Менин университеттерим: Михаил Лермонтов
(адабий этюддардан)
Орустун улуу акыны Михаил Лермонтовду мүнөзү чорт, текебер, кырс, тили уу, анысы аз келгенсип, өзүнүкүн гана туура деп эсептеп, айткан сөзүнөн, карманган көз караштарынан артка кайтпаган, чогоол, качан болбосун чырдын үстүнөн адам катары сыпатташат.
Аны акын катары, адам катары, падышалык армиянын офицери катары айырмалап карап, өз-өзүнчө баа бериш керек деген позияны карманып, аны түшүнүүгө, асыресе анын адамдын кемчиликтерин, жаңылыштыктарын актоого аракеттер боло келген.
Түбү шотланд. Кичине кезинен оорунун азабын тарткан, айрыкча денесине исиркектер чыга бергендиктен, өзү курдуу балдар аны шылдыңдап, жандарына жолотушкан эмес. Балалык оюндан куру калган болочок акындын эрмеги китеп болгон. Кеселинин айынан балдарга кошулуп, ойной албаган бала аларды терезеден карап эрмектеп, биринин куулугуна, биринин энөөлүгүнө күбө боло, ар биринин мүнөзүн, кыялын аңдап, аябай баамчыл болуп чоңойгон. Жанына баткан жалгыздыктан улам, өз жан дүйнөсүнө сүңгүп, өзүн издеген, бала ойлобогон нерселерди ойлонгон. Кээде уйкусуз таң атырган түндөрдө Кудайга да таарынган, ага түркүн-түстүү ойлор келген, кыжырланган, ыйлаган, күлгөн, не бир абалды башынан кечирген. Түнт өскөн, жалгыздыкты жакшы көргөн. Жалган-чынды койгулаштырып сүйлөп, калп жылмайып, кара күчкө каткырып, бери карап күлүп, нары карап муштумун кезеген эки жүздүүлүк менен келише албаган. Адамдагы митайымдыкты, куулукту көздөрүнөн окуп, баскан-турганынан эле көрүп койгон. Адамдардагы ойсуздук, максатсыздык, куу чирендик, ашкере акылдуусунуу, кооздонуунун келишкис душманы болгон. Ошондон улам, адамдардагы сылаңкороздукту, эки жүздүүлүктү, жетесиздикти көргөндө чыдай албай, бетпардасын сыйрып, кылычтай кесе сүйлөгөн. Бул балким бала кездеги ызалыктын өчүн алган жоругудур. Эмнеси болсо да, бул чектен жорук орустардын дворян коомунун өкүлдөрүнө жакпаганы турулуу иш.
Анын турмушка кыраакы карап, адамдардын ким экенин бир карап билген баамчылдыгынын, эрте жетилгендигинин, жашоого болгон сын көз караш, нааразычылыктарынын төркүнү ушул жакта. Кичинесинен түнт өскөн акын кимди болбосун, сын көз менен караган. Айрыкча өзүнүн муунундагыларга үстүртөн караган. Өз билимин өзү өркүндөтүп, англис, немец, француз тилдерин мыкты билген жана бул тилдерде жазган акын-жазуучуларды түп нускасынан окуган. Европа адабияты жана маданияты менен терең тааныш болгон. Ал эми орус эл жомоктору менен он беш жашында араң таанышып, бул ажайып дүйнө менен эртерээк таанышпаганына өкүнгөн. Төрт чет тилин билген. Гитара, скрипка, виолончель жана фортепианодо ойногон. Кыл калем кармап сүрөт тарткан. Бир сөз менен айтканда, ар тараптуу өнүккөн.
Жан дүйнөсү аңгырап, боштук каптагандыктан, жаралуу арстандай дайыма бир нерсе издеген. Жеңил ойлуулукту жана досторунун чыккынчылык кечире албаган.
Ал жан дүйнөсүндө эмне толгонуу болсо, эмнеге кубанып, эмнеге кайгырса, эмнеге толкунданса, анын баарын чыгармаларында чагылдырган. Анын ырларынан акындын жашоосун, акындын тагдырын көрсө болот.
Аялдарга болгон сүйүүсүндө да кежирлик бар. Баш оту айланып сүйүп, андайда өрөпкүп ыр жазса, кайра эле ортолору сууганда, жинин кайда катарын билбей, күчүн ырлардан чыгарган. Бир эмес, бир нече жолу акылынан адашканча сүйгөн.
Акындардан Байронду жактырып, өзүн Байронго салыштырган, жан дүйнөсүндөгү ички толгонууларды окшоштурган.
Москва императордук университетинде окуп жүргөн жылдарда деле анын табышмактуу мүнөзү, кыялы, мамилеси эч өзгөргөн эмес. Башкалар суусаган гегелчилерге жана эстетиктерге үзүлө түшүп мамиле кылбаган. Студенттик ийримдерге, талаш-тартыштарга катышпаган. Белинскийге деле теңине албагандай мамиле жасаган. Бир сөз менен айтканда башкалар таң калган идеалдарга, идолдорго таптакыр таң калбаган, тескерисинче сыртын салган.
Акын билимдүү, бирок көкүрөгү тар, өзүнүн замандаштарына эле эмес, өзү жашаган жана аралашкан сылаңкороз коомго, теңсиз түзүлүшкө, коомдогу эки жүздүүлүккө, кош стандартка, чыркыраган чындыкты айта албаган, көрмөксөн болгон муунга карама-каршы чыккан.
“Акындын өлүмү” ыры буга мисал.
СМЕРТЬ ПОЭТА
Отмщенье, государь, отмщенье!
Паду к ногам твоим:
Будь справедлив и накажи убийцу,
Чтоб казнь его в позднейшие века
Твой правый суд потомству возвестила,
Чтоб видели злодеи в ней пример.
Погиб поэт! — невольник чести —
Пал, оклеветанный молвой,
С свинцом в груди и жаждой мести,
Поникнув гордой головой!..
Не вынесла душа поэта
Позора мелочных обид,
Восстал он против мнений света
Один, как прежде… и убит!
Убит!.. К чему теперь рыданья,
Пустых похвал ненужный хор
И жалкий лепет оправданья?
Судьбы свершился приговор!
Не вы ль сперва так злобно гнали
Его свободный, смелый дар
И для потехи раздували
Чуть затаившийся пожар?
Что ж? веселитесь… Он мучений
Последних вынести не мог:
Угас, как светоч, дивный гений,
Увял торжественный венок.
Его убийца хладнокровно
Навел удар… спасенья нет:
Пустое сердце бьется ровно,
В руке не дрогнул пистолет.
И что за диво?.. издалека,
Подобный сотням беглецов,
На ловлю счастья и чинов
Заброшен к нам по воле рока;
Смеясь, он дерзко презирал
Земли чужой язык и нравы;
Не мог щадить он нашей славы;
Не мог понять в сей миг кровавый,
На что он руку поднимал!..
И он убит — и взят могилой,
Как тот певец, неведомый, но милый,
Добыча ревности глухой,
Воспетый им с такою чудной силой,
Сраженный, как и он, безжалостной рукой.
Зачем от мирных нег и дружбы простодушной
Вступил он в этот свет завистливый и душный
Для сердца вольного и пламенных страстей?
Зачем он руку дал клеветникам ничтожным,
Зачем поверил он словам и ласкам ложным,
Он, с юных лет постигнувший людей?..
И прежний сняв венок — они венец терновый,
Увитый лаврами, надели на него:
Но иглы тайные сурово
Язвили славное чело;
Отравлены его последние мгновенья
Коварным шепотом насмешливых невежд,
И умер он — с напрасной жаждой мщенья,
С досадой тайною обманутых надежд.
Замолкли звуки чудных песен,
Не раздаваться им опять:
Приют певца угрюм и тесен,
И на устах его печать.
А вы, надменные потомки
Известной подлостью прославленных отцов,
Пятою рабскою поправшие обломки
Игрою счастия обиженных родов!
Вы, жадною толпой стоящие у трона,
Свободы, Гения и Славы палачи!
Таитесь вы под сению закона,
Пред вами суд и правда — всё молчи!..
Но есть и божий суд, наперсники разврата!
Есть грозный суд: он ждет;
Он не доступен звону злата,
И мысли, и дела он знает наперед.
Тогда напрасно вы прибегнете к злословью:
Оно вам не поможет вновь,
И вы не смоете всей вашей черной кровью
Поэта праведную кровь!
Ал Пушкиндин өлүмү үчүн аксөөктөр коомун айыптаган. Дантес акындын өлүмүнө күнөөлүү эмес. Ал болгону башкалардын куралы. Адамдардын өч алуу дегенде көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган мыкаачылыгы орду толгус жоготууга, эч качан кечирилгис күнөөгө апкелет.
Акын өз муунуна муңайым жана аео менен караган. “Акындын өлүмү” ырынын логикалык уландысы болгон “Ой толгоо” аттуу ырында акындын өз тагдыры жаткандай:
ДУМА
Печально я гляжу на наше поколенье!
Его грядущее — иль пусто, иль темно,
Меж тем, под бременем познанья и сомненья,
В бездействии состарится оно.
Богаты мы, едва из колыбели,
Ошибками отцов и поздним их умом,
И жизнь уж нас томит, как ровный путь без цели,
Как пир на празднике чужом.
К добру и злу постыдно равнодушны,
В начале поприща мы вянем без борьбы;
Перед опасностью позорно малодушны
И перед властию — презренные рабы.
Так тощий плод, до времени созрелый,
Ни вкуса нашего не радуя, ни глаз,
Висит между цветов, пришлец осиротелый,
И час их красоты — его паденья час!
Мы иссушили ум наукою бесплодной,
Тая завистливо от ближних и друзей
Надежды лучшие и голос благородный
Неверием осмеянных страстей.
Едва касались мы до чаши наслажденья,
Но юных сил мы тем не сберегли;
Из каждой радости, бояся пресыщенья,
Мы лучший сок навеки извлекли.
Мечты поэзии, создания искусства
Восторгом сладостным наш ум не шевелят;
Мы жадно бережем в груди остаток чувства —
Зарытый скупостью и бесполезный клад.
И ненавидим мы, и любим мы случайно,
Ничем не жертвуя ни злобе, ни любви,
И царствует в душе какой-то холод тайный,
Когда огонь кипит в крови.
И предков скучны нам роскошные забавы,
Их добросовестный, ребяческий разврат;
И к гробу мы спешим без счастья и без славы,
Глядя насмешливо назад.
Толпой угрюмою и скоро позабытой
Над миром мы пройдем без шума и следа,
Не бросивши векам ни мысли плодовитой,
Ни гением начатого труда.
И прах наш, с строгостью судьи и гражданина,
Потомок оскорбит презрительным стихом,
Насмешкой горькою обманутого сына
Над промотавшимся отцом.
1838 г.
Ал өзү да Пушкин сыяктуу эле дуэлден курман болду. Петербургдун жогорку чөйрөсүндө акындын өлүмү жөнүндө кабарды “Анын барар жагы ошол жай болчу” деп кабыл алышкан.
Н.С.Мартынов деле ага өзүнүн муунундагы өзү муңайым караган көптүн бириндей таасир калтырган окшобойбу. Мүмкүн, ошондон улам анын өз муунунан суурулуп чыга албаган алсыздыгын, көшөкөр мүнөзүн, алсыз сапаттарына мыскыл менен карап, орой тамашалап, жүдөтүп ийген көрүнөт.
Лермонтовдун Мартынов менен болгон дуэлине башкалардан мурда акындын өзү күнөөлүү экенинде да талаш жок. Акынды жөн эле актай да албайбыз. Бирок, ал ошол күнөөсүн түшүнүп, Мартыновду атпай, көктү карай атып жатпайбы. А Мартынов пенделик кылган. Өч алгысы келип, кектен жана ызадан улам, кулагына эч нерсе угулбай, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган.
Лермонтов адам катары, офицер катары идеалдуу эмес. Бирок акын катары андан үйрөнө турган көп нерселер бар.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, 08.02.2023


