Динара ШАЙДИЛЛА кызы
1993-жылы 7-сентябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Өрнөк айылында туулган.
2016-жылы кыргыз тили жана адабияты мугалими адистиги боюнча Ош мамлекеттик социалдык университетти артыкчылык диплом менен бүтүргөн.
19 жашында ал кездеги Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун каржылык колдоосу менен «Дилдеги дилде» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы чыккан.
2015-жылы Ош областынын «Мыкты жаш акыны» деп таанылган.
2013-жылы «Ыр булак» аттуу экинчи ырлар жыйнагы, ал эми 2017-жылы КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын сынагынын жеңүүчүсү аталып, «Мен ырларды жаратпадым, ырлар мени жаратты» аттуу үчүнчү ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.
Ырлар
* * *
Тааныш жүз издейт карек адатынча,
Биз баскан көчөлөрдү карап турам,
Биз билген жылдыздарды санап тынам.
Армансыз жашаганды каалап турам,
Өзүңдү көчүрүп кет жүрөгүмдөн.
Ысымың тилге келет адашканда,
Жашырган сезим сырын айтып алам,
Айтам да, миң бир танып кайтып алам.
Өзүмдү сенден бөлүп кантип алам?..
Өзүңдү сууруп алчы тилегимден.
Сөздөрүң эске келет сагынганда,
Бир замат унутулат көйгөй деген.
Кыялдан кылыктарың козгой берем.
Унутам деген сайын ойлой берем.
Өзүңдү өчүрүп кет үмүтүмдөн.
БАКЫТЫМ
Сезгенде кайрыктардын кереметин,
Терметем ойлорумдун керебетин.
Жете албайт ырдан тапкан бакытыма,
Түк эч ким эч нерсени теңебесин.
Суурулуп чыгат дилдин сандыгынан,
Ал бийик байлыктардын бардыгынан.
Сан күндүк салтанатты жасап алам,
Ырдагы бакытымдын калдыгынан.
ГҮЛДӨЙ БЕРСИН ҮМҮТТӨР
Азап-кайгы жүрөгүмдү
бекем кысты кучактап,
Ичке жутуп бүт бардыгын, ыйлап алдым бышактап.
Мейли, келсин түрдүү сыноо,
сабыр кылып чыдаймын,
Жеңилбеймин, үмүттөрүм гүлдөй берсин бутактап.
Бүтө элекмин бул дүйнөнү
сындап дагы, сыпаттап,
Кандай күндөр карап турат алды жактан кылактап.
Курдаштарым мында турсун
колдоп турган ар убак,
Жолум тоскон кастарым да бараткансыйт ыраактап.
Кыйыры жок бул ааламдын
сырлары көп, ким билмек,
Ар ким кыйын ар тараптан, кимдер кимге теңелмек.
Сырдаштарым: кагаз, калем,
ырлар жана адамдар,
Онтобоймун чын турмушта, кыялдарым бир эрмек.
Үмүт, сабыр, мээрим курса дилдеге бай дил шаңын,
Жакшылыктар толукташат
күн-түнүмдүн бир жагын.
Дүйнө жымжырт, жалгыз менмин
калемимди кармаган,
Бардыгынан өзгөчөсүң,
түндө келген илхамым.
* * *
Өзүмдүк дүйнөмдөгү,
Оорумдун өчүп изи,
Айыгат качандыр бир,
Болбогон уламыштай.
Унутуп бир кездеги,
Шай келбес жүрөк менен,
Арманда калгандыгын,
Тилектер уланышпай.
Качандыр кубандырат,
Кудайга рахмат айтып,
Эки айры узун жолдор,
Калганы куралышпай.
Мендеги күлүк, эркин,
Жашоосу чектелбеген,
Бакыттан кур калышат,
Сезимди туя алышпай.
* * *
Ыйлоо – адат,
Күлүү – конок.
Кыялдарчы –
Жомок, жомок…
Өткөн – сабак,
Келген – канат,
Оңбу, солбу,
Учууга бат.
Кечээ келгем,
Бүгүн турам.
Эртең кетсем,
Унутулам.
Элес болуп
Кылыктарым,
Мен жок калат
Ыйыктарым.
Ырлар… Ырлар –
Айкын сырлар.
Менсиз жашайт
Канча жылдар.
Азыр жарык,
Бирок күүгүм…
Жашадым да,
Өчөм бир күн.
* * *
Сыйлаганым,
Алыстардан,
Аскалардан келдиңби?
Келдиңби же
Жер астынан
Сууну бөлүп, таш жарып?
Күтүүсүздөн
Жан дүйнөмө
Жарык берип, асманым,
Күндөй чыктың
Как төбөмдөн
Күлө карап кашкайып.
Сенин үнүң
Доор ырындай,
Көп кылымдан угулган.
Бактылуумун
Угуу сени
Жалгыз мага буюрган.
Бүгүн мени
Кубандырсаң
Жүрөгүмдү мекендеп,
Таштап келдиң
Кандай жерди
Бактысыздай туюлган?
Ыйлаганым,
Көз жаш төкпөй,
Ич-ичинен буулуккан,
Күйүтүнөн
Кубанычы
Суз экенин унуткан.
Окшош издеп,
Жан дүйнөңө
Жерден жолдош табам деп,
Учуп келдиң…
Угуп келдиң…
Түшүп келдиң булуттан.
* * *
Быйыл да
Кышта жамгыр.
Окшошуп көңүлүмө
Бүркөө асман.
Төгүүдө
Бук, кайгысын,
Жууп атат
Бүт бардыгын,
Сыртта жамгыр.
Биздеги –
Узун, бирок
Угуту жок.
Аныкы –
Кыска тагдыр,
Нуска тагдыр.
КАЙ ЖЫЛДАР АЙТПАС ЧЫНЫН
Кай жылдар эсиме бир келесиң да,
Жаш болуп тамчылайсың айрылыштан.
Кай жылдар өчүп атың, элесиң да,
Дүйнөмдөн шыкаалайсың желе баскан.
Кай жылдар дил азабың жаңыланып,
Жолуңдан бир кезиксем тааныбаймын.
Өзүңдү күнөөлөбө экинчи ирет.
Сүйүлүп жаңылбадым, жаңылбадың.
Кай жылдар жоктоп ыйлайт жүрөгүбүз,
Алгачкы махабаттын тайбастыгын.
Сезимдер издеп жөнөйт бирин бири,
Кайрадан арман кылып жанбастыгын.
Кай жылдар кай жылдарга айтпас чынын…
* * *
Мага кудай сабыр берсин,
Сабыр берсин тоолордой,
Кечирүүгө өзүмдү да,
Кечирүүгө бирөөнү.
Өзү үйрөтүп турмуш кыстайт,
А жүрөгүм безилдейт,
Көзүм жумуп тим болууга
Көрүп туруп күнөөнү.
Мага кудай сезим берсин,
Сезим берсин жоголбос.
Берилүүм да, кабыл алуум
Жалгыз жанга обондош.
Сабыр, сезим жеңээр анан,
Чындык барын билдирип,
Көп сыноодо сүйүүм өчпөй,
Махабатым бөгөлбөс.
Мага кудай чыдам берсин,
Чыдап баарын көтөргөн.
Баардыгынан чарчаганда
Бактысы үчүн көшөргөн.
Мээрими бек адам болсом,
Чыдап, сүйүп, кечирип,
Жаман ойго булгагым жок
Дүйнөмдү гүл төшөлгөн.
Ишенимди берсин кудай,
Күрөшмөйүн жеңилбес.
Өзүм, чөйрөм өзгөрүлбөс,
Жалган сөзгө берилбес.
Алыс кетпейм жаңылып да,
Оңдойт мени, мен оңдойм,
Жакшылардан жашоо бою
Жүрөк-дилим бөлүнбөс.
* * *
Билбейм нени каалашымды,
Билбейм нени сүйлөөнү.
Бул чын эле мен өзүмбү?
Бул чын эле өзүмбү.
Көл толкуну сагындырат,
Алар мени эстешет.
Илеби суз, иреңи күз,
Шамал менен беттешем.
Көзүм жумсам колум жая,
Кең асманга тартыла,
Көңүл учат, көз жалдырап,
Кыялдардын артында.
Акыл, эмгек керек болбойт,
Акча күчсүз мындайда.
Бүлөөм тынчым албай турсун,
Жалгыз калсам бир саамга.
Өзүм жана толкундардын,
Көөдөнү окшоп бир жандай.
Эч ким тынчым албай турсун,
Тынчтык керек бир гана…
БҮГҮН… БУЛ – АКЫРКЫ КЕЗДЕШҮҮ
Бүгүн… Бул – акыркы кездешүү.
Эптеп бир окшотуп чындыкка,
Өкүнмүш болосуң соңку ирет.
Айласыз амалың жасасаң,
Билинип күлкүмдү келтирет.
Бүгүн… Бул – акыркы кездешүү.
Колумду кармалап кош дейсиң,
Атымды соңку ирет кайталап.
Бир кезде башталып, бүтпөгөн,
Соңку ирет жалганың айтылат.
Бүгүн… Бул – акыркы кездешүү.
Туйлайсың жүрөктүн төрүнөн…
Көзүңө соңку ирет көрүнөм.
Азабым сыя албай чачылам,
Жыйнайсың кудайдын жеринен.
Бүгүн… Бул – акыркы кездешүү.
Соңку ирет көз жашым көрөсүң,
Сен айткан «тагдырга…» көнөсүң.
Аласа, бересе, бардыгын…
Көзүңчө перзентиң төлөсүн.
Күйүтүм жылдырбай алдыга,
Көп иштен сен себеп кечигем.
Убалдан чырагың жарыбас,
Мен сени соңку ирет кечирем.
Бүгүн… Бул – акыркы кездешүү.
Чын жашоом башталат бүгүндөн…
Чын жашоом түгөнөт бүгүндөн…
ӨМҮРҮ БҮТПӨЙТ ЭКЕН ҮМҮТТӨРДҮН
Баарында болот кыял. Айыпсыздыр
Кол жетпес улуулукту көксөгөнүм.
Татыктуу кылар балким көз ирмемге,
Татыксыз адамдарды эстегеним.
Сугарар суусундук жок дилге… Бирок,
Көз жашы түгөнбөдү күйүттөрдүн.
Махабат эмне экенин билейин деп,
Мен дагы бир «жиндини» сүйүп көрдүм.
Төрөлгөн качан, билбейм, эч ким билбейт,
Өмүрү бүтпөйт экен үмүттөрдүн.
ӨЗҮҢДҮ КӨЧҮРҮП КЕТ ЖҮРӨГҮМДӨН
Тааныш жүз издейт карек адатынча,
Биз баскан көчөлөрдү карап турам,
Биз билген жылдыздарды санап тынам.
Армансыз жашаганды каалап турам,
Өзүңдү көчүрүп кет жүрөгүмдөн.
Ысымың тилге келет адашканда,
Жашырган сезим сырын айтып алам,
Айтам да, миң бир танып кайтып алам.
Өзүмдү сенден бөлүп кантип алам?..
Өзүңдү сууруп алчы тилегимден.
Сөздөрүң эске келет сагынганда,
Бир замат унутулат көйгөй деген.
Кыялдан кылыктарың козгой берем.
Унутам деген сайын ойлой берем.
Өзүңдү өчүрүп кет үмүтүмдөн.
КЕЧИРБЕДИМ
Сен үчүн ачып берип жүрөгүмдү,
Ыр менен сырдай болуп төгүлгөмүн.
Баарына ыраазы элем, бирок жалгыз:
Сени мен көргөнүмө өкүнгөмүн.
Жагуусуз, жактыруусуз көңүлүмдө,
Шар элем токтобогон, секиндедим.
Эч кимден сүрдөбөгөм өмүрүмдө,
А сенин көздөрүңдөн бекингемин.
Өчсө да өткөн-кеткен изи калбай,
Өзүңдү көкүрөктөн өчүрбөдүм.
Бир аалам жамандыкты кечирсем да,
Кабарсыз кеткениңди кечирбедим.



