Ысмайыл Сарыбай уулу
Ысмайыл сан жылкылуу Сарыбай дегендин уулу экен. Өзү учурунда чыгаан акын чыккан. Ал илгерки кыргыздын баатырларын, эл бийлөөчүлөрүн, жеке эле аларды эмес, падыша заманында да мансап ээси болуп, падышадан чин алгандардын көбүн жазган экен. Кийин Совет бийлиги убагында Кеңеш өкмөтүн, комунист партиясын даңазалап көп казел жазган ырчы болуптур. Бул кишинин чоң калың дептерге араб тамгасы менен жазган казелин 1931-жылы Кең-Суудагы мугалим Бартакун дегенден алып келип, институтка тапшыргамын. 1949-жылы ошол казелди алган Садыбакас Өмүрзаков деген ушакчы, ошол кезде ал Кыргызстан комсомолунун секретары эле, шаардык партиялык конференцияда: «Кан соргучтун казелин Карасаев жыйган. Карасаев эл душманы» деп сүйлөгөн. Казел жазылган дептер ошо бойдон жоголду. Ким билет, азыр ошол ушакчынын колунда болуу керек.
Ысмайыл Сарыбай уулу Совет бийлигин даңазалап ырдап чыккан акындардын бири эле. Менин эсимде калган анын ырларында ошол доордун жаңырыгы байкалып турат.
Совет бийлиги доорунда жазылган казелинен бир-эки үзүндү келтирейин:
Калык элек тапталган.
Капилетке капталган.
Мал тукуму көбөйсө,
Байлык менен мактанган.
Таңыбыз атып турса да,
Эрикпедик жаткандан.
Ойгон, кыргыз, Күн чыкты,
Жүзү жарык бек мыкты.
Канынды соргон залимди.
Болшобектей эр жыкты.
Жаман-жакшы бары тең,
Жакшы дуба кылалы,
Душманыңдын барын жең.
Кармаганым кызыл туу.
Кайрат кылып, белин буу.
Кара жүрөк залимди,
Карга салып изин куу!
Анын жоголгон дептеринде мындай түрмөктөр өтө көп эле. Бул казелди 1918-жылдан жаза баштады. Көл башындагы мектеп балдарынын бардыгы тизилип алып анын ырын ырдай турган. Ал тургай марш ыры кылып да ырдашчу:
Кызыл аскер жакында,
Чек арага барат бейм.
Качкындардын калганын,
Текши жыйнап алат бейм.
Асынганым Беш атар,
Далай жерди чабабыз.
Калмакты сурап бийлөөгө,
Беш жылда келер чамабыз.
(Атасы Сарыбайдын сан жылкысын 1916-жылы үркүндө Текестеги калмактар талай алган экен. Агасы Букара экөө тентип, Букарасы Бай деген жерде ачка өлөт. Калмакка кекенип атканы ошондон. Автор).
Ысмайыл илгери газета-журнал окуган, дүнүйө абалынан толук кабардар болгон киши эле. Орусча да дурус биле турган. Мына бул ырлары мении бул оюма далил боло алат:
Дүнүйө жүзүн алам деп,
Велгелим турат желигип.
Жер астына соктурган,
Жабдыгына семирип.
Коркконунан Николай,
Аңгилиске телинип
Буразия бадышасы –
Бытырап калды бөлүнүп.
Бакчада чиновниктер салкындаган.
Ийнинде пагондору жаркылдаган.
Болуштун бир буйругу бүтпөй калса,
«Падилес, сполуч!» деп чартылдаган.
Ысмайыл Сарыбай уулу эл бийлөөчүлөрдү минтип мазактоо менен бирге, өзүнө жаккан айрымдарын мактаган ырлары да бар. Эгерде жогоруда мен айткан дептерди тапсак жакшы болор эле. Анын ырлары түп нускасында окурманга жетмек. Анын ырчылык өнөрүнө баа берүүгө толук мүмкүнчүлүк ачылмак.
1916-жылдагы үркүндө Кытай жеринде калып калган качкындар сандалып Текесте жүрүп, 1921-жылы Кулжадагы Совет өкүлдүгүнүн жардамы менен ошол жылдын ноябрь айында Ысык-Көлгө келишти. Ошонун ичинде мен да бар элем. Кытайдан 1000 түтүн келдик. Так ноябрдин беши күнү качкындар Кең-Суунун үстү жагындагы Бел-Ак-Ташка келгенде. Кең-Сууда окуп жаткан балдар кызыл желек менен бизди тосуп чыгышты. Ошондо балдарга Ысмайыл мындай деген ыр жазып бериптир:
Ноябрдин бешинде
Тууганыбыз келди эми.
Сабетский жашасын,
Тилекти кудай бердиби.
Бизге «качкын» ат койгон
Тургундар келип жиндиби.
Агыязда ар кошкон
Бери карай чубасын.
Акалакчы, заңгиси
Алымынан куурасын…
Ырдан менин эсимде калгандары ушулар. Бизди тоскон 20дан ашуун баланын ар бирине экиден чанач бозону артышыптыр. Ошондо Ысмайылдын ырларын укканда ыйлабаган киши болгон эмес. Ошол балдардын ичинде Түгөлбай да, Абдыманапов Садык да болуу керек. Иши кылып, Ысмайылдын Кеңеш өкмөтүн мактаган ырлары чогултулуп, жогоруда мен айткан дептерде толук бар болчу.
Көл башында эң эле биринчи озунуп, Совет бийлигин куттуктап ыр жазган, аны мектеп балдарына арнаган ушул Ысмайыл Сарыбай уулу болду окшойт. Бул адам татар тилинде чыккан тарых китептерин көп окуган адам эле. Орусча төртүнчү класска чейин окуган деп ыраматылык атам айтып калчу.
Ыраматылык атам мени адам кылам деп, кайсы жерде, кайсы элде бир адам казел чыгарса, ошону акча же кой берип жатып, көчүртүп алып келер эле. Кайда чыгаан молдо болсо, ошонун үйүнө алпарып, ошонун сөзүн угузар эле. Азыр ойлойм. Кылычтын, Алдаштын, Ысмайылдын жана башкалардын казелдерин жатка билгендигим ошондон болсо керек. Аларды мен жаттап алайын деп ниеттенген да эмесмин. Илгери бекер отурган карыялар, дөңгө отуруп алып, дайыма мага казелдерди, казак тилиндеги өлөң китептерди кайта-кайта окутуп уга беришчу. Ошолордун бир тобун азыр да билем, бирок жыл өткөн сайын унутулуп да барат.
Өтүптүр Салмекеден сынчы Найман,
Акылды билер экен ар бир жайдан
Белектен нелер жакшы чыккан экен,
Ынсап менен топук тилеп бир кудайдан.
Ошентип, Ысмайыл бугу уруусунан чыккан акылман адамдардын барып жазган жана өз билишинче сын берген. Айрыкча шапак уруусунан чыккан залим, жегичтерди өтө абийирин төгө жазган. Өзүнүн уялаш иниси Букара деген болушка да тик багып сындап, каяша айткан Ысмайыл ырчы болгон дешет.
Қайыптан кат табылган Алыбайга.
Миң жарым жылкы бүткөн Сарыбайга,
Шайтандын бир кызына куда болуп,
Мурдумду кесип бердим жеңкетайга!
Албеттүү, узун бойлуу, көркөм Ысмайыл бучук болуп ушинтип жазган экен. Жүз баштуу чоң өргөөгө элди кабыл алганда, өзү көшөгө тартып коюп, ошо көшөгөнүн артында отуруп сүйлөшчү дешет. Атчан эл менен жүргөндө да бетине күмүш парда тартынып алганын мен өзүм да өспүрүм кезимде көргөмүн. Бул Ысмайыл үчүн өтө кайгылуу болгон. Кийин Ысмайылды 1921-жылы Кытайдан сандалып жүрүп көчүп келгенде, бир нече мертебе көрдүм. Мурдунун томоосу эле калган экен. Ачык эле жүрчү. Көл башында Ысмайылдын ырын ырдабаган мектеп болгон эмес. Ал туурасынан академик жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдон толук маалымат алууга болот. Түгөлбай ошол кезде 11-13 жаштагы курагы эле. Кийин 1937-жылдары айылдагы карыялардан жыйнап жазып алган дептеримди (араб тамгасында) 1950-жылдары Аалы Токомбаев сурап алды, бирок кайрып алганым жок. Ошол кишинни архивиндеби деп ойлойм.
Асамбай кудам отурат,
Көз айнегин тартынып.
Өзүнө жетпейт жакшылык,
Кимге жетет артылып, – деген ырын окуп абдан таң калган. «Чоң акын экен. Ырларында кызык форма да бар бар экен. Муну толук жыйноо керек» деп айтканы бар. Дегеле Шапак уруусунда Ысмайыл сынабаган аттуу-баштуу киши калган эмес. Алардын даражасына, мансабына карачу эмес. Өзү чоң кадырлуу, эч кимден коркпогон адам эле. Шапак уруусунун ичинде биздин урууну «сокур уулу» деп атай турган. Бул уруудан бай, билермандар бир топ чыккан.
Хусейин КАРАСАЕВ, «Ала-Тоо» журналы, 7-сан, 1990-ж.
Аттокур ЖАПАНОВдун Фейсбук баракчасынан алынды



