Нарсулуу ГУРГУБАЙдын жаңы ыры

Б. га

I

Кардан тажап, жүдөгөндө бир кыштан,
үшүп калган үмүт менен, жаз алдын,
жүрөк менен кырсыктаган, тумчуккан,
сага шашпай санаа катын жазармын…

Ошол катта ирети жок, чаржайыт,
ойлор болот опурталдуу, оорулуу,
өмүр турат ак баракта саргайып,
турат анан туш-тушту айтып жол ыры…

Аясаң да, аяганың билдирбей,
катты калыс, иргеп, калпып окугун…
…Ыргай берип оңго-солго шум дүйнө,
ырдай албай калбадымбы От ырын…

Бир кулпуруп, бирде каарып, булкунуп,
барга-жокко төшөйт өмүр, төшөлөт.
Өрт го өчтү, бүт жашоомду күл кылып,
жүрөгүмдөн өрттүн тагы өчө элек.

Бир табылып, бир таарынып, бир сынып,
жашагандан чарчайт экен жан деле…
Уулуу сүйүүм уулуу тилден тумчугуп,
өзү өлүп, аты таза калды эле…

Билип туруп, ак да, көк да дебедим,
башым баалап жаткан кезде баарылап.
Сен да издебе, иликтебе себебин,
жамандыкка дайым себеп табылат.

Мен тууралуу жаман-жакшы кеп жүрсө,
ырым менен кайра өзүмдү калкала.
Кимдир бирөө ысымымды кеч билсе,
ырдан билсин, ырым айтат, айта алат!

Көп нерсени байкабаган, байкаган,
жүрөгүңдү этияттап термеп жүр.
Мен картайган ойлорду эми кайтарам,
сен кашкайган ойлоруңду эр жеткир!

 

II

Кандай тайкы, шордуу биздин бешене,
кара тумоо баскан кылым буйруган…
Сен дүйнөнү кир деп айттың тез эле,
кантип анын кара ылайын тундурам?

Көңүл чаппайт жаңыга да, эскиге,
Биз эле эмес, доор ушундай ыргылжың.
Сен жашоону калтырасың кечкиге,
мен жашоону арткы орунга жылдырдым.

Бир китепте, балким биздин тагдырлар,
ысымыбыз турат, балким бир бетте…
Сен шөмтүрөп — мага жааган жамгырдан,
Мен кирдедим, сени бирөө кирдетсе…

Күйсөм күйдүм көрөңгөсү бош ырга,
акка агарып, карарганга карардым.
Жолдор болду жок жеринен кошулган,
болбогонго болушпадым, каралдым…

Көп нерсени байкабаган, байкаган,
жүрөгүңдү дүйнө бир күн термейттир.
Мен картайган ойлорумду кайтарам,
сен кашкайган ойлорду эми эр жеткир!

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.