Талант Жантелиев, бир тууган агасы: Ден соолугуна маани бербей жүрүп алды
Бопуш болуп таанылып, Саякбай болуп узады
Элине экран аркылуу кызмат кылган, чепейген боюна чекчейген муруту жарашкан, өтө жөнөкөй, өзгөчө кесипкөй талант бар эле. Марат аты унутулуп Бопуш болуп таанылган актёр 59 жашында чын жашоого моюн сунду. Далай тасмаларга тартылып ар убак эл көзүндө жашап келген талант эми арабызда жок. Актёр тартылган акыркы тасма залкар манасчы Саякбай Каралаев тууралуу тартылган «Саякбай» тасмасы болуп калды. Кайталангыс талант Марат Жантелиев эми элинин эсинде бирде Бопуш, бирде Саякбай болуп түбөлүк сакталып кала берет.
Талант Жантелиев, бир тууган агасы: «Ден соолугуна маани бербей жүрүп алды»
— Талант мырза, бир тууганыңыздын арты кайырлуу болсун. Жакындары эле эмес, кыргыз эли жоктоп, кайгырып турат. Иниңиз ооруп жүрдү беле?
— Негизи, бөйрөгү ооруп жүрчү. Бирок жатып калып же аябай кыйналчу деле эмес. Кадимкисиндей иштеп, небересин эркелетип жакшынакай эле жүрүптүр. Жакында жаңы киного тартылмак экен. Бир күн мурда жумушуна барып театрдын жетекчиси менен жолугуп жаңы спектаклге башкы ролду алып, сүйлөшүп келиптир. Актёр Темирлан Сманбеков айтат, экөө сүйлөшүп бүткөн соң кетеринде театрдын алдында отуруптур. Эмнеге отуруп калганын сураса күлүп «бак-дарактарды карап атам» деп койгон экен. Көрсө, иним 30 жыл иштеген театры, өмүрүнүн 38 жылын арнаган өнөрү менен коштошуп отурган окшойт. Ушинтип жакшынакай келип эле эртеси күтүүсүз ооруп, бөйрөктөрү иштебей калып узап кетип атпайбы. Уйку безинде да бар экен. Маал-маалы менен дарыланып, ден соолугуна кам көрсө болмок. Бирок чыгармачыл адамдар саламаттыгына анча маани бербей коюшат турбайбы. Бир чети чыгармачылык менен тынымсыз иштеп турбаса тиричилиги да болбой калат эле.
— Канча бир туугансыздар?
— Биз үч бир тууган элек. Мен улуусумун, Марат менден эки жаш кичүү болчу. Он жаш кичүү дагы бир инибиз бар эле, ал да төрт жыл мурун каза болуп калган. Эми Макибай да узап кетти, мен жалгыз калдым (жашып). Баарынан 82 жаштагы апабызга кыйын болду. Он жыл мурун абышкасынан, төрт жыл мурун баласынан ажыраган. Атам дарыгер, апам медайым болуп өмүр бою иштешкен. Марат адамдын алтыны эле. Мүнөзү жумшак, катуу айтканды билбеген жан болчу. Эркектей болуп «энеңди урайын» деп да койчу эмес. Азыр баарын баштан эстеп, кичинебиздеги окуяларды эскерип отурам. Бала кезибизде кыз бир тууганыбыз жок болгондуктан инилерим менен үй иштерин бөлүшүп алып жасачубуз. Улуулук кылып амалданып конок үйдү өзүмө алып, ашкананы Маратка берип койчумун. Ашканадагы толгон жумуштун баарын зымырайта жасап, ата-энемдин оң колу болчу. Макибай деп баарыбыз жакшы көрчү элек.
— Актёрлукту биротоло тандап, чыгармачылыкка кайсы учурда бел байлады?
— Мектеп жашынан эле актёрлукка кызыгып, ошол кезде эле өз күйөрмандарын таап калган десем болот. Биз окуучу кезде «Курманбек» пьесасын коюу мода болчу. Марат дайыма Тейит чалдын образын ойночу. Ал тескери бата берген жерине келгенде ачууланган көрүүчүлөр колундагы нерселер менен чаап жиберишчү. Бул Тейит чал эмес, өздөрүнүн эле баласы Марат экенин унутуп калышчу. Ушундай кызыгуусунан улам ата-энем анын актёрлукту тандашына башынан эле макул болушкан. Мага инимдин кыргыз кереметтеринин бири «Кожожаш» тасмасындагы Саяктын образын ойногону аябай жагат. Аяктагы шорпону төгүп алып ыйлаган жерин сонун аткарган. Кесибин абдан туура тандаган. өмүр бою чыгармачылык деп жашап, кесиби менен гана алек болду. Москвадан окууну аяктап келген соң мени менен чогуу жашап, чоң үй-бүлө болгонго чейин үйлүү боло алган жок. Менин да үй-бүлөм чоңойгон кезде бир кезде атам алып берген үйдү сатып, иним там-таштуу болуп калсын деп ага жумшагам.
— Кесиптештери аябай камкор ата экенин айтып жатышат.
— Эми үй-бүлөгө болгон карамдуулугун айтпа. Балдарын бир да урушкан жок го дейм. Балдары сабактан келеби, оюндан келеби, бут кийимдерин сүртүп, тазалап, тыпырайтып тизип турчу. Кыздарынын турмушка чыгып, орун-очок алышын аябай күтүп жүргөн эле. Ага жетпей калды. Улуу уулу үйлөнгөн. Небере жыттап калганына шүгүр деп кала бердик.
Эрнис Абдыжапаров, режиссёр: «Саякбайдын образы үчүн 20 килого семирген»
— Марат менин чыгармачылыгымда өзгөчө орунду ээлеген актёр болду. «Айыл өкмөтүнөн» баштап «Саякбай» тасмама чейин ролдорду жаратты. «Саякбайды» тартарда дароо эле Маратты тартууну ойлодум. Чакырып тасма тууралуу айтып, ролду сунуштаганымда аябай кубанды. Анан Саякбай кылмакчы болуп кийинтсек такыр эле окшошпой калса болобу. Куркуюп мойну чыгып, башындагы тебетейи очоюп чоң болуп, кыскасы Саякбай боло алган жок. Бирок мен Маратты тартам деген оюмдан кайткан жокмун. Тартуу иштерине чейин эки ай убакыт бар эле, «ага чейин жакшылап семирип кел» дедим. Ушундай роль жаратарына аябай кудуңдап сүйүнүп жөнөп кетти. Жай турмушта кандай экенин билбейм, чыгармачылыгына келгенде Марат баарын майын чыгара жасачу. Майда-чүйдөсүнө чейин маани берип, чала кылуу деген анда жок болчу. Ушунусуна баа берип, аябай ыраазы болчумун. Ролу үчүн өзүн аячу эмес. Бир жарым айдан кийин жолуксак, чын эле жакшы семириптир. 20 кило коштум дейт. Мурутту чаптап, чепкен, тебетейин кийгизсек биз күткөн Саякбай болуп чыга келди. Ошентип тартуу иштери башталды. Саякбайдын образын жараткан актёр ким экенине баары кызыгышты. Бопуш экенин укканда баары бирдей каршы болуп «ошол Саякбайды аткара алмак беле. Куудул манасчыны ойной албайт» деп киришти. Биз ишибизди токтоткон жокпуз. Качан тартуу маалындагы айрым сүрөттөр социалдык тармактарга чыга баштаганда эл анын талантына ынанып, баалай да башташты. Кино али бүтө элек болсо да «киноңуз сонун болуптур» деп мактап ийгендер болду. Тасма аябай жеңил, шыдыр тартылды. Тартуу маалында «өзүм ойнобой эле ичиме бирөө кирип алгандай болуп атам» деп айтып жатты. Анан да «биринчи ролум Саяк эле, акыркы ролум Саякбай болду» деп айта берди. Оозуна сала бергенсип чын эле Саякбай акыркы ролу болуп калбадыбы. Залкар манасчынын ролун аткарууга аябай жоопкерчиликтүү карады. Бир кызыкты айтып берейин, Саякбай манасчы бүркүт таптаган эмеспи. Биз тасмага тарта турган куш бүркүт эмес, учууну жакшы үйрөнө элек жаш барчын болчу. Тартууга чейин Марат менен барчынды бири-бирине үйрөтүп койгонбуз. Манасчынын бүркүт менен биротоло коштошкон жерин тартарда барчынды алыс кете албайт деп болжоп «ушул жерден кайра келет» деп жатканбыз. Марат ролуна ушундай берилип, ички жан дүйнөсү, энергетикасы менен кушка аябай таасир берип койдубу дейм, тартуу маалында ал куш менен коштошуп колунан учурган соң барчын андан ары тоону ашып учуп кетпедиби. Бул бир кереметтүү көрүнүш болду. Маратта эки гана дүйнө бар эле. Бири чыгармачылыгы, бири үй-бүлөсү. Үй-бүлөгө аябай карамдуу, камкор болчу. Аялы Асел экөө сыйлашып абдан жакшы жашашты. Мен аларга таң кала берчүмүн. Асел жалаң орусча сүйлөйт, Марат кыргызча гана сүйлөйт. Экөөнүн табиттери, кызыгуулары такыр эки башка, бирок бирин-бири аябай түшүнүп, сыйлап турушчу. Балдары кенедей кезден тартып чоңойгонго чейин үй-бүлөсү тасма талаасына сөзсүз бир келип кетишчү. Бири-бирине мынчалык байланып, мынчалык айланчыктаган адамдар чанда болор.
Гүлмира Турсунбаева, кесиптеши: «Сакиш экөөбүздө тең күйөө жок, эми бизге ким кам көрөт?»
— Марат менен 30 жыл бирге иштедим. Жаш күнүбүздөн чыгармачылыктын жүгүн чогуу көтөрдүк, жеке жашообузда жакын дос болдук. Айнура экөөбүз Сакиш, Гүкүш болуп сахнадан Бопушка эркелесек, сахнанын артында Мараттын сынын угуп, камкордугун да көрдүк. Ташка актёр, актрисалардын баарын мактап, Сакиш экөөбүзгө келгенде эле сынчы болуп калчу. Бизди такыр мактачу эмес. Дос күйгүзүп айтат дейт го. Бопуштун мыкты адам болгонун, жакшы жактарын көзү тирүүсүндө деле айтчубуз, көзү өткөн соң баары кызыгып сурап атышат, эми да айта беребиз. Мүнөзү бир сонун жан эле, жоош момун, эркектей болуп сөгүнүп-сагынууну билбеген, жумшак, көңүлчөөк адам эле. өмүрүбүздүн көбү жер кыдырып, гостроль менен өттү. Чыгармачылык сапарга кетип жатканыбызда келинчеги Асел: «Сакиш экөөң бар менин көңүлүм ток» деп койчу. Сакиш экөөбүз Бопушту сыйлайм деп ары жетелеп жөнөгөндөргө кошпой карап же аны менен чогуу барып байкап турчубуз да. Чыгармачылык сапарыбыз аяктаган соң бизди үйгө чейин жеткирип же таксиге салып ийип таксинин номерин алып, анан кандай жеттиң деп чалып, кыскасы, биз үйүбүзгө жетип жайгашканча санаасы тынбай турчу. Сакиш экөөбүздө тең күйөө жок, эми бизди Мараттай болуп ким сурайт деп ыйлап отурабыз.
Айзада Жамгырчиева: «Марат агай тартылган акыркы клип болуп калды»
— Агай каза болорунан он күн мурда эле менин клибиме тартылган. Негизи, баш каарманыбыз катары Эмил Эсеналиев тандалган. Тартууга келгенде ал жумуштарынан бошобой калды. Шашылыш ордуна киши издеп, дароо Марат байкеге токтолдук. Чалсак «кайсы ырчы, аты чыкканбы, чыга элекпи?» деп отурбай эле алчу гонорарын айтты да, макул болду. Клип бир күн тартылды. Күн батып баратканда тартылчу убакытты күтүп калдык. Ошол маалда Марат агай жатып уктап кетиптир. Турганда бир аз кыйналгансып, бирок ден соолугуна арызданбай тамаша менен эле «ой, картайсаң жаман экен» деп баарыбызды күлдүргөн. Ишибиз түнкү саат 11лерде аяктап, үйүнө жеткирип койгон элем. Уулу жаңы үйгө киргенине аябай кубанып турган кези экен. Тилекке каршы, бул клип агай тартылган акыркы клип болуп калды окшойт. Жакында элге алып чыгабыз.
Гүлайым Калыбекова, lady.kg, 27.06.2020-жыл



