Касымдын архиви. Зыяш Бектеновдун эскерүүсүнөн

Касым камалганда, И. Батманов понетой болуп, Касымдын китептери менен кол жазмаларын органдын кишилери бир машинага толтура салып кеткен экен. Ошол бойдон Касымдын ал архибинен эч дайын жок. 1957-жылы бир күнү Ыйса Ахунбаев мени чакырганынан барсам, Касымды актатыш үчүн, Кыргызстан ЦКсынын бюросуна беш бет арыз жазган экен. Ыйса мага:

— Зияш, сен Касым менен көп жылы бирге иштешип калдың эле. Анын аткарган илимий иштерин сен жакшы билесиң. Ал жөнүндө менин жазган арызымды толуктачы, Касымды камаганда, үйүнөн алып кеткен кол жазмаларын органдын архибинен бир гана эмес, үч жолу издеттим, анын бир дагы барак кагазы табылган жок, – деди.

— Ыйса, сен Касымдын архибин органдардын архибинен убара болуп бекер издеткенсиң, анын архибин “төбөсү тешиктердин” үйүндөгү архибинен издетсең гана тапмаксың, – дедим мен Ыйсага.

Ыйса мени көпкө чейин тиктеп турду да, мага эч сөз айтып, жооп  кайтарган жок.

Ошентип, Ыйсага Касымдын мен билген илимий эмгектерин айтып берип, ал арызына толуктап жазып алган эле.

1934-жылы Сталиндин “Ленинизм маселелери” аттуу китебинин кыргызча котормосуна рецензия жазууну Киробком Касымга тапшырат. Касымдын рецензиясын угуу үчүн, 30-40тай киши чогулуп, жыйналышты Совнаркомдун председатели Б. Исакеев өзү башкарып отурду.

Касымга сөз берилгенде ал:

— Китептин он алты гана бетин окуганымда, жыйырма чакты оркойгон катаны кезиктирдим да, китептин андан аркысын окуганым жок, – деп досканын бетин бор менен үчкө бөлдү да, сол жагына орусча сүйлөмдү, ортосуна  котормосун, оң жагына анын орусча котормосун жазып койду эле. Котормосу таптакыр башкача болуп чыкты. Китептин редакторлору Тойчинов менен Рахматуллин да Касымга каршы эч сөз айта алышкан жок. Ушундай он чакты сүйлөмдү мисалга келтирди да, Касым китептин котормосу жараксыз деп тыянак чыгарып салды.

1935-жылдын жазында Кыргызстанда партия уюмунун тазалоосу башталып, областтык партконтролдун председатели Таукин Кыргызстан Борбордук аткаруу комитетинин  залында Касымды өзү тазалап калды.

Касымдын тазалоосун угуш үчүн, залга эл жык толду. Бир кезде трибунага Таукин чыгып:

— Кымбаттуу жолдоштор, азыр биз жолдош Касым Тыныстановду тазалаганы отурабыз. Казакстандын улутчударынын лидери Смагыл Садыбакасов Казакстанда кандай орунду ээлесе, Касым Тыныстанов да Кыргызстандагы улутчулдардын дал ошондой лидери. Мында катышып отурган жолдоштордон менин өтүнүп суранарым: тазалоо  мезгилинде Касымга суроолор берип, бизге жардам көрсөтүүңүздөрдү өтүнөмүн, – деди.

Касым трибунага чыгып, өзүнүн кыскача өмүр тарыхын, 1920-жылдан 24-жылга чейин комсомол-жаш кезинде жазган ырларынын кайсы биринде жана “Жаңыл Мырза” аттуу поэмасында өткөн заманды көтөрө чалуу сыяктуу жаңылыштарды кетиргенин, 1925-жылы большевиктер партиясынын катарына киргенин, ошондон кийин, өзүнүн ар дайым илимий иштердин тизгинин кармап келе  жатканын, ал иштеринде эч кандай жаңылыштыктардын жоктугун айтты.

— Аалы Токомбаев экөөңүздөрдүн ортоңуздарда кандай чатагыңыздар бар? – деген суроо берилип калды.

— Аалы экөөбүздүн ортобузда эч кандай чечилбей турган чатагыбыз жок. Бир кезде мен Нарком болуп турганымда Аалы “Ленин тууралуу” деген ыр жыйнагын басмага бастырам деп мага алып келгенинде, мен Аалыга “Бул ырларындын жарымы көркөмдүк жагынан начар. Ал ырларды оңдоп жаз же алып сал. Бул ырларың басмадан ушул түрүндө чыгып кетсе, сенин акындык наамыңа көлөкө түшүрөт”, – деген гана достук, кесиптештик кеңешимди айткан элем. Менин ошол ак ниетим менен айткан кеңешим Аалыга оор тийсе керек. Андан башка Аалы экөөбүздүн ортобузда бөлүшө албай турган энчибиз жок. Кээ бир адамдар Аалынын колтугуна суу бүркүп, экөөбүздү кайраштырып, ортосунан жем чыгарганы жүрүшөт. Мен кайык минип, көл ортосунда турсам, алыстан кайык минип келе жаткан Аалы көрүнөт. Ал мага жакындап келгенде, кайыгынын көчүгү менен уруп, менин кайыгымды көңтөрүп кетет. Мен сууга чөгүп бара жатканда карасам, Аалынын аркасына жармашып алган Тойчинов, Рахматуллин, Дөгдүров – жөө тумандар көрүнөт”, – деп сөзүн бүтүрдү.

Ошол тазалоодо Таукин Касымды, Ыбырай Тойчиновду, Шарип Көкөнов, дагы бир эки кишини партиядан чыгарып салды, бирок Киробкомдун бюросу тез эле Касымды партияга кайра калтырды, Тойчинов, Көкөнов жана башкалары партиядан ошол чыгарылган бойдон калды.

1933-жылы август айында М. Белоцкий Киробкомго биринчи секретарь болуп жаңы келгенде: “Аалы Токомбаев биринчи жазган ырын Ленинге арнап жазган, Касым Тыныстанов биринчи ырын “Манаска” арнап, эскини көксөп жазган”, – деп Касымга аябай кастарын тигип келген болчу, бирок Касым тез эле Белоцкийдин кабыл алуусунда болуп, тил илиминин бардык маселеси боюнча, аны менен үч жарым саат сүйлөшкөндөн кийин, Белоцкий Касымдын терең  билимине ыраазы болуп: “Жолдош Тыныстанов, сиз жөнүндө кээ бир жолдоштор мага тетири маалымат берген экен. Мен бүгүн сизге толук түшүндүм. Республиканын гуманитардык илимдери менен искусствосунун өнүгүшү үчүн, Сиз сыяктуу терең билимдүү илимпоз ага сөзсүз керек. Шымаланып иштей бериңиз. Эгер менден сизге жардам керек болсо, аны мен сизден  аябаймын”, – дейт.

Ошондон кийин тез эле Киробкомдун бир бюросунда органдын кишилери: “Төмөнкү кишилерди коомчулуктан обочолотобуз” деп, он чакты интеллигенттин тизмесин окуйт. Ал тизмеден Касым Тыныстановдун, Сыдык Карачевтин, Кусейин Карасаевдин, Кайридин Кашымбековдун, Султан Курмановдун, Турдакун Сопиевдин, Мустафа Акматовдун жана бир топ кишилердин аттары окулат. Белоцкий дароо Касым Тыныстановдун фамилиясын өчүртөт. Андан кийин Обкомдун экинчи секретары Айтматов  Сыдык Карачевдин фамилиясын өчүртөт.

Кусейин Карасаев ошондо камалып кетип, үч айдан кийин араң түрмөдөн бошонуп келет. “Кыргызча-орусча сөздүктү” К. Юдахин менен түзүшүп жүргөн К. Карасаев ошол камактан кийин ал сөздүктү түзүүдөн четтетилген болчу.

М. Белоцкий Касымды прием кылганда берген убадасын орундап, өзү секретарь болуп турган мезгилде, Касымга чымын кондурбай колдоп, анын иштеген ишине дайым жардам берип келген.

Мен бул эскерүүмдө Касым Тыныстановдун илимий эмгектеринин мага белгилүү учурларына гана токтолдум.

Касым Тыныстановдун жараткан илимий эмгектери  жөнүндө тыянактап айтарым: Тыныстанов жазган окуу китептеринде, илимий грамматикаларында, түрдүү мезгилдерде ар кыл маселе боюнча газета-журналдарга жазган макалаларында, республикалык түрдүү илимий кеңешмелерде, мугалимдердин съезддеринде жасаган докладдарында, ал түзгөн кыргыз адабий тилинин проектилеринде эч кандай саясий ката кетирген эмес. Кыргыз тил илимин өнүктүрүүдө ал ар дайым партиянын, Совет мамлекетинин токтомдоруна жана учурдун талабына ылайык, интернационалдык мүнөздөгү достук, бир туугандык саясатын жүргүзүп келген.

Аттокур Жапановдун Фейсбук баракчасынан алынды.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.