Академик Абдыганы Эркебаев: «Эгемендик мезгилиндеги кыргыз адабиятына кыскача сереп»
(башталышы өткөн сандарда)
Ал акындын чыгармачылыгынын жедеп бышкан, чачылып-төгүлгөн, түшүмүн жыйнап-терген мерчеми катары сезилет:
Ырыма бир пул таппадым,
Ыр менен бирок жашадым.
Пул менен куну бааланбас,
Ыр менин сырдуу асманым…
“Арыстанбаптын токойлорун аралап чоңойгон, Көп убакта муңдуудай көрүнгөн Ф. Абдалова ырасында эле муңдуу, кайгылуу тагдырга туш болуптур: атасы, жакындары, өмүрлөшү эрте кетиптир, жалгыз медери – чогуу жашап, акырында өзү узаткан апасы болуптур. Ошол себептүү башка акын айымдардан, айталы, Б. Чотуровадан айырмаланып үч китеби тең атасын, айрыкча Апасын, башка да жакындарын эскерет, ашыглык, арзуу сезимдерине артыкча азгырылбайт. Атасынын арбагына арналган “Эски дептер”, “Карыган Апам менен кадырлашкан күндөр” поэмалары, Т. Колдошев эң сонун обон чыгарган “Мен дүйнөнү Апам менен тааныгам” деген ат коюлган бүтүндөй бир китеби накта сезимдердин, чүйгүн ойлордун айныгыс далилдери.
Ф. Абдалованын экинчи азаматтыгы – ошончолук кайгы-муңга басынбастан кыргыз жана адамзат турмушуна кайдыгер карабаганы. Анын “Акын – кыргыз” поэмасында эгемендик жылдардын терс жактары айыпталат, “Аалам сыры сандардабы?”, “Адам – аалам”, “Бейтосундар” поэмаларында философиялык-космогониялык ойлор камтылат. Айрыкча белгиленүүчү ири чыгармасы – “Апокалипсис” (акыр заман, кыямат) аталган үч бөлүмдүү (“Жан дүйнө”, “Темир дүйнө” – интернет, “Акыр заман”) поэма. Чын-чынына келгенде бул поэма Ө.Тиллебаевдин “Бата жана каргыш” романынын башаты, түрткүсү катары туюлат.
Ф. Абдалованын китептеринде туруктуу орун алган үчүнчү тема – Алла, Жараткан, Кудай. Бул да кыргыз, өзгөчө айымдар поэзиясында биринчи жолу ушунчалык терең жана такай ишке ашырылууда.
Аны жана үй-бүлө, жакын адамдар темасын ийгиликтүү уланткан экинчи айымыбыз – Динара Бейшеналиева (1967). Ал белгилүү журналист. Көрсө, ырга да, кара сөзгө да ыктуу, шыктуу экен. Буга ыр менен кара сөз эриш-аркак коштолгон “Ак” (2022. – 256 бет), карандай кара сөзгө каныккан “Бар” (2022. – 296 бет) китептери кепил.
Ырларынан, эсселеринен, кыска аңгемелеринен, публицистикалык макалаларынан куралган “Ак” аталган китебине Кыргыз Республикасынын эл акыны К. Бакиров, КР эл жазуучусу С. Раев, белгилүү журналист С. Жылкычиев, башка жакын санаалаштары жакшы маанайдагы алгы сөздөрүн жазышыптыр. Аларда апыртуу жок. Менин кошумчаларым эки нерсе. Биринчиси – Д. Бейшеналиева Кудайга, апаларга, үй-бүлөгө гана эмес, жакын жана таанымал адамдарга да ыйык мамиле жасайт. Мунун далилдери – Ж. Руми, А. Яссави, Ы. Раззаков, Ч. Айтматов, Р. Абдыкадыров, Т. Турсунбаева, Б. Исаков жөнүндө жызгандары. Мага айрыкча жакканы – өмүрлүк жары, белгилүү журналист жана жазуучу Мамат Сабыровго арналган, экөөнүн жан дүйнјсүн ачкан “Тааныган Кудай бактыңыз, тазалык экен – тактыңыз” аттуу ыймандай сыры. Кыргыз адабиятынын тарыхында мындай батылдык мурда болгон эмес.
Экинчиси – Д.Бейшеналиева сөзгө, кыскалыкка (китептеринин аталышын караңыз) монолог эле эмес, диалог түзүүгө, мүнөздөрдү элестүү көрсөтүүгө уста. Бул аңгемелеринен жана баяндарынан дааналанып турат. Ушулардан улам жалгыз сын пикирим “Тоо арасында” баянына байланыштуу. Анын аталышы Т. Сыдыкбековдун атактуу романын эске салат, тагыраак айтканда, кайталайт. Анын ордуна “Тоо койнунда” десе жөндүүрөөк болмок. Мындан тышкары баянда кантсе да жасалмалык (Калмурат) бардай.
Ал эми Кудай кошкон, жүрөк сүйгөн жары Мамат Сабыров (1961) дайыма чындыкка, жөнөкөйлүккө, табигыйлыкка умтулат, көбүнчө карапайым адамдардын тагдырын, мүнөзүн сүрөттөйт. Шапалактай болгон жука “Ука”, “Карыпкана”, “Сарбаз” аттуу аңгемелер жыйнактары ушундай. Хандардын (Кудаярхан, Полотхан), басмачылардын таржымалын чечмелеген баяндары кирген “Акыркы сапар” (2018), “Ынак” (2024) аттуу калыңыраак китептери да бар. Акыркы жыйнагына агасы, устаты А. Матисаков “Периштелүү проза” деп нуска баш сөз жазыптыр. Мен аны колдоо менен бирге М. Сабыровдун айрым аңгемелери күткөндөй, ойдогудай кызык эмес экенин (“Пиво”, “Басмачылар менен кызылдар”, “Арапада”, “Моке” ж.б.), “Пүлгөндүн шамалы” баяны (повесть) жанрдын талаптарына жооп бербей, эскерүү деңгээлинде калганын белгилемекчимин. Жалпысынан алганда, М.Сабыров аңгеменин М. Гапаров баштап, А. Матисаков менен А. Муратов уланткан Ноокат мектебинин татыктуу өкүлү деп эсептейм.
Жогоруда сөзгө тартылган ар азамат акын-жазуучулардын көпчүлүгү менен жашташ Топчугүл Шайдуллаеваны (1960) ыраматылык мјлмјл көздүү, мээрим жүздүү Рахат Ачылованын жердеш сиңдиси (баткенчи), жөндөмдүү социолог катары шакирти деп угуп, илимий макалаларын окуп жүргөм. Жакшы аңгемечи деген да кеп эшиткем. “Нускадан” “Балакана” аттуу китебин (2022. – 184 бет) сатып алып аңгемелери менен тааныштым. Мыкты, турмуштук аңгемелер экен. Тили да түшүнүктүү, жөнөкөй, ойку-кайкысыз, апыртуусуз. Накта стилист. Ашыкча кооздоолор, жадатма санак, кургак маалымат, өөнүрөөк көрүнгөн диалектизм жок: баары жайында, өз ордунда. Китепке кириш сөз жазган Осмонакун Ибраимов досум негизинен туура, бийик баалаптыр. Ага чейин Р. Айтматова, С. Раевдер, маркум М. Абакиров да жогору баа беришиптир. Мындай бийик баага өзү белек кылган “Кадакчы” аттуу жаңы жыйнагы да (2024. – 160 бет) толук татыйт. Мында көмөргө жери жок таксисттин, үй-бүлөсүнөн бөлүнүп жүргөн мигранттын, кароосуз калган ата-эненин, мал сарай талашкан кошуналардын, Алай тоолорунан башталган күрпүлдөк дарыянын, ууру карыянын, кайнененин өлүмтүгүн каткан келиндин жана башкалардын элестери, сүрөттөрү так, даана тартылган. Т. Шайдуллаеванын аңгемелерин жогору баалоо менен бирге мен О. Ибраимов досумдун: “ал (Т. Шайдуллаева –А.Э.) Кубатбек Жусубалиевден кийинки эле жазуучулук стили даана, образдык тили абдан колориттүү калем ээси” деген пикирин бир тараптуу деп эсептейм. Себеби, учурдагы адабиятыбызда андай стилге ээ жалгыз гана Т. Шайдуллаева эмес, Б. Усубалиев, Ш. Дүйшеев, А. Матисаков, А. Муратов, М. Сабыров жана башкалар да ээ. Ушул мааниде мен М.Абакировдун ою тагыраак дейм: “Бүгүнкү күндө кыргыз адабиятында көркөм образ түзгөн аял жазуучулардын арасында Топчугул Шайдуллаеваны биринчи орунга коё алам. Ал психологиялык аңгемелерди жараткан накта стилимт жазуучу”. Туура айтат. Бизге жынысына карабастан мыкты жазуучулар көп болгону утуш! Муну Т.Шайдуллаеванын аңгемелери боюнча тартылган көркөм фильмдердин, айталы таланттуу кинорежиссер Актан Арым Кубаттын акыркы “Кара. Кызыл. Сары” фильминин эл аралык байгелерди алып жатышы жакшы далилдейт.
Бул пикириме жаңы далил – мурда анча белгисиз болуп келген Ишен Айтмамбетовдун “Бет-Алман” аттуу романы. (2024. – 632 бет). Ал университетте М. Сабыров менен чогуу окуган экен. Ошол үйгө ээрчитип келип тааныштырды. Ага чейин боёгу кургай элек романын “Нускадан” көрүп, сатып алган элем.
“Бет-Алман” – автор жанрын так аныктагандай, тарыхый-даректүү роман. Анда Совет доорунда алгачкылардан болуп юридикалык жогорку билимге ээ болуп, Улуу Ата Мекендик согушта аскердик офицердик чинге жетип, алгачкы эле айда колго түшкөн, Освенцимде камалган, “Түркстан” легионуна кирген, согуштан кийин Европада жашап, акыр жагында СССРге кайтып, кайра камалган, андан чыккан соң да оор кыйынчылыктарды башынан өткөргөн Сатар Алманбетовдун – турмушта болгон адамдын тагдыры, Мекенди сүйүүсү чагылтылган. Тарыхый чындыкка жана даректерге таянгандыктан, жакшы тил менен жазылгандыктан роман кадимкидей ынандырат. Кайсы бир гана учурлары (Москва, Кремль, Сталинге байланыштуу) күдүк туудурбаса, Кыргызстандагы жана Европадагы мурдакы жана кийинки турмуш, адам типтери жана мүнөздөрү так, даана баяндалган. Бул тууралуу көрүнүктүү журналист жана сынчы Э.Нурушев досум, филология илимдеринин доктору Г. Жагырчиева акыйкат айтышыптыр. (“Кыргыз Туусу”, 2025-жыл, 3-июль). Көрсө, И. Айтмамбетов мурдатан бери аңгеме, баян, роман жазып жарыялаган тура. Ал эми “Бет-Алман” кыргыз адабияты үчүн жаңылык, жакшы табылга.
Ушундай маанай Арслан Койчиевдин (1965) “Мисмилдирик. (Беделдеги каргыш)” (2009) жана “Бакшы жана Чынгыс хан. (Жолдош Бактыгерей Исбасаровдун жоголгон дептерлери) (2016) деген романдары жаратканын “Кыргыз Туусуна” жарыяланган макаламда (жогоруда көрсөтүлгөн) жазган элем. Акыркы романында байкалган өзгөчөлүктөр – реализм, миф жана мистиканын жуурулушу “Добул-Таштык “Заратустранын” аңгемеси” аттуу жаңы баянында (2022. – 232 бет) сталиндик репрессиялар жана коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин образына байланыштуу көрсөтүлүптүр. Бул туурасында анын “Кыргыз Туусуна” быйыл жайында үзүндүлөрү жарыяланган жаңы романы китеп шекилинде чыкканда кошо кеп кылууну эп көрдүм.
Муундун салыштырмалуу эң жашы, азыр Жазуучулар Союзунун башы (төрагасы) Каныбек Иманалиевдин (1969) көп сайлуу таланты (журналист, публицист, акын, кара сөзчү, мамлекеттик кызматкер – президенттин администрациясында иштеген; өндүрүшчү – “Учкунду” жетектегенин эске алуудамын; саясатчы – Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты; саясат таануучу (илимдин доктору, профессор) жөнүндө 50 жашка чыкканында газетага “Сөз дулдулу Каныбек” деген чакан макала жарыялап, аны “Адабият дүйнөсүн аңтарып…” аттуу эки томдугума кошком. Эми “Шабдан баатыр” (2013. – 384), “Тагай бий (Мухаммед кыргыз)” (2021. – 600 бет) аттуу чоң китептери жөнүндө кошумча эки ооз сөз.
“Шабдан баатырды” жанрдык жактан автор “тарыхый роман” деп аныктаптыр. Тагыраагы “Тарыхый-өмүр баян романы” десе туура болмок.
Себеби романда эл, мамлекет турмушу кеңири планда, панорамалык чабытта эмес, Шабдандын өмүр жолуна басым жасалган. Тили бай, көркөм сүрөттөөлөр (портрет, пейзаж) жакшы, майда-бараттар (деталдар) да так, сюжеттик, композициялык түзүлүшү логикалуу, ырааттуу жана иреттүү. Бирок санжыра сыяктанып санакка, хроникага ыктап, окуялар, уруулар, адам аттары көп. Бул психологизмди арткы планга калтырып, этнографизмге жетелейт. Шабдандын өзү өтө эле идеалдаштырылып, кемчил жактары айтылбайт жана ачылбайт. А чынында ар ар бир улуу, көрүнүктүү инсан катары татаал, карама-каршылыктуу болгону түшүнүктүү. Айрыкча тарыхый перспективаны эске алганда. Китепке баш сөз жазган белгилүү тарыхчылар Т. Кененсариев, Д. Сапаралиев, А. Беделбаев тарыхый фонго гана көңүл бурушуп, романды роман кылчу адабий жана психологиялык жагдайларга маани беришкен эмес.
Ал эми “Тагай бий (Мухаммед кыргыз)” баяны алда канча кызык, аны баян (повесть) эмес, роман деп койсо да жарашмак. Анткени, тили, стили мыкты, образдары, окуялары кызык. Тилекке тескери, мында да жыл, окуя, санакка (хроника) азгырылган учурлар бар. Экинчиден, Тагай бийдин образын тереңдетүүгө көмөктөшчү Акбермет айым чыгарманын 2 – 4-бөлүктөрүндө унутта калтырылганы өкүнүчтүү.
“Тагай бий” Эл аралык Түрк академиясы тарабынан Нурсултан шаарында тандалмалар сыңары 75 басма табак көлөмүндө чыгарылыптыр. Берешендикке баракелде! Ага К. Иманалиевдин мыкты баяндары, аңгемелери, “Улуу инсандар” деп аталган эсселери кирген. Акыркы бөлүмгө (“Улуу инсандар”) байланыштуу айтарым – мен жана мага окшогон бир канчабыз андай сөзгө татыктуубузбу же жокпузбу – аны бир Кудай, бир эл билер.
К. Иманалиев өткөн жылдан бери Улуттук жазуучулар союзунун жетектеп келатат. Уюштуруучулук жана саясий бай тажрыйбасы болгондуктан бул жерге жаңы дем берип, деңгээлин көтөрөт деп ишенемин.
Эл ортону элүүдөгүлөр
Алар азгантай болсо да алды о дүйөнгө шашып, бирөөсү камакта жатып чыкты. Жалгыз кетпей ээрчишип кеткен достор (Э. Иманалиев, З. Ажыматов) болду. Айжаркын таланттарды эл боздоп, муңдап узатканы эсибизден чыга элек. Экөөнү жоктогон ырлар, эскерүүлөр көп, дале жазылууда. Бул туура, Кудайга да жага турган иш. Алардын жүздөрү, үндөрү үналгы менен сыналгыда түбөлүк сакталганына шүгүр. Китеп түрүндө чыккандары да бар. Алар Э. Иманалиевдин ырлары, поэмалары, термеси камтылган “Аманаты” (2023. – 220 бет), З. Ажыматовдун тандалмаларынан түзүлгөн “Доско каты” (2022. 284 бет), кыска өмүрүндө көргөн окуяларын, сыйлаган адамдарын кара сөзгө түшүргөн “Датасы жок күндөрү” (2022) калганына ыраазы бололу.
Бул муундун “аксакалы”, даңазалуу Мелис Эшимкановдун көздөй көргөн карачечекей иниси, “Асаба” газетасынын салтын улантуучусу Эрнис Асек уулу (1970) кыргызчасы менен орусчасы, ыры менен кара сөзү аралаш “Каалга” (2021) аттуу китеп калтырыптыр. Өзү жазгандай : “Кубаныч менен кайгынын, ачуу менен таттуунун, өмүр менен өлүмдүн “жарк” дей түшкөн учкундары” экен. Окуп жатып агасы экөө ээрчишип кеткенине катуу кайгырдым: кандай таланттар эле! Э. Эшимканов М. Булгаковдун атактуу “Мастер менен Маргаритасын” кыргызчага которуп үлгүрүптүр. Азамат! “Каалгасы” да мыкты болуп чыкты – жогоркудай терең сезимдерден тышкары кыргыздын тилин, салтын, дүйнөлүк поэзияны, сүрөт өнөрүн билгендигин, ар түркүн ыкмада, стилде, ыр түзүлүштө жана кара сөздө жаза аларын көрсөтүптүр. Өтө оригиналдуу, жаңычыл акын экени байкалат. С. Раевдин “Ачык калды “Каалга” аталган алгы сөзү да ылайыктуу, чыныгы достуктун, санаалаштыктын үлгүсү.
Олжобай Шакирди (1970) таанып, учурашып жүргөм, “РухЭш” деген интернет сайты элге жетип жатканын билчүмүн. Мурдарак “Куюн доор” (2016) деп аталган романы басылып чыкканынан кабардармын. Анан “жылан чакпай, жылкы теппей” бийликти сындагандыгы үчүн камакта жатып чыгып, бир жылда эки китеп чыгарды: “Акын жана өкүм” (2024) ырлар жана поэмалар жыйнагы жана “Ууру” (2024) деп аталган кара сөз, өзү айткандай, “пофесть-фэнтези” – “21-кылымдын муунуна сабак”.
Ыр китебинин ачылышындагы “Автордук ыраазычылыкта”: “Бир жыл эки ай тор аркасында жатып, буга дейре өмүрдүн сая кеткен бөксө жерлерин толтурдум. Шарт ошондой болду”, – деп бийликке алкышын айтат. Андан ары: “Адабияттын бардык салаасында иштедим: аңгемелер, ырлар, поэмалар, повесттер, эссе-күндөлүктөрд өөз өмүр баянымды таржымалдап, өзүмдү ачтым чыгармаларым аркылуу…”, – деп моюндайт.
Жыйнакта Толубай сынчы жана Токтогул ырчы (XIV кылымда жашаган, аңыз кепке айланган) жөнүндөгү экилтик поэма, ар кыл темадагы “Жаштык” түрмөктөр жана “Жаншерик” аталган дагы бир поэма бар. Жыйнактын темалары, мазмуну, ыр түзүлүшү, тили жайында, жугумдуу, уккулуктуу. Акындын алган сабактары, чыгарган тыянактары да ынанымдуу:
Акыйкатты ырдап турса акындар,
Ак-караны аңдайт эстүү өкүмдар.
(“Акын жана өкүм”)
Улут өзүн жүргөн үчүн тааныбай,
Улуп-уңшуп күчөй берет наалымай.
Жаратмандык сактайт бизди бир гана
Жан үрөсөк кумурскадай, аарыдай.
(“Жаншерик” поэмасынан)
Кара сөздөгү “Ууру” китеби эки бөлүктөн турат. Биринчиси – өткөн заманда күң менен кулдун качышын талкуулап, акырында чыр-чатакка – көтөрүлүшкө айланган курултайга тамаша сын, азыркыларга каңкуу. Экинчиси – түрмө турмушунан алынган, түркүн кырдаал, мүнөздөрдү таасын көрсөткөн аңгемелер. Мурда ушундай турмушту чагылдырган бир жазуучу (Т. Мадылбай беле?) болсо керек эле. Аны уккам, бирок, чыгармаларын окуган эмесмин.
Назгүл Осмонова (1972) деген ысымды кез-кез гезит беттеринен кездештирип жүргөм, бирок ыр китебин окубагам. Көрсө, “Күн түнөткөн жүрөк” деген жыйнакчасы мурда жарык көргөн экен. Андагы ырлары мен таанышкан “Чаалыккан кыялдар (2014) аттуу кийинки китепчесине да кириптир. Ага баш сөз жазган эл акыны А. Өмүрканов “Поэзияга кайтып келишиң менен, Назгүл!” деп сүйүнүп, аптыгыптыр. Мунун жүйөөсү бар. Жыйнакча чакан (128 бет) болсо да терең ойлорго, тунук сезимдерге бай. Аны өз-өзүнчө аталган “Жаз… Күз… Махабат”, “Чаалыккан кыялдар”, “Тууган жер”, “Котормолор” (орус классиктеринен) деген бөлүмдөр айгинелеп турат. Акынды калем кармоого түрткөн себеп жөнүндө “Реквием” деген ырда таамай айтылыптыр:
Деги билбейм, кайда, неге умтулам,
Көздөгөнгө жетпөөчүдөй умтулам.
Эмнеликтен башкалардай бейкапар,
Жашай албай көңүлүмдү буй кылам?
……………………………………………………..
Билем бирок башкалардай боло албайм,
Даяр бакыт, тынч турмушка көнө албайм.
Ой-максатсыз жашап кыска өмүрдү,
Акырында жеңил-желпи өлө албайм.
Нурлан Калыбеков (1973) мурда жаштардын “Нурборборун” жетектеп, кечээ жакынга, ордуна К. Иманалиев шайланганга чейин Улуттук жазуучулар союзуна төрагалык кылды. Анын түздөн түз демилгеси жана аракети менен Ж. Мамытовдун, Т. Кожомбердиевдин чакан тандалмалары (2010), “Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы” (2011), “Кыргыз жаштар прозасы” (2012) аттуу чоң китептер чыкканы кубанткан, ага ыраазы болгом. Өзүнүн чыгармачылыгы менен таанышканга чама-чарк келбей, быйыл өзүнөн суратып “Кожоюн” (2014), “Ирмемдер” (2015) деген эки китебин окудум. “Кожоюн” – тандалма ырлардан, поэмалардан жана котормолордон куралган жакшы жыйнак. Ага чейин төрт китеп чыгарган экен. Ырлары жана поэмалары (“Чак түштө”, “База кайып”, “С.А.Б.А.”) нукура ой-сезимдерге, тереңдикке чөгүлгөн. Ыр түзүлүштөрү салттуулук менен эркин ырды ыктуу кыйыштырат, жаңычылдыкты көздөйт, акындык шык-жөндөмдүн мүмкүнчүлүктөрү бай экенин далилдейт. Ал эми “Ирмемдери” – кара сөз менен ырларды аралаштырган көңүл улоочу гана ирмемдер, саптар катары таасир калтырат. Колдон келсе такшалган акын олттуулуктан, тереңдиктен кетенчиктебегени оң.
Өйдө жакта айымдар поэзиясын изилдеген Аида Эгембердиеваны (1975) атап кеттим эле. Ал өзү да, атасы Абдыжапар Эгембердиев да чыныгы акындар. Атасы биз мектепте окуп жүргөн убагыбызда обон чыгарылган “Тумарым” аттуу ырдын автору болчу. Университетте бир курс жогору окуган. Аны бүткөндөн бери Караколдо жашайт. Ыр жазууну улантып жүрөт, бирок китептери колума тийген жок.
А. Эгембердиеванын “Оомат” (2019) аттуу тандалма ыр жыйнагына мурда басылып чыккан төрт китебинен алынган жана жаңы жазылган ырлары, котормолору топтолуптур. Сынчы шакиртим Аскар Медетов жаштыктанбы же курчтуктанбы, айтор, А. Эгембердиеванын китептерин сындаган макаласын “Азия-ньюс” гезитине жарыялаганы жадымда. “Ооматты” окуган соң Аскар азыраак аша чапканбы деп калдым. Анткени, А. Эгембердиеванын ырларында энелик сезимдер, дүйнө салган жакын агаларынын жана жаркын адамдардын (Э. Эрматов, О. Ибраимов, бир ууч шор элинин акын кызы жана сүрөтчүсү Л. Арбачакова, канатташ казактын белгилүү акыны Муратхан Шокандын) элестери таасын тартылган. “Тарыхтагы ак жарык” деген узун баянында (он беш бетче) ХIХ кылымдагы тарыхый окуялар, инсандар, кыргыздардын казактар, орустар жана Кокон хандыгы менен алака-катыштары, чыр-чатактары так, далилдүү сыпатталган. Аны тартынбай эле поэма деп койсо жаңылмак эмес.
Зээнимди кейиткен жана ошол эле учурда кубанткан Илим Курмушуевдин (1976) “Алп тоолордун күмүш булагы” аттуу чоң китеби (2024, – 400 бет, 25 басма табак) болду. Кейигеним – анын өзүн да, ырларын да мурда көргөн эмесмин. Көрсө, жалаң социалдык түйүндөрдө жарыяланып келиптир. Мен андайларга анча назар салбайм. Экинчиси – И. Курмушуев мен интернатта окуган Алай районундагы такай ары-бери өтүп жүргөн бийик жерде – Атактуу Талдык дабанынын (3600 м.) берки түбүндөгү Ак-Босого айылында туулуп өсүптүр, турмуштун тарткылыгын тартып жүрүп 2023-жылдын 30-декабрында, жаңы жылдын так алдында жарык дүйнө менен коштошуптур. Изин суутпай жакындары, достору 2024-жылы мартта аталган китебин чыгарышыптыр. “Өнөр деген өжөр күч” деген керектүү, терең баш сөзүндө Жыргалбек Касаболот 47 жашында жайраган акындын үч өзгөчөлүгүн – Улут, чындык үчүн чыркыраганын, поэзияга өтө жогорку деңгээлде мамиле кылганын, ашыктык темасындагы ырларынын нагыз кыргызча тазалыгын акыйкат белгилептир. Албетте, китептен башка темалардын (табият, үй-бүлө, өздүк дүйнө, туулган жер, өмүр-өлүм ж.б.) да күчтүү, эмоциялуу жазылганын көрөбүз. Жыйнакты жыйынтыктаган, символ сыңары жазылган акыркы ыр – “Бүркүттүн акыркы чабыты”. Анда бүркүт менен кузгун салыштырылып сүрөттөлөт. Тыянагы:
Билбейсиң эртең кайда барышыңды,
Билбейсиң эмне болуп калышыңды.
Акырет ашыкча жүк кабылдабайт, –
Ала жүр арың менен намызыңды!
Кайран бүркүт акын! Ж. Касаболотов куп гана жыйынтыктаптыр: “Оргу-баргы мүнөзү, курчтугу, бетке чабарлыгы, кээде азоо жылкыдай ала качып, кээде көпкө жоголуп кетип тоолору менен сырдашып элине ыр куржунун көтөрүп келген өзгөчөлүгү менен эсте калды”.
Азат жаштар адабияты
Кудайга шүгүр, Совет доорунун акыркы, эгемен мезгилдин алгачкы он жылдыктарында төрөлгөн акын-жазуучулар арбын. Алар ар кайсы темаларга, жанрларга жана стилдерге эркин кайрылышат. Булардын ыкыбалы эки себептен ушундай болду: биринчиси – тоталитардык СССР бошоңдоп, акыры ыдырап эгемендикке жеттик, экинчиси – дүйнө, аалам мурда эч болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, саясий, экономикалык жана технологиялык жаңы толкундоолордун, маалыматтык каражаттардын түп тамырынан кайра жаралышы ишке ашты. Экинчи жараяндын өзгөчөлүктөрүн америкалык окумуштуулар Нил Хоув жана Уильям Штраустун муундар теориясына таянып Айгүл Элебесова менен Рахат Элебесов “Сезим ыргактары” (2024) аталган аялдар жамааттыгы чыгарган жыйнакты корутундулаган макаласында туура баяндашыптыр. Жаштардын чыгармаларынан түзүлгөн жамааттык жана жекече китептер интернетте калбай эгемендик мезгилде деле кагаз түрундө жарык көрүүдө. Маселен, мурдараак саналып кеткен ”Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясына” (2011, түзгөн Н. Калыбеков) 79 автордун, “Кыргыз жаштар прозасына” (2012, түзгөн Н. Калыбеков) 26, “Мигранттар поэзиясынын антологиясына” (2018, түзгөндөр З. Өмүралиева, А. Эгембердиева) 20, “Миң булак” аңгемелер жыйнагы (2024, түзгөн А. Матисаков) 20 жаш калемгердин чыгармалары жарыяланган. Төрт китепти тең баштан аяк окудум. Арасында жаккандары да, жакпагандары да бар. Аларга токтолууга чоло болбогондуктан чыгармаларын өзүнчө китеп кылып чыгарган жаштарга гана назар оодарайын.
Жаш жагынан улуурагы С. Батыркулова (1980) окшойт. Анын “Деңиз дүйнө” аталган чакан жыйнагына (2021) өзү жетилип, такшалып калган А. Эгембердиева жакшы каалоо-тилек билдирген алгы сөз жазыптыр. Китепче чынында эле окумдуу, себеби нукура жүрөктөн чыккан ырлардан түзүлгөн. Ошондуктан мазмунун өздүк ички дүйнө, үй-бүлө, ыйык, назик махабат түзөт. Ырлардын түзүлүшү да жөнөкөй, жыйнактуу, тили жатык.
Мурда эки китеби чыгып, кадыресе тиш кагып, тажрыйба топтоп калган Кыял Тажиеванын (1983) “Үн” деген жаңы жыйнагы (2021) тематикалык ар түрдүүлүгү (үй-бүлө, Мекен, аалам, дүйнө, табият, арзуу, өмүр-өлүм ж.б.), ыр түзүлүшүнүн жөнөкөй да, татаал да экени менен айырмаланат. Ошол себептен ал “Жаш акынга” насаат айта алат:
Ашык күлкү, уйкуңдан уялбасаң,
Жаның жанчып, жашынып муңайбасаң.
Ырдын кутун кетирип жаза көрбө,
Бир өмүрдү адамча сүрө албасаң.
Махабат Касеинованын (1985) өмүрү да, “Аалам сыйган ашкана” китеби (2025) да өзгөчө, башкалардын тагдырына, жазгандарына окшобойт. Аны өзү мындайча түшүндүрөт:
Жаратканым кезиктирген жолдошум,
Аралашпайт жүйөөсү жок ыр-чырга.
Ырас, кээде ыйлап жүрөк толгонуп,
Ыр жазылат ашкананын бурчунда.
(уландысы бар)
«Кыргыз туусу», 08.10.2025


