Килемге тете «Килемдин өөнү»
Ү. Маматова улуттук поэзияда өз орду бар акын. Ал өзүнүн алгачкы “Ак куш”, “Медер” ырлар жыйнактары менен эле кадыресе калеми төшөлүп, акын катары калыптанып калганын, ыр дүйнөсүнө келечегинен көптү үмүттөндүргөн акын келгенин окурмандарга тастыктап койгон болчу. Андан бери туптуура 40 жыл өттү. Башкаларды билбейм, эженин ар бир жарык көргөн китебин астейдил колго кармап, бу жолу эмне жаңы сөз айтты экен, кандай поэтикалык табылгалар бар деп күтөм.
Күткөнүмдөй эле «Килемдин өөнү» соңку он жыл аралыгында улуттук адабият айдыңында жарык көргөн ыр жыйнактардын мыктыларынын бири болуптур. Андагы ырлар турмуштун ысык-суугуна бышкан, жашоого философиялык маанайда караган, көз карашы жетик акындын калеминен жаралган көркөм туундулар экенинен кабар берет. Акындын ырларында абстрактуу каармандар, жасалма кейипкерлер, ойдон чыгарылган турмуш, жалган сезимдер, ишеним жаратпаган өпкө-жүрөгүн чапкан ой толгоолор жок. Ырларда жазылгандардын баары нукура чындык. Чындык кайнаган, чындык чыркыраган биздин күнүмдүк турмушубуздан алынган.
Поэзия – акындын жашоосунун ажырагыс бир бөлүгү. Ал ырлар менен жашап, ырлар менен күлүп, ырлар менен сооронот. Өзүн алаксытат. Ал жашоосунун маңызын да ырлардан издейт, акынга дем берген да, күч берген да, көкүрөгүндөгү чокту улам тутандырып турган бул ырлар.
“Ката болсо” аттуу ырында:
Ырды жаздым арасында түтүндүн,
Түтүн деген эмне экенин түшүндүм.
Ырлар менин акылымбы Ай тунган,
Ырлар менин Күн жаркыган күчүмбү – деген бийик пафос менен ырларын качан, кандай абалда жазганын, ал ырлар акын үчүн кандай аялуу, канчалык баалуу нерсе экенин ачык эле айтат.
“Жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” деген салыштыруу акын Ү. Маматованын чыгармачылыгына туура келет. Ал айланабызда болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабайт, турмуштун ачуу чындыгын андан да ачуураак кылып, калемпир-мурч кошуп, дагы да ачуураак жазат. Ыр жыйнактын негизги өзөгүн эл-жер тагдырына күйүп-бышып, чыркыраган чындык тарапта болуп, элдин мокогон эркин курчутуп, башын көтөрүп жашоого үндөгөн ырлар түзөт.
Мындай публицистикалык маанайдагы ырлардын эмне себептен жазылганы түшүнүктүү. Өтмүшкө айланган 30 жыл эл тагдырын, өлкө тагдырын таразалап, сынаган жылдардан болду. Бул ырлар Ү. Маматованын адамдык жүзүн, адамдык акыйкатын чагылдырып, билдирип турат.
“Килемдин өөнүндө” арноо ырлары кыйла. Сагын Акматбекова, Шербет Келдибекова, Алым Токтомушев, Айгүл Узакова, Калбүбү Сариевага арнаган ырларында калемдештерине болгон акындык тилектештигин билдирүү менен, алардын адамдык жана акындык бейнесин ачып берүүгө астейдил, жылуу мамиле жасаган. Албетте, барып-келип сөз поэзияга келип такалып, акын алардын калемин сыйлагандыгын
жаап-жашырбайт.
Бизге Эрнис Турсуновго арналуу ырдагы:
«Мен билчүмүн Турсуновду, эл билчү,
Өзүңүздү билчү эмессиз, анда Сиз» – деген саптар жакты. Акынга лирикалык каарманынын бейнесин ачууда ар бир сүртүлгөн боек, ар бир таасын берилген мүнөздөмө өтө маанилүү эмеспи.
“Килемдин өөнүндөгү” образдуу да, көркөмдүгү жагынан мыкты иштелген ырлардын бири – “Кара булут”.
КАРА БУЛУТ
Кара булут Күндү жүрөт кубалап,
Аны карап, карап көзүм уялат.
Үйдө үшүп, күнөстөйүн деп чыккам,
Кара булут – каалгыган кыянат.
Кайра-кайра каарланып качырат,
Жылып кетсе, кууп жетип жашырат.
Улам жетсе, улам чыгат кутулуп,
Кыпкызыл нур мени көздөй чачырап.
03.06.2009.
Автор күн кубалаган кара булуттун образына көп нерсени каткан. Ушерден Александр Македонский менен Диогендин маеги эске түшөт. Айтылуу арча челегинде күнөстөп жаткан Диогенге Александр Македонский жандоочулары менен атайы келип: “Акылманым сизге эмне керек?” десе, Диоген: “Күндү тоспой мындайраак турчу” деген тура. Анысы кандай, күн кубалаган кара булуттар канча тагдырларга кыянаттык кылды? Анын эсеби жок. Анысы кандай “Кара булутка” да катылган ойлор арбын.
Акын кандай темада болбосун, агылып-төгүлүп, агынан жарылып жазат. Ошентсе да, Ү. Маматованын поэзиясындагы берметтей мөлтүрөгөн ойлорду, ой берметтерин акындын «Сараң саптарынан» таба аласың. «Сараң саптар» «Килемдин өөнүндө» чачылган чачыладай китепке чачыранды берилген.
Анда ошол «Сараң саптардан» бирди-экин окуп көрөлү:
* * *
Бир үмүт өчүп, бүлбүлдөп кайра тутанып,
Бир күлүк мүргүп, туягын кыя тушалып…
Бейпил түн жымжырт.
Ай менен Чолпон көрүнбөйт,
Көңүлдө жымжырт.
Көкүрөк толо кусалык.
11.07.2010.
* * *
Жапжашыл баары. Жай толук,
Саргайды жалгыз жалбырак.
* * *
Бирөөнүн эккен бакчасын,
Таанышым сатып алыптыр.
Кароосуз жатат бак-дарак,
Башына түшүп карыптык.
Акын эки сап, үч сап, төрт саптан турган кыска ырларда айтайын дегенин кыска, так жана ток этерин айтып койгон. Мисал келтирилген ырлардын кийинкисин эле алалы, анда не деген ой бермети айтылган. Чындыгында бирөө тиккен бакчаны бирөө карамак беле? Канчалык кымбат баада сатып албасын, ал бак-дарактарды кароосуз калтырмак түгүл, түбүнөн кыйып салышы да ыктымал.
Акындын ырлар жыйнагы «Килемдин өөнү» аталган менен «килемдей» салмактуу экен. Андагы омоктуу ойлор, сөздөр нарктуу адамдын айта турган сөздөрү болгон. Бул жыйнак Ү.Маматованын турмушка болгон көз караштарын, мамилесин ачыктап, акындык жана адамдык позициясын көрсөтүп турат.
ЫРЛАР
Иште-иште, сен эч кимди сагынба,
Жазбай калсаң, убал жарты сабың да.
Жетет, бүттүң тайгаланып, жыгылып,
Эми кайтпа, калгын ушул табыңда.
Бизди көбү бир булуттай таанышат,
Бизден алар жетпегенин табышат.
Биздин ырлар, демек, керек жазылыш,
Бизге ар бир ыр сабында калыш ак.
Ар бир сөздүн багын ачып, гүлдөтүп,
Өзүң дагы ачыл бирге гүлдөшүп.
Канча күнөө мойнубузда жүктөлүү –
Канча сөздөр ырдалбастан тим кетип.
Чечендигиң таңдайыңан чаң чыккан,
Чынчылдыгың жалган айтсаң жан чыккан.
Калыш керек белек болуп урпакка,
Ырларыңда сүрөтүңдү тартышкан.
* * *
Биз үчөөбүз алыс, жакын жүрсөк да,
Бир жашоонун агым күүсүн туйчубуз.
Ар бирибиз сезимди ырга айланган,
Бапестеп бир ыр деңизге куйчубуз.
Бириккенден чачылганы көбүрөөк,
Бул жашоонун агымында бир элек.
Бир жыл болду үчөөбүздү бир топко,
Бириктирбей калды эми бул дарек.
Бир бөксөрүп, бирде толуп туруучу,
Жашоо-турмуш шарты менен илешип.
Таянышып, таарынышып, табышып,
Көз салышып туруучу элек күрөшүп.
Бул жашоонун ысык менен суугуна
Бир жыл өттү, болбой калдың теңшерик.
Солкулдатып биздин бекем үчтүктү,
Кете бердиң бир капталды эңшерип.
* * *
Асманына жылдыздар жык чачылып,
Түндөр сени эске салат сырдашкан.
Жандаш эле келаткандай жашынып,
Жолдор сени эске салат бир баскан.
Көпкө чейин кабарлашпай калышкан,
Кезектеги таарынычтын бириндей.
Бир күн кайра жолугушуп калчудай,
Сезим бийлеп бир жыл өттү билинбей.
Болбогондой арабызда эч нерсе,
Адаттуудай жолугуша калчудай.
Сууй түшкөн арабызды ысытып,
Сагынычтын коломтосу жанчудай.
Кадимки жай жашоом өткөн менен да,
Калгансыдым жалгызсырап элеңдеп.
Сендей эркин батыналбай башкага,
Жасайм азыр мамилемди чебердеп.
АРЫК МЕНЕН ДАРЫЯ
– Ала кет мени, дарыя,
Шарыңа кошуп алкынган.
– Тура албайм токтоп көз ирмем
Жүгүм бар албан артынган.
Кошулсаң болмок тээ тоодон,
Дарыя боло электе.
Дарыя атым ааламга
Жарыя боло электе.
Кол арык менен бар дагы,
Сиңе бер эгин талаага?
Армандуу карап шарыма
Алыскы жолду самаба.
Баарыга милдет бир гана
Сен үчүн дагы, мен үчүн –
Алыста, мейли жакында
Кызматта жүрүш эл үчүн.
ГҮЛДӨРДҮН АРМАНЫ
Коё тур, дыйкан, коё тур,
Биз турган жерди айдабай?
Жан киши үзүп жыттабай
Калабы бизде арман ай!
Коё тур, дыйкан, коё тур,
Кыз-жигит мында келе элек.
Боз улан бизди дестелеп
Селкиге арнап бере элек.
Коё тур, дыйкан, коё тур,
Жаңыдан гүлдөй баштадык.
Билбедик эле кетерин
Кош айдоо эрте башталып.
АТ
Атмын дейсиң, арабага чегилген,
А божусу мага эмне үчүн берилген?
Кеч киргенде арабадан чыгарган,
Агын сууга алып барып сугарган,
Адам кайда арабаны айдаган,
Арабаны, атты тейлеп, жайлаган?
Такаң кайда, ташыркаптыр туягың,
Мен саяпкер, — тулпарлыгың туямын.
Түйшүгүң оор, ооздугуң бек чайнап,
Дүбүрт уксаң, көздөрүңдө от жайнап,
Жер чапчыйсың, желдей сызып кеткиң бар,
Каран калган каамытыңды чечким бар.
Болсоң деймин, бул дүйнөнүн дарканы,
Аргымактын көккө ыргыса ай, даңканы.
Арабага тулпар чексе кээ болот,
Каамытыңды чечип салсам не болот…
Атмын дейсиң, арабага чегилген,
А божусу мага эмне үчүн берилген?!
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”, 12.08.2025


