Абдыганы ЭРКЕБАЕВ: «Эгемендик мезгилиндеги кыргыз адабиятына кыскача сереп»

Жан сырым

Совет доорунда бала чактан мектепте мыкты окуп, жазган алгачкы кабар, макалаларым Алай райондук “Күжүрмөн эмгек” жана республикалык “Кыргызстан пионери”, “Ленинчил жаш” газеталарына жарыяланды. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик (азыркы Улуттук) университетинин филология факультетине өткөн соң да үлгүлүү окуп, жогорку окуу жайдын катардагы мугалиминин айлыгындай стипендия алып, 2-курстан тартып адабий-сын макалаларым, рецензияларым “Ленинчил жаш”, “Кыргызстан маданияты” газеталарына, “Ала-Тоо” журналына, Москванын “Литературное обозрение” журналына басылып, окурмандар журтуна жана адабий чөйрөгө бат таанылгам. Анын башкы себеби – жаштык курчтук, билим, илимге эртелеп умтулгандык, адабиятты, көркөм өнөрдү, асылдык жөнүндөгү илимди – эстетиканы сүйгөндүк болчу. Ошону менен катар тарых, философия жана психология илимдери да өзүнө тартчу. Ошондо мени өкүнткөн нерсе – кыргыз тили жана адабияты адистигинде окусак да байыркы жана орто кылымдардагы түрк жазуусу жана адабияты, XIX–XX кылым башындагы жазгыч акындар, 1918–1924-жылдардагы кыргыз акын-жазуучулары жөнүндө жарытылуу маалымат беришпей, аларды динчил, реакциячыл жана улутчул-буржуазиячыл деп айтып, адабият тарыхын 1924-жылы 7-ноябрда “Эркин-Тоо” газетасы чыгып, анда А. Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” деген ыры жарыялангандан башташчу. Анан да орус жана чет элдер адабияты тууралуу чөп башылап гана айтышчу, чыгыш адабияты таптакыр окутулчу эмес. Мен ушуларга нааразы болуп, эки-үч курдай агай-эжекелерге тике суроо берип, аларды беймаза кылган, өзүм жаман көрүнгөн учурларым болгон.

Эгер эртелеп илимий даража алгым келсе студент учурдагы кыргыз адабияты боюнча жарыялаган 5–6 басма табак көлөмүндөгү сын макалаларымды кураштырып диссертация жактап алсам оңой болмок. Бирок мен башка, накта, татаал илимий жолду тандадым: Москвага СССР Илимдер академиясынын М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунда эки жыл үйрөнчүк изилдөөчү (стажер), үч жыл аспирант болуп, СССРдеги эң көрүнүктүү адабиятчылардан таалим алып, акын-жазуучулар менен таанышып, убактымдын баарын китепканаларга жана Москвага танапташ (азыр шаарга кошулуп кеткен) Химки шаарындагы архивге барып жүрүп Орхон-Енисей доорунан 1930-жылдардын аягына чейинки түрк, кыргыз оозеки жана жазма эстеликтерин, газета-журналдарын, китептерин кайра карап, талдап, изилдеп, араб жана латын арибинен кириллицага оодарып, орус тилинде кандидаттык диссертация жазгам.

Аны москвалык көрүнүктүү окумуштуулар, илимий оппонент болушкан өзбекстандык профессор Э. Каримов, өзүбүздүн кашкөй адабиятчы, сынчыбыз бейиши болгур С. Жигитов агайым, устатым докторлук иш катары баалашкан. Москвада жүргөн жылдарымда айрым макала, рецензияларым “Вопросы литературы”, “Дружба народов” журналдарына жарыяланган. Кийинчерээк саясий жана мамлекеттик чоң жетекчи кызматтарда жүргөнүмдө убакыт таап диссертациямды дагы да тереңдетип, кеңейтип, толуктап “Кыргыз адабият тарыхынын аз изилденген барактары” деген ат менен адегенде орус, анан кыргыз тилинде демөөрчүлөрдүн жардамына таянып жарыялагам. Анда байыркы жазма эстеликтер, Ж. Баласагындын “Кут билим”, орто кылымдардагы өтүмүштүү акын, сынчылар, XIX–XX кылымдардагы Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, О. Сыдыков, басма адабиятыбыздын көч башчылары С. Карачев, К. Тыныстанов, С. Нааматов, Ш. Көкөнов ж.б. чыгармачылыгы камтылган.

Экинчи олуттуу изилдөөм кыргыз жазма прозасы 1920-жылдары адегенде макала, жанытма, анан аңгеме, баян (повесть) аталган чакан жана орто жанрлардан башталып, 1930-жылдардын экинчи жарымында роман жанрына өткөнүн (“Узак жол”, “Темир”, “Кең-Суу”, “Каныбек”), 1940–1950-жылдары кадыресе калыптанып, телчигип, бийик деңгээлге көтөрүлгөнүн, эл аралык аренага чыкканын структуралык жана стилистикалык деңгээлде негиздүү талдоолор (бизде, тилекке каршы, андай болбой, көбүнчө үстүрт сыпаттоо, санактоо орун алып келген эле) жана дүйнөлүк (батыш-чыгыш) романдар менен салыштыруу аркылуу ишке ашырылган. Көп жылдык кылдат иликтөөлөрдүн, зарыл салыштыруулардын жемиши болгон ушул эки эмгек мага дайыма – азыр да – терең каниет берет, сыймык тартуулайт. Булар менин адабият тарыхына арналган изилдөөлөрүм, элимдин маданий мурасын туура, так аңдап билүүгө кошкон салымым.

Ал эми азыркы адабиятка болгон сүйүүм, ал-абалына кызыгуум бир береке өчүп калган жок. Москвада жүргөн жылдарымда да, андан кийин да адабий жараянга, жаңылыктарга такай көз салып, тикелей аралашып, жаштардан тартып аксакалдарга чейинкилердин (Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, Т. Касымбеков, С. Эралиев, С. Жусуев, О. Султанов, М. Байжиев, А. Стамов, К. Акматов ж.б.) чыгармалары туурасында ой-пикирлеримди кыргызча жана орусча (Москванын беделдүү журналдарына) жазып турдум. 1985-жылы СССРде башталган кайра куруу, демократияга өтүү демилгелери мени да арбап, элибиздин эркиндиги, мамлекеттик көз карандысыздыгы үчүн күрөшкө катышууга туура келди. 1990-жылдан тартып чоң саясаттын казанында кайнадым, бирок илимди, адабиятты унутпадым, кичине бош убактым болсо окуп, жазып жаттым, бир канча китеп чыгардым. Алардын баары тең демөөрчүлөрдүн көмөгү менен болду. Атап айканда, эки жыл мурда 70 жашыма байланыштуу чыккан жети китебим, анын ичинде “Адабият дүйнөсүн аңтарып” аттуу кыргызча экөөсү жана “О кыргызской литературе” деген көлөмдүү орусчасы ушунун үзүрү.

Дагы бир китебим “өнөр, илим, тарых тууралуу” деп аталып, көпчүлүк бөлүгүн тарых, анын ичинде “Дүйнөлүк тарых жана кыргыздар цивилизациялык өңүттө” деген изилдөө түзөт. Мен акыркы теманы отуз жылдан бери ойлонуп, керектүү булактарды жана китептерди окуп, даярданып жүргөм. Максатым элибиздин тарыхы менен маданиятын байыртадан тартып азыркысына чейин дүйнөлүк алкакта карап, аягына чыгаруу эле. Ага дагы бир топ жыл кетмек. Анан ортодо күтүүсүз өзгөрүү, аргасыз тыныгуу болду. Өткөн жылдын март айынын башында курбум, менден бир курс төмөн окуган Тынчтыкбек Нурманбетов жолугуп, өзүнүн “Ыр дөөлөт” аталган чоң томдук китебин тартуулап: “Кичине пикир жазып берсеңиз”, – деп калды. Студент кезден теңтуш болгондуктан көңүлүн кыйбай кызыгып окуп чыктым. Жакты. Анан эле Абдиламит Матисаков да чоң бир томдугун инисинен берип жибериптир. Аны да бир дем менен окудум. Ошондо ой келди: мынча болду башкаларды деле окуп көрбөйүнбү? Адабият кандай абалда болду экен? Мындай суроо коюу мен үчүн адамдык да, адабиятчылык да парз эмеспи.

Ошентип, башкалардын китептери менен да тааныша баштадым. Ушул максатта “Нуска” китеп дүкөнүнө үзбөй каттап, Анара эжеден (Т. Самүдүнов агайыбыздын байбичеси, студент, аспирант кезимден бери ушунда иштейт) китеп сатып алып жаттым, жокторун таланттуу санаалаштарым, шакирттерим, С. Алахан, А. Акбаров, А. Медетов алып келип беришти. Кыскасы, бир жарым жылым кыргыз адабиятын окуу менен өттү, философиялык изилдөөм убактынча токтотулду.

Албетте, баарын окуу, түгөл камтуу, баарына жетишүү мүмкүн эмес. Антүүгө мүмкүнчүлүк да, убакыт да жок. Ошондуктан төмөндөгү саптар – илимий-академиялык же нукура сын мүнөздө эмес, көбүнчө жалпы баамды, учкай пикирлерди чагылткан көңүл саптары – эссе сыягында.

Анын алдында дагы бир маанилүү нерсени эскерте кеткеним эп. Мен жаш кезимде немистердин классикалык эстетикасын (Гердер, Лессинг, Гегель, Кант), орустун революциячыл-демократтарынын (Белинский, Чернышевский, Добролюбов, Писарев) жана марксчыл сынчыларынын (Плеханов, Луначарский), алардан олуттуу айырмаланып, өздөрүнчө “формалдуу” мектеп түзүшкөн Шкловский, Тынянов, Эйхенбаум жана өз алдынча өтө терең изилдөөлөрдү жазган М. Бахтиндин эмгектерин окуп тарбиялангам. СССР кыйрагандан кийин мурда буржуазиячыл деп четке кагылган философтор менен адабиятчылардын китептерин, модернист делген акын, жазуучулардын чыгармаларын окууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ушул мааниде мага Л. Толстойдун “Искусство деген эмне?”, Ж. П. Сартрдын “Адабият деген эмне?”, Х. Л. Борхестин “Бүткүл дүйнөлүк китепкана” аттуу классикалык китептери, чет элдик чыгаан жазуучулардын жана адистердин адабият жөнүндө ой жоруулары менен таанышууга туура келди. Бул менин адабиятты кайрадан ачуума, түшүнүктөрүмдү жандантып, тереңдетүүгө кошул-ташыл болду.

Доор оошуп, дүйнө өзгөргөндө

ХХ кылым калкыбызды бир катар оор, кайгылуу окуяларга кептеп, каржалтса да (Үркүн, жарандык согуш, колунда барлардын байлыгын, мүлкүн ортого тартып алып, сүргүнгө айдоо, алдыңкы, көрүнүктүү адамдарды гана эмес катардагы жүргөндөрдүн бир кылкасын “эл душманы”, “улутчул”, “тыңчы”, “социал-туранчыл” деп жазалап-кыруу, экинчи дүйнөлүк согушка тартуу) СССР деп аталган улуу өлкө бизге көп жакшылыктарды кылды. Түркстандын ар кайсы аймактарында (Ходжент, Анжиян, Фергана, Наманган, Олия-Ата, Жети-Суу) чачылып жүргөн элибизди адегенде автономдуу область, анан автономиялык республика, акырында Союздук Республика аталган бир мамлекеттүүлүкө топтоп, баш коштурду, Кытайда качып, тентип ачкачылыкта жүргөндөрүн Мекенине кайтарды, отурукташууга, дыйканчылыкка, жамаатташып жашоого көндүрдү, өнөр жайга үйрөттү, билимге, илимге, маданиятка аралаштырды, СССР элдери менен мамыр-жумур кызматташтырып, тыштагы социалисттик, капиталисттик жана колониялык эзүүдөн кутулуп, өз жолуна зор кыйынчылыктар аркылуу кадамдаган жаш, мурда белгисиз болгон өлкөлөрдү таанууга жол ачты. Өз айылынан, аймагынан чыкпаган кыргыздар эми дүйнөнүн, Ааламдын бөлүнгүс бир бөлүгү, мүчөсү болуп калды.

Мурда бүтүндөй оозеки айтылып, кээде комуз, чоор менен коштолгон сөз өнөрү XIX кылымда анча-мынча жазмага салынып, ХХ кылымдын башында бирин-серин китеп шекилинде чыккан адабиятыбыз Совет доорунда басма түрүнө (газета, журнал, китеп) өттү, коммунисттик (партиялык) идеологиянын куралына айланды, уюштурулуш жагынан Жазуучулар союзу деп аталып, партиялык көзөмөлгө алынды, китептери планга кирип, мамлекеттик камкордукка арзыды, авторлорго калем акы төлөнүп жатты.

Маселен, азыр аты айтылбай, жыты эскерилбеген айрым акын, жазуучулар да жыл сайын бир-эки китеп чыгарып, китептеринин саны элүүдөн ашканы эсимде. Ошол эле кезде жаңы адабиятыбыздын баштоочулары менен классиктери А. Токтомбаев, К. Баялинов, М. Элебаев, Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, Т. Үмөталиев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматовдун чыгармалары 1ден 5 томдукка чейин чыккан, булардын айрымдары Кыргызстандын жана СССРдин ардак наамдарын, мамлекеттик сыйлыктарын алышкан, Ч. Айтматов болсо дүйнөлүк кадыр-баркка жетишкен.

Идеология жагына кайрылсак кыргыз совет адабиятынын башатында турушкан С. Карачев, К. Тыныстанов, Т. Жолдошев, Ш. Көкөнов, С. Наматовдор 1930-жылдардын аягында атылып кетишкен, А. Токомбаев да бир жылдай камакта отурган. Ата Мекендик согушта эң таланттуу акын, жазуучулар М. Элебаев, Ж. Турусбеков, Ж. Жамгырчиев, К. Эсенкожоев эл үчүн жанын кыйышкан, Ж. Бөкөнбаев мекенинде жүрүп автокырсыктан каза тапкан. Аталгандардын алды 30 менен 40тын ортосунда, К. Эсенкожоев бар болгону 21 жашта эле. 1940-жылдардын акырында Т. Байжиев, З. Бектенов, Т. Саманчин “улутчул” деп камалып, Т. Байжиев ал жакта көз жумган.

Согуштан кийин турмуш аз-аздан оңолуп, адабиятыбызга жаңы муундар аралашып, аша таланттуу авторлор союздук жана эл аралык, дүйнөлүк деңгээлге чыга баштаганда келечеги кең, зор үмүт туудурган А. Осмонов 35 жашында, М. Алыбаев 40, Р .Шүкүрбеков менен У. Абдукаимов (“Майдан” романы классика го) 50 жаштын тегерегинде оо дүйнөгө жол тартышкан. Мен жогоруда саналгандардын А. Токомбаевден башкаларын көрбөй, жазгандарын гана окуп калдым.

1970-жылдардын башында адабиятка аралаша баштаганымда партиялык көзөмөл, идеологиялык-саясий айыптоолор өлүмгө айдабаса да мизи кайта элек болчу. Атүгүл дүйнөгө таанылган Ч. Айтматовдун айрым чыгармалары кезинде кызыл чеке талашка түшүп, цензурага кабылган, С. Эралиевдин “Жылдыздарга саякат” поэмасы жана Т. Сыдыкбековдун тил жөнүндө кан какшап айтып, жазгандары, “Көк асаба” романы, К. Жусубалиевдин “Муздак дубалдары”, Т .Касымбековдун “Сынган кылычы”, К. Акматовдун “Мезгили”, М. Байжиевдин “Алыс сапардагы поезд” пьесасы, К. Сактанов менен О. Айтымбетовдун кээ бир жазгандары идеологиялык ур-токмокко алынганы жадымда. Мен бул жазуучулардын айрымдарынын чыгармаларын актап-жактоого, мактоого катышкам.

Анан 1985-жылы СССРде кайра куруу, демократияга умтулуу башталып, акыры 1991-жылы декабрда улуу өлкөнүн бытырап, жок болушу менен аяктады. Башка республикалардын катарында Кыргызстан да өз алдынча, көз карандысыз мамлекет деп жарыяланды. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болду. Ошондон тарта кыргыз адабияты өз эли, өз өлкөсү көргөн күндү көрдү, тагыраак, ачыгыраак айтканда, кубанычтуу да, кайгылуу да, драмалуу да окуяларды баштан өткөрдү.

Эң оболу белгилөөчү жагдай – Кыргызстан демократиялык, нарктык (рынок), укуктук мамлекет курууга бел байлаганына жана Москвадан келчү каржылык-экономикалык жардамдын жоголгонуна байланыштуу элибиз башкасын айтпайлы, нанга жана азык-түлүккө, айлыкка, пенсия, пособиеге зар болуп турганда маданияттын башка тармактары сыяктуу эле адабият ал мамлекеттик кам көрүүдөн, каржылоодон кол жууду. Мындай кылууга Конституция жана коомдук (коммерциялык эмес) уюмдар жөнүндөгү жаңы мыйзам да себепкер болгон эле. Эми чыгармачыл Союздар, адамдар мамлекеттик каржылоодон, партиялык көзөмөлдөн тыш, эркин, көз карандысыз болушу, өздөрүн өздөрү багып, каржылашы, башкарышы кажет болчу. Ошол себептүүбү, жазуучулар Союзу ич ара ыдырап, бир нече топко бирикмеге бөлүнүп кеткен, акын-жазуучулардын калем акысы, китептеринин мамлекет тарабынан чыгарышы токтогон. Ошого карабастан мамлекет, өкмөт айрым бир жеңилдиктерди жасаган. 1992–1993-жылдары өкмөт башчынын орун басары болуп турганымда “Басма сөздү жана көркөм адабиятты мамлекеттик колдоо тууралуу” Президенттин Жарлыгы чыккан, ардагер жана согушка катышкан акын-жазуучуларга президенттик стипендия берилген, мурда партияга караган “Учкун” басмаканасын мамлекетке алып, анын жетекчилигине белгилүү жазуучу жана уюштургуч А. Стамовду дайындаганбыз.

Ошол учурда жана кийинчерээк Т. Сыдыкбеков, С. Эралиев, С. Жусуев, Т. Касымбеков, Б. Жакиев, Т .Байзаков, К. Жусупов Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры деген эң бийик наамга татыктуу болушту, көптөгөн акын-жазуучулар мамлекеттик сыйлыктарды, Эл акыны, Эл жазуучусу наамдарын алышты. Жазуучулар да өз ара ынтымакка келишип, кайрадан бир уюмга баш кошушту, Жазуучулар союзуна “улуттук” деген мамлекеттик макам берилди. Мен Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын башкарып турганда көрүнүктүү акын-жазуучуларды чакырып “Чыгармачыл Союздар жөнүндө” атайын мыйзам даярдап, кабыл алалы деп сүйлөшкөн элек. Тилекке каршы, ал ниетибиздин акырына жете албай калдык. Мындай аракеттин азыр да уланып жатканы колдоого арзыйт. Кыскасы, адабиятка көңүл бөлүү, камкордук көрүү мамлекеттин көз жаздымынан таптакыр тышта калды деп айтууга негиз жок. Муну азыркы президент С. Н. Жапаровдун оң мамилеси да айкындап турат.

Негизи доор оошуп, дүйнө өзгөргөнүн жүрөгү кылдат, акыл парасаты көрөгөч акын-жазуучулардын өздөрү эң биринчи сезип-билиши, добулбас кагуусу зарыл болчу. Муну кайра куруу убагында, кийин да Ч. Айтматов бийик жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүндө, жарыялаган маек, макалаларында көп айткан. Дагы бир акылманыбыз С. Жигитов “Советтик Кыргызстан” газетасында Э. Нурушев менен курган маегинде “Жаңы заман келатат. Биз кантебиз?” деп жанын сабаган. Албетте, ар ким эле андай билерман, көрөгөч касиетке ээ болбосо да өз күнүн көрүшкө, жанын багышка, заманга ыңгайлашканга далбас кылууда. Бул адабиятка да тиешелүү экенин “Нуска” китеп дүкөнү кашкайта көрсөтүп турат. Ага башбаксаң эмне деген гана китеп жок! Түрдүү аталыштар, темалар, жанрлар, алакандайдан көп томдуктарга дейре чаң басып, шыпка жете жыйылып турат. Анан калса азыр 3, 5, 7, 10, 15, атүгүл 20 томдук чыгаруу далалаты пайда болду. Дегеле мурда-кийин чыгарма жазып, китеп чыгарбаган, башка кесипте жүргөн жазмакерлер көбөйдү. Мен бул абалды көрүп Анара эженин: “Азыр китеп сатып алышпайт”, – деген өкүнүч сөздөрүн далай ирет эшитип 19-кылымдын 1-жарымындагы көрүнүктүү орус акынынын “Китеп сатуучунун акын менен маеги” аттуу белгилүү ырын эстеп коём.

Ошол эле кезде акындардын республикалык жана эл аралык фестивалдары өтүүдө, акындар ар кимдердин атындагы ар түрдүү сыйлыктарды алууда, “эл акыны”, “эл жазуучусу” деген наамга ээ болгондордун саны сансыз болууда, ырлар, чыгармалар интернетти каптоодо, радио, теледе үзбөй жаңырууда, өкмөттүк “Кыргыз Туусу”, менчик “Азия ньюс” газеталарына жарыяланууда, башка тилдерден которуу, өздөрүнүкүн башка тилдерге котортуу да уланууда. Айтор, бирөөндө жок, экинчисинде баары бар заман болууда. Буга таң калуунун кереги жок. Дүйнө дайыма ушундай.

Анда азыркы адабияттын өзүнө үңүлүп, конкреттүү ысымдарга жана чыгармаларга кайрылалы, жалпы жана жекече баага өтөлү.

Жаңы жоготуулар, өкүнүчтөр, өксүктөр

Адамзат жалпы табият сыңары биологияга ылайык жоготуулардан, муундар алмашуусунан турат. Кыргыз адабияты да мындан тышкары калган жок. Көп жыл жашаган, басма адабиятты түптөгөндөрдүн, көптөгөн айкаштарга катышкандардын бири А. Токомбаев эгемендүүлүктүн алдында 1988-жылы, анын замандашы Т. Үмөталиев азаттык жарыяланган дал 1991-жылы өмүр менен коштошту. Сырткы келбети, жазгандары боюнча да адабиятыбыздын алптарынын бири Т. Сыдыкбеков үч доорду көрүп (орус падышачылыгын, Үркүндү, совет бийлигин жана эгемендүүлүктү) көрүп жана “Көк асабасынын” жарыяланышына ыраазы болуп, эли менен 1997-жылы чоң сый-урматта коштошту. Алардан кийинки Совет доорунда төрөлүп, дүйнөлүк атак-даңкка жетишкен Ч. Айтматов эгемендик жылдары “Кассандранын эн тамгасы”, “Тоолор кулаганда” романдарын жарыялап, 2008-жылы, анын артынан кезинде “Сынган кылыч”, “Келкел” романдары үчүн жабыр тарткан Т. Касымбеков “Баскын”, “Чапкын” романдарын чыгарып 2011-жылы оо дүйнө салды.

Адабиятты аздектеген башкалар сыяктуу мен үчүн оор жоготуулар – ушул эки даңазалуу жазуучунун курбалдаштары, замандаштары эки доорду көрүшүп, өздөрүнүн алды классик деген атакка жетишкен, арты көрүнүктүү, белгилүү деп аталышкан, эки башка муунга киришкен, 1920–1930-жылдары же Ата Мекендик согуш жылдары төрөлүшкөн, мен өзүм көрүп, баарлашып калган жоон топ акын, жазуучу, драматург, сынчылар болду. Алар – С. Эралиев, С. Жусуев, Т. Байзаков, Ж. Мавлянов, Н. Байтемиров, К. Каимов, К. Асаналиев, Ш. Бейшеналиев, С. Өмүрбаев, Т. Абдумомунов, К. Осмоналиев, Ш. Абдыраманов, Ш. Садыбакасов, Ж. Садыков, Б. Сарногоев, Э. Турсунов, М. Байжиев, Б. Жакиев, О. Султанов, Р .Рыскулов, С. Урманбетов, М. Абылкасымова, А. Саспаев, М. Гапаров, А. Стамов, А. Жакыпбеков, Э. Ибраев, М. Борбугулов, К. Бобулов, С. Жигитов, К. Сактанов, К. Акматов. Алардын адабиятка кошкон салымы өлчөөсүз, чыгармалары окумдуу, таасирдүү.

Кыргыз адабиятындагы эгемендикке чейинки оор жоготуу катары элүүгө жетпей өчүшкөн, сырткы келбеттери алп, жазгандары от Ж. Мамытов менен Т. Кожомбердиевди (бекеринен ыр китептери “Отту сүйөм”, “От өчпөгөн коломто” деп аталган эмес), 35-36 жашында жайрап калышкан Т. Эргешов менен Т. Мукановду айтууга туура келет. Эгер алар арабызда тирүү жүрүшкөндө кыргыз поэзиянын чектери андан бетер кеңейип, тереңдиги артып, бийиктиги алда канча артмак. Мен буга Т. Эргешовдун “Сүйүнчү” (2013), Т. Мукановдун “Автограф” (2020) аталган чоң жыйнактарын окуп толук ынандым, аларды чыгарган мураскерлерине, пикирлештерине ыраазы болдум.

Эгемендик жылдары да адабият көп жоготууларга учурады. Бул бир чети табийгый себептен, экинчи чети өзүн өзү сактай албагандыктан болду. Мындай курмандыктарга өзүм жакшы билген, аралашып, алака күтүп жүргөн С. Шатманов, К. Сабыров, Б. Сартов, А. Токтогулов, К. Акматов, С. Тургунбаев. Н. Жаркынбай, М. Абакиров, К. Ботояров, Э. Калдаров, Э. Эрматов, Ш. Шүкүров, А. Токтомушев, С. Станалиев, Б. Бугубаев, А. Акималиев, Ж. Зарлыкбеков, Ч. Турсунбеков, З. Ажыматов ж.б. ысымдарын атоого туура келет. Алардын арасында өзүмдүн жердешим, Алайдын Ак-Босогосунда туулган, боздоп, муңдап жүрүп өтө жаш кеткен Илим Курмушуев да бар экен. Мен анын ырларын мурда басма сөздөн жолуктурбай, көзү өткөн соң чыккан китебинен гана билип жатпайымбы! Кайран гана таланттар!

Аймактарда жашап өтүшкөн, адабиятка ак кызмат кылып, таланттуу ыр китептерди жарыялашкан Э. Узакбаев, К. Ташбаев, Ө. Кулумбаев, Т. Бекболотовдун ысымдарын унутуу жарабайт. Менин баамымда, алар деле Кыргызстандын эл акыны наамына татыктуу эле.

Көзү өткөндөрдү жакшы жагынан эскерип жүрүү парз. Ал эми тирүүлөр тууралуу сөз кылуу милдет. Кантсе да тирүүлүк чоң дөөлөт! Дегинкисинде көзүң барда сөз укканга не жетсин. Ошондуктан төмөндө зарылчылыгына карай эгемендик жылдары көзү өткөн айрымдардын чыгармаларына азыраак, арабызда жашап жаткандардын китептерине өзгөчө басым жасайм.

Аксакалдар (80-90 жашка чыккандар)

Т. Сыдыкбековдун тарыхый “Көк асабасы” көп жылдык тыюу салуудан соң эгемендүүлүктүн алдында, кайра куруу заманында чыкты. Бул жакшы окуя болгон. Анын артынан Т. Касымбековдун “Чапкын”, “Кыргын”, А. Жакыпбековдун “Теңири Манас”, Э. Турсуновдун “Боронбай”, Ата журт”, А. Стамовдун “Жортуул”, айрыкчы “Хан Тейиш”, М. Абакировдун “Көкөй кести”, “Барымта”, С. Жусуевдин ыр менен жазылган “Курманжан датка”, “Раззаков” тарыхый өмүр баян романдарынын жарык көрүшү эгемендиктин үзүрү, натыйжасы, бирок алардын чыгармачылык-идеялык дарамети “Көк асабадан” тартып өзүнчө сөзгө, атайын талдоого муктаж. Мындай айрым аракеттер болгонун билем, бирок алар олуттуу, илимий-сынчыл деңгээлде эмес. Мен бул чыгармалар менен таанышып, кай бирлерин өзүмчө жакшы баалайм, башкаларын анте албайм, анткени бул адабий табитке, идеялык-эстетикалык чен-өлчөмдөргө, тарыхый билимге байланыштуу.

Ушундай калыс мамилеге К. Акматовдун жаңы чыккан кезинде талаш-тартышка жем таштаган эзотерикалык “Архат” романы (мен аны колдоп сүйлөп, жазгам), өмүрүнүн акыр жагында орусча жазган курч окуялуу “Эрика Клаустун он үч кадамы”, “Шахид кыз” аттуу роман, баяны, К. Сактановдун өткөн доор менен азыркы заманды сүрөттөп баяндаган “Маркумдар үнү”, “Сталинден кийинки заман”, “Чөөлөрдүн заманы” романдары да муктаж.

Кыргыз адабиятында ажырагыс үч дос катары кеңири таанылышкан М. Гапаров, К. Жусупов, К. Жусубалиевдин ар биринин өз орду, өчпөс изи бар. Булардын аксакалы М. Гапаров өзүн нукура лирик аңгемечи, баяндамачы, драматург сыпатында көрсөтүп, эрте кетти. Батышчыл деп эсептелген К. Жусубалиевдин “Муздак дубалдар” романы кайра куруу учурунда, калган чыгармалары (ырлары, макалалары, маектери, аңгемелери, баяндары, “Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат” романы) топтолуп “Жети сөз жана Конфуций” аттуу наамда 2003-жылы чыккан. Акыркы чоң китепти ошо кездеги “Асаба” газетасынын уюштуруучулары, арабыздан эрте кеткен бейиши болгур Мелис жана Эрнис Эшимкановдор даярдап чыгарышкан. Өкүнүчтүүсү – Кубат аке эгемендик жылдары кызыгып окулчу жаңы чыгармаларды жарыялай элек.

Үчүнчү дос Кеңеш Жусупов, шүгүр, катарыбызда. Анын кыргыз калкына, тарыхына, маданиятына жасаган төө көтөргүс эмгеги, өзгөчө К. Иманалиев экөө даярдап чыгарган 40 томдук кыргыздар жөнүндө өткөн жылы жарык көргөн беш томдук чыгармалар жыйнагына жазган баш сөзүмдө кеп кылгам. Ошондо айткан тилегим кабыл болуп ал Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры деген ардак да, бийик да наамга татыды. Кут болсун! Ал азыр 90 жашка жакындап калды. Ага ден соолук каалайлы.

Тилекке каршы, өткөн жылы 90 жашка толгон дагы бир таланттуу, көрүнүктүү жазуучубуз, өмүр бою татаал тагдырды, таза жолду башынан өткөргөн, тоо инженери деген кесипти Москвада беш жыл окуп өздөштүрүп, өндүрүштө да көрсөтүп, кыргыз студенттери үчүн “Сызма геометрия” деп аталган оор сабак боюнча атайын китеп жазып, сөздүк чыгарган, андан соң кайрадан Москвага барып Адабият институтунда эки жыл окуп билим алган, “Кыздын сыры”, “Эне мээрими”, “Кызыл аска” аталган жакшы баяндары, “Көз ирмемдеги өмүр”, “Көкөй кести”, “Мурас”, “Арман” психологиялык романдарын жазып, Кыргыз эл жазуучусу, Мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон Өскөн Даникеевдин мааракеси да, кечээки августтун он бешинде акыретке бет алуусу да тиешелүү расмий деңгээлде уюштурулбай, атүгүл жазуучулар журтунун катышуусуз өтүп калды. Мен бул окуяга өзүм катышып, капаландым.

(Уландысы бар)

«Кыргыз туусу», 25.09.2025

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.