Жоробек СУЛТАНАЛИЕВ: «Бир акын бар элине али белгисиз…»
Бир чырпык бар – байтерекке бергисиз,
Бир акын бар элине али белгисиз!..
Бир жылдыз бар көрүнбөгөн карекке,
Жүз миллион күндүн табы жеңгисиз!..
Бир чындык бар – жомок кууп жетпеген,
Бир кунан бар – күлүктөрдү тепсеген!..
Бир гений бар – алачыкта жашаган –
Айбанды да чекесинен чертпеген!..
Бир булак бар – пайдалуураак дайрадан!..
Бир булбул бар – бир күндө отуз сайраган…
Бир жигит бар – теңдик үчүн, эл үчүн
Кыйнап жанын, кызыл чокту кармаган!..
Ушул ыр саптардын ээси акын Жоробек Султаналиев артынан аңыз кептер, “Жоробек айтыптыр, Жоробек дептир“ деген сөздөр ээрчиген адам болгон экен. Өзүн көрбөсөк да, анын баскан-турганы, кылык-жоруктары тууралуу кептерди улуу муундагы жазуучулардын оозунан далай угуп калдык.
Былтыр Жоробек Султаналиев тууралуу жазсамбы деп, маалымат таппай койсом болобу. 2000-жылы жарык көргөн “Кыргыз поэзиясынын антологиясында: “Жоробек Султаналиев 1932-жылы Талас шаарында туулган. Фрунзе шаарындагы №5 кыргыз орто мектебин бүтүрөрү менен Москва шаарындагы Түстүү металлдар институтунда окуган. Беш ырлар жыйнагынын автору” деген алакандын отундай маалыматтан башка анын өмүр баяны жөнүндө маалымат жок экен. Улуу муундагылардын көзү тирүүлөрү деле ал жөнүндө жарытылуу эч нерсе айта алышпады.
Мындан көп жылдар илгери акын Алым Токтомушев калемдеш ага досу тууралуу «Кайран Жоробек, айран Жоробек…» деп жазганы бар. Анда анын кылычтай шартылдаган курчтугу, артка кайтпаган өрт мүнөзү тууралуу айтылган менен, өмүр жолу, бала-чакасы, керээз-мурасы тууралуу эч айтылбайт. Бүгүн Алым байкенин өзү жок.
Адабиятчы Бекташ Шамшиев Алым Токтомушевдин айтылуу даректүү баяны тууралуу жазган баянында: “…Жоробек Султаналиев эскериле турган, чыгармачылык потенциалы толук ачылбай калган армандуу тагдырлардын бири болчу” деп эскергени менен, анда ал даректүү баяндагыдан ашыгыраак маалымат айткан эмес.
Ушундан улам, колдо болгон маалыматтарга таянып, Жоробек байке Султаналиевдин адамдык жана акындык портретин тартканга аракет жасадык. Акын Алым Токтомушев, адабиятчы Бекташ Шамшиев Жоробек Султаналиевди “чыгармачыл адамдардын эсинде жыйындарда тартынбай сүйлөгөн кеп-сөзү, шартылдаган ачык мүнөзү менен калган” деп сүрөттөйт эмеспи. Биз мындан улам, Жоробек байкенин курчтугунун “сырын” изилдеп көрдүк.
Талас жергесине алгачкы орус тилдүү келгиндер Октябрь революциясына чейин эле көчүп келип отурукташып, өткөн кылымдын 30-40-жылдарында Талас шаа-рында алар калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн. Кийин согуш жылдарында Россияда жашаган немецтер да көчүп келе баштаган. Демек, Жоробек Султаналиевдин балалыгы, өспүрүм курагы орус тилдүүлөрдүн арасында өтүп, таластыктарга мүнөздүү тоң моюндук, чогоолдукка бетке айтып туруп калган “орус мүнөздүк” кошулган.
Кийин-кийин №5 орто мектептен окуп, жогорку билимди Түстүү металлдар институтунан алганы да Жоробек Султаналиев орусча ойлонуп, мүнөзү да биротоло орусташып калганынан кабарлайт. Акындын тартынбастыгынын, ачык-айрым, шартылдаган “орус” мүнөзүнүн сыры да ушул жакта деп айтса болот.
Андыктан ал айта турган сөзүн, оюн шарт айткан. Башкалар улуу-кичүүлөр чогулган жерде мурдун чукуп, айта турган нерсесин айта албай, башка бирөө айтсын дегенсип, бири-бирине күбүрөп-шыбырап, баштарын жерге салып турганда, ал ачуу чындыкты балп эттирип айтып салганы да ошондон. Анда тиги жаман көрүп калат, бу жаман көрүп калат, эртең эле бул айткандарым өзүмө жоо, душман деген коркок, сасык ой болгон эмес. Андыктан, анын чын жүрөгүнөн, эч арамдыгы жок, жаны күйүп айткан ачуу кебин улуулар да, кичүүлөр да чычалабай кабыл алышкан. «Жоробек минтип айтыптыр, Жоробек катырыптыр» деген кептин төркүнү ушул жакта.
Акын Жоробек Султаналиевдин айланасындагы аңыздардын бири анын Чыңгыз Айтматов менен ага-инилик мамилеси менен байланышкан. Экөөнүн ортосундагы жаш айырма төрт жаш болгонуна карабастан, ал Чыңгыз Айтматовго аябагандай ыйбаа мамиле жасаганы, өзүнүн дүйнөлүк атак-даңкы бар жердешин чексиз урматтаганы, анын бир ооз сөзүн жерге таштабаганы Жоробек Султаналиев канчалык орус мүнөз болбосун, анын салт билгилигинен жана бийик адамгерчилигинен кабарлап турат.
Замандаштарынын айтымында, 1978-жылы Ч.Айтматовдун 50 жылдык мааракеси бүткүл союздук деңгээлде белгиленип, жыйынтыктоочу салтанаттуу жыйын Фрунзеде, филармонияда өтөт. Кечки сый тамагы сыйлуу жерлердин биринде уланат. Ал жерге акын Жоробек Султаналиев 300 куплет ыр жазып алып барып, эл алдында окуп берген имиш. Чын дилинен ыраазы болгон Ч.Айтматов акын инисине костюм кийгизип: «Жоке, эми эл менен отуруп сый көр» – дейт экен. Анда Жоробек Султаналиев: «Жок, ырчы деген отурбайт, ырчыны башка тойлор күтүп жатат»-деп колуна кармаган рюмкадагыны жутуп, сыртты көздөй жөнөйт. Залкар жазуучу өзү узатып чыгат. “Оо кеменгер Чыкем, эл алдында кадыр-баркымды көтөрүп, костюм жапканыңызга рахмат. Жонум сүйүнгөн менен, колум бош, тойдон чыкканда кол карагандар көп болчу эле, аны кандай кылам” дейт Жокең сөздү кайпактатып. Анда Чыкең Жоробекти далыга таптап: “Ээ, Жоке, ансыз болобу. Балдар, Жокеме баштыкты бергиле” дейт. Чыңгызды жандай чыккандар арак-шарап, таттуу-паттуусу салынган баштыкты Жоробек Султаналиевдин колуна карматышат.
Чыңгыз Айтматовдун кеменгерлигин караңыз да, Жоробек Султаналиевдин жупунулугун караңыз. Кайран акын улуу жазуучунун маараке тоюнда ашыгыраак алып коюп, ашөпкө эркелеп койбоюн, андан көрө тынчыраак эле үйгө кете берейин деп жөн билгилик кылып жатпайбы.
“Кыргыз маданиятында” иштеп жүрчүдө уктум эле. Жоробек Султаналиев кычыраган кыш күндөрүнүн биринде тумагын жоготуп алат да, шылтоолоп Чыңгыз Айтматовдун үйүнө барат. Ким билет, балким жоголбосо деле керек го. Эшикти улуу жазуучу өзү ачып, акын инисинин жөн келбегенин билип: “Ак жайдын күнүндө жүргөнсүп, баш кийимсиз жүргөнүң эмне?” деп сурайт. Айтматовдон ушул эле сөздү күтүп турган Жоробек: «Чыке, тумагым жоготуп сиздикине издеп келдим” дейт. “Ай бала, эмнеге меникине келдиң. Же тумагыңдын изи мен жакка кетиптирби?” деп кайра өзүнө суроо салган Чыкең Жоробектин не айткысы келип турганын баамдап: “Эмнеге тумагыңдын изи Сүйүнбайдыкына, же Сооронбайдыкына барбайт да, мага келет?” дейт кабагын бүркөгөн болуп. “Чыке, сиз экөөбүздүн башыбыздын размери эле бирдей, болду-болбоду, менин тумагым сиздикинде эле” дейт Жоробек көздөрүн жымыңдатып.
Ч.Айтматов чөнтөгүнөн 10 сомдуктан бир тутам алып чыгып, Жокеңе сунуп: “Жокен, муну да жолдон жоготуп албай, барып тумак ал” дейт. Анда Жоробек: “Чыке, тумак алчу акча менде деле бар. Бирок, мен тигилерге “Азыр Чыкемдин тумагын кийип чыгам деп мелдешип койбодумбу”дейт айыбы кармалгансып. “Ээ, бая эле ошентпейсиңби. Ме, агамдын берген тумагы деп айтып, кийип жүргүнүң. Оонаган жериңде түшүп, тебелендиде калбасын. А буга үйүңө бир нерсе алып, жолдош-жоролоруңду чакырып, тумакты ырымдап кой” деп тумагы менен кошо баягы бир тутам 10 сомдуктарды колуна карматат.
Ушул окуяны эстеген сайын, бири жазуучу, бири акын эки улуу адамдын ортосундагы адамгерчилик сый мамилеге аргасыз суктанбай койбойсуң. Жоробек Султаналиев Чыңгыз Айтматовду таластык агасы катары эркелеп барса, залкар жазуучу анын жөн келбегенин билип, эмне айтаар экен деп, анан аздектеп кийип жүргөн баш кийимин кийгизип, аны менен калемдеш инисинин талантын сыйлаганын билгизип, жөн билгилик кылып, 10 сомдуктан бир тутам акча карматып, жолду ката жоготуп алба деп, аны да эскертип турганы кийинкилер эмне деген турмуштук сабак десек болот.
Кыялы кылычтай курч, кимге болбосун айтаарга сөзү даяр акын:
Ар иш менен болбойт биздин ишибиз,
Анткени биз кичинекей кишибиз.
Акыйкатты алдап жатса кээ бирөө,
Аргасыздан күйүп кетет ичибиз.
Чоң иш менен болбойт биздин ишибиз,
Анткени биз кичинекей кишибиз.
Бирок кээде чындык күйүп жатканда,
Чыдай албай күйүп кетет ичибиз, – деп оюндагы чындыкты шарт эттире ырга салган.
Мүмкүн ушул курчтугунан улам, аны жактырбагандар да болгондур. Балким, айрымдар жазгандай “Эч бир алкакка сыйбаган, акындык фантазиясы аалам жойлоп кеткен сүрөткердин окурманга жетишине тоскоолдук кылган коммунисттик цензура деген турчу. Анын тушунда Жоробектей акындардын жарыкка чыгышы, жазгандарынын жарык көрүшү кыйын го” дегендин чындыгы да бардыр.
Арийне, анын адамдык жана акындык трагедиясы — анын курчтугунда, же анын коомго, адамдарга ыңгайлаша албагандыгында, бери жыгыл десе болбой нары жыгылгандыгында эмес, ошол мезгилдеги көптөгөн калемдештериндей эле өз талантын вино менен кошо ичип салып, шыгы, таланты ачылбай калганында да болуп жүрбөсүн жана болушу ыктымал деген ойдобуз.
Акындын “Кош, вино!” ыры бекеринен жаралбаса керек!
“Кош, вино, кошкун, вино, эми сендик
Боло албайт, менин өпкө, жүрөктөрүм.
Ичүүнү сени эсептеп жүрүп эрдик,
Өбүлбөй калды далай чүрөктөрүм.
Максаттар, койгон алга калып артта,
Мас кылып, кеттиң таштап, өзүмдү артка.
Гүлгүн жаш, жыйырма беште болсом дагы,
Карачы, турат өңүм окшоп картка
Өлүмдөн коркуп сени ичкем далай,
Өлбөстүк сенде го деп билбей самай.
Күнү-түн ичсем дагы бирок сени,
Кеткен жок, бир мүнөтүм артты карай.
Бүгүндөн баштап сени көрөмүн жек!
Жүрөктө уюлгуган сен үчүн кек.
Сени ичип, көр алдында жаткычакты, –
Күрөшүп, жер үстүндө жүргөнүм эп!..
Жоробек Султаналиев таланттуу акын гана болбостон, мыкты котормочу да болгон. Джек Лондондун “Мартин Иден” романынын кыргызча котормосу анын ачык далили. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев анын котормочулугун Алым Токтомушевге берген маегинде минтип эскерген: “Жоробек демекчи, акын Жоробек, ар нерсеге жакын Жоробек. Ушу камбагалга эстеликти мен койдум го дейм, ой, Алым. Жанагы «Кар» деген аңгемемде. Жаштар гезитине чыкты го. Ушу китебиме чыгып калса, Жоробек Султаналиевдин эстелигине деп чоң тамга менен бастырып койбосом. Биздин империялык адабиятыбыздын курмандыгы ушу камбагалым да. Көрбөйсүңбү эми, «Мартин Иденди» которуп алыптыр да камбагал. Эскиргенинен барактары сапсары болуп кетиптир, көчөдө баратат, эй. «Каякка?» десем, «Кыргызмамбаска» дейт. «О, атыңдан айланайын, «Кыргызмамбас» дедим ошондо. Кыргыз анан мамбас. Кандайдыр бир аралашма. Акыл да, акмакчылык да бар сыяктуу. Кыргызын түшүнөсүң го, мамбасын маңбаш десе бачым жетмек. «Ушуга апаратам» дейт. «Эй, Жоке, апарарын апарасың, чыгарабы анан» дейм. «Эми чыгарабыз деп атышат» дейт. Анан акын деген дейт, акындын кийими жакшы, бажоо болуш керек дейт, ушул чыккандан кийин кийинем дейт жакшы. Ошол камбагал ошонун акчасын алмак түгүл, чыкканын көрбөй өлүп кетти да. Өмүр бою санаасы менен байып жүрүп өлүп кетти да. Акындын бажоо кийимине жеткен жок да. Мен жөнүндө роман жаз, дейт. Жазайын, өлбөйсүңбү дейм. Жаман капа болду да камбагал. Өзүм да оозуман жаңылып жаман болдум, эй.
Ушунча капа болду десең камбагалым, ана дейм болбойт, мына дейм болбойт, жанымда бир сомум бар эле, вино алып бердим, «эми кандай, Жоке» десем, ага да болбойт. Сөз деген жаман эй, ушунчалык абайлап айтыш керек, сөз деген найзадай, кылычтай, уудай, бир чыгып кетсе жаман, эй. Ошон үчүн кыргыздар сөзгө чоң маани берген да. Сөзгө чоң маани бергендиктен адабият жаралган да. Бирок маани бергендин да маани бергени бар, чолок, кыска маани берип алсак, жанагыга окшогон империялык адабиятка, маданиятка ээ болобуз”.
Замандаштары акын Түмөнбай Байзаков тууралуу сөз кылганда, анын классикалык чыгармаларынын баары эле оозеки айтылып, көчөдө калды деп коюшчу. Анын сыңары, Жоробек Султаналиевдин жоруктары, тамашалары көчөдө калды. Жазуучу жана котормочу Мырзаян Төлөмүшов анын бир жоругун минтип эскерген: “Тээ илгери, жаш кезинде Рамис Рыскулов психикалык ооруканада жатса бир бөтөлкө кефир, бир булочкасын көтөрүп, маркум Жоробек Султаналиев акындын алын сурамакчы болуп жетип барат.
— Рамис, жакшы болуп калдыңбы, качан чыга тургансың?» – десе, Рамис:
— Мен го жакында чыгам, өзүң качан келе тургансың? – деген экен”.
Жоробек Султаналиев таасын талант болгону эч талаш жаратпайт. Бирок, тилекке каршы:
Күлүктөр бар алиге чабыла элек,
Кымбат кен бар алиге табыла элек,
Жүрөктөр бар, күнөөсүз, жеткен назик,
Күн туш келип аарыга чагыла элек.
Ордендер бар жасалып жаңы бүткөн,
Ардакталып төштөргө тагыла элек.
Шиберлер бар баш жагын шамал ыргап,
Төмөн жагы бир жолу чабыла элек.
Адамдар бар кармашкан теңдик үчүн —
Атак-даңкы ааламга жаңыра элек!..
Таланттар бар «Ураалар!» күтүп турган,
Гений сөз бар, адамдар окуша элек.
Бир тамчы бар, баалуураак киргил суудан,
Күлүктөр бар, жигиттер токуша элек… – деп өзү жазмакчы, анын таланты толук ачылбай, акын өзү да ал талантынын ырахатын көрбөй кетти. Эң өкүнүчтүүсү ушул.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу», 08–9.07.2024



