Чоңташтагы НКВД кызматкерлери эс алган жерге 138 адам атылган
Кыргыз өкмөтүнүн мурдагы катчысы, кийин Жусуп Абдракмановдун ордуна келген Эл комиссарлар советинин төрагасы Баялы Исакеевди тергөөчү ОКУНЕВ суракка алган.
ОКУНЕВ: – Партия алдындагы кылмышыңды кантип жашырасың?
ИСАКЕЕВ: – Жашыра албайм. Мен жанымда жүргөн душмандардын бетин ачып, абакка отургуза албапмын. Бүткүл өмүрүмду, күч-кубатымды Сталиндин иши не арнадым эле. Кийинки убакта сталиндик кыраакылыгымды жоготуп койгон экем.
ОКУНЕВ: – Сталинге жамынып, актанбасаң деле билебиз. Сенин партияга каршы иштериңди ашкерелеп, Борбордук Комитеттин бюросу 1938-жылы 10-сентябрда мына, мындай аныктама берген (окуйт). «Исакеев Баялы Дыйканбаевич 1921-23-жылдарда Нарында жетекчи кызматта турганда революцияга каршы кудайкуловдук жаатчыл топтун активдүү катышуучусу болгон. Кызматта бай-манаптык элементтерди сактап калуу максатында уруучулук күрөштү тутантып, кедейлерди са-батып, каматып, калкты тоногон мыйзамсыз иштерге жол берген».
ИСАКЕЕВ: – Буга далил керек. Күбө барбы?
ОКУНЕВ: – Бар.
ИСАКЕЕВ: – Беттештириңиз.
ОКУНЕВ: – Беттешесиз. (Окуйт). «Исакеев Баялы Дыйканбаевич Караколдо жетекчи кызматта турганда 1924-26-жылдарда бай-манаптык феодалдык тартипти калыбына келтирүү максатында Совет өкмөтүнө каршы күрөшүү үчүн Бабахановдун, Тойчиновдун, Ибрагимовдун жана башка эл душмандарынын улутчул, жаатчыл, контрреволюциячыл уюмуна активдүү катышкан».
ИСАКЕЕВ: – Муну ким жазган?
ОКУНЕВ: – Азыр көрөсүз. (Кнопканы басат. Кызыл желдет кирет). Киргиз!
Күбөгө өтө турган Баканооз кирет. Аны көрүп, Исакеев таңкалгандан тарс жарыла жаздайт. Ал бирге иштеген адамдан каралай турган жалаа-чагымды күткөн эмес. Бирин-бири суроолуу тиктешет.
ОКУНЕВ: – Айтыңызчы, сиз Исакеевди билесизби?
БАКАНООЗ: – Жакшы билем. Исакеев контрреволюциялык топтун мүчөсү болгон.
ИСАКЕЕВ (көзү алайып): – Эмне деп келжиреп жатасың, кайсы топ?
ОКУНЕВ: – Азыр камакта жаткан Шооруковду, Темирбековду, Тыныстановду, Алиевди, Кулназаровду өзүнө тартып, пантүрктүк уюмдун жетекчиси Рыскулов менен байланышып, анын тапшырмаларын аткарып турганы чынбы? Сиз чындыкты гана айтасыз, чындыктан тайсалдасаңыз, мыйзам алдында жооп бересиз!
БАКАНООЗ: – Көргөн көзүмө кантип ишенбейин? Исакеев Белоцкийдин, Шербаковдун, Стамблердин партияга каршы иштерин жаап-жашырып келген. Атүгүл контрреволюционер Шербаковду партиядан чыгарып жатканда Исакеев каршы болгон.
ИСАКЕЕВ (Баканооздун бетине жаба түкүрөт): – Тфү!.. Аппаратта сендей бетбактын жүргөнүн байкаган эмес экем. Мага чала болот!
ОКУНЕВ: – Өз кишиңиз. Эми эчтеке дей албайсыз го?! Алып кетиңиз! (Милиционер Баканоозду алып кетет). Бетиңизге койгон фактыдан баш тарта албай калдыңыз.
ИСАКЕЕВ: – Көзүм караңгылап, эч нерсени боолголой албай калдым.
ОКУНЕВ: – Мында Жусуп Абдракмановду каралаган көрсөтмөңүз жатат. Анда сиз абакта эмес, Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болчусуз.
ИСАКЕЕВ: – Ооба, анда мен мамлекетти эл душмандарынан тазалап жатабыз деп ойлогом. Эми өзүм эл душманы болдум. Мен кимге душмандык кылдым экен? Совет мамлекетинеби? Совет мамлекетин өзүбүз курушпадыкпы. Анын салмагына такаат бере турган эч күч жок.
(Дубалдагы Сталиндин портрети жанданат).
СТАЛИНДИН ҮНҮ: – А сиз билет турбайсызбы? Кубаттуу машиналары, завод-фабрикалары, куралдуу күчтөрү, флоттору, күчтүү армиясы бар мамлекеттин салмагы канча экен?
ИСАКЕЕВ (портретке кылчайып): – Анын салмагын эч ким билбейт, жолдош Сталин. Ал астрономиялык цифра.
СТАЛИНДИН ҮНҮ: – Мына, ошол астрономиялык цифрага бир киши – мисалы, сиз такаат бере аласызбы?
ИСАКЕЕВ: – Жок.
СТАЛИНДИН ҮНҮ: – Эмесе, билип алыңыз. Камактагы сиз болобу, же башкасы болобу, андай зор басымга эч ким такаат бере албайт. Ал оюңузга кирип чыкпасын. Зор мамлекеттин ээси ким экенин билип алыңыз.
ИСАКЕЕВ: – Ээси сиз, жолдош Сталин!
СТАЛИНДИН ҮНҮ: – Эл душмандары жоюлган сайын моралдык салмак жеңилдейт. Устундар таарылып жатат, дубалы өзү кулайт. Моралдык салмак төгүлгөн каңдын салмагына барабар. Өкүмдү аткаргыла!
ОКУНЕВ (честь берип): – Жарайт, жолдош Сталин!
Эстедиңби, генерал? Бул кыргыз обкомунун мурдагы катчысы Баялы Исакеев. Мына, жубайы Надежда Шеглованын колунда калган Исакеевдин акыркы каты.
ИСАКЕЕВДИН КАТЫ (анын үнү менен окулат):
«Тергөөчү жүрөгүмдүн сары суусун алып, жалган көрсөтмөлөрдү жаздырууда. Жазбасам, демек ойдон чыгарып жазбасам, «кайрадан кыйнайбыз, башың менен оң колуңду калтырып, калган мүчөңдү каршы-терши кескилейбиз, кейип-кешпиринен кеткен сулп этке айлантабыз» деп үрөйдү учуруп, 38-жылдын ноябрына чейин тергөөчү жалган жалааларга кол койдура берди. Азыр жанымды сууруп жаздырган көрсөтмөлөрүмөн баш тартам. Абдракманов ак кеткен. Азаттыгымды кайрып бергиле! Мен Ата мекенимди жанымдай сүйөм, ага өмүрүмдүн бардык күч-кубатын жумшайм!»
ОКУНЕВ: – Өмүрүң калган жок. Көрөр күнүң, ичер сууң бүттү!
Катты Исакеевдин аялын камаганда алышкан. Исакеевдин аялы Надежда Шеглова орус улутунан эле, эмне билсе, чындыкты таамай айткан. Камакта Исакеевдин камерасына жамаатташ жаткан.
Баялы Исакеевдин биринчи аялы Муслима Байгалина казак кызы. Ал айтылуу казак акыны Абай Кунанбаевдин укум-тукумунан. Баялы Исакеев 1938-жылы 10-сентябрда камалган соң, анын артынан дароо эле экинчи аялы Надежда Шеглова да камакка алынган.
Надя прокурорго жазган арызынан үмүт этип, дале болсо калыс мыйзамга, адилеттикке, сотко, прокурорго ишенип, чындыкты талап кылгысы келди. Андан майнап чыкпаса жогорку бийликке кайрылгысы келди. Бирок канча күңдөн бери катына жооп болбогон соң, эч натыйжа чыкпасына көзү жетти.
Түн кирген сайын абактагылардын ач кыйкырыгы угулуп турду. Соо кишинин тишин аттиш менен сууругандай ачуу кыйкырыктан кийин дүпө-дүп боло түшүп, анан онтогон үндөр угулбай калып жатты. Надя абакта кыйноо чегип жаткандарды көз алдына келтирди: мурдунан кан түтүктөп жыгылган комиссар, көз айнеги ыргып орундуктан кулаган профессор, диртилдеп жерде жаткан дене, зым менен башка жеген туткун. Кимдир-бирөөнү жыга уруп, «айтасыңбы, кылмышыңды мойнуна аласыңбы» деген сөздөр элдир-селдир угулду кулагына. «А, айтасың, айтасың, кол коёсуң!». Бир катар соккудан соң абактын полу солкулдай түштү да, бакырык камераны үч көтөрдү. Кыйчылдап оор эшиктер ачылып, «бас, чык!» деген айкырыктар чыкты. Короодо мотоцикл дүрүлдөп, абактын жертөлөсүнөн: «Тарс! Тарс! Тарс!..» деген добуштар чыкты. Милиционерлер атылган өлүктөрдү сүйрөп чыгышып, «Каракузгун» деген чүмбөт машинага сулп эттерди ыргыткансып ыргытышты.
Аңгыча Надя жаткан камеранын эшиги ачылып, надзиратель аны сыртка чыгарып, далистин түп жагындагы кабинетке алып кетти. Кабинетке кире берерде басалбай калган кишини замбилге салып баратканын көрүп, кайра бир карады. Бети-башы таанылбай жанчылып бараткан киши Баялы Исакеев эле. Надя бакырууга да үлгүрө албай калды. Аны тергөөчүнүн кабинетине түртүп киргизди надзиратель. Шеглованы энкавэде тергөөчүсү Точалевич суракка алды.
ТОЧАЛЕВИЧ: – Отурунуз!.. (Колун аркасына алган Шеглова отурат). Фамилияңыз, тек-жайыңыз, социалдык абалыңыз, улутуңуз, жынысыңыз, курагыңыз, кылган күнөөңүз, бардыгы делодо. Аларды сурап убара болбойлу. Сөздүн ток этээрине өтөлү. Исакеевди качантан бери билесиз?
ШЕГЛОВА: – Баш кошкондон бери.
ТОЧАЛЕВИЧ: – Качан баш кошконсуз?
ШЕГЛОВА: – Сааты, күнү эсимде жок…
ТОЧАЛЕВИЧ: – Исакеев сизден мурда үйлөнгөн беле?
ШЕГЛОВА: – Анын кандай мааниси бар, эмнесин сурадыңыз. Мен так билбейт экем. Мурда бир аял алып, ажырашып кетиптир деп уккам.
ТОЧАЛЕВИЧ: – Ал аялы Исакеев менен жашыруун байланышыңызды билген беле?
ШЕГЛОВА: – Мен Исакеев менен жашыруун байланышкан эмесмин. Биздин жашыра турган эчтекебиз жок. Ал Киробкомдо да, Эл комиссариатында да ачык иштеген. Биз ачык мамиледе болгонбуз. Аны бардыгы билишет.
ТОЧАЛЕВИЧ: – Сиздин Исакеев менен мамилеңиз эмнеге негизделген?
ШЕГЛОВА: – Кызык суроо. Эмнеге негизделсин? Мен ага турмушка чыккам, ал мага үйлөнгөн. Мамиле ошого негизделген.
ТОЧАЛЕВИЧ: – Силер бир пикирде, бир уюмда тургансыңар.
ШЕГЛОВА: – Биз бир үйдө турганбыз, бир пикирде болгонбуз. Эч кандай уюмда турган эмеспиз.
ТОЧАЛЕВИЧ: – Жок! Силер оңчул оппортинистик уюмда тургансынар.
ШЕГЛОВА: – Мен Коммунисттик партиянын карамагына өтүп, Баялы менен бир ишенимде болдум. Ал бир топ жаңылыштык кетирген, кийин ал жаңылыштыгын оңдоп, жаза баскан жолунан кайра тарткан. Бирок оңчул оппортинисттик уюмда турганына көзүм жетпейт.
ТОЧАЛЕВИЧ: – Эмнелер жөнүндө пикириңер келишчү эмес?
ШЕГЛОВА: – Ырас, бизге жакын жүргөндөр кээде келип калганда “ушуларды үйүр кылбасаңчы. Азыр бир көзүң бир көзүңө жоо, опурталдуу учур” деп айткан да күндөрүм болгон. Исакеев: “Булар менен иштешпесем, кимдер менен иштешем? Азыр кадр маселси курч коюлуп жатат. Булар эл катмарынан чыккан карапайым кишилер. Тагылган милдетти абийирдүү аткарарына ишенем” дечү. “Дал ошол көзү ачылбаган каратаман кишилер түбүнө жетпесе болду” дечүмүн. Биздин пикир келишпестик көбүнчө ошолордун айынан болчу. Чындыгында дал ошолор акыры колтугуна суу бүрктү.
ТОЧАЛЕВИЧ: – Аялы болгон соң жактайсыз да.
ШЕГЛОВА: – Мен Исакеевди жаш чагыман билем. Аны көрүп, билип, сүйүү мүмкүндүгү болгон. Күндөлүк турмушта сыйлашып, бир ишенимде жашадык.
ТОЧАЛЕВИЧ: – Исакеев Совет өкмөтүн кулатууга ниеттенген уюмда турган. А сиз ал уюмду жашырып, Исакеевди актагыңыз келет. Жок, биз ага жол бербейбиз. Совет өкмөтүнүн алдында силердин жактайсыз да.
ШЕГЛОВА: – Мен Исакеевди жаш чагыман билем. Аны көрүп, билип, сүйүү мүмкүндүгү болгон. Күндөлүк турмушта сыйлашып, бир ишенимде жашадык.
ТОЧАЛЕВИЧ: – Исакеев Советт өкмөтүн кулатууга ниеттенген уюмда турган. А сиз ал уюмду жашырып, Исакеевди актагыңыз келет. Жок, биз ага жол бербейбиз. Совет өкмөтүнүн алдында силердин кылган кылмышыңар оор.
ШЕГЛОВА: – Исакеевди эмне кылдыңар?
ТОЧАЛЕВИЧ: – Жаш совет мамлекетин кулатууну көздөгөн, пролетариат бийлигин тебелеп-тепсеген эл душманын эмне кылчу эле? Атат!..
ШЕГЛОВА: – Атат?..
ТОЧАЛЕВИЧ: – Революция өзүн коргой билүү керек. Элдин каарынан эки жүздүү бетбактар кутула албайт!
ШЕГЛОВА: – Көзүмдө огум болсо, атып таштайт элем!
ТОЧАЛЕВИЧ: – Орус элинин кыраакы кызы болуп туруп, эл душманына кантип турмушка чыгып калдыңыз? Ушундай шүмшүктөрдүн баскан-турганын байкабай кантип бирге жашадыңыз, кантип бирге жаттыңыз? Совет мамлекетине каршы чыккан жат элементтерге сиздей аялдын тагдыры кантип байланып калды, а? Бул шумпайлар биз ойлогондон ашып түштү го? Ушулар советтик аппаратка кирип алып, зыянкечтик иштерин көмүскө жүргүзүп келген. Буларды тозок отундагы казанга салса да жаза аздык кылат. Мынабу кагазга кол коюңуз!
ШЕГЛОВА: – Бул эмне?.. Мен “күйөөм эл душманы, андан баш тартам” деп кол коёмбу?
ТОЧАЛЕВИЧ: – Ооба, “байкабай турмуш куруп алыпмын” деп мойнуңузга аласыз.
ШЕГЛОВА: – Мен буга кол койбойм. Исакеев эл душманы эмес. Адамды ак жерден каралай албайм.
ТОЧАЛЕВИЧ: – Анда, алыска жашаганга кетесиз жана лагерден кайрылып келбейсиз.
ШЕГЛОВА: – Тагдырга жазганын көрөбүз.
ТОЧАЛЕВИЧ: – Алып кетиниз! (Полиция Шеглованын колун бурап, алып кетет).
Исакеев Баялы Дыйканбаевич Нарын облусунун Кочкор айылында 1898-жылы туулган. Айылдык мусулман мектебинен жана Нарындагы үч жылдык орус мектебинен билим алган. 1916-жылдагы элдик-боштондук көтөрүлүштө Кытайга кетүүгө аргасыз болгон. 1917-жылдагы февраль революциясынан кийин кайтып келип, адегенде Нарын облусунда почта кызматкери болуп иштейт. 1920-жылы партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Андан соң Орто Азия коммунисттик университетинин курсунан, анан Москвадагы ВКП(б)нын алдындагы уезддик партиялык кызматкерлердин курсунан өтөт. Кыргызстанга кайтып келип, “Кызыл Кыргызстандын” башкы редактору болот. 1933-жылга чейин Кыргыз обкомунун секретары, анан Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар советинин төрагасы. Ал “Бүткүл элдердин жана бүткүл мезгилдердин көсөмү” Сталинге ишенип, анын көрсөтмөлөрүн так аткарган. Ошентип, 1937-жылдагы сталиндик кандуу репрессияларга улуксаат берген жана өзү да ошол зомбулуктун курманы болгон. Ал, тройканын чечими менен атууга өкүм болуп, өкүм 1938-жылы 5-ноябрда аткарылган. Исакеевдин сөөгү 1991-жылы Чоңташтагы энкавэде желдеттери эс алуучу үйдүн от жагуучу чуңкурунан 138 шейиттин арасынан табылган. СССР Жогорку аскердик соттун чечими менен Исакеев Баялы Дыйканбаевич 1956-жылы акталган.
Сталиндик репрессия бүткүл өлкөдө кеңири кулач жайып, анын масштабы карыбы-жашпы бардык курактагы, бардык катмарды кучагына алган. Промпартия процесси, шахта иштери, ойдон чыгарылган троцкисттик-бухариндик уюмдар, оңчул жана солчул кыйшаюулар, социал-туран улутчул партиялары, панислам, пантүрктүк биригүүлөр, улутчул уюмдар, зордуктап колхоздоштуруу, кулакка тарттыруу, миллиондогон адамдардын башын жеген согуштар, сүргүндөр, лагерлер, террорлор ушунун баары акыйкаттан кетенчиктеп, социализм жолун бурмалоого алып келген. Өлкөдө ички иштер органдары үстөмдүк кылып, энкавэде желдеттери дооран сүрүп турган. Сот, прокуратура, юстиция органдарындагы бетбактыкты, зулумдукту, мыкаачылыкты ак жерден атылган инсандардын кайгылуу тагдырлары ашкерелеп салды…
Баялы Исакеев жана анын замандаштары тарткан азаптарды, ал жылдардын катмарында кат-кат болуп жаткан, көөлөнгөн, шакмарланган, караланган миңдеген тарыхый инсандардын жүздөрүн реставратор сыяктуу тазалап, тактап, актап, элге чыныгы жүзүн көрсөтүп, ар кимин өз-өз ордуна коймоюнча, эч ким чындыкка ишенбес. Адамдык бетти, абийирди, актыкты коргоонун аракеттери, ал аракеттердин текке кеткени тарыхта калууга тийиш. Аларды адамдык сапаттан ажыраткан дөлөңгүттөргө каргыш!
Эрнис ТУРСУНОВ, Кыргыз эл акыны,
«Кыргыз Туусу», 14-17.03.2008-ж.
Аттокур Жапановдун Фейсбук баракчасынан алынды.



