Антон ЧЕХОВ: “Кайырчы”
— Улуу урматтум! Боорукердик кылыңыз, бактысыз, ачка адамга көңүл буруңуз. Үч күндөн бери наар ала элекмин … Түнкүсүн төлөп жатканга сокур тыйыным жок … Жалган айтсам кудай урсун! Сегиз жыл бою айылда мугалим болуп иштедим, Земстводогу интригалардын айынан жумушумдан айрылдым. Жалган арызчылардын курмандыгы болдум. Бир жылдан бери ишсиз жүрөм.
Сот кызматчысы Скворцов кайырчынын көгүлтүр, жыртык кемселине, анын масы тарай элек майланышып, тунарган көздөрүнө, жүзүндөгү көк тактарына карады да, бул адамды бир жерден көргөнсүп кетти.
— Мага Калуга провинциясында бир орун сунуштап жатышат, – деди кайырчы: Бирок мен ал жакка барууга каражатым жок. Жардам бериңиз, кайрымдуулук кылыңыз! Сурагандан уялып жатам, бирок жагдай аргасыз кылып …
Скворцов тигинин, бир бутундагы кончтуу, экинчи бутундагы кончсуз көлөчүнө көз жүгүртүп, күтүлбөгөн жерден эстей койду.
— Коё турчу, мен сени үч күн мурда Садовойдо жолуктурбадым беле, – деди ал, анда сен мага айылдык мугалим эмес, окуудан чыгарылган студентмин дегенсиң. Эстедиңби?
— Жок…. Жок, андай болушу мүмкүн эмес! – деп күңкүлдөдү уялып кеткен кайырчы. Мен айылдык мугалиммин, эгер кааласаңыз… мен документтеримди көрсөтө алам.
— Калпыңды кой! Сен окуудан чыгарылган студентмин дегенсиң. Унутутуп калдыңбы?
Скворцов кызарып чыкты, жийиркенгенсип, самтырактан ары жылды.
— Бул бул акмакчылык! – Ал ачууланып кыйкырды. — Бул алдамчылык! Сени полицияга өткөзүп берем, шайтан алгыр! Сен балким байкушсуң, ачкасың, бирок бул сага уялбай туруп калп айтуу укук бербейт!
Кайырчы эшиктин туткасын кармап, колго түшкөн ууру сыяктуу, жер карады.
— Мен… Мен калп айтпайм, мырза … деди ал мукактанып. Мен документтеримди көрсөтө алам.
— Сага ким ишенет? – Скворцов ачууланып жатты. — Коомдун айылдык мугалимдерине жана студенттерге болгон жылуу пикирин пайдаланганыңыз акмактык – бул кылганыңыз ушунчалык төмөн, ушунчалык ыплас!
Скворцов кайырчыны эч аябастан тилдеп жатты. Өзүнүн уятсыз калпы менен кайырчы аны жийикентип, анын өзүндөгү жакшы көрүп баалаган сезимдерди: боорукерликти, сезимталдыкты, жакыр адамдарга болгон кайрымдуулукту кордоп, ага акарат келтирип жаткан. Адегенде кайырчы ар кайсы шылтоолорду айтып актанганга аракет кылды, акырында унчукпай, башын шылкыйтып туруп берди.
— Мырза! – деди ал колун жүрөгүнө коюп. — Чын эле мен… калп айттым! Мен студент да мугалим да эмесмин. Мунун баары ойдон чыгарылган нерселер! Мен орус хорунда кызмат кылчумун, арактын айынан ал жерден куулуп чыккам. Анан эмне кылам? Кудай үчүн ишенип коюңуз, калп айтпасам болбойт! Чынымды айтсам эч ким, эч нерсе бербейт. Чындык менен үшүп-тоңуп талаада ачка түнөйсүң! Сиздин айткандарыңыз туура, түшүнөм…бирок мен эмне кылышым керек?
— Эмне кылам дейсиңби, Сен эмне кылам деп сурап жатасыңбы? – деп кыйкырды Скворцов ага жакындап келип. — Иште! Иштеш керек!
— Иштеш керек… Өзүм деле билем, иштеш керек, бирок ишти кайдан табам?
— Болбогон сөз! Жаш экенсиң, ден-соолугуң, алы-күчүң бар, кайдан болсо да иш тапсаң болот, болгону иштейм деген ниет керек. Бирок сен жалкоосуң, аракет кылбайсың, арактан башың чыкпайт! Сасып арак жыттанасың! Бузулуп бүткөнсүң, калп айтып, тилемчилик кылганга чейин жетиптирсиң. Ишти кеңседе, орус хорунда сыяктуу эмгек кылбай акча алчу жерден издейсиң! Сага эмне кара жумуш кылсаң жарашпайбы? Короо шыпырганга же фабрикага барып иштегенге барбайсың да, туурабы! Өзүңдү андай иштерге ыраа көрбөйсүң да ээ?!
— Ой, Кудайым-ай, кантип ушунтип ойлоп жатасыз … – деди кайырчы капалуу жылмайып. — Кара жумушту кайдан табайын? Ары-бери жумшаганда жүгүрүп кеткидей жаш бала эмесмин, андай иштерди кылууга мага кеч болуп калды, короо шыпырганга да мени эч ким албайт, фабрикада иштеш үчүн адистик керек, бирок мен эч өнөр билбейм.
— Болбогон сөз! Шылтоо дайыма табылат! Жок дегенде отун жарбайсыңбы?
— Мен андан баш тартпайм, бирок бүгүн чыныгы отун жаруучулар да нансыз отурат.
— Жалкоолордун бардыгы ушунтип айтышат. Сунуш кылса баш тартасыңар. Отун жаргың келеби?
— Мейли, жар десеңиз жарып берейин …
— Жакшы, андай болсо көрөлүк!… Эң жакшы, көрөлүк!…
Скворцов көпкө ойлобостон, алаканын ушалап алды да, тез барып ашканадан ашпозчуну ээрчитип келди.
— Ольга, – деди ал, бул адамды сарайга ээрчитип барып, отунду көргөзүп кой, четинен жара берсин.
Кайырчы ийинин куушуруп койду да, ашпозчуну ээрчип жөнөдү. Анын басып бара жатканынан эле, отунду ачкасынан нан табыш үчүн эмес, жөн гана калпы чыгып, уят болгонунан бара жатканы көрүнүп турду. Арак иче берип жедеп каруу-күчү калбай, араңжан болгон неменин иштейин деген ниет жок, мойнунан байланган иттей шылкыйып бара жаткан эле.
Скворцов ылдам басып ашканага жөнөдү. Ал жерде короону караган терезеден жыгач сарай, андагы болуп жаткан окуялар алаканга салгандай көрүнүп турчу. Терезенин жанында туруп Скворцов ашпозчу менен кайырчынын кир карды кечип сарайга кандай киришкенин көрдү. Ольга жанындагы шеригине ачуулангандай, сарайдын каалгасын чыканагы менен түртүп жини келген немедей каалганы каңк дегизе катуу ачты…
“Биз бул аялга кофесин ичип бүткөнгө тоскоол болгон окшойбуз, – деп ойлоп койду Скворцов. — Таш боор аял көрүнөт! “,
Анан ал жалган мугалим жана жалган студенттин дөңгөчкө отуруп алып, муштуму менен көгала болгон жүзүн таянып, бир нерсе жөнүндө ойлонуп жатканын көрдү. Аял анын бутун алдына балтаны ыргытып, ачууланып жерге түкүрдү, анын эриндеринин кыймылына караганда урушуп жаткандай. Самтырак адам бир дөңгөчтү өзүнө тартып, эки бутунун ортосуна коюп, этияттык менен балтаны шилтеди. Дөңгөч чайпалып барып, жыгылды. Тиги киши аны кайра өзүнө жакындатып тартып алды, муздап калган колдоруна үйлөп, көлөшүн айра чаап алуудан же манжаларын кесе чабуудан корккондой этияттык менен балтаны кайра шилтеди. Дөңгөч кайра кулады.
Скворцовдун ачуусу тарап кетти, ал мындай жумушту жасап көрбөгөн, мас, балким оорулуу адамга суукта оор жумуш кылууга мажбурлаганына бир аз уялып, боору ооругансып кетти. “Мейли, эч нерсе эмес…—деп өзүн жооткотуп ашканадан иш бөлмөсүнө жөнөдү – бул ага сабак болот”.
Бир сааттан кийин Ольга келип отун жарылып бүткөнүн айтты.
— Элүү тыйын берип кой – деди Скворцов, — эгер кааласа ай сайын биринде келип турсун… Иш табылат.
Бутунда араң турса да, кайырчы кийинки айдын биринде келип дагы элүү тыйын иштеп тапты. Ошондон кийин да ал дайыма келе баштады, ага жумуш ар дайым болуп турду: бирде кар күрөйт, бирде сарайдын ичин тазалайт, бирде килем менен төшөктөрдү күбүйт. Келген сайын 20-40 тыйын алат, а бир жолу эски шым да беришти.
Башка үйгө көчөөрдө Скворцов аны эмеректерди таңып, жүктөшүүгө жалдады. Бул жолу кайырчы соо болчу, дулдуюп унчукпайт; эмеректерге колу тиер-тиймексен болуп, башын жерге салып иштемиш болот, ал тургай активдүү көрүнүүгө да аракет кылбады, болгону сууктан бүрүшүп, арабакечтердин анын кайдыгерлигине, алсыздыгына, жыртык кемселине күлүшкөндөрүнө гана өзүн ыңгайсыз сезип жатты. Көчүп бүтүшкөн Скворцов аны өзүнө чакырууга буйрук берди.
— Менин сөздөрүм сага таасир эткенин байкадым, – деди ал ага бир сом сунуп. — Бул сага аракетиң үчүн. Сенин ичпей соо экениңди жана иштен качпаганыңды көрүп турам. Сенин аты-жөнүң ким?
— Лушков.
— Лушков, сага эми башка жумушту, таза ишти сунуш кыла алам. Жазганды билесиңби?
— Билем, мырза.
— Жакшы, бул кат менен эртең менин досума барсаң иш берет. Иште, мас болбо, айтканымды унутпа. Кош бол!
Бир адамды оң жолго салганына өзүнө ыраазы болгон Скворцов Лушковду далыга таптап койду, ал тургай колун берип коштошту. Лушков катты алып кеткен боюнча экинчи кайрылып келген жок.
Эки жыл өттү. Бир жолу Скворцов театрдын кассасынан белет алып жатып, жанында көрпө жака кемселчен, деңиз мышыгынын терисинен тигилген тумак кийген бою кыска адамды көрдү. Ал адам кассирге алган белети үчүн жез тыйындарды санап берип жаткан эле.
— Сен Лушковсуңбу? – деп сурады Скворцов бир кездеги отун жаргычын тааный коюп. — Кандай? Эмне кылып жүрөсүң? Жашооң жакшыбы?
— Жаман эмес… Нотариуста кызматчымын, айына 35 сом алам.
— Аа, Кудайга шүгүр. Абдан жакшы! Өтө кубанычтуумун. Ишиң оңолгонуна аябай сүйүнүп жатам, Лушков! Кандайдыр бир деңгээлде сен менин киндик атаң эмесминби. Ушул жолго түшкөнүңө аз да болсо түрткү болдум. Ырахмат, азаматым, менин сөзүмдү жерге таштабаптырсың.
— Сизге чоң рахмат, – деди Лушков, — эгерде ошондо сиздикине барбаганымда дагы эле мугалим же студентмин деп көчөдө жүрмөкмүн. Силер мени сактап калдыңар, чуңкурдан сүйрөп чыктыңар.
— Мен абдан кубанычтуумун.
— Сизге жакшы сөзүңүз, кылган жакшылыктарыңыз үчүн ыраазымын. Баарынан да сиздин ашпозчуңузга терең ыраазычылыгымды айтам, ошол боорукер, ак ниет аялга кудайым узак өмүр, бекем ден-соолук берсин. Алибетте, ошондогу сиздин айткан акыл-насаатыңызга өлөр-өлгүчө карызмын, бирок мени сактап калган сиздин ашпозчуңуз Ольга болбодубу.
— Кандайча?
— Ал мындай. Мен отун жарыш үчүн келгенде ал тилдей баштайт: “Эх, аракеч шүмшүк! Каргыш алгыр! Сени кудай албайт го!” Анан маңдайыма олтуруп алып көзүнө жаш алып ыйлай баштайт: “Шору арылбаган бактысыз, адам экенсиң! Бул дүйнөдө да жакшылык көрбөйсүң, тиги дүйнөдө да тозоктун отуна күйөсүң! Бечара!” Ушул сыяктуу көп нерселерди айтчу. Мен үчүн канча канын бузуп, мен үчүн канча жашын төккөнүн сизге айтып бүтпөйм. Бирок негизгиси – менин ордума отунду өзү жарчу. Мен, мырза, бир кертим да отун жарган эмесмин, баарын өзү бүтүрчү! Эмне үчүн ал мага боору ооручу, эмне үчүн анын мамилесине карап ичкиликти таштап, оң жолго түштүм, аны сизге түшүндүрүп бере албайм. Бир билгеним, анын айткан сөздөрүнөн, кылган мамилесинен жан-дүйнөмдө өзгөрүүлөр болду, ал мени оң жолго салды, мен муну өмүрүм өткүчө унутпайм. А, мынакей, коңгуроо да кагыла баштады, кирелик мырза. Лушков башын ийип таазим кылды да залды карай жөнөдү.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ



