Джек ЛОНДОН: «Сакраментонун жээктеринде»

Шамал ышкырат-хо-хо-хью!
Түз эле Калифорнияга.
Сакраменто – абдан бай жер,
Алтынды күрөк күрөп алышат!

Арык, кичинекей бала ичке, муңдуу үнү менен дүйнөнүн бардык жеринде матростор Фриско портуна баруу үчүн якорлорун көтөрүп жаткан кезде тамактары айрылгыча ырдаган бул деңиз ырын ырдап жатты. Бул кадимкидей эле балдардын бири болчу, ал эч качан деңизди көргөн эмес, бирок андан эки жүз фут алыстыкта – аскадан ылдый түшсөң эле – Сакраменто дарыясы күркүрөп агып жаткан. Кичинекей Джерри – аны ушинтип чакырышчу, анткени дагы бир кары Джерри бар болчу, ал анын атасы; Кичинекей Джерри бул ырды атасынан уккан жана андан жылтылдаган кызыл чачты, шайыр көк көздөрдү жана өтө ак, сепкилдүү жүздү мурастап алган.

Кары Джерри – өмүрүнүн жарымынан көбүн деңизде өткөргөн, чыныгы деңиз карышкыры болчу. Бул ыр анын оозунан өзүнөн-өзү чыга берчү. Бирок бир жолу, Азиянын бир ызы-чуулуу портунда жыйырма чакты матрос менен бирге каргыш алган якорду болгон күчтөрү менен көтөрүп жатышып ырдап жатышканда, бул ырдын сөздөрү аны биринчи жолу олуттуу ойлондуруп койгон. Сан-Франциского жеткенден кийин, ал өзүнүн кемеси жана деңиз менен коштошуп, Сакраментонун жээктерин өз көзү менен көрүү үчүн жөнөп кеткен.

Ошол жерден алтынды көрдү. Ал «Алтын кыял» кенине жумушка орношуп, дарыядан эки жүз фут бийиктикте асма көпүрөнү курууда өтө пайдалуу адам болуп чыкты.

Андан кийин бул көпүрө анын көзөмөлүндө болду. Ал зым аркандарды карап, аларды оңдоп турганды жакшы көрчү жана көп өтпөй «Алтын кыял» кенинин алмаштырылгыс кызматкерине айланды. Кийинчерээк сүйкүмдүү Маргарет Келлини сүйүп калды, бирок ал көп өтпөй аны жана жаңыдан кадам шилтеп баса баштаган кичинекей Джеррини таштап, узун, жыш өскөн карагайлардын арасындагы кичинекей көрүстөндө түбөлүккө уктап жатып алды.

Кары Джерри ошол бойдон деңиз кызматына кайткан жок. Ал асма көпүрөнүн жанында жашап, жан дүйнөсүндө болгон бардык сүйүүсүн жоон болот аркандарга жана кичинекей Джерриге берди. Анан «Алтын кыял» кени үчүн караңгы күндөр келди, бирок ошол учурда да карыя каралбай калган ишкананы кайтаруу үчүн Компаниянын кызматында калган.

Бирок бүгүн эртең менен ал көрүнгөн жок. Жалгыз гана кичинекей Джерри эшиктин алдында отуруп алып, эски деңиз ырын ырдап жатты. Ал эртең мененки тамагын өзү даярдап, аны ырахаттануу менен жок кылган соң, эми жарык дүйнөнү көрүүгө чыккан. Андан жыйырма кадамдай алысыраак жерде, чоң болот барабан көтөрүлүп турду, ага узун, чубалган жоон зым аркан оролгон. Барабандын жанында кылдаттык менен бекитилген руда ташыган кичинекей араба. Дарыянын үстүнөн бийик тартылган зым аркан аркы жээктеги дагы бир барабанга барып оролуп, ал жерде да дагы бир араба бар эле.

Бул асма көпүрө оордук күчү менен иштечү: жүк салынган араба өзүнүн салмагы менен эңкейиштеп тартылган зым аркан менен кошо жылып жөнөгөндө, тигил жээктеги зым арканга бекитилген бош араба берки өйүздү карай жылып келчү. Жүк ташыган араба бошотулуп, бош арабага руда жүктөлгөндө, баары кайра кайталанып, бул кары Джерри асма көпүрөнүн көзөмөлчүсү болуп иштегенден бери жүздөгөн жана миңдеген жолу кайталанган.

Кичинекей Джерри жакындап келе жаткан бут кийимдин дабышын угуп ырын токтотту. Көк көйнөкчөн, далысына узун мылтык асынган, куркуйган узун бойлуу арык киши карагай токоюнан чыгып келе жаткан экен. Бул Холл болчу, «Сары ажыдаар» кениндеги сакчы, болжол менен бир миль (1 миль – 1609 метр) өйдө Сакраменто дарыясынын жээгинде жайгашкан, ал жерде да жээкке асма көпүрө салынган болчу.

– Саламатсыңбы, Кичинекей! – деп кыйкырды ал. – Эмне жалгыз олтурасың?

– Эми бул жерде мен кожоюнмун, – деп жооп берди Кичинекей Джерри эч нерсеге маани бербегендей, биринчи жолу жалгыз калып жатпаганын көрсөтүп. – Атам кеткен.

– Кайда кетти? – деп сурады Холл.

– Сан-Франциского. Ал кечээ кечинде эле кеткен. Бир тууганы каза болуптур. Ошондуктан ал адвокат менен сүйлөшүүгө кетти. Эртең кечинде келет.

Джерри чоң жоопкерчилик анын мойнуна жүктөлгөнүн сыймыктануу менен билдирди, ал «Алтын кыял» кенин өзү жалгыз кайтарышы керек болчу. Ошол эле учурда ал дарыянын үстүндөгү бул аскада жалгыз жашоо, эртең мененки, түшкү жана кечки тамакты өзү бышыруу мүмкүнчүлүгү сыяктуу укмуштай сонун мүмкүнчүлүк болгонуна абдан кубангандыгы көрүнүп турду.

– Мейли, сак бол, – деп кеңеш берди ага Холл, – зым аркандар менен ойнобо. Мен болсо «Музоо буттуу уй» капчыгайынан бугу атып алсамбы деп баратам.

– Жаан жаабаса болду, – деп салмактуу айтты Джерри.

– Мага эмне! Суу болгондон коркот дейсиңби? – деп күлдү Холл, анан бурулуп барып, дарактардын арасына кирип кетти.

Джерринин жаан жөнүндөгү божомолу туура чыкты. Саат ондор чамасында кызыл карагайлар шуулдап, термелип, онтоп, терезедеги айнектер шыңгырап, жамгыр узун, кыйгач тамган тамчылар менен жаай баштады. Он эки жарымда Джерри очокко от жагып, саат он экини какканда тамактанууга отурду.

«Бүгүн сейилдөөгө чыкпайм», – деп чечти да, тамактан кийин идиш-аякты кылдаттык менен жууп, жыйнап койду. «Холл суу болсо керек! Ал бугу атып ала алды бекен?» – деп ойлоп койду.

Түштөн кийин бирлер чамасында эшик тыкылдады, Джерри каалганы ачканда бөлмөгө шамал аркасынан күч менен түртүп жаткансып, эркек менен аял тез кирип келишти. Булар Спиллен мырза жана анын айымы болучу, булар дарыядан он эки милдей алыстыкта жайгашкан обочолонгон өрөөндө жашаган фермерлер.

– Холл кайда? – деп күйүгүп алган Спиллен кыска суроо узатты.

Джерри фермердин бир нерсеге толкунданып, бир жакка шашып турганын, ал эми Спиллендин айымы абдан капалуу экенин байкады.

Бул арык, өңү серт аял узак өмүрүндө көп иштегендиктен, талыкпаган, оор эмгек анын жүзүнө өз мөөрүн басканы көрүнүп турат. Ошол эле оор турмуш анын күйөөсүнүн омурткасын бүгүп, колдорун майып кылып, чачын эрте агартыптыр.

– Ал аңга кетти, «Музоо буттуу уй» капчыгайына. Силер эмне, тиги жээкке өтүшүңөр керекпи?

Аял бышактап ыйлай баштады, ал эми Спиллен айласы кеткендей катуу күрсүнүп алды. Ал терезеге жакындады. Джерри анын жанына барып, экөө тең терезеден асма көпүрө тарапка карашты; зым аркандарды жамгырдын калың пардасынын арасынан дээрлик көрүүгө мүмкүн эмес болчу.

Адатта жакын айылдардын тургундары Сакраментодон «Сары ажыдаардын» асма көпүрөсү менен өтүшчү. Өтмөк үчүн бир аз акы алынчу, андан «Сары ажыдаар» компаниясы Холлго маяна төлөчү.

– Биз тиги жээкке өтүшүбүз керек, Джерри, – деди Спиллен. – Атасын, – деп ыйлап жаткан аялы тарапка колун жаңсады, – шахтада, «Беде жалбырагы» шахтасында басып калыптыр. Катуу жаракат алыптыр. Тирүү калбайт дешет. Бизге жаңы эле кабарлашты.

Джерри жүрөгү бир аз сыздаганын сезди. Спиллен «Алтын кыялдын» аркандары менен өткөнгө аракет кылып жатканын түшүндү, бирок кары Джерри жок болсо ал мындай кадамга бара албайт болчу, анткени алардын көпүрөсү менен жүргүнчүлөрдү алып өтүшчү эмес, анын үстүнө ал көптөн бери иштебей турган.

– Балким. Холл келип калар, – деди бала.

Спиллен башын чайкады.

– Атаң кайда? – деп сурады ал.

– Сан-Францискодо, – деп кыска жооп берди Джерри. Спиллен үнүн өктөм чыгарып, өз алаканын муштап алды. Айымдын барган сайын ыйы күчөдү, Джерри анын: «Ах, жетишпейбиз, жетишпейбиз, өлүп калат…» деп кайталап жатканын укту.

Бала өзү да ыйлап жиберчүдөй сезилди; ал эмне кыларын билбей, эки анжы болуп турду. Бирок Спиллен анын ордуна чечим кабыл алды.

– Ук, Кичинекей, – деди ал каршылыкка жол бербеген тон менен, – аялым экөөбүз сенин жолуң менен кандай болсо да өтүшүбүз керек. Бул нерсени иштетүүгө бизге жардам бере аласыңбы?

Джерри тыю салынган нерсеге барууга түртүп жаткансып, артка кетенчиктей түштү.

– Андан көрө, Холл кайтып келдиби деп карап келейинчи, эгер жок болсо? – деди Джерри дагы эле олку-солку болуп.

– Эгер бир нерсе болсо, өзүм жооп берем. Укчу, Кичинекей, биз тиги жээкке сөзсүз өтүшүбүз керек. Джерри баш ийкеди.

– Ал эми Холлду күтүүнүн эч кандай мааниси жок, – деп улантты Спиллен, – «Музоо буттуу уй» капчыгайынан ал бат эле кайтып келбесин өзүң деле түшүнүп жатпайсыңбы. Ошондуктан, баралы да, асма көпүрөңдү иштетели.

«Арабага отурууга жардам берип жатканда Спиллен айымдын эмнеге мынчалык корконунун себеби түшүнүктүү болду», – деп ойлоду Джерри, азыр түпсүз болуп көрүнгөн туңгуюкка карап. Жети жүз фут (1 фут – 0,3048 м) алыстыкта жайгашкан алыскы жээкти чакалап төгүп жаткан жамгыр, куюндуу булуттар, жана тынымсыз көтөрүлүп, көбүгүн чачып буркан-шаркан түшүп жаткан суунун чачырандыларынын арасынан такыр эле көрүү мүмкүн эмес болчу. Алар турган аска тик дубал сымал туманга түз сүңгүп кирип, зым аркандардан ал жакка эки жүз фут эмес, жок дегенде бир милдей сезилди.

– Даярсыңарбы? – деп сурады Джерри.

– Кеттик! – деп катуу кыйкырды Спиллен катуу шамалдан үнү араң угулуп. Ал аялынын жанына отуруп колунан кармады.

Джерриге бул жаккан жок.

Эки колдоп бекем кармаңыздар: шамал катуу чайпайт! – деп кыйкырды ал.

Күйөөсү менен аялы ошол замат кармашкан колдорун бошотуп, арабанын кырын бекем кармашты, ал эми Джерри барабанды кармап турган механизмдин рычагын акырын өзүнө тартты. Барабан жай айланып, зым аркан менен кошо арканга илинген дөңгөлөкчөлөрү кыймылга келген араба да аба туңгуюкту карай жылып жөнөдү.

Джерри арабаны биринчи жолу иштетип жаткан жок. Бирок ушул убакытка чейин ал атасынын көзөмөлүндө гана иштөөчү. Ал рычагдын жардамы менен кыймылдын ылдамдыгын кылдаттык менен жөнгө салып турду. Тормоздоо зарыл болчу, анткени шамалдан улам араба катуу чайпалып, бир топ эле кыйшайгандыктан, аз жерден ичиндеги тирүү жүктү туңгуюкка оодарып жибере жаздады.

Азыркы шартта Джерри арабанын жылышын аркандын жылышы боюнча гана аныктай алмак. Ал барабандагы зым аркандын жылышын абдан кунт коюп карап жатты.

– Үч жүз фут… – деп шыбырады ал аркандагы белгилер өтүп жатканда, – үч жүз элүү… төрт жүз… төрт жүз…

Капысынан зым аркан токтоп калды. Джерри рычагды тартты, бирок аркан жылган жок. Бала эми аны эки колдоп, ордунан жылдырууга аракет кылды. Жок, болбоду! Кайсы бир жери жылдырбай кармап калгансыйт. Бирок бузук дал кайсы жерде экенин түшүнө алган жок, ал эми арабаны көрүү мүмкүн эмес болчу. Джерри өйдө карап, абада салаңдап турган бош арабанын элесин араң көрдү, ал жүктөлгөн араба алыстап бара жаткан ылдамдык менен бери карай жылышы керек болчу. Бош араба андан болжол менен эки жүз элүү фут алыстыкта турган.

Демек, Спиллен аялы менен боз туман каптап, буркан-шаркан түшүп агып жаткан тентек дарыянын үстүнөн эки жүз фут бийиктикте жана башка жээктен эки жүз элүү фут алыстыкта орто жолдо жылбай салаңдап турушат.

Джерри алар жакты карап үч жолу бардык күчү менен кыйкырды, бирок анын үнү аба ырайынын катуу ызы-чуусуна сиңип кетти. Ал эмне кылышты ойлонуп жатканда, дарыянын үстүнөн тез өтүп жаткан булуттар күтүлбөгөн жерден суюлуп, үзүлүп кеткенсип, бир көз ирмемге ылдый жактагы долуланып агып жаткан Сакраментону жана абада адамдар олтурган арабаны көргөнгө үлгүрдү. Алеки заматта булуттар кайра кошулуп, дарыянын үстү мурдагыдан да караңгы боло түштү.

Бала барабанды кылдаттык менен карап чыкты, бирок анын бузулган жери жок экен. Сыягы, тиги жээктеги барабандын бир нерсеси жараксыз болуп калган көрүнөт. Эрди катындын катуу бороондо, орто жолдо, туңгуюктун үстүндө жылбай илинип турушу, кооптуу арабада чайкалып, эмнеге күтүлбөгөн жерден токтоп калганын билбей турушун элестетүү коркунучтуу эле. Ал «Сары ажыдаардын» асма көпүрөсү менен тиги жээкке өтүп, ушунун баарына себеп болгон каргашалуу барабанга жеткенге чейин аларга ошентип илинип турууга туура келет!

Бирок Джерри аспаптар сакталган кампадан блок жана зым аркандар бар экенин эстеп, бардык күчү менен артка чуркады.

Ал тез эле блокту арканга бекитип, тарта баштады – болгон күчү менен тырышып тартканда, колу далысынан үзүлүп, булчуңдары жулунуп кетчүдөй сезилди. Бирок зым аркан жылган жок. Эми башка жээкке өтүүдөн башка арга жок болчу.

Сөөгүнө чейин суу өткөн Джерри, «Сары ажыдаарды» көздөй жамгырга көңүл бурбай, дикилдеп чуркап жөнөдү. Холлдун жана арабаны жылдырууга жардам бере турган эч кимдин жоктугу жөнүндөгү ой тынчсыздандырса да, аркасынан соккон шамал чуркоону бир топ жеңилдетти.

Ал өзүнө бекем аркан менен тормоз жасап, аны кыймылсыз арканга илмек менен байлап койду. Шамал кутургандай күч менен согуп, ышкырып, анын кулагынын түбүндө улуп, арабаны чайкап жана ыргытып жатканда, кичинекей Джерри азыр тигил экөөнүн – Спиллен жана анын аялынын кандай абалда экенин даана элестетти. Бул ага кайрат берди. Аман-эсен өтүп алган соң, ал каптал жолго чыгып, шамалдын соккусунан бутунда араң турса да, ылдам чуркоого аракет кылып, «Алтын кыялдын» барабанын карай жөнөдү.

Кичинекей барабанды карап чыгып, анын эч кандай бузугу жок экенин билгенде коркуп кетти. Бул жакта да, тигил жакта да баары жайында болсо, демек бузук ортодо болсо керек!

Спиллендердин үй-бүлөсү олтурган араба андан болгону эки жүз элүү фут алыстыкта. Джерри жамгырдын арасынан, арабанын түбүндө бүрүшүп, каардуу стихияга жем катары берилгенсиген эркек менен аялды айырмалай алды. Бороон бир тынымга тынчый түшкөндө Спилленге дөңгөлөктөрдү текшерип көрүңүз деп кыйкырганга үлгүрдү.

Спиллен аны уккан сыяктуу, анткени Джерри анын тизелеп акырын туруп, арабанын эки дөңгөлөгүн тең сыйпалап көрүп, андан кийин жээкке бурулганын көрдү.

– Кичинекей, бул жерде баары жайында!

Джерри бул сөздөрдү араң укту, бирок анын маанисин түшүндү. Анда эмне болду? Эми иштин баары бош арабада экениндигинен күмөн санабаса деле болмок; бул жерден көрүнбөсө да, ал ошол коркунучтуу туңгуюкта Спиллендер олтурган арабадан эки жүз фут алыстыкта илинип турганын билген.

Ал көпкө ойлонбостон эмне кылуу керек экенин дароо чечти. Ал болгону он төрт жашта эле, бирок бул арык, шамдагай, тоодо өскөн чыйрак бала болчу, атасы ага деңиз өнөрүнүн ар кандай сырларын үйрөткөн жана ал бийиктиктен таптакыр коркчу эмес.

Барабандын жанындагы инструменттер салынган кутудан ал эски гайка ачкычын, кичинекей темир таякчаны жана дээрлик жаңы маниль аркандарынын бүтүндөй таңгагын тапты. Ал матростун отургучуна окшоштуруп бир нерсе жасаш үчүн кандайдыр бир тактай табууга аракет кылды, бирок анын жанында чоң тактайлардан башка эч нерсе жок болчу; алардан таарып алганга араа жок болчу, ошондуктан ыңгайлуу отургучсуз жөнөөгө туура келди.

Джерри жасаган отургуч абдан жөнөкөй эле: ал арканды бош араба илинип турган кыймылсыз зым арканга ыргытып, аркандын учун түйүп, чоң илмек жасады; бул илмекке отуруп, ал зым арканга оңой эле жетип, аны кармай алмак. Ал эми жогору жакта, илмек менен зым аркан сүрүлүшү керек болгон жерге, ал өзүнүн кемселин бүктөп илип койду, анткени канча издесе да, чүпүрөк же эски мүшөк таба алган жок. Бул даярдыктардын баарын шашылыш бүтүргөн соң, Джерри өзүнүн илмегине олтуруп, түз эле туңгуюкка карай, колу менен арканга тартылып жыла баштады. Ал өзү менен гайка ачкычын, кичинекей темир таякчаны жана бир нече фут аркан алды.

Анын жолу горизонталдуу эмес, бир аз өйдөлөп жылыш керек эле, бирок көтөрүлүү анча деле кыйынчылык жараткан жок, кыйынчылыкты катуу шамал жаратты. Шамал Джеррини ары-бери ыргытып, айлантып кете жаздаганда, анын жүрөгү дүкүлдөп, коркуп кеткенин сезди. Анткени аркан эски… кокус ал анын салмагына жана шамалдын бул катуу соккуларына туруштук бере албай үзүлүп кетсечи?

Бул оюнан ал аябай коркуп кетти. Джерри тизелеринин калтырагын токтото албай жатты. Бирок Кичинекей өз жолун кайраттуулук менен улантты. Эскилиги жеткен зым аркандын ар кайсы жеринен чыгып турган үзүлгөн учтуу зымдар тикенектей сайылып, алакандарын каната тытып жаткан. Джерри муну биринчи аялдаманы жасоону чечип, Спиллендерге кыйкырууга аракет кылганда гана байкады.

Алардын арабасы азыр анын астында, болгону бир нече фут аралыкта илинип турган, ошондуктан ал аларга эмне болгонун жана эмне үчүн бул сапарга чыкканын түшүндүрүп бере алды.

– Сага жардам берсем болмок, – деп кыйкырды Спиллен, – бирок аялым өзүн начар сезип жатат! Абайла, Кичинекей, этият бол! Мен өзүм бул ишке себепкермин, бирок эми сенден башка бизди куткара турган эч ким жок.

– Мен силерди мындай абалда көпкө таштабайм! – деди ага жооп кылып Джерри. – Спиллен айымга бир мүнөткө жетпей тигил жээкте болоорун айтыңыз.

Бетке чаба жааган жаанга, маятник сыяктуу эки жакка чайкалып, айрылган алакандарындагы адам чыдагыс ооруга чыдап, бүткүл күч-аракетин жумшап, катуу соккон шамалдын илебинен аптыгып, өпкөсү көөп күйүккөн Джерри акыры бош арабага жетти.

Биринчи караганда эле бала бул коркунучтуу жүрүшкө бекер жерден келбегенине ынанды. Араба эки дөңгөлөктө илинип турчу; алардын бири узак кызмат кылгандан улам кырлары катуу жешилип, зым аркандан чыгып кетиптир да, зым аркан дөңгөлөк менен дөңгөлөктүн ок темири орнотулган ача темирдин ортосунда катуу кысылып калыптыр.

Адегенде дөңгөлөктү ача темирден чыгаруу зарыл экени түшүнүктүү болду, ал эми бул жумуштун убагында арабаны аркан менен бекем таңып, кыймылсыз зым арканга байлаш керек эле.

Чейрек сааттан кийин Джерри акыры арабаны байлаганга жетишти, – ал болгону ушуга араң жетишти. Дөңгөлөктүн ок темири дат басып, таптакыр чыкпай калыптыр. Джерринин жарым сааттык тынымсыз күрөшү башталды. Каргыш алган ок темир канча койгуласа дагы ордунан жылбай жатты. Катуу шамал, кара ниет рухтай, аны колу-бутунан тартып жыккысы келип чамынат. Ар бир сокку анын денесин калтыратып, болгон күчүнүн тогуз бөлүгүн ордунда турууга, кулап кетпөөгө жумшады. Колунда, үмүттүн күрөөсү сыяктуу, гайка ачкычын кол жоолук менен бекем байлап алган эле – аны жоготуп алса аракетинин баары текке кетмек.

Жарым сааттык азап… Ок темир ордунан бир аз жылды, бирок чыкпай жатты. Үмүтсүздүк толкундай каптап, аны басып кетүүгө даяр турду. Бардыгы, тобокелчилик, ушунча кыйналып көргөн аракети текке кетчүдөй сезилди. Анан – мээсинде бир нерсе жарк дей түштү! Жогорудан бирөө колун багыттап жибергендей болду. Шашкалактап, чөнтөгүн тырмалап жатып таап чыкты – узун, жоон мык.

Чөнтөгүндө жүргөн ошол мык анын коргоочу периштеси болуп калды. Ал болбосо кайра жээкке жаңы, азаптуу саякат баштамак. Ал мыкты ок темирдин башына такап, калтыраган манжалары менен кармап, акыркы күчүн чогултуп уруп, аны даттын чеңгелинен үзүп алды.

Андан кийин темир таякча ишке киришти. Дөңгөлөк менен ок темир бекиген ача темирдин ортосунда тыгылып калган зым арканды бошотуу керек эле. Ар бир кыймылы менен темир анын эркине каршы тургандай титиреп жатты. Бирок Джерри багынган жок. Дөңгөлөктү бошотуп, эски ордуна койду да, аркандын жардамы менен арабаны тартып, акыры дөңгөлөктү зым арканга отургузду.

Мунун баарына бир топ убакыт кетти. Джерри бул жакка жеткенине бир жарым сааттай болгон. Эми ал акыры «отургучунан» чыгып, арабага секирип чыгууга батынды. Ал аны кармап турган арканды чечкенде дөңгөлөктөр акырын зым аркан менен жыла баштады. Араба кыймылга келди. Бала ылдый жакта, ага көрүнбөсө да – Спиллендер олтурган араба да тескери багытта кыймылдаганын билип турду. Азыр ага тормоздун кереги жок болчу, анткени анын денесинин салмагы башка вагондун салмагын жетиштүү түрдө тең салмактап турду. Көп өтпөй тумандын арасынан бийик аска жана эски, көзгө тааныш, ишенимдүү айланып жаткан барабан пайда болду. Джерри жерге секирип түшүп, арабаны бекитти. Муну жай жана кылдаттык менен жасады.

Андан кийин күтүлбөгөн жерден барабандын жанына, бороонго жана жамгырга карабай жерге боортоктоп жата калып, катуу ыйлап жиберди. Айрылган колдорундагы чыдагыс оору, катуу чарчоо жана акыркы бир нече саат бою тынчтык бербеген нервдик чыңалуудан бошонгону жөнүндөгү аң-сезим жана андан тышкары – аялы менен Спиллен азыр коопсуз экенин сезген ысык, толуп ташыган кубаныч сезими бул ыйдын себепкери эле.

Алар азыр алыста болчу, ага ыраазычылыктарын билдире алышпасы түшүнүктүү, бирок ал кайдадыр бир жерде, каарланып, көбүрүп-жабырып жаткан дарыянын аркы өйүзүндө «Беде жалбырагы» шахтасына карай жолдо шашып баратышканын билди.

Джерри шашып үйгө жөнөдү. Эшиктин ак туткасы анын колу тийгенде кызыл-тазыл болуп, канга боёлуп калды, бирок ал муну байкаган жок.

Бала терисине батпай сыймыктанып, өзүнө ыраазы болуп турду, анткени ал жакшы иш кылганын бекем ишенген; ал эми ал анткорлукту али билбегендиктен, жакшы иш кылганын моюнга алуудан корунган жок. Жүрөгүндө бир гана кичинекей өкүнүч бар эле: эгер атасы бул жерде болуп, анын кылганын көргөндө эмне!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.