын чегинде. Бирок китепке кирген аңгемелерин окуп отурсаң алар бир топ эле жашты жашап койгон сыяктуу. Муну мен алардын аңгемелеринин идеялык-тематикалык ар тараптуулугунан улам айтып атам. Адам, анын башына түшкөн сынак, андан чыгуунун жолдорун издөө, өлкө эгемендик алган жылдардагы баалуулуктар, салт (Аден Турусбековдун аңгемелеринде), базар турмуш, соода-сатык, жан-дүйнө тазалыгы, элдин жашоо ыргагынын өзгөрүүсү, тууган жер (Айжана Убайдуллаева), үй-бүлө, түрмө жана эркиндик, шаардык оорукчан баланын сезимдери аркылуу табиятка аярлык, айыл-шаар байланышы, бөлүнүү, мигранттык жашоо, муундар ажырымы, элдик каада, акыркы сапарга узатуу зыйнаты (Арген Мажитов), биринчи махабат, айрылуу, ыйман, сүйүүсүз турмуш, тагдыр (Самара Каныбекова), улуттар аралык мамиле, махабат, адамдар ортосундагы ымала, үмүт (Анара Мурзабекова), студенттик жашоо, жаштар, баңгизатка берилүү, күнүмдүк түйшүк, адеп-ахлак, намыс, мүрзө, аң-сезим (Илимбек Бакиров), ыйык жер, ишеним, бала, анын үй-бүлөдөгү орду (Нуриза Пайзидинова), эгиз кыздардын жан дүйнөсү (Ажар Аскарова), космос, жылдыздар (Нурай Боскунова), дин, Кудай, улут, маданият (Батма Искандарова), ата-бала, наристе (Айдана Эрмекбаева), чет элдеги турмуш, туулган жер, мекенсиздик, эне тил, жер керемети, тоо, чыдамкайлык, максатка жетүү, кыйынчылыкты, азапты жеңе билүү, дүйнө таануу (Азамат Бекзоо Маматали уулу), кыргызчылык, элдик сапаттар, баласыздык, кудайдын үйү, адам дүйнөсү, байлык, бала (Айкүмүш Кеңеш кызы), абактан кайткан адам, айыл, тагдыр ташы, мекендин алыстыгы, өнөр (Жакшылык Сапарбаев), жаратылыш, кайрымсыздык, ата, ата мээримине зар болгон уул, жалгыздык, өксүк (Айдана Молдобаева), үй-бүлө, аракечтик, адамдык мамилелер (Жумаида Таалайбек кызы), муундар аралык байланыш, аласа-бересе, кредит алуу, карызга батуу, психикалык кыйынчылыктар (Нурпаяз Абытов), айлана-чөйрө менен диалог, көзү азиздер (Насыйкат Бакыт кызы), таарыныч, жан кыюу далалаты (Элиза Набиева), керээз, ишеним, аманат (Эдилья Айтбекова) ж.б. проблемалар чакан аңгемелерде ар түрдүү кырынан чагылып, автордук көркөм иликтөөдөн өтөт.

Өзү 5 беттен турган “Ак чайнек” аңгемесинде Аден Турусбеков бир үй-бүлөнүн кеңири окуясын чагылдырат. Анда кардар чыкса сатылсын деп ээсин күтүп оңоп-түзөөсүз турган үй, үй сатылса жогору жактан кабат үй алсак деген тилек, анын себеби – атасынын абасы таза, кыймылы аз ал тарапты жактырганы, аңгыча эжесинин колун сурап келген жуучулардын кабары, куда тарап менен макулдашууга жөнөгөнү аткан эрди-катындын – каармандын ата-энесинин мамилеси, диалогу, ал ортодо 86га чыгып көзү өткөн чоң энесинин айылдан ашын өткөрүү, андагы союлган мал, кыз узатуу, ан үчүн тез арада көрүлгөн кам, жасалгаланган үй, бата кылып соелу деп аткан койдун жоголуп, табылышы, ушуга окшогон эле мурда болуп өткөн бир окуя, куда узатуу, эжеси кеткен тараптын эшик-төрүн көрүү, кудадагы сөздөр, эки тараптын ыраазычылыгы – мунун бардыгы сыйдырылат. Аденге ж.б. жаш жазуучуларга эң өзгөчөлүү сапат – баяндоонун үстөмдүгү, окуялардын абдан тездик менен өнүгүшү, айрым учурда аңгемедеги каармандар өз эрки менен эмес баяндоочунун мажбурлоосунан улам аргасыз кыймылдап жаткандай, алардын жеке ою, тандоосу, баалоосу, каалоосу эске алынбаган сыяктуу. Бул көбүнчө калемгердеги тажрыйбасыздыкка байланыштуу нерсе дегенге болот. Жанагынча окуялардын жыштыгы, маалыматтын көптүгү автордун процесске эмес, көбүнчө жыйынтыкка кызыгдар болгондугу, айтайын дегенин айтып үлгүрүүгө ашыккандык сезилет. Азыркы жашап аткан доордун, замандын, мезгилдин ритми, тездиги, ылдамдыгы кандай болсо, анда жашап, чыгарма жазып аткан жаш жазуучунун дагы ошол ритмден калышпай кыймылдаганы, шашканы окурманды кошо удургутат.

А бирок Адендин калемине таандык жеке сапат – анын ар бир окуяга карата юморлуу мамилеси. Ошол эле аңгемеде мындай жер бар: “Кар түшкүчө эшик-төрдү көргөзүп коелу дегенбиз” деп кудалар Ошко чакырды. Тууган-туушкан чогулуп бирибиз калбай жолго аттандык. “Кудагыйга норка шуба кийгиздим эле мага эмне кийит кийгизет болду экен, келинине алтын цепочка тактым эле менин келиниме кандай кылат?” деп апам бушайман. Эки күнгө жетпей Ошко зуулдап жетип бардык. Жеткенче композитор чоң атамдын байбичеси тамсил айтып боорду эзип келди. Биз барган күнү атасынын сексен жылдыгын берип жатыптыр. Түз эле ресторанга кирип бардык. Кан куданын атасы ажыга барып келгендиктен той адал башталды. Зал толо ажыкелер, аялдар оң тарапка өзүнчө, эркектер сол тарапка өзүнчө жайгашыптыр. Бизди кудалар деп ортого аралаш олтургузушту. Официанттар эки колуна бирден чайнек кармап, столду айланып “сизге көк чайбы, же кызыл чайбы?” деп элпек куюп жүрөт. Композитор чоң атамдын байбичеси манжаларын улам чайниктин сыртына тийгизип “мунуң ысык го” деп коёт. Чай куйган жигиттин сөзүнө кошулуп, чайдын ысыгы жакшы экенин айттым. Чоң апа болсо ага болбой келген чайниктин сыртын утур кармап эле күбүрөнүп жатты. Негедир ак чайниктин ысык болгонун жактырган жок” (11-б.). Мында автор бир эле учурда кыргыздагы кийит кийгизүү салтын сынга алып, экинчи жагынан чайниктин тышына улам колун тийгизип нааразы болгон чоң апасы аркылуу чайникке куюп ичимдик ичүү адатын “чымчып” өтүп атат. Чоң апасынын ысымы айтылбайт. Анын композитор чоң атасынын байбичеси болгонунун артында подтекст бар. Чоң апасынын тамсил айткандыгы кызык. Аңгеме үчүн эң акыркы бөлүмдүн – жогорку окуяларды чечмелеп кайра “чайнап берүүнүн” зарылдыгы жок болчу.

Адендин “Жолуң болгур, жүз доллар” аттуу кийинки аңгемесинде дагы окуялар абдан тездик менен өнүгөт. Бактылуу, берекелүү жашап аткан үй-бүлө капысынан эле карызга белчесинен батып, оокат, мал-ташынан айрылып, анысы аз келгенсип эрди-катын ажырашып, каарман энеси менен түйшүктү чогуу тартышып калат. Мунун бардыгы атасынын карыз алып кытайдан алып келаткан товары чек арадан өтпөй, “самандай күйүп жок болгонуна” байланыштуу. Союз ыдыраган жылдары канча үй-бүлө сооданын сырын билбей дал ушундай көрүнүштөргө туш болгонун айтпай эле коёлу. Калемгер отуз жыл илгерки дал ошол чындыкты чагылдырат. Шартыбызды оңойлу деген улан энеси менен Россияга иштегени кетет. Ал жердеги турмуш, жол болбостуктар, бардык башталыштагы иштеринен майнап чыкпай көчөдө калуу, жакынсынтып агасыныкына барса, жеңесинин үйгө киргизбегени, айласыз айылга келгени, чөнтөгүндөгү жүз доллардын чоң аралжы болуп, жаңы бизнесине жакшы пайдубал болуп бергени автор тарабынан баягы эле тездикте, бирок ишенимдүү баяндалат. Аңгемедеги каармандардын турмушунун оңолгонуна жетине албай сүйүнөсүң.

“Сом”, “акча”, “доллар” деген сөздөр азыркы авторлордо көп экен. Аден алгач биз сөз кылган аңгемесинде аларды “Саякбай”, “датка” деп тергейт. Самара Каныбекованын “Август” аңгемесинде дагы иш издеген кейипкер менен балмуздак саткан аялдын ортосундагы диалог көбүнчө акча-тыйынга байланыштуу. Айжан Убайдиллаеванын “Издейм сени” аңгемесинде каарман сыркоолоп калган эжесинин ордуна базарга чыгат: “Бүгүнкү кардарларым да мурдагыдай эмес, сылык-сыпаа. Алар оюндагысын алганына курсант, а мен сатканыма. Тегерегимдеги коңшуларым шагыратып контейнерлерин жаба баштады, бу соода жүрбөгөнүнүн белгиси. Ал эми капчыгына саал-паал акча түшкөндөр, дагы түшөт дешеби, кезерип кечке отурушат. Курган үмүт да!” (43-б.).

Айжан постсоветтик ушул жылдардагы элдин турмушунун өзгөргөнун абдан баамдаган. “Май жуваз” аттуу аңгемесинде жазып атат: “Элдин жашоо шарты өзгөрдү. Дыйкан ала сумка көтөрүп, “коммерсант” болду. Акырындап айыл дагы шаардын кейпин кийди. Шаардагыдай жашоо. Нандан өйдө сатып жемей. Ылай шыбак, пакса, кувала менен салынган үйлөр бузулуп, эки кабат үйлөр салына баштады. Жыгач коргондор, темир, бетонго алмашты…” (47-48-бб.). Бул сүрөттөөлөрдөн коомдун турмушу, азыркы реалдуулук жаш жазуучулардын чыгармаларында орун ала баштагандыгын туясың.

Аден Турусбековдун “Өкүл ата”, “Уя”, “Кредит” аңгемелеринде дагы элдин турмушу, тиричилик кылуу жолу акчага байланганы көркөм иликтөөдөн өткөн. Ал тургай үйлөнүп аткан уулуна өкүл атаны терең ойлонуп бардар үй-бүлөнүн башчысын койгон атканы – атанын “алысты көрө билген баамчылдыгы”. Бирок уулу өз оюнан кайтпады, ага акча эмес, мамиле биринчи орунда тураары анык болуп атат. Аден адаттагы жумшак сарказмы менен мында дагы коомдогу да бир маселени, салтты – өкүл ата шайлоону элдин таразасына коюп, анын максатын ачыктап атат. Эгерде өкүл ата менен өкүл эне жаш үй-бүлөгө материалдык жактан гана пайдалуу болсо, анын маданияттагы орду кескин жокко чыгат. Ошол үйлөнүү тоюнун башталышын автор мындай сүрөттөйт: “Беште башталат деген той жетиден өтүп барып башталды” (24-б.). Мында дагы “кыргызчылык” деген түшүнүк терс мааниде сөзгө алынып атат. “Адабият коомду тарбиялайт”. Аден Турусбековдун аңгемелери бул функцияны айныксыз аткарат. Ошол эле өкүл ата болбой калган киши балага айтып атат: “Сен менден баш тартып койгонуңа таңгалдым… Мисалы, азыр менин он эки өкүл балам бар. Ойлосом! Анчаны эмне кылам. Пайдасы деле жок. Кээ бирөөсүн тааныбайм деле. Кыялбайт экенсиң “жок” дегенге, баш тарта албай макул боло бергем. Үйлөнсө нике шакегин алып берем, кудасына барам дегендей. Балалуу болсо дагы бир нерсесин сатып берем. Албетте, чөнтөккө эле күч келет. Бир күнү жиним келди. Айылдагы сарайга барсам, малдын кыгы тоодой үйүлүп кетиптир. Өкүл балдардын вотсабына бирден жазып чакырдым. “Эртең айылдагы үйдө саат онго чогулуш” деп. Эртеси таң атпай “Тынччылыкпы?!” деп жетип келишти. “Баары жайында, болгону мобу кыкты жүктөп чыгып, талаага төгөбүз” дедим. Баары бири-бирин тиктеп күлүп калышты. Бажыда иштеген өкүл балам “ата, бирөөнү жалдап эле бүтүртүп алыңызчы” деп чөнтөгүнөн сегиз миң санап берди. Беркилер эки миңден чогултуп колума карматышты. Эмне кыласың? “Силердики да туура”, деп чай үстүндө саясаттан кеп козгоп тараганбыз. Бирок, балам, сенин бир сөзгө турган көктүгүң мага жакты. Эч качан байлык, бийлик, мансабына карап мамиле кылба. Анын баары бүгүн бар, эртең жок. Көрүп жатабыз го…”.

Өкүл ата болом деп өпкөсү көөп, ою ордунан чыкпай калган Жолдош аяш атам аркы четте жердин мээсин түшүрө тепкилеп, бийдин сазайынын берип жаткан топтун бирине кошулуп кетти” (25-б.).

Үзүндүдөн көрүнүп тургандай, автордун калеми төшөлгөн, айтайын деген оюн жогорку көркөмдүктө берет. Аңгемелеринин ар бири идеялык-тематикалык жактан маанилүү маселени козгойт. Анын образ түзүү чеберчилиги да өзгөчө. Кайсы каарманын албайлы, окурмандын көз алдына болгон турпаты, кебете-кешпири менен тартылат, эсте калат. Сюжет түзүүдө, бир окуядан экинчи окуяга өтүүдө автор жолду оңой табат. Адендеги юмор Асан Жакшылыковдун “Элет аңгемелери” (2005) менен Султан Раевдин “Ханышанын көз жашы” (2008) китептериндеги аңгемелерди окуп аткандагы маанайды тартуулайт. Кайсы темада жазып жатса да, темасын жакшы билээрин байкатат. Жаш калемгерлерди кыргыз маданиятынын көрүнүштөрү тынчсыздандырып жаткандыгы жакшы көрүнүш. Бул жазуучунун аңгемелеринин өзөгүн кыргыз дүйнөсүнө, маданиятына, анын бүгүнкүсү менен эртеңине күйүү, жан тартуу түзөт. “Кумурска” аттуу аңгемесинде өз ысымы унутулуп “Кумурска” атыккан каарман “иштеп атып эс алат”. Бирок анын адамдарга ашыкча агедилдиги, ар кимдин көңүлүн карай берген айкөлдүгү түбүнө жетет – “балдарга алма үзүп берет элем деп бактан кулап түшөт” (19-б.). Аңгемеде турмуш ушундай карама-каршылыгы менен көрүнөт.

Мындай карама-каршылык ар бир колуна жаңы калем кармаган жазуучуда бар. Бу дүйнөнүн баш-аягын таанып биле албай ой чаргытат, изденет, бирок айланып келип эле өзү көргөн дүйнөнү чагылдырат. “Май жуваз” аттуу жаңкы аңгемесинен тышкары Айжана Убайдиллаева “Касиет” аңгемесинде балалуу боло албай жүрүп, Сулайман-Тоого зыярат кылгандан кийин кыздуу болгон Зирегүлдүн тагдырын баян этет. Жолдогу сапарлаш катары ал жанындагыларга телегейи тегиз көрүнгөн менен ичиндеги өксүгү, турмуштук карама-каршылыктары менен жашайт.

“Бүгүн жол акысы бекер…” аңгемесиндеги Кутмандын жуманын эки күнүндө жүргүнчүлөрдү бара турган жагына бекер жеткирүү адаты, соопчулук, аны менен келишпеген башка таксисттердин каршылыгы баяндалат. Жүргүнчүлөр дагы ар түрдүү. Пенде да, жерине бекер жетип алганына көбү курсант болуп жолуна түшсө, алардын ичинде Кутмандын бул ак көңүлдүгүн, берешендигин баалагандар дагы бар: “Жакшылык аэропортко кирип кеткенде, көп өтпөй унаасына келип отурган Кутмандын Мбанк тиркемесине 2000 сом түштү. “Ака, кийинки бекер каттаган күндөрүңүздүн, эки күндүк бензини менден болсун, сизге чоң рахмат!” – деген жазуусу менен билдирүү келди (57-б.). Биз аңгемелердин стилдик курулушу менен тыныш белгилерин кандай болсо ошондой берип атабыз.

Айжан аңгемелеринде адам дилинин тазалыгына өзгөчө басым коет. “Издейм сени…” аңгемесинде эжесинин ордуна базарга чыккан күнү өзүнө көйнөк таппай кеткен келиндин уулунун бутундагы саймалуу чокойдун калып калган түгөйү үчүн башкы каарман жумалап беймаза. Автордо мындан тышкары түштүктүн майин тили менен неологизм сөздөр катар учурайт. Тешпиш, май жуваз, кала, пакса, кувала, гүнжара, нак (алмурут) ж.б.

Арген Мажитовдун аңгемелеринде турмуш ар түрдүү кырынан ачылат. Жеке көйгөй, үй-бүлө маселеси, коомдук проблемалар. “Апамдын алаканы” аңгемесинде кыргыз турмушуна айрыкча мүнөздүү бөлөк өсүү, үй-бүлөнүн жашоосуна кайын-журт өкүлдөрүнүн келип кийлигише берүүсү, кайнежелердин кыялы, эрди-катындын ажырашуусу, ортодо балдар алган травма, энесиз үй кунарсыз тартып калаарын айкындаган чындык, энеге болгон өксүк жүрөккө жетээрлик баяндалат. “Кызыл алма” аңгемесинде болсо көргөн түшүнөн кийин айылдагы ата үйүнө барган кыздын “энеден кийин кызга төркүн жок” маанисиндеги ички психологиялык абалы берилет: “Туугандарым менен ар кандай той-тамашаларда көрүшөбүз, телефон аркылуу деле сүйлөшүп коёбуз, бирок, маңдай-тескей отуруп сүйлөшкөнгө не жетсин. Анан дагы, азыр тойдун баары эле кафеде өтүп калбадыбы. Барсак да алыскы туугандар менен көрүшүп, ошол жерден бир аз сүйлөшкөнүбүз болбосо, мурункудай үстөл үстүндө чайлашкан күндөрдү сагындым. Көрсө, аралык ушинтип эле алыстай берет тура…” (63-б.). Андай күндөрдү мен да сагындым, Арген!!

Аргендин аңгемелериндеги адам тагдырлары окурманды түйшөлтөт. Жаш кезинен жалган жалаа менен абакка кесилген жигиттин өмүрдүн шооласын издеген аракети (“Кыямат”), айылдык болгусу келбеген келин, бөлүндү жашоо (“Синьор”), ажырашкан кызынын санаасы менен жашаган эне ж.б. “Эски там” аңгемесинде жаңы үйүн бүтүргөн уул-келиндин энесин эски оокаттары менен эски тамга калтырган окуясы зээнди кейитсе, кийинки “Үркөр” аңгемесинде көзү өткөн кишиге чет өлкөгө иштеп кеткен балдарынын бири дагы топурак сала албай, ал өзүнчө трагедия: “Бир кезде көргөн адамдын жүрөгүн жылыткан биздин айылдын азыр мурдагыдай көркү жок. Баягы көчө бетин бербеген бойго жеткен жеткинчектер, кол арага жараган жигиттер азайып, бирин сериндей түшкөн. Жашырганда эмне, көбү жумуш издеп борборго, мүмкүнчүлүгү жеткендер чет мамлекеттерге кетип жатышат. Айыл элинин жашоосун жаман дештен алысмын. Мындан беш-он жылга салыштырмалуу бир топ өзгөрдү. Айылда деле кабаттап салынган тамдар, жашоого ыңгайлашкан короо-жайлар көбөйдү. Мен мурун ойлочу элем, адам баласы өзүнө жеткидей шарт түзүп алса, ашык дүйнөнүн деле кажети болбосо керек деп, көрсө, болгон сайын дагы болсун дей берет турбайбызбы…” (87-88-бб.). Башкы каарман бул монологунда ар бир “кыргызмын” дегендин көкүрөгүндөгү ойду чогултуп алып айтып аткандай. Үркөр – аңгемеде символ. Бул “үркөрдөй үч уул” деген мааниде. Калемгердин каармандары ар түрдүү: айылдан өмүрүнө аралжы издеген кичинекей бөбөк, апасы менен таенесинин ортосунда талашка түшкөн бала, өмүр жолуна жаңы аттанган өспүрүм, далайды баштан кечирген жигит, улгайган карыяларга чейин, эркек, ургаачы.

Чыгармалардын ичинен Азамат-Бекзоо Маматали уулунун “Түркиядагы акыркы түн” жана “Каравшин” аңгемелери автордун мындан да чоң жанрларда иштөө мүмкүндүгүн көргөзөт. Айрыкча экинчи аңгемесинде окуялардын панорамасы, образдар системасы ийгиликтүү түзүлгөн.

Самара Каныбекова аңгемелеринде диалогду абдан жыш колдонот. Сюжеттүүлүк менен окуянын курч карама-каршылыгы болгондо драма чыгармаларын жазууну тажрыйбалап көрүүгө болмок. “Өзүмдүкүнөн да жан дүйнөмдүн ыйы катуураак чыгып жатты” (116-б.), “Сагынычтын, кусалыктын, кайгынын жүгүн жалгыз көтөрүү өтө кыйын экен”, “Келечектеги “буюрсалардан” дагы, жетпей калган “балкимдердин”, башымдан өткөн “аттиңдердин” көптүгү жүрөктү эзет”, “Карегиңден өзүмдү таппай каламбы деп корком!” (117-б.), “Жүрөгүмдө өзүм түшүнбөгөн башкача бир сезим пайда болду” (121-б.), “Кайсы жигит болбосун жүрөгүнө дүрбөлөң салчу жылмаюум бүгүн да өз кызматын кынтыксыз аткарып жатты” (124-б.) – бул сүйлөмдөрдөн көрүнгөндөй, Самаранын аңгемелери көбүнчө сүйүү, махабат темасын чагылдырат. “Белек” аңгемесинин кульминациялык чегин буту баспаган жигитке тек гана “эптеп төрөп алыш керек да, байлыгын ээлеп калам” деген арам ой менен турмушка чыккан кыздын окуясы түзөт. Окуянын чечмелениши кайгы, азаптар менен коштолот.

“Күнөөкөр” деген аңгемесинде жөнсүз айыпталып жазасын алып келген жигиттин дилиндеги таза нерселерге автобустагы сапарлаштары күбө. Аракеч кебетесиндеги ошол киши жанындагыларды: “Сыртыңар кымбат баалуу кийим болсо да, ичиңердин ушунчалык арзан, жакыр экени өкүнүчтүү!” (142-б.) – деп сындап атат.

Анара Мурзабекованын каармандары – “Мадина” базарындагы уйгур жигит (“Чоочун”) жана дудук келин Санира (“Эгиз гүл”). Карап отурсак – дүйнө көп дабыштуу, көп түстүү. Адамдар да бири-бирине окшобойт. Эзели ата-бабаң көрбөгөн элдин өкүлү сага жакын сезилиши мүмкүн. Махабат улутка карабайт. Улут, дин, ишеним маселесине келгенде кескин чечим да чыгара албайсың. Аңгемелерде каармандардын психологиялык ой толгоолору ар кандай. Салттуу эрежелерден чыгыш кыйын, бирок 21-кылымдын жаштары андан чыга алат. Экинчи аңгемеде дагы гүл – сүйүүнүн, үй-бүлөлүк ырыс-кешиктин символу. Жаңы ал гүлгө “Үмүт” деп ат беришкен.

Илимбек Бакировдун “Кашка-Суу” аңгемесинде көбүнчө айланасындагыларга журналисттик баам салуу байкалат. Калемгер Малдыбаев көчөсүн бойлой аккан Кашка-Суунун өткөнү менен кеткенин ойлоп, “нугу таштандыга толгон” дайранын абалын сүрөттөйт. Шаар турмушу, тиричилиги аны толгонтот. Жаңы студент болуп элеттен келгенден кийинки турмуш ак-карасы менен көзгө тартылат. Ошол чакан батирдеги сезимдер менен мамилелер каарман тарабынан анализденет. “Курьер” аңгемесинде жаштардын баңгизатка берилген максатсыз жашоосу, трагедиясы алар заказ берген азыкты жеткирген курьердин турмушун кошо талкалайт. Анын акыркы сүйлөмү: “Түндүн бир оокумунда бир чечимге келгендей болгон Дурус велосипедине шап минди да, көчөнүн башындагы “милиция” деген жазуусу күйүп турган имаратты көздөй бет алды…” – деп бүтөт. Окуянын чечилиши ушундай болгон аңгеме буга чейин “Арген Мажитовдун “Кыяматы” болчу. Анын эң акыркы сүйлөмдөрү: “Бир кезде ордумдан ыргып турганымды бир билем. Шашып-бушуп кийиндим да, кимдир бирөө кууп келаткандай бир кезде милициянын коштоосу менен кеткен жолго салып, шыпылдап басып кеттим. Анткени мен үчүн бир гана жол калган…” – деп аяктайт.

Демек, эки аңгемечинин тең каарманы адилеттикти, акыйкаттыкты, чындыкты туу туткан адамдар болуп чыгат. Алар аркылуу эки автор тең коомдогу мыйзамдуу жолго артыкчылык берет.

Нуриза Пайзидинованын сюжет куруу чеберчилиги жакшы. “Байыш” аңгемесинде Сейде эне менен Байышты айтып келатып, таңкы чай куюлуп аткан самоордун тарыхын кошо кыстара кетет (200-б.). Автор адамдардагы боорукерликти даңазалагысы келет. Жалгыз энесин калтырып шаарга окууга кеткен бала кыш күрөөдө жатаканасынын жанында отурган үй-жайсыз карыяны бөлмөсүнө алып келип, а кишинин жытына жипкирген комендант менен теңтуштарынын каршылыгына карабай керебетине жаткырып, өзү жатаканадан чыгарылып көчөдө калганга кайыл. Аңгемеде реалдуулук менен кыял кошо ширелишкен.

Ажар Аскарова “Арча бешигинде” кыргыз турмушундагы бешиктин ордун Жыргал чоң апасынын баяны аркылуу көркөм чагылдырат. “Түгөйлөр” аңгемесинде болсо бир жигитти сүйүп калган эгиздердин бири түгөйү үчүн өз сүйүүсүнөн баш тартканга жана чет өлкөгө кеткенге мажбур. Аңгемедеги проблема кыйналуусуз оңой чечилет.

Нурай Боскунова “Саманчынын жолунда” ата менен небересинин маеги аркылуу өзүнүн астрономиялык билиминин тереңдигин байкатат. Аңгемеде диалог басымдуулук кылат.

Батма Искандарова “Мен сүйгөн Махатма Ганди” аңгемесинде Кыргызстандагы дин, ишеним маселесин козгойт. Аяш атасынын үйүнө Бостериге барган каарман Россия менен Казакстандан атайын ат арытып жылда келген туристтер менен насиптеш болуп, бирок дилинде алардын ар бир тамак алдында хор менен ырдай турган мантрасын да, Кудайды башкача тааныган ишенимдерин дагы кабылдай албайт. Аңгемеде айтылып аткан үйгө бир нече жыл илгери мен дагы үй-бүлөм менен барып, маданияттагы бизге коошкон-коошпогон жактарды ичимден талдап отургам. Этсиз тамактануу саясаты туура эле көрүнгөнү менен постсоветтик өткөөл учурда кыргыздын көп жаш үй-бүлөлөрү кара курсактын айынан ар кайсы секталарга киргенге мажбур болгондугу кандай аянычтуу. Ушул эле тема Айсулуу Көкөеванын “Аялдын күндөлүгү” китебинде психологиялык терең ой толгоолор, чоң билгилик менен берилген.

Карап отурсаң, аңгемелердеги окуялар турмуштан алынган. “Кош дегим келбейт…” аңгемесинде Батма окуяларды лайнердин ичинде өнүктүрөт, аңгемеде аталган өлкөлөр, шаарлар каармандын ал жерлерди жакшы билгендигин байкатат.

Айдана Эрмекбаеванын “Ата” аңгемесиндеги окуя жүрөктү сыздатат. Канча жыл кабарсыз кеткен атасынын камактан дагы чыкканын уккан уулу так секирип, аны башка бир жерден батир таап киргизмей болот. А бирок ага карыянын неберелери каршы турат. Анткени аларга чоң ата аба менен суудай керек. Аңгемеде муундар арасындагы мамиле чебер сүрөттөлөт. Анын финалында атасы анын ден соолугу үчүн акча уурдап камалганын уккан уулу көз жашын көлдөтүп атасынан кечирим сурайт. Жетишээрлик татаал сюжетти автор ийгиликтүү түзө алган. “Жоктоо” аңгемеси дагы ата жөнүндө. “Наристемде” балалуу боло албаган келиндин ички көңүл абалдары тыштагы мамилелерге жараша. Кыргыз турмушундагы баланын орду, эне болуунун бактысы аңгемеде Айтумардын тагдыры аркылуу берилет. Аңгемедеги окуя чыңалып жүрүп отуруп, төрөт үйүнөн бала алмаштыруу кылмышы аркылуу драмалык көрүнүштөр менен аяктайт.

Айкүмүш Кеңеш кызынын “Үмүт данеги” аңгемесинде дагы бала темасы көтөрүлөт. Эгерде мындан мурда биз сөз кылган Айжана Убайдиллаеванын “Касиет” аңгемесиндеги Зирегүл баланын айынан Сулайман-Тоого барып зыярат кылган болсо, мындагы кейипкердин күйөөсү мечитке каттап, намазын үзбөйт. Акыры балалуу болуп, атын Кудайкул коюшат. Биздин каарман болсо: “Байлык тилеген жаш жубайлар силерге окшоп, бала тилегенди үйрөнүшсүн да” (289-б.) – деп маектешине ыраазычылык билдирет. Аңгеменин маңызы ушул сүйлөмдө. Буларды окуп отуруп “жаштардын дүйнөсүн көп эле нерсе козгоп, термеп койгон экен” деп ойлойсуң.

Жакшылык Сапарбаевдин аңгемеси “Жайнамаз” деп аталат. Бул мындан мурдагы аңгемелердин логикалык уландысындай. Дин болуп көрбөгөндөй адам дүйнөсү менен мээсин ээлеп аткан бүгүнкү заманда мындай темалардын көтөрүлүшү мыйзам ченемдүү. Аңгеменин финалы түрмөдөн айылына кайтып келип элге батпаган кейипкердин күндөрдүн бир күнүндө болгон күчүн жыйнап, мечиттин босогосун атташы менен аяктайт. Окуялар ырааттуу түзүлгөн. Ал эми ушул эле түрмө, кылмыш, жаза темасы дагы мындан мурдагы аңгемелерде көтөрүлгөн.

Жакшылыктын “Тагдыр ташы” аңгемесинде мигрант аялдын мекенине кайтып келатып поездден жүрөгү кармап көз жумганы чагылдырылса, “Жаңы кардардын” каармандары – чач тарач менен депутат. Бул дагы – замандын үнү!!

Айдана Молдобекованын “Карга тамган көз жаш”, “Жарым жолдогу жалгыздык”, “Атам калтырган из менен” аттуу үч аңгемесинде тең аппак кар тазалыктын, аруулуктун символу катары. Баарында тең жалгыздык, өткөн-кеткенди таразалап салмактоо, өксүк бар.  Ушул эле маанайды Жумаида Тагайбек кызынын “Карда калган издер” аңгемеси улайт. Аңгемеде үй-бүлө, аракечтик маселеси көтөрүлөт. “Көрсө алкаштын баласы утпаш керек экен!!”. Ыза болгон кейипкердин сөзү 316-бетте берилет. Аракечтик адамдын өзүн гана эмес, үй-бүлөсүн бүтүндөй деградацияга учуратып талкалаарын чакан аңгемедеги окуя сүрөттөйт.

Нурпаяз Абытов “Боосу үзүлгөн саат” аңгемесинде айыл темасын көтөрүп, чоң ата, чоң эне менен байланышкан бактылуу балалыктар жөнүндө баяндайт. Көптүк түрдө айтып жаткандыгыбыз, кыргыздар үчүн балдарын чоң атасына берип коюу көндүм көрүнүш, а тургай милдет сыяктуу. Анын артындагы психологиялык, моралдык нерселерге баштары оорубайт. “Аласа” аңгемесинде айыл темасы дагы башка жагынан көтөрүлөт. “Качан машине алабыз?” деп кулагынын кужурун ала берген аялы үчүн досунан карыз акча алып, машине сатып алган үй-бүлөнүн карызы белчеден болуп, башкы кейипкер авариядан каза болот. “Болгонго шүгүр кылып жашаш керек!” деген нусканы ушул аңгеме айтып турат.

“Шам чырак” аңгемесинде Насыйкат Бакыт кызынын каарманы журналисттик адистиктин аки-чүкүсүн билгенге ынтызар. Элиза Набиева аңгемесинде атасына таарынып димедрол ичкен кыздын тагдырын чагылдырат. Эдилья Айтбекованын каарманы болсо: “…уулдуу болушту каалаганы менен аягында баары бир кызга жан-дүйнөсү, мамилеси жакын болот экен” – деп атасы экөөнүн жылуу мамилеси жөнүндө агынан төгүлөт (“Керээз”).

Аңгемелерде ар бир калемгер өзү көрүп-билген дүйнөнү, аларга карата жеке мамилесин чын дилинен айтып бергилери келет. Аларда мезгил, дүйнө, аалам, коом, андагы адам бүткүл татаалдыгы менен көзгө тартылат. Баарына жапырт тиешелүү өзгөчөлүк – астейдилдик, предметтүүлүк, турмушту реалисттик чагылдыруу. Алардын башкы каарманы жалгыз, пессимист болуп, дүйнөнү трагедиялуу кабылдаган учурлар бар. Айрым калемгерлерде символдук элементтер менен ирония, мыскыл, юмор учурайт, коомдогу кээ бир нерселер менен макул эместик ушундайча билдирилет. Кеп башында айткандай, баяндоонун үстөмдүгү, окуялардын жыштыгы, тездик менен өнүгүүсү өз кезегинде аңгемелерде психологизмдин дагы үстүрт болуп калгандыгын шарттайт. Бирок кандай деген менен Матисаков мектебинин жаш жазуучулары өздөрү жашап жаткан доордун күрөө тамырын сезе алгандыгын көргөзүштү. Өздөрүндө чоң потенциал бар. Бул негизги нерсе!!

Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА,
филология илимдеринин доктору

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.