Осаму ДАДЗАЙ: «Чурка, Мерос!»

 

(новелла)

Меростун жаалы кайнап чыкты. Кандай болгон күндө да залимдиги ашынган таш боор падышаны ээрден шыпырып түшкөнгө белсенди. Өзү мал кайтаргандан башканы билбеген, өкүмөт ишинен кыпындай түшүнүгү жок караңгы жан. Кой артынан чой-чойлоп чуркап, чоор тартып жүрүп күнү өттү. Бирок жыртык чокой бейдаба адилетсиздикти көргөндө, эч качан кайдыгер карап тура алчу эмес. Бүгүн таңкы үрөң-бараңда айылынан жолго чыгып, адыр аралап, бел ашып айылынан он ри [1] алыста жаткан Сиракуз шаарына шымаланып кирип келди. Кенедей кезинен ата-энеси жок жетимдин үйлөнгөнгө да шарты болбоду, жалгыз таянары – он алтыдагы бойго жеткен карындашын караан тутуп жашап келет. Арыбаганга жарыбаган келип куда түшүптүр демекчи, жакында карындашына айылдык койчуга кудалап кетишти. Болочок күйөө баланы чөп менен суудан башка эч кимге зыяны жок жан дешет. Мерос күнчүлүк жерден шаарга карындашына үлпөт көйнөк, тойго керектүүнүн баарын сатып алганы келген кербези. Соода-сатыгын бүтүргөн соң, шаардын борбордук кең көчөсүн аралап баскысы келди. Сиракуз шаарында бала кезден досу Селинунт таш уста болуп иштеп жүргөн. Андан кабар алганы жөнөгөндө, эмнегедир жан-дүйнөсү жыргай түштү – аны көрө элегине көп болгон. Көчөдө жай баракат басып баратып, бирок жүрөгү бир жамандыкты сезди: шаарда бир шойком болгондой. Шаар ичи жылан жалмагансып жым. Күн батып, кечки иңирде көз байлана баштаганы турган иш дечи, а бирок… Деги шаарда тынчылыкбы? – Мерос шаарда бир шойком болгонун жон териси менен туйду, бирок мунун кечки иңирдин кириши менен эч байланышы жок шекил. Анча-мынчага камырабаган жаны бул ирет мындан карайлап чочуй баштады. Алдынан оро-пара чыга калышкан жигиттерди көргөндө, алардан сурап жиберди: “Деги тынчылык элеби, жигиттер? Шаарга эки жыл мурда келгенимде, шаар ичи күн-түнү шаңга толуп турар эле!” Жигиттер эч үн катпастан, жалт бурулуп андан өтө качышты. Бир аздан соң алдынан бир абышкага чыкты. Андан баягы суроосун тапталанып шашпай түшүндүрүп сурады эле, абышка жооп бербестен, ары басып кетүүгө шашты. Буга кызаңдай түшкөн Мерос аны шарт жакадан алып, силкилдетип сурады. Ошондо гана абышка тияк-биягын элеңдей каранып алып, анын кулагына шыбырады:

– Падышаны Кудай урду, адам аттуунун баарын кырып өлтүрүп жатат.

– Эмнеге?!

– Падышаны Кудай урарда, өз элине кас болот тура, балам. Залимдиги чектен ашып кетти.

– Бүт кырып салдыбы?

– Четтен кырып келатат. Алгач күйөө баласын өлүм жазасына тартып жиберди. Андан соң көзгө басар жалгыз орун басарын өлүмгө буйруду. Анын артынан бир тууган карындашы өлүм жазасына тартылды. Андан соң карындашынын уулу – бир тууган жээнин дарга астырып таштады. Кийин жандай көргөн аялы – ханышанын башы кетти. Анын артынан хансарайдагы акылман сынчы Алекс дарга асылды.

– О, кокуй! Падышаны чындап кудай урган тура! Көзүн май басып, таза кутурган го?

– Жок, кутурганга деле окшобойт. Болгону эч кимге ишенбейт имиш. Акыркы күндөрү өз айланасындагы жакын жан-жөкөрлөрүнөн да күмөн санай баштады. Жан-жөкөрлөрдүн бири алдамчылыкка шектелсе, анын туугандарын кошо камакка алып, эгер ал эсине келбесе, өзүн туугандарына кошуп дарга астырып салып жатат. Бүгүн бир күндө эле алты адам дарга асылды. 

Абышканын айтканын укканда, Мерос өзүн кармана албай калды.

– Эл башы деген мындай болбош керек! Бул таза көпкөндүк! Мындайга өлүм!

Мерос кыпындай куулук-шумдугу жок, көп нерсеге анча баам-парасат салбаган пенде деп айтпадыкпы. Базарлык салынган баштыгын жонуна арткан бойдон кансарайдын эшигин тээп кирип барды. Кароолдор аны кармап, куруна байланган кындагы канжарын байкашканда, чакчалекей будуң-чаң түшүп жатып калышты. Меросту падышанын алдына көптөп сүйрөп келишти.

– Канжар байланып эмнеге келдиң, баатыр? Сүйлө! – залим падыша Дионисий жай, бирок каардуу сурады. Залимдин жүзү кумсарып, чекесинен каат-каат бырыштар баскан.

– Шаарды сага окшогон залимден азат кылганы келдим! – деп тайманбай жооп берди Мерос.

– Кантип? – Дионисийдин буга күйбөгөн жери күл болуп түтөп кетти. – Сен ушуларды адам деп ойлойсуңбу?.. Сен жана сага окшогон дөдөйлөр менин ички дартымды түшүнгөн күн болобу деги?

– Жап жаагыңды! – жаалданган Мерос анын сөзүн жула тартты. – Эл менен болсоң – бийиксиң, элден чыксаң – кийиксиң. Кышты кудай урганда, күн ылымдап жаз болот. Паашаны кудай урганда, өз элине кас болот. Элден айланып кет! 

– Сага окшогон жалганчы түгөттүн баары мени эч кимге ишенбеш керектигин үйрөттү. Элге таянып болбойт тура. Адамды кудай табиятынан тескери жараткан, өзү тойсо да, эчтекеге көзү тойбогон сараң. Ошого эч кимге ишенбеш керек, – деп өзүнчө кейип-кепчиген Дионисий шуу үшкүрүнүп алды. – Мен деле эл катары тынч жашагым келет…

– Элдер баш көтөрбөй тынч жашаса, а мен бийлигимди өмүр бою сактап өтсөм дейт экенсиң да, кайран, – Мерос ага шылдыңдуу карады. – Бейкүнөө адамдарды өлүм жазасына тартып, журтка тынчтык тартуулайм деп ойлойсуңбу? 

– Тарт тилиңди, чортаман кул! – падыша башын өйдө көтөрүп, анын үнүн бас кылды. – Тили менен тегирмен тарткан эргул! Сага окшогондун кимдигин мен бир тиктеп билем, адамдын кандай экенин эчак эле ийне-жибине чейин иликтеп койгом. Эки колуңдан дарга мык кактырып тирүүлөй астырып койсом, жан-соогалап ыйлап жүрбөгүн, курган. Сендейди кечирген жан эмесмин!

– Акылыңа береке, падышам! Ошону менен көкшүүнүм сууйт эле дегени турасыңбы, ыя? Мен өлүмдөн коркпойм. Сенден ырайым да сурабайм. Болгону… – Мерос күтүүсүз жерден мукактанып жер карады. – Менин бир сунушумду аткарып, өлүм жазасын үч күнгө жылдырып турсаң болду… Жалгыз карындашымды турмушка узатып жатам. Үч күндө тойду өткөрүп, алдыңа кайтып келмекмин.

– Келесоонун тапкан айласын кара! – Дионисий тамагын кирилдете аны шылдыңдап күлдү. – Калпты да этияттап айтсаң боло! Капастан качып чыккан чымчык кайра капаска өзү учуп кирет деп ойлойсуңбу?

– Кабатыр болбо, кайтып келем, – Мерос ишенимдүү айтты. – Аманат менен убадага бек жанмын. Үч күн убакыт берсең эле болду. Айылдагы үйдө карындашым күтүп жатат. Мага ишенбесең, өзүң бил. Шаарда Селинунт деген таш уста жашайт. Мени менен кыяматтык дос. Бар да, ошону кармап кел. Мени күн батканга дейре үч күн күткүлө. Эгер үч күндө кайтып келе албасам, досум экөөбүздү тең өлүм жазасына тартып жибер. Ушул сунушумду аткар, улуу урматтуу падышам.

Муну укканда, падыша мыйыгынан жылмайды, залим жаны өзүнчө ойго батты: “Ушундай да каратып туруп жалган айткан жан болобу! Кайдан кайтып келмек эле. Ага алданып калган болуп, төрт тарабың кыбыла деп бошотуп жиберсем кантет? Алдыда таза тамаша болгону турат. “Мына эми көрдүңбү, ошого мен эч кимге ишенбей калгамын” – деп туруп, өзүнүн ордуна коюп кеткен адамды дарга астырып салат элем. Сөзүнө турбаганды кантип жазалашымды элдер өз көздөрү менен көрүшөт эле. Калпты чындай сүйлөгөн алдамчынын тагдыры карапайым элге сабак болсун деп досун дарга тирүүлөй астырып салгандан өткөн ыракат барбы!” 

– Эмне дейбиз, анда сунуш кабыл алынды. Досу бул жерге алып келинсин. Үчүнчү күнү күн батканга дейре күтөлү. Кечиксең, өзүңдөн көр, досуңду дарга тирүүлөй астырып салам. Бир аз кечигип келсең да болот. Анда досуңду дарга асабыз да, сенин башыңды азат кылам.

– Эмне?! Эмне деп жатасың?!

– Ха-ха-хаа! Жашагың келсе, кечигип кел деп жатам, ичинде эмнени ойлоп жатканыңды эн сонун билип турам!

Мынчалык кордукка чыдабаган Мерос жер тепкилеп жиберди, ага жооп бергиси да келген жок.

Анын досу Селинунт түндөсү кансарайга алып келинди. Залим падышанын көз алдында эки жылдан бери көрүшө элек достор бет маңдай турушту. Мерос болгон ишти төкпөй-чачпай түшүндүрүп берди. Селинунт унчукпай баш ийкеп, Меросту өзүнө бекем кучактады. Эки дос бири-бирин айттырбай түшүндү. Селинунт колу байланып, үч күнгө зынданга салынды. Мерос акырын басып келген жолуна түштү. Жайкы түндөгү капкара асманда жылдыздар жайнайт.

Мерос буту жерге тийбей тынымсыз чуркап, күндүн көзү эми көрүнүп, саарлап дыйкандар ишине бараткан маалда айылына дикилдеп чуркаган бойдон кирип келди. Карындашы анын ордуна адырда кой кайтарып жүрүптүр. Чарчаган буттары шалактап, өлөрчө чарчаган агасын көргөндө, карындашы чочуп кетти, үстөкө-босток суроо жаадырып анын абалын сурап жатты.

– Баары жайында, кыжаалат болбо. – Мерос эчтеке болбогондой түр көрсөтүп жылмайды. – Шаарда чала бүткөн иштерим калды, бир аз күндөн соң кайрадан кетишим керек. Эртең сенин үлпөт тоюңду өткөрөлү. Өлүмдөн башканын баары эртерээк болгону жакшы.

Карындашынын жүзү кубанычтан албырып чыкты.

– Ыраазысыңбы, берекем? Сага деп той көйнөктүн эң жакшысын алдым. Азыр баргын да, бүт коңшуларга кабар бер – эртең той де.

Мерос араң басып үйүнө келди. Төркү бөлмөнү тойго даярдап, келген кудаларды сыйлаган жайды шашпай карап чыкты. Андан соң кире беришке күп кулап, чарчаган жаны өлүк сымал уйкуга кетти.

Кеч киргенге дейре өзүн билбей уктаптыр. Ордунан ыргып туруп, болочок күйөө баланын үйүнө түз жөнөдү. Барар замат күйөө балага: “Шаарда зарыл иштерим бар эле, ошого эртерээк кетпесем болбойт. Тойду эртең эле баштайлы…” – деп эбиреп-жебиреп кирсе, анысы буга өлгүдөй таң калып, тойго эчтекеси даяр эместигин айтса болобу. Кайра бактагы жүзүмү терилбей жатканын айтып наалып, кайнаганын башын оорутту… Айласы куруган Мерос үнүн өктөм чыгарышка туура келди: кандай болгон күндө да, той эртең болушу керек. Бирок күйөө бала таза кыжыйып, өзүнүкүн бербей туруп албаспы. Экөө таң сөгүлгөнгө дейре алым-сабак айтышты, акыры кудай жалгап күйөө бала сунушка конду.

Түшкө маал той башталды. Баш кошкон жаштарды ибадатканага никеге катталуу каадасына алып келишкенде, күтүүсүз жерден асман түнөрүп, жамгыр акырын себелеп баштап, акырындан челек менен куйгандай төгүп кирди. Келген коноктор буга ыңгайсыздана түшүп, ичтеринен муну жамандыкка жоруп жибергендер да болду. Бирок Меростун өжүрөдөй үйүндө кудалык сый көрүп жатышканда, кайра жандана түшүшүп, колдор чабылып, кенедей үйдү жаңырта ырдап киришти. Үлпөт тойдогу шаан-шөкөткө жаны эргий түшкөн Мерос падышага берген убайымдуу убадасын бир азга унутуп да калды. Тойдун шааниси түн жарымга дейре созулуп, келген коноктор менен кудалар бири-бирине сөз бербей андан бетер кызып чыгышты. “Ушундай жайда өмүр бою олтурсам кана эле, – деп Мерос өзүнчө ойго батты. – Ушундай карапайым ичинде кыпындай кири жок айылдык адамдар менен жашоону бирге өткөрүү менин зор бакытым эле, эми минтип бүткүл үмүт-тилектерим убайран болгону турат. Алдыда бир ишти аткарыш гана калды”. Бар кайратын жыйган Мерос акыры жолго аттанышка белсенди. “Эртең күн батканга дейре али убакыт жетиштүү. Азыр биртке куш уйку салайын да, анан дароо жолго чыгайын, – деп ойлоду Мерос. – Ага чейин жаан да токтойт”. Өз үйүндө дагы бир аз турушун ичинен ушунчалык каалап турду. Албетте, Мерос сыяктуу баатырдын деле жүрөгү назик жумшак эттен жаралган, таштан бүткөн эмес. 

Бакытка бөлөнүп турган карындашына жакын басып келди.

– Куш бооңор бек болсун, карындашым. Биртке уктап алайын. Ойгонор замат шаарга жөнөйм, ал жакта зарыл иштерим күтүп турат. Мен кайрылып келбей калган күндө да, көп кайгыра бербе, эми сенин жаныңда аска-зоодой таянар жолдошун бар. Менин эң жек көргөнүм – жалган айтуу жана ишенимге кыянаттык кылуу. Күйөөңдөн эч нерсени жашырба, ага жалган сүйлөп кыянаттык кылба. Бул сага айтар менин бир туугандык насаатым. Жана да… Балким агам жакшы киши эле деп мени өмүр бою урматтап өтөрсүң. Эсиңе мени алгайсың…

Кубанычтан башы айланып турган карындашы башын ийкеп гана тим болду.

Мерос колун күйөө баланын далысына койду.

– Сен экөөбүз турмуштун ачуусун таттуусунан көп таттык, күйөө бала. Бар тапкан байлыгым – алтынга алмашкыс жалгыз карындашым анан короодогу биртке малым эле. Андан башка ашып-ташкан дүнүйөм деле жок. Азыр эми мунун баарын сага мураска калтырдым. Жана да сендей күйөө балага туш кылган Жаратканга миң мерте шүгүр кылам.

Күйөө бала эмне дешин билбей, желкесин кашып гана тим болду. Мерос ага жайдары жылмайып, тойго келген конокторго, кудаларга ийилип таазим кылды. Андан соң малкана тарапка кирип кетти да, өлүктөй уйкуга кирди.

Мерос ойгонгондо, таң атып кетиптир. Ордунан атып турду. “О, Кудай, уктап калган турбаймынбы! Ой, жок, баары жайында – эгер азыр жөнөсөм, үлгүрүп калышка кенен-кесири убакыт бар. Бүгүн падышага элге абийир баарынан кымбат турарын далилдеп берем! Андан кийин өлүмгө тике карай жылмайып дар астына өзүм басып барам”. Ал шашпай кийинди. Эшикте жамгыр себелейт. Мына сапар да карыды. Колун катуу шилтеп жиберди да, үйдөн атып чыгып, шаарды көздөй атылган жебедей зуулдап жөнөдү.

“Бүгүн мен өлөм. Өлүмгө чуркап баратам. Мага ишенип камоодо жаткан досумду сакташ үчүр учуп баратам. Залим падышаны жаман ниетинен кайтарыш үчүн чуркап баратам. Чуркашым керек. Анан өлөмүн. Кош бол, киндик каным тамган жерим!” Мерос курганым! Бир нече ирет жайлай түшкөндө, өзүн өзү камчылап токтоосуз зуулдап баратты. “Чурка, Мерос, чурка!”, – деп өзүн өзү токтоосуз сабалап жатты. Кең талааны аралай өтүп, чытырман бадалга киргенде, жамгыр токтоп, асмандан чакчайып күн көрүнүп, ысып чыкты. Чекесинен шоргологон терин аарчынып жатып ойлоду: “Айылдан узап кеттим, эми кусалык мени мындан ары кыйнабайт. Карындашымды турмушка узаттым, күйөө балам түшүнүктүү жан, аны урматтап багып алышына көзүм жетет. Бир гана падышанын алдына барсам болду. Шашкандан не пайда, жай басып барсам, мени бирөө урат беле”. Эчтекеден камырабаган жаны өзүн ушинтип сооротту да, кыңылдап ырдап баратты. Ошентип кыбырап олтуруп эки ри, андан соң дагы үч ри жолду басып өттү. Жолдун жарымына келгенде, турган жеринде каккан казыктай селейди. Дайра буркан-шаркан түшүп кириптир.

Дайрага эмне болгон? Түндөгү ак жаандан улам дайра күргүштөп кирип, араң илешип турган асма көпүрөнү кыйратып кетиптир. Мерос ордунда селейди. Андан соң өзүнө келип, тияк-биягын каранып күчүнүн болушунча кыйкырып жардам сурап жатты. Кайыктын баары салмоору үзүлүп, сууга агып жоголуптур, карайлап кыйкыргандан пайда жок. Дайра уламдан-улам катуулап кирип жатты. Айласы куруган Мерос жерге чөгөлөй олтуруп, алаканын асманга жайып, асман пири Зевске ыйлап дуба кылды: “О, асман чогу Чагылган-Ата! Дайраны сээлдетип беришиңди суранам! Убактым түгөнүп баратат, күн батканы калды. Шаарга үлгүрүп кирип барбасам, менин айымдан бейкүнөө досум өлгөнү турат!”

Дайра ага өчөшкөнсүп андан бетер күч алып кирип баштаса болобу. Дайра бетинде жаалданган толкундар бири-бирине жыландай оролошуп жатты, убакыттын ар бир мүнөтү алтындан кымбат болуп баратат. Ошондо Мерос башкача чечимге келди. Дайраны сүзүп өткөндөн башка эч айла жок. “Эй, асман пири Чагылган-Ата! Адамдагы сүйүү менен чындык күчүн күргүштөп аккан дайра да жок кыла албашын мен азыр сага далилдеп берем” – деди да, жаалданып кирген дайрага секирип жиберди. Каарданган толкундар менен болгон күрөш мына ошондо башталды, миңдеген ажыдаар жыландай соймоңдогон толкундар менен салгылаш жүрүп жатты. Ийиктей чимирилип өзүнө соруп кеткиси бар суу айлампасын бар күчүн жыйнап жеңип, жээктен ала салдырып дайрага сүйрөп киргиси келген жоодой толкундар менен кармашып олтуруп, аркы жээкке өтүп кеткенде, асман пири Чагылган-Ата күргүштөп кирген дайрага ойлонбой туруп секирген адам баласынын эрдигине тан берип, көктөн аны боору ачып тиктеп турду. Каарданган толкундар аны канчалык дайрага сүйрөп кирип кеткилери келсе да, ага карабай агып баратып суу жээгинде өскөн талдын шагын кармай калып, кирген дайранын каарынан кутулуп кетти. “Кудайга миң мерте шугур!” Кургакка чыгар замат, аттай денесин силкинип алып, андан ары чу койду – убакыт улам кымбаттап баратат. Ала-көлөкө самсып, күн батышты көздөй эңкейип баратты. Күшүлдөгөн Мерос тоо таяна өрдөп, белдин туу чокусуна жеткенде, токтой калып, биртке демин басты, ошол замат жоктон пайда болгонсуп жанынан каракчылар көрүндү.

– Токто! Ордуңдан былк этпе!

– Силерге эмне керек? Күн батканга дейре кансарайга жетип барышым керек. Сетердей болбой качкыла жолдон!

– Былжыраба, келесоо! Жөн кутулуп кетем деп ойлобо. Бар дүнүйөңдүн баарын чыгар да, анан төрт тарабың кыбыла!

– Менин жанымдан башка эчтекем жок. Аны да бүгүн падышага тартуулаганы турам!

– Бизге дал ошол керек болуп туру!

– Аа, түшүнүктүү. Залимдин буйругу менен мени буктурмага камаганы келипсиңер.

Каракчылар үн-сөзү жок союл шилтеп чабуулга өтүштү. Мерос жакында турган каракчыга чымчыктай лып учуп жетти да, колундагы союлун сууруп алып, жаалдана: “Өз ажалыңарды өзүңөр сурандыңар! Эми бул жагы өзү тийишкен бала ыйлабайт болот, туугандар!” – деп кыйкырды да, үч каракчыны заматта торойто чапты. Аман калганы араң качып кутулду. Белден тик ылдый чуркап жөнөдү, тыным албай чуркап олтуруп тоо этектей түшүп келгенде, буттары чалыштап баштады. Батыштан күн куйкалап, Мелос өзүн чуркаганга канчалык кыстабасын, эки-үч кадам аттап, тизелей калды да, чөгөлөгөн жеринде дармансыз шалдайды. Асманга жүзүн бурду да, боздоп жиберди. “Эй, кирген дайрага, жаалданган топ каракчыга баш ийбей, куштай шукшурулган Мерос. Жолун тосконду бүт кыйраткан Мерос! Тайманбаган баатыр Мерос! Чарчоого моюн сунуп жеңилип бердиңби, намысы жок айбан?! Акыбалың ушул элеби, келесоо?! Сага ишенип жан досуң бүгүн өлгөнү турат. Эми кара ниет залим падышанын алдында шөмтүрөп туруп бересиң, уяты жок!” – деп өзүн ичинен тилдеп жатты, бирок дарман дегенден дайын жок: соймоңдогон курттай жылышка алы калбаптыр. Жол боюндагы көк майсага күп кулады. Адамдан кайрат качканда, алы да калбай калат тура. Кайдыгерликтин артынан келген алсыздык Меростун жан-дүйнөсүн өрдөп, тээ жүрөк түпкүрүндө өзүн күнү бүткөн байкуш сезип аяп жатты. “Антка кыянаттык кылгым келген эмес. Үлгүрүп жетип барышка бар күчүмдү жумшадым, мага ишенбесеңер, баарын кудайга койдум! Алым жетишинче чуркадым. Мен жалганчы эмесмин! Көкүрөгүмдү жарып туруп, муштумдай жүрөгүмдү ачып көрсөтсөм кана эле! Сүйүү жана ишенимдин күчү менен соккон жүрөк! Эң маанилүү учурда алдан тайып олтурам. Кандай бактысыз адаммын! Эми мени үстүмдөн шылдыңдап, ичинен жек көрүп өтүшөт. Өз уруумду шерменде кылдым. Досумду сатып кеттим. Иштин аягына чыкпаганың – эч кандай иш жасабаганга тете. Эх, баары кыйрады. Ушундай беле бешене. Селинунт! Мени кечир, жан досум! Мага ар дайым ишенер элең, мен да сени бир да жолу алдабадым. Экөөбүз кыяматтык достор элек. Ант менен шертке бекем элек. Азыр да мага ишенип, мени күтүп жатканыңды сезип турам. Сен күтүп жатасың! Ыракмат сага, Селинунт! Мага дайыма ишенип келгенсиң. Муну ойлогондо, түбүм оюлуп кеткенсийт. Ырас, достордун ортосундагы ишеним – адамга табылгыс сыймык эмеспи. Селинунт, мен бар күчүм менен чуркадым! Сени алдагым келген эмес! Мага ишен! Ушул жерге дейре бутум жерге тийбей чуркап келим. Күргүштөп кирген дайраны кечтим. Каракчылар менен кармаштым. Алардан суурулуп чыгып, адыр-адыр тоо аштым. Баарын жасадым! А-аа, жок, эми мага үмүт артпа! Мени унут! Эмне болсо ошол болсун, мага да чын жүрөктөн баары бир. Мен азыр ыргытылган эски чүпүрөкмүн. Мени шылдыңдап күлүп алгыла! Падыша кулагыма: “Бир аз кечиге түш” – деп шыбыраган болчу. Кечиксем, сени дарга асат да, менин башымды азат кылат – убада ошондой. Карөзгөй падышаны жек көрүп калдым. Мына эми, залим падышанын табасы канганы турат. Кечигип калат окшойм. Залимдин айтканы дал чыгып, сени дарга асышат да, мени коё беришет. Анан мен тирүүлөй өлүккө айланам. Элдин эсинде досун сатып кеткен касам катары калам. Саткындан өткөн шерменде барбы. Селинунт! Мен да өлөйүн! Сени менен бирге өлүшкө мага уруксат бер! Сен мага ишендиң эле. Же жөн гана текеберлинип жатамынбы? Андан көрө жалганды өкүртө сүйлөп, каргадай жүз жыл жыргап жашап өтсөм кантет? Айылда үйүм, короомдо биртке болсо да малым бар. Мага эш болор карындашым менен күйөө балам турат. Ыя, туура айтамбы? Акыйкат, ишеним, сүйүү – адам баласы ойлоп тапкан сандырак нерселер! Өзү жашап кетиш үчүн башка жанды өлтүрүү – адам жашоосундагы жазылбаган мыйзам эмеспи. Кыскасы анысы да, мунусу да коко тыйынга арзыбас нерселер. Мен жаны жок саткынмын. Мындай болгон соң, өз пайдамды гана ойлоп жашап өткөнүм дурус. Мага демектин бар-жогу жерге кирип кетпейби” – жерде талтайып олтурган Мерос ушуларды ойлогончо үргүлөп кетти.

Бир маалда кулагына бирдеме угулуп кеткенсиди. Мерос башын өйдө көтөрүп, демин басканча кулагын төшөдү: бут алдынан шыркырап суу агып жаткансыйт. Темтеңдей ордунан турган Мерос жар боорунан шырылдап аккан булактын көзүн көрдү. Тизелей олтура калып, булак суусун кочуштай сузуп, кулкулдата жутуп жибергенде, оор уйкудан көзү ачыла түшкөнсүдү. “Мен жөнөшүм керек, токтоосуз жөнөшүм керек! Денесине бүткөн кайрат менен кошо үмүт шооласы тама түшкөнсүдү. Үмүт гана кишини алдыга жетелейт. Үмүт гана абийирди өзүн курмандыкка чалып сактай алат. Батышта күн өрттөнүп батып баратты. Күн толук батканга чейин дагы бир аз убакыт бар. “Жашоодо мени күткөн бир адам бар. Менден үмүт үзбөй күтүп олтурган бир жан бар. Ал мага терең ишенет. Алдыда эмне болорун ойлоп кыжаалат болуштун эч кажети жок. Жакшы иштерди тирүүңдө жасап кал, өлгөндөн кийин кейигенден не пайда. Ишенимди акташым керек. Бар максатым ушул гана. Кана эмесе, чурка, Мерос!

Мага ишенип жатышат. Ишенип жатышат. Жанагы ойлорумдун баары – түш аркылуу келген шайтандын азгырыгы. Азгырык! Унут аны! Дене чарчаганда, ойго ардеме келет. Көтөр башты бийик! Эчтекеге карабай сен баатыр бойдон каласың. Өзүңдү аттай камчылап чуркап келгенин жалганбы? Баары жайында! Абийир үчүн жоокердей кашык каным калганча салгылашып өлгөнүм артык. Күн улам ылдыйлап батып баратат. О, Зевс! О, асман пири Чагылган-Ата, бир аз күтө тур! Өмүр бою бир гана абийир менен чындыкты бийик тутуп жашадым. Эми абийирдүү өлүмдү насип кыла көр, Жараткан!” 

Алдынан чыга калганды бүт сулатып, туягынан от чачкан тулпардай сызып, куюндай учуп шамал менен жарышып келатты. Көлөкөдө нанүштө кылып олтурган дыйкандар аны көргөндө, ооздору аңырдай ачылып тиктеп, иттер артынан абалап үргөн бойдон калып жатты. Арыктардан секирип аттап, батып бараткан күндөн он эсе ылдам чуркап, ылаачын куштай сызып баратты. Жолдо бараткандарды кууп өтүп баратып, кулагы жаман нерсени чалды: “Баягы бечараны бүгүн дарга асышат…” Жок, андай болбойт! Мен ошого чуркап баратам! Аны дарга асканга болбойт! Ылдамда, Мерос! Кечиккенге болбойт. Пирлер колдосун! Шамал пири колдой көр!” Үстүндөгү кийими чуркаганга оор сезиле баштаганда, бүт чечип ыргытып жиберди. Өпкөсү көөп, оозу-мурдунан чыркырап кан атып кетсе да, токтоосуз чуркап баратты. Мына акыры! Алыстан кансарайдын мунарасы агарып көрүндү. Батып бараткан күнгө жаркырап турат. 

– Эй, Мерос мырза! – шамал менен келген үзүл-кесил үн артынан угулду.

– Ким бул? – Мерос чуркап баратып сурады. 

– Бул мен, Филострат. Досуңуз Селинунттун шакирти болом, – деген үн артынан угулду. Жаш таш уста аны кууп жетти. – Эми кеч болуп калды. Баары убайран болду. Токтоңуз. Досуңузга эми эч кандай жардам кыла албайсыз.

– Жок, күн али толук бата элек!

– Устатым азыр өлгөнү турат. Сиз кечигип калдыңыз. Эх, бир аз эрте келсеңиз болбойт беле, атаганат.

– Жок, күн али толук бата элек дейм! – Мерос жарылганы калды. Кызарып батып бараткан күндөн көзүн албай чуркап баратты. Чуркагандан башка айласы калбады!

– Токтоңуз! Эч болбосо Сиздин жаныңыз аман калсын. Устатым Сизге аябай ишенди эле. Дарга асканы алып келишкенде, эчтекеден бейкапар турду. Падыша аны шылдыңдап күлгөндө, ага жооп иретинде: “Мерос сөзсүз келет” – деп гана тим болду. Ишенимдин күчүн караңыз.

– Ошон үчүн чуркашым керек! Мага ишенсе, демек мен чуркашым керек! Үлгүрөмбү же жокпу – анысы маанилүү эмес. Өлөмбү же каламбы – мунусуна да чын жүрөктөн баары бир. Ишеним өлүмдөн да бийик турушу керек. Артымдан чурка, Филострат!

– Акылдан айнып калган жоксузбу? Чуркагыңыз келсе, анда чуркаңыз! Кууган да кудай дейт, качкан да кудай дейт! Бир керемет болуп кетер! Чуркаңыз!

Күн али толук бата эле болчу. Мерос өлүм алдында бар күчүн жыйнап чуркап баратты. Карайлаган башына эчтеке кирбей, бир белгисиз күч аны алдыга сүйрөп баратты. Күн кылайып эми батканы калганда, асмандын кызылы суюлуп баштаган кезде Мерос бороон өңдөнүп аянтка уруп-согуп кирип келди. Ал үлгүрүп калды.

“Токтогула! Аны өлтүрбөгүлө! Мерос кайтып келди! Келишим аткарылды – мен келдим!” Мерос ушинтип кыйкырмакчы болсо, тамагы кургап, тили таңдайына жабышып калыптыр. Бирдемелерди чурулдап жаткансыды. Өлүм жазасын көргөнү келген эл аны байкашкан жок. Дарга асылып турган Селинунт көз алдына элестей түшкөндө, топтошкон элди дайрадай жиреп, үнү бүтүп калса да, бар күчү менен кыйкырып жатты: “Желдет! Мына мен келдим! Мени дарга аса берсеңер болот, мен мындамын! Досумду бошоткула, мен келдим! Келдим!” Топту жиреп өтөрү менен дар астындагы секичеде турган досунун бутун кучактай жыгылды. Топтошкон эл дуу дей түшүп, бир ооздон сүрөөнгө алып киришти: “Жашасын Мерос! Өлүм жазасы кайтарылсын! Анын башы азат болсун!” Досун дарга асканы калышкан экен. Анын мойнуна байланган сыйыртмак жип кайра чечилип алынды.

– Селинунт! – Мерос ыйлап жиберди. – Урчу мени. Мени бар күчүң мен ур! Жолдо келатып, түшүмдө шайтандын азгырыгына моюн сунуп, убадамдан тайып кете жаздадым. Мени урбасаң, сени достуктан кечемин.

Селинунт муну алдын-ала билгендей башын акырын ийкеди да, Меросту жаак талаштыра шапалак менен коюп жибергенде шапалак үнү аянтта жаңырып, Меростун көзүнөн от чагыла түштү. Андан соң Селинунт ага жылмайып үн катты:

– Мерос, сен да мени ур. Шапалак үнү бүткүл аянтта угулгудай болсун. Үч күн ичинде менде сен тууралуу бир гана жолу кыпындай күмөн саноо болду. Күмөн кылуу – жакшы иш эмес. Өмүрүмдө биринчи жолу күмөн санашым. Мени урбасаң, мен да сени достуктан кечемин.

Мерос шапалак менен досун жаакка койгондо, шапалак үнү жаңыра түштү.

– Ыракмат, досум, – экөө бир убакта ушул сөздү айтыша бири-бирин кучактап, кубанычтан ыйлап жатышты.

Бир маалда арыдан бирөөнүн кирилдеген доошу угулду – бул аларды астыртан байкап турган падыша Дионисийдин үнү эле. Падыша аларга жакын басып келди да, бети кызарып, минтип айтты:

– Эмне дейбиз, силер көздөгөн максатка жеттиңер. Жеңиш силердики. Мени да өзүңөргө кошуп алсаңар кантет? Силерге менден бир өтүнүч – мен да силер менен кыйышпас дос болгум келет.

Кубанычтан топтошкон эл кыйкырык-сүрөөнгө алып дуулдап коштоп кетти: “Падышага даңк! Падышага мактоолор болсун!”

Ошол маалда топтун арасынан кичинекей секелек кыз суурулуп чыгып келип, Мероско кызгылтым чапан сунду. Селинунт иштин жагдайын досуна түшүндүрдү:

– Мерос досум, дырдай жылаңач калыпсың. Чапанды үстүңө жамынып алчы. Эл алдында жылаңач турганыңды көргөн секелек кыз уятына чыдабай кетти окшойт!

Калың топтун чок ортосунда дырдай жылаңач турганын билгенде, кайран баатыр Меростун өңү кулагынын учуна дейре кызарып кетти.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

[1]. Ри – жапондордун узундук бирдиги. 1 ри дээрлик 4 чакырымга барабар.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.