“Ашкана” ырларынын даамы жана даны

Махабат Касеинованын “Аалам сыйган ашканасы” – кадыресе такшалып, бышып жетилген акындын китеби болуптур. Андагы ырлар анын авторунун поэзия дүйнөсүндө өз жолун чапкан, өз үнүн, өз стилин тапкан, өз көркөм дүйнөсүн жараткан, дүйнөгө карата өзүнүн көз карашы бар таланттуу калемгер экенин тастыктап турат.

“Аалам сыйган ашкана” – тирүүлүктүн түбөлүктүүлүгүн жана поэзиянын өлбөстүгүн, ыр “ашканада” да жазыла бере тургандыгын далилдеген акындын ыр китеби болгону менен да баалуу.

“Ашкананын” лирикалык каарманы – жашоонун бардык ачуу-таттуусун башынан кечирип, ысык-суугуна тотугуп, башка түшкөн бардык кыйынчылыктарды үндөбөй чыдап көтөрүп, акыры турмуштан өз ордун таап, сүйүктүү жар, балдардын сүйкүмдүү апасы, абысындарынын жан сырдашы боло алган эрки күчтүү аялзаты. Ал эч качан күнүмдүк түйшүктөн качпайт, тескерисинче андан рахат алат, андан жашоонун маңызын көрөт, жашоону сүйөт, түйшүктөнөт, ошол эле учурда акын катары изденет. Турмуштун толгон токой түйшүгүнө акындын жана аялзатынын, эненин көзү менен карайт. “Ашкананын” тузу мына ушунда.

Акын кызыбыздын ырынын ар бир сабынан адам катары баскан жолу, акындык тагдыры ташка тамга баскандай көрүнүп турат.

“…ашкана”:

* * *

Ишенем эми өкүнүч болбосуна,
ичимден тилейм Кудай колдошун да.
«Татыктуу алып кет» деп мындан ары,
тапшырам тагдырымды жолдошума.

Абысын-ажын болор сырдашарым,
а чыны, билгендерге бир казалмын.
Кыргызга атым, мейли, чыкпаса да,
кызыма окуп берер ыр жазармын, – деген эки сабак ыр менен башталган. Бул ыр турмуштан өз ордун таап аялзаты катары бактысын таткан жана ошол бактысынан, үй-бүлөлүк ыйык коломтосунан жашоо философиясын издеген акындын ыры болгону менен жышааналуу.

Адатта, акындар өз бактысын сырттан, алыстан издешет, тоо кийик сыяктуу алыскы тоонун чөбүн эӊсешет. Абстрактуу ойлонушат, турмушка ашпаган нерселерди кыялданышат. Чыныгы турмуштан алыс кыял менен жашашат.

А акын Махабат Касеинованын лирикалык каарманы болсо өз турмушуна эч качан өкүнбөйт, тескерисинче тагдырын жолдошуна тапшырып, ичинен Кудайдын колдошун тилейт. Бул кыргыз аялына мүнөздүү нерсе.

Кыргызда абысын таттуу болсо аш көп деген кеп бар. Демек, абысын-ажыны да жакшы чыккан. Ага атак да, даӊк да, ат да өтө маанилүү эмес. Лирикалык каарманга үй-бүлө, бала, адамзатынын тукумун үзбөй улоо өтө маанилүү. Анткени, Жараткан мындай улуу жаратмандык касиетти аялзатына гана берген. Муну ал жакшы түшүнөт.

Лирикалык каарман үй-бүлөлүк турмушту, үй-бүлөлүк баалуулукту баарынан жогору коет. Ошол эле учурда ал поэзияны эч убакта эсинен чыгарбайт. “…Кызыма окуп берер ыр жазармын” деген сап – лирикалык каарман үчүн бала анын бир канаты болсо, поэзия да аны менен ажырагыс экенин ачыктан ачык көрсөтүп турат. Ал экөөн бирдей көрөт.

Демек, Махабат Касеинованын лирикалык каарманы аркылуу өзүнүн акындык тагдырын, аялзаты катары эне болуу бактысын, үй-бүлө анүчүн баарынан жогору турарын жаап-жашырбай, кымырынып-кымсынбай ачык айткан десек болот.

“Аалам сыйган ашканада” үй-бүлөлүк баалуулук, аялзатынын үй-бүлөдөгү орду, куттуу очоктун ээси болуу озуйпасы, аялзатынын эне болуу бактысынан өйдө бакыт жок деген ой ыр жыйнактын башынан аягына чейин кызыл сызык менен өткөнү да ыр жыйнактын салмагын арттырып, ага тереӊ философиялуу маӊыз, мазмун берип, анын авторун көккө көкөлөтүп, Алыкул Осмонов, Сүйүнбай Эралиев, Турар Кожомбердиевге окшогон классик акындардын катарына коет.

Болгону эки сабак ыр болгону менен бул ыр тереӊ философиялуу мааниге ээ. Мындай ырды ар бир эле акын жаза албайт. Ар бир эле жазмакер “ашканадан” өзүнүн бактысын – акындык тагдырын, адамдык тагдырын көрө албайт. Бул оӊой-олтоӊ нерсе эмес.

Жер Жер болуп жаралганы, адам адам болуп жер үстүндөгү акыл-эстин ээси болгону эӊ башкы баалуулук – бул үй-бүлө баалуулугу. Коомдун башаты, мамлекеттин пайдубалы – бул үй-бүлө. Ансыз жашоонун өзү маңызсыз. Өз кезегинде үй-бүлө эркек менен аялдын ортосундагы сүйүү, же бири-бирин түшүнүшүү мамилелеринен турат. Үй-бүлөнүн түркүгү – ата-эне жана бала.

* * *

Сынашабы коңшу-колоң, ким билет?
Сырттан карап, коомай көзүн тигишет.
Бул колдорум калем кармап ыр жазган,
күл чыгарып, от жакканды билишет.

Апам жагып, биз турганча үй ысып,
анда бизге оюн эле эң кызык.
Жашап келем, эми мен да балам деп,
жашап келем, түйшүк тартып, тырмышып.

Көөдөнүмдө көбү билбес кош санаа,
жан дүйнөмдө ыр жазбасам бош калам.
Апам мен дейт, а мен таңдан ойгонуп,
кызым үшүп калбасын деп от жагам…

Махабат Касеинованын лирикалык каарманы үчүн үй-бүлө, энелик мээрим, бала төрөп, адамзаттын тукум өстүрүп, тирүүлүктүн учугун андан ары улоо баарынан баалуу. Энеге баладан өткөн бакыт, баладан кымбат эч нерсе жок. Энелик мээрим – табияттын аялзатына гана арналуу берген касиети. Ар бир эне табияттан берилген улуу жаратман касиетти баарынан жогору коет. Эне ким болбосун, мейли коомдук ишмерби, мейли мамлекеттик кызматчыбы, ал үйүнө келгенде – аял жана эне. Эгер ал акын болсо, Махабаттын лирикалык каарманы сыяктуу ыр жазган колдору менен күл чыгарат. От жагат. Ал муну кемсинүү же ашыкча жүк катары көрбөйт, ал өзүнүн коомдогу бул абалын өзүнүн энелик милдети деп билет. Ал ошондон рахат алат, бакыт табат. Бардык эне баласы үчүн жашайт, бардык эне кызым үшүп калбасын деп от жагат, күл чыгарат. Бул жашоонун мыйзамы. Жашоонун бул мыйзамынан бийик, жашоонун бул мыйзамынан улук, ыйык эч нерсе жок. Тирүүлүктүн бул мыйзамынан эч ким качып кете албайт. Бул мыйзам аткарылбай калган күнү анда жашоо токтойт.

Акын Турар Кожомбердиевдин “Эне жана коломто” ыры эсиӊиздедир:

Мейли кышта, бурганактын шаңында,
мейли күздө, мейли жаздын таңында,
коломтону элестетсем энекем,
күйпөлөктөп отургансыйт жанында.

Куурай терип, тезек терип жакканы,
камданчубуз казанга нан жапканы.
Эмнегедир от биздики дечүмүн –
апамдардын өздөрү ойлоп тапканы.

Казан шуулдап, түбү көөлүү карарган,
от күчөөчү коломтого таралган.
Эмнегедир от бир буюм сезилчү,
апакемдин колдорунан жаралган.

Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси,
малчылардын күнгө күйгөн денеси…
А мен отту бир туугандай сезчүмүн –
апам болчу анын дагы энеси.

Тиштеримде карсылдап тоо ышкыны,
атам мага мингизчү көк быштыны.
Тентек кылсам дүңкүлдөтчү жонумду,
апакемдин нандай жумшак муштуму.

Көмөч ысык. Оф! Фу! Кантем, калакай!
Коломтого топтой ыргып малакай,
энем кайра алып көрүп колуна,
айтчу мага: “Ай тентек ай, жалакай!”

Көп жемишти өлүм күүдү добулдай.
Сагыныштык көптөн бери чогулбай.
Кайда кеттиң баарыбызды унутуп?
Өрмөктөрүң күтүп калды согулбай.

Уктап жатпа, адетиңдир тук этмей?
Жымжырт. Жоопсуз. Кузгун дагы кук этпей.
Сен сурасаң, үзүп алып очоктон,
күйгөн отту сунаар элем букеттей!

…Мейли кышта бурганактын шаңында
мейли күздө, мейли жаздын таңында,
коломтону элестетсем энекем,
күйпөлөктөп отургансыйт жанында.

Махабат Касеинованын жогоруда биз мисал келтирген ыры Турар Кожомбердиевдин “Эне жана коломтосуна” эӊ сонун жооп болгон. Акын кызыбыз өзү да эне катары эне жана коломтонун бири-биринен ажырагыстыгынын сырын, философиясын эӊ жөнөкөй жана түшүнүктүү чечмелеп берген. Турардын “Эне жана коломтосу” канчалык кайталангыс, шедевр ыр болсо, Махабаттын бул ыры да дал ошончолук кайталангыс.

Махабаттын каармандары “…жакшы акындын катарын” эмес, “…жакшы аялдын катарын” толуктаганына тобо кылат. Ал мына ушуну менен аялзатынын жаратман күчүн даӊазалап, анын адам жаратуучу, үй-бүлөнүн коломтосун, коомдун уӊгусун, мамлекеттин түркүгүн сактоочу күчүн жана касиетин даӊазалайт. Ошол эле учурда “Уурдап кетпей кимдир бирөө бактымды, / Узак болсо экен ушул сапарым” алда нерседен коогалап, чочулайт да. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Аялдык бактыны, үй-бүлөлүк очоктун жылуулугун өмүр бою өчүрбөй сактап калуу оӊой-олтоӊ нерсе эмес. Бул үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнөн эркти, туруктуулукту талап кылат. Акындын “Аалам сыйган ашканадагы” ырлардын жаратмандык күчү мына ушунда.

“Аалам сыйган ашкана” болгону 3 басма табак – 48 бет. 48 бетке 40тын тегерегиндеги ырлар жарыяланган. Чындыгында эле ааламды өзүнө сыйдырган “Ашкана” ырларында эч бир ашыкча ыр жок. Баары өз ордунда. Ар бир ырдын көтөргөн жүгү бар. Ар бир ырында ой бар, жан бар. Ар бир ырындагы ой жаӊы. Эч кимди кайталабайт, окуган сайын суутатат, чаӊкатат, андан ары окурманды өзүнө тартат.

Ырлардын тематикасы ар түрдүү: үй-бүлө, мекен, өмүр, жашоо, балага болгон энелик мээрим, ишеним, үмүт, жарык, мезгил, кусалык, таарыныч, өкүт ж.б. айтор тирүүлүктүн ташын эмнелер тегеретип турса, ошонун баары камтылган.

Акындын “Ашканасы” жөн ашкана эмес. Ал ааламды алаканына салып, андагы аялзатынын ордун издеген, аялзатынын тагдыры, акын тагдыры тууралуу ойлогон, аялзатынын бактысы, үй-бүлөлүк бакты эмне деген суроолорго жооп издеген “ашкана”. Ал сыйкырлуу “ашкана”. “Ашканадагы” лирикалык каарман да жөн аялзаты эмес, ал Чеховду окуган, турмуштун ачуу-таттуусу, оош-кыйышы тууралуу ой карыткан, бирде сүйүнгөн, бирде күйүнгөн акын. 

ЧЕХОВДУ ОКУП ОЛТУРАМ

Көркөмүн ойдун издөөгө,
көк асман беттеп кол сунам.
Башка ишим деле толтура,
Чеховду окуп олтурам.

Кошунам келдиң кечте сен,
баягы сөзүң бүтпөгөн.
Кыжаалат боло карадым,
кыжырга толгон жүз менен.

Анымды деле байкабай,
айтасың турмуш жарышын.
Кайнене келин кармашын,
абысындардын чабышын…

Балдардын камы, нан-чайы,
коңшумдун сөзү кайдагы.
Чеховду окуп олтургам,
калтырдым экен кайда аны?

Ансайын тилим күрмөлө,
айткым бар эми бирдеме.
Айтсаң айт Чехов тууралуу,
айтпасаң, анда сүйлөбө!

Күттүрүп көпкө саргайтып,
көктө бир жылдыз жангансып,
Чеховду окуп олтурам,
башка ишим бүтүп калгансып…

А эмне үчүн ал Чеховду окуйт? Китептин аталышы “Ашкана” делип символикалуу аталгандай, Чехов да символикалуу. Антон Чеховдун: “адамда баары сулуу болушу керек. Жүзү, кийими, жан дүйнөсү, эң негизгиси, ойлору…” деп айтканы бар. Лирикалык каармандын Чеховду окуп отурганынын сыры ушунда. Анткени, лирикалык каарман да жан дүйнөсү, ойлору сулуу болушун каалайт. Ага бу дүйнөнүн майда-бараттары, ушак-айыӊы, күбүр-шыбыры маанилүү эмес. “Адамда баары сулуу болушу керек”… Бул жашоонун маӊызы ушунда.

Махабат Касеинованын лирикалык каарманы мына ушундай жан дүйнөсү аялуу, жүрөгү жаралуу жан. Ал иралды адамгерчиликти, аруулукту, баеолукту, тазалыкты баарынан жогору коет. Ушул өӊүттөн алганда, акын кызыбыздын ырлары бири-бири менен логикалык жактан ырааттуу бир бүтүндүктү түзүп, адамдык асыл касиеттерди ыйык тутат десек болот.

* * *

Ушул чөйрө, уңгу сөздө маани жок,
уккан ушак, салыштыруу тажатты.
Ишеничим бирок дале өчпөдү,
издеп барам суусу мөлтүр башатты.

А чынында булар мага керекпи?
Бирөөлөрдүн нанды кандай жапканы,
бирөөлөрдүн уйду кандай сааганы,
бирөөлөрдүн күндө күмүш тапканы.

Көмүскөдө көңүл бугун кыңылдап,
көр оокатты улап кеттим дапдаяр.
Турмуш болсо кулагыма шыбырайт,
калем алба, камыр жайчу тактай ал!

Жайбаракат күн кечирип эрте-кеч,
жашасаң да өмүр өтүп бир кылым.
Алып-учкан кыялыңды токтотчу,
акындыгың алар үчүн бир тыйын.

Көз жиберип алыс-алыс жактарга,
көрүнгөнгө ага берчү жаш кайда?..
Ызалыкты алмаштырып күлкүгө,
ыр чиймеле камыр жайчу тактайга.

Бардык мезгилдерде эле коом идеалдуу боло берген эмес. Улуу, уӊгулуу идеялар менен катар пенделик маанисиз, өөдүк-сөөдүк кептер, ыпыр-сыпыр ушак-айыӊдар айтыла берет, майда-барат пенделик мамилелер өкүм сүрөт. Андай нерселерден эч кайда кача албайбыз. Өз коомуна болгон нааразычылыктар акындар тарабынан айтыла келген.

Орустун улуу акыны Михаил Лермонтов да: “Дума” аттуу ырында:

Печально я гляжу на наше поколенье!
Его грядущее — иль пусто, иль темно,
Меж тем, под бременем познанья и сомненья,
В бездействии состарится оно.

Богаты мы, едва из колыбели,
Ошибками отцов и поздним их умом,
И жизнь уж нас томит, как ровный путь без цели,
Как пир на празднике чужом.

К добру и злу постыдно равнодушны,
В начале поприща мы вянем без борьбы;
Перед опасностью позорно малодушны
И перед властию — презренные рабы.

Так тощий плод, до времени созрелый,
Ни вкуса нашего не радуя, ни глаз,
Висит между цветов, пришлец осиротелый,
И час их красоты — его паденья час!

Мы иссушили ум наукою бесплодной,
Тая завистливо от ближних и друзей
Надежды лучшие и голос благородный
Неверием осмеянных страстей.

Едва касались мы до чаши наслажденья,
Но юных сил мы тем не сберегли;
Из каждой радости, бояся пресыщенья,
Мы лучший сок навеки извлекли.

Мечты поэзии, создания искусства
Восторгом сладостным наш ум не шевелят;
Мы жадно бережем в груди остаток чувства —
Зарытый скупостью и бесполезный клад.

И ненавидим мы, и любим мы случайно,
Ничем не жертвуя ни злобе, ни любви,
И царствует в душе какой-то холод тайный,
Когда огонь кипит в крови.

И предков скучны нам роскошные забавы,
Их добросовестный, ребяческий разврат;
И к гробу мы спешим без счастья и без славы,
Глядя насмешливо назад.

Толпой угрюмою и скоро позабытой
Над миром мы пройдем без шума и следа,
Не бросивши векам ни мысли плодовитой,
Ни гением начатого труда.

И прах наш, с строгостью судьи и гражданина,
Потомок оскорбит презрительным стихом,
Насмешкой горькою обманутого сына
Над промотавшимся отцом. – деп жазган.

1838 г.

Арадан 200 жылга чукул убакыт өткөндөн кийин да Махабат “бирөөлөрдүн уйду кандай сааганы, / бирөөлөрдүн күндө күмүш тапканы” мага канчалык зарыл деп ой толготот.

Бүгүн ар бир экинчи киши саясатты сүйлөйт, ар бир үчүнчү киши байларга сынтагат. Арийне, саясатты сүйлөп, ким бирөөгө нааразы болгондон, бирөөгө сынтаккандан эч кимибиздин курсагыбыз тоюнуп, бардар жашап калбайбыз, тескерисинче нерв коройт, кыжалат болобуз, барып-келип өзүбүздүн эле жүрөгүбүзгө, ден соолугубузга зыян. Бир сөз менен айтканда, эч кандай пайда жок. Башкаларга сынтагып, сын айткандан көрө, акын болсо, камыр жайчу тактайдын бетине ыр жазып, эгер дыйкан болсо, эрте күндү кеч кылбай талаага барып, дыӊды бузуп, жер айдап ар ким өз тирлигин кылганы оӊ. Махабат бизди ошого чакырат. Себеби, анын лирикалык каарманы жакшы билет: “акындыгың алар үчүн бир тыйын”. Андай болгон соӊ, адам өзүнө гана ишениши керек. Өзүнөн гана үмүт кылганы оӊ. Бүгүнкү күндүн чыркыраган чындыгы ошол. Аттигиниң десең М.Лермонтов жашаган мезгилде баары башкача болгон. Мезгил да, жашаган коомдук түзүлүшү да, башкаруу системасы да башкача эле. Лермонтовдо жаӊы муундун тагдыры, коомдун кайдыгерлиги жана эгоизми жөнүндө сөз болуп жатат.

Эки башка мезгил, эки башка акын, эки автордун эки башка ырында деле эки башка ой камтылып, эки башка ой айтылып жаткандай. Бирок эки башка мезгилдеги эки акынды бириктирип турган нерсе – бул санаркоо. Коомго, улуу-кичүү муундун тагдырына болгон убайым.

Махабатта пессимисттик маанайдагы ырлар да аз эмес. Анын баары жашоо, турмуш, адамдык мамилелерден улам жаралган ырлар. Бул ырлар маанайдын ырлары. Жасалма сезимдер, ойдон эле токулган ырлар эмес. Албетте, мындай ырлар да керек. Андай ырларга тыюу да сала албайсыӊ. Адам көӊүлү чөгүп турганда, ошол маанайлар ак баракка чийилип калганы да дурус.

* * *

Бир кат жаздым, пенделерге байыркы,
бир кат күтөм пенделерден азыркы.
Дүйнө мени алыс сапар узатаар,
алып колдон кармап турган жарыкты.

Мага деген татым суудан кошо ууртап,
мага айтылган сөздүн угуп далайын,
жүрөгүмдө түпөйүл ой, адамдар,
дүйнөсү тынч болор бекен баламдын?!..

Кол салышты мага, мендик дүйнөмө,
кандай кылам, жашап келем үндөбөй.
Бир таарыныч чөнтөгүндө күрмөмдүн,
бир таарыныч кошо кетет мүрзөмө.

Оңой бекен өлүмдү ойлоп жашаган?
Оор дечи. Сүйөм, ушул жарыкты.
Бир кат алдым пенделерден байыркы,
бир кат күтөм, пенделерден азыркы…

Акындын лирикалык каарманы кимдерге кат жазгысы келет, кимдерден кат күтөт? Сөз кандай таарыныч, кимге таарынычы жөнүндө болуп жатат? Эмнеге баласынын “дүйнөсү тынч болор бекен?” деп түпөйүл тартат? Албетте, бул суроолорго жооп издесек, өзүбүздүн жообубузду айтсак болмок. Бирок бул суроолорго ар бир окурман өзү жооп бергени оӊ. Ал мына ошондо акындын жүрөгүн түпөйүл кылган пессимисттик ойлорду түшүнө алат.

* * *

Көпкө кийдим, көйнөгүм да эскирди.
Көргүм келбейт бул күндөрү эч кимди.
Карегимде оту барын кусанын
кимдер билди? Ким билсе да кеч билди.

Уйкусурап атат азыр ак таңым,
уйкусурайт иш кылганым, басканым.
Үйүм күңүрт, күүгүм тартса айлана
үргүлөөнүн үлгүсүндөй ак шамым.

Күмөн ойлор үмүтүмдү кыскартып,
күндөн-күнгө өңүм барат суз тартып.
Жүрөгүмдөн, тыз эттирип миң ирет,
чыгат азыр салмагы оор туз калкып.

Кадимкидей күлүп тосуп күзүмдү,
баштагыдай жаркыса дейм жүзүмдү.
Көктү жиреп баскан кездер каякта?
Жер бетинен таппай жүрөм изимди…

Жашоо бул айталааны жөн салды кезип басып өткөндөй нерсе эмес. Адам ойлор менен, идеялар, алдыга койгон максат, үмүт-тилектер менен жашайт. Күмөн ойлор үмүттү кыскарткан күндөр болот, үйүӊ күӊүрт тартып, айланаӊ күүгүмдөнөт, жол да көрүнбөй калган учурлар да кездешет. Мына ошондой убактарда кийген көйнөгүӊ да эскирет, эч кимди көргүӊ келбейт. Бирок кандай болгондо да өзүӊдү жана өзүӊдөн калган изди жер бетинен издей бересиӊ. Адамдын адамдык касиети мына ушундайда билинет. Адамдын жашоо философиясынын маӊызы балким мына ушунда жүрбөсүн?

“Аалам сыйган ашкана” чындыгында эле ааламды өзүнө сыйдырган ыр китеп болуптур. Улуттук поэзиябызга тереӊ философиялык мазмунга ээ ырларды жазган, эч кимди кайталабаган, эч кимге окшобогон Махабат Касеинова деген калыптанган, такшалган, таланттуу акын келип кошулуптур. Кошулганда да кыргыз ырын, анын ичинде кыздар поэзиясын бир тепкичке көтөрүп салган десек эч жаӊылышпайбыз. Махабаттын өзгөчөлүгү анын ойлору жыйнактуу, ырааттуу. Ар бир ыры тереӊ философияга ээ. Ашыкча эмоцияга да, акын кыздарга мүнөздүү сыр жашырбастык да жок. Баары сыр болуп катылып, ар бир саптын, ар бир сабак ырдын артынан сени тиктеп турат.

Ааламды “ашканага” сыйдырган акындан жаңы чыгармаларды күтөбүз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, 25.08.2025-ж.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.