Жоробек СУЛТАНАЛИЕВ

 

1932-жылы Талас шаарында туулган. Фрунзе шаарындагы №5-кыргыз орто мектебин бүтүрөрү менен Москва шаарындагы Түстүү металлдар институтунда окуган.

Беш ырлар жыйнагынын автору. 1987-жылы дүйнөдөн кайткан.

 

Жоробек Султаналиев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

“Кайран Жоробек, айран Жоробек…”

Жоробек СУЛТАНАЛИЕВ: «Бир акын бар элине али белгисиз…»

 

Ырлары

БАР…

Бир чырпык бар – байтерекке бергисиз,
Бир акын бар элине али белгисиз!..
Бир жылдыз бар көрүнбөгөн карекке,
Жүз миллион күндүн табы жеңгисиз!..

Бир чындык бар – жомок кууп жетпеген,
Бир кунан бар – күлүктөрдү тепсеген!..
Бир гений бар – алачыкта жашаган –
Айбанды да чекесинен чертпеген!..

Бир булак бар – пайдалуураак дайрадан!..
Бир булбул бар – бир күндө отуз сайраган…
Бир жигит бар – теңдик үчүн, эл үчүн
Кыйнап жанын, кызыл чокту кармаган!..

 

КОШ, ВИНО!

Кош, вино, кошкун, вино, эми сендик
Боло албайт, менин өпкө, жүрөктөрүм.
Ичүүнү сени эсептеп жүрүп эрдик
Өбүлбөй калды далай чүрөктөрүм.

Максаттар, койгон алга калып артта,
Мас кылып, кеттиң таштап, өзүмдү артка.
Гүлгүн жаш, жыйырма беште болсом дагы,
Карачы, турат өңүм окшоп картка.

Өлүмдөн коркуп сени ичкем далай,
Өлбөстүк сенде го деп билбей самай.
Күнү-түн ичсем дагы бирок сени,
Кеткен жок, бир мүнөтүм артты карай.

Бүгүндөн баштап сени көрөмүн жек!
Жүрөктө уюлгуган сен үчүн кек.
Сени ичип, көр алдында жаткычакты, –
Күрөшүп, жер үстүндө жүргөнүм эп!..

 

АТА МЕКЕНИМ

Чоң дайра болсоң шар аккан,
Мен болом сенин бир тамчың.
Тышкаары сүйөм адаттан,
Ишенгин, сендик кан-жаным.

Көп иштер башка түшкөндө,
Көлөкөң мага дем берет.
Капыстан калсам кайгырып,
Кубатың мени терметет.

Тузуңду сенин акташка,
Турамын болуп сакчың мен…
Келсе да кырсык жаш башка,
Үмүтүм өчпөс жалгыз сен!..

 

*   *   *

Көздөрүң жылдыз нур чачып,
Кыйноого салат күнөөсүз.
Сөздөрүң ырдай уйкашып,
Шарт күлкүң чыгат сүрөөсүз.

Жооп бер, жаным, эртерээк,
Жонумдан терим акпасын.
Сенсиз мен көзсүз темселеп,
Түшкөнү ойго жаш башым.

Жүрөгүм сенин колуңда,
Өзүң бил тепсеп таштасаң.
Бир жалгыз сенсиң оюмда,
Касыңдай мени какпасаң.

Бир күч бар сенде сыйкырдуу,
Акындын тарткан жүрөгүн.
Ашыгым болчу бир сырдуу,
Ардактап сүйүп жүрөйүн.

Түн күбө, бездим уйкумдан,
Көзүмдөн жашым агылып.
Кадыркеч ая азыраак,
Калбайын кокус жарылып.

 

*   *   *

Күлүктөр бар алиге чабыла элек!
Кымбат кен бар алиге табыла элек,
Жүрөктөр бар, күнөөсүз, жеткен назик,
Күн туш келип аарыга чагыла элек.

Ордендер бар жасалып жаңы бүткөн,
Ардакталып төштөргө тагыла элек.
Шиберлер бар баш жагын шамал ыргап,
Төмөн жагы бир жолу чабыла элек.

Адамдар бар кармашкан теңдик үчүн –
Атак-даңкы ааламга жаңыра элек!..
Таланттар бар «Ураалар!» күтүп турган,
Гений сөз бар, адамдар окуша элек.

Бир тамчы бар, баалуураак киргил суудан,
Күлүктөр бар, жигиттер токуша элек…

 

АРМАН ЖОК

(Балама)

Бир жериң ооруп чый этсең,
Билесиң менде дарман жок!
Болгонуң көрүп мен жигит,
Болду анан өлсөм арман жок.

Жалбырттап этиң ысыса,
Жар болчу сага аргам жок.
Жаштарча шайыр сен күлүп,
Жалп этсем анан арман жок!

Күн сайын мени коркутуп,
Кырылдап жатсаң айлам жок.
Күнөскө өзүң бир чыгып,
Күбүлсөм анан арман жок!

Өчөшүп оору касыңдай,
Өпкөлөп жатсаң пайдам жок!
Өзүңдүн көрүп балаңды,
Өлсөм мен анан арман жок!

Жүргөнү жатсаң сапарга,
Сүйүнүп жаным калган жок.
Өпкөндө селки жүзүңөн,
Өлсөм мен анан арман жок!

 

*   *   *

Тойбойм сенин татынакай күлкүңө,
Канбайм такыр кереметтүү ойнуңа.
Күндө кирип ойлонтосуң түшүмө,
Келчи, жаным, көтөрөйүн мойнума.

Каалап сени сүйүп калдым арман жок,
Күнөөлөсөң өзүң билгин ал үчүн.
Кубандырчы, жүрөгүмө салбай чок,
Жок дегенде кымбат асыл жан үчүн.

Ырдап сени түгөтө албайм эч качан,
Ырдабаска андан бетер чарам жок.
Дайра болуп улуу тоодон ташысам,
Токтотчу аны сенден башка адам жок.

Туура келип жетүү сага тагдыры,
Турсам күлүп жылдыздарга кол берип.
Жана унутуп туманданткан кайгыны,
Кылымдарга урсам чабак, бой керип.

 

ЖЕР

(Урпактарга кайрылуу)

Сен бизге көрүнөсүң бек чемодан,
Үстүндө түрдүү жемиш, тамагы бар.
Адам да, айбан дагы, канаттуу куш,

Бир татса, көпкө чейин жаны эс алар.
Эч ким жок бирок сени көтөрө алар?
Дүйнөгө да сен жеткис көздөр келип,
Таң калып, жылдызыңды нечен караар.
Жүзүнөн жаңы ашыктын мурдагыдай,
Зуу этип, сылап өтөр назик шамал.
Эми биз, жашап өттүк датыбыз жок.
Көбөйсүн биз калтырып кеткен салттар,
Жашасын жер бетинде адам – адал.
Калтырдык биз урпактар сага жерди;

Казгыла биз каза албай кеткен кенди.
Калтаарбай, кайрат менен иштегиле,
Камбылдай кайра агызып чеке терди…
Кара көз, камбыл жигит жоону тосор!
Кайсыл сөз, калды айтылбай айтчы деги?

Бир гана калса керек айтылбастан:
Кастыкка бербегиле ушул жерди!
Акылдуу жашагыла, иштегиле,
Уятка калтырбастан өткөн элди!..

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.