Үч собол. Ү. Култаеванын, Б. Таштаналиевдин, Р. Жуманазарованын, Ж. Турдубаевдин жана Э. Ажыканованын жооптору

Учурдагы адабияттын абалына сереп салуу, андагы процесстерди түшүнүүгө аракет кылуу максатында «Кыргыз маданият борбору» кыргыз адабиятын мыкты билген, кесиптештеринин арасында кадыр-баркы бар, пикири кесиптештерине да, калың окурман журтчулугуна да таасирдүү болгон калемгерлерге эки-үч собол таштап, алардын жоопторун сайтыбызда жарыялап турмакчыбыз.

Суроолорубуз:

1. Поэзия, сиздин баамыңызда, бул эмне? Бардык эле ырды поэзия деп атасак болобу?

2. Кайсы бир адабиятта ар бир доордо көп жакшы акын, бирок саналуу гана чоң акын болот деген пикир бар. Сиз бул пикирге макулсузбу? Азыр кыргыз адабиятында чоң акын деп кимди атасак болот? Жаш курагына карабай.

3. Сиздин пикириңизде, кыргыз адабиятынын өнүгүүсү үчүн азыр эмне жетишпейт?

 

Бизге түшкөн жооптордон:

Үмүт КУЛТАЕВА

Филология илимдеринин доктору, адабият таануучу, сынчы.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин базасында акын-жазуучу, адабий сынчы жана котормочуларды даярдай турган эки жылдык жогорку адабий курстун ачылышынын демилгечиси жана окутуучусу.

1. Чыныгы поэзия – жүрөктөгү сезимдердин кардиограммасы же мезгил жүрөгү. Мезгилдин жүзү, образы, абалы поэзияда чагылат. Поэзия мезгилге өтө ыкчам реакция жасайт. Бардык ырды поэзия дегенге болбойт. Жазылган ырлардын арасында поэзиянын аруу, асыл миссиясын аткара албаган “саман, топон” көп.

2. Ооба, жакшы акындар айта албаган ойду айткан акындар – чоң акын наамына ээ болот. Азыр кыргыз поэзиясында Нарсулуу Гургубаеваны чоң акын деп айта алам.

3. Кыргыз адабияты мамлекеттик колдоого муктаж. Ал эми акындарга билим жетпейт.

 

Болот ТАШТАНАЛИЕВ

Журналист, акын, адабият таануучу.

Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү. КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана Адабият институтунун изденүүчүсү. Көптөгөн ЖМКларда иштеген. Учурда «Кыргыз Туусу» гезитинде бөлүм башчы болуп иштейт.

«Кароол чоку», «Бүтпөгөн жол», «Тоолор кулабайт», «Жети күн» ырлар жыйнактары, «Бек» проза жыйнагы жарык көргөн. «Эсенаман», «Үмөталы», «Эшмамбет», «Ырыскүл», «Акындык өнөрдүн алтын доорунун алп ырчылары» китептеринин түзүүчүсү. Адабиятка байланыштуу көптөгөн сындардын, эсселердин автору.

1. Канаттуунун баары эле бүркүт эмес дегендей, уйкашкан төрт саптардын баарын эле поэзия деп айтууга болбойт. Чыныгы поэзия – бул жан дүйнөнүн өзгөчө абалы. Чыныгы поэзия – бул ажайып сулуулук сыяктуу. Сулуулукту бир көргөндө, жүрөгүң селт этип алгандай, чыныгы поэзияны окуганда кадимкидей тамшанып, жан дүйнөң сергий түшөт.

2. Бардык мезгилдерде ыр жазгандар көп, а таланттуу акындар саналуу болушкан. Азыркылардан айтсак, Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна мүчө 600 акын-жазуучунун арасында деле саналуу мыкты акындар бар. Алардын катарына – Анатай Өмүрканов, Сагын Акматбекова, Акбар Рыскулов, Үрүниса Маматова, Мая Осмонкулова, Шайлообек Дүйшеев, Нуралы Капаров, Кемел Белеков, Баяс Турал, Бурулкан Карагулова, Калчоро Көкүлов, Бектуруш Салгамани, Фатима Абдалова, Сирень Сарбалаева, Шабдан Сулайманов, Улукбек Рысалиев, Айжаркын Эргешова, Нурлан Калыбековду кошор элем.

Ал эми кийинки муундагылардан Калича Жакыпова, Рахат Жуманазарова, Лира Камчыбекова ж.б.лардан жакшы акын чыгат деп үмүт кылсак болот.

3. Кыргыз адабиятынын өнүгүшү үчүн изденүү жетишпейт. Жанын сабап, чыгармачылыктын артынан түшкөндөр өтө аз.

 

Рахат ЖУМАНАЗАРОВА

Акын, журналист. Бир катар ЖМКларда иштеген. Учурда «Мезгил үнү» гезитинин башкы редактору. 

1. Поэзия жеке мен үчүн сөз менен жеткире албаган ар кыл ойлорумду уйкаштык менен айтуу. Бардык эле ыр поэзия болбойт. Акыркы мезгилде чыныгы поэзияны табуу – кумдун ичинен алтындын күкүмдөрүн издегендей эле чоң мээнетти талап кылып калды.

2. Ошол пикирге кошулам. Азыркы ыр жазгандардын дээрлик бардыгы өзүн чоң акынмын деп эсептешет, тилекке каршы. Жыргалбек Касаболотовду чоң акын деп  эсептейм. Бирок ал өзүн чоң акынмын деп эсептебейт болуш керек. Анткени поэзия менен эмес башка иштер менен көбүрөөк алектенгендей сезилет.

3. Биринчи кезекте, адабиятка болгон олуттуу мамиле жетишпейт. Азыр адабиятта цензура жок болгону менен калемгерлер эмне жазарын билбей, калагы жок кайыктай белгисиз багытта бараткандай. Акын-жазуучуларга айланып келип эле терең билим жетпей жатат.

Жолдош ТУРДУБАЕВ

Адабиятчы, публицист. Журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык, эл аралык сынактардын жеңүүчүсү.

1. Поэзия – бул адамдын жан дүйнөсүндөгү абалды ЫРГАКТУУ саптар менен окурманга жеткирген Сөз өнөрү. Уйкаш, өлчөм ж.б. да ырдын көркүн ачат, бирок өзгөчө сезимдерди, санааларды, карама-каршылыктуу кырдаалдарды туюндуруу үчүн ыргак, анын таасирин арттырган башка көркөм каражаттар көбүрөөк мааниге ээ.

2. Чын эле ошондой. Кээде саналуу эмес, жалгыз Акын да калбагандай мезгилдер болот окшойт.

Мен билгенден, азыр жаңы ырларын жарыялап турган авторлордун ичинен Нарсулуу Гургубаеванын деңгээли өзгөчө. Жыргалбек Касаболотов, Акбар Кубанычбеков, Афина Бакирова, Нуриза Өмүрбаева жана башка акындардын жакшы ырлары бар.

3. Даярдыгы бар, табити жетик окурмандар (адабият сабагынын мазмуну да, окутуу методикасы да, мугалимдери да башкача болушу керек). Ыр, поэма, аңгеме, повесть ж.б. деп жазылып, жарык көрүп жаткан тексттердин арасынан кайсылары окуганга арзый турганын иргеп, авторлорго жана окурмандарга туура багыт берген, өз алдынча тандай, талдай билүүгө үйрөткөн кесипкөй сын жокко эсе (сынчыларга калем акы төлөнбөйт).

Элдин аз окуган негизги себеби да тандай билбегендикте деп ойлойм.

 

Элмира АЖЫКАНОВА

Акын, журналист.

Кыргыз Радиосунда көп жыл эмгектенди. КТРдин отличниги, бир катар республикалык адабий конкурстардын жеңүүчүсү, маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси. 

“Көгүш гүлдөр” ырлар жыйнагы, “Жан маанай” ырлар жана аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

1. Ушу күнгө чейин поэзия деген сөзгө (түшүнүккө) эч ким так аныктама бере элек. Ар ким өз ой-жорумун айтып келет. Так аныктаманын болушу да мүмкүн эмес го. “Поэзия – это состояние души” дешет. Балким ушул туурадыр. Р. Рождественский айткандай, “Поэзия – бир жагынан карасаң эч нерсени деле түшүндүрбөйт, бир жагынан карасаң баарын айтып турат”. Чындыгында поэзия – табышмактуу, сырдуу кубулуш.

Бирок бардык эле жазылган ырлар поэзия эмес. Өзгөчө азыркы чакта поэзияга жатпаган ырлар абдан көбөйдү. Чыныгы поэзия көмүскөдө калбайт, аны окурман өзү (кой десең болбой) таап алат.

2. Бизде мыкты акындар көп. Ошолордун ар бири өзүнчө дүйнө, өзүнчө аалам. Алар бири бирине окшошпогондугу менен мыкты. Мыктылар ар бир доордо болгон, азыр да бар, кийин да чыга берет. Кыргыз акындары азыр бирин бири анчейин окушпайт. Окуса да бири бирине ой-пикир айткысы келбейт. Мен акындар менен көп иштештим. Байкаганым – акындардын эгосу абдан чоң болот экен. Анан көрө албастык деген нерсе да бар. Жакшыны байкамаксанга салабыз. Бирок таланттуу акындардын мыкты ырларын эч ким көмүскөгө ката албайт.

3. Биз кезде (15-20 жыл мурун) адабиятты өнүктүрүүгө акча, сыйлык-наам, байгелүү сынактар болушу керек дегенбиз. Бирок ал деле негизги критерий эмес экен. Ооба, адабиятка мамлекеттин камкордугу керек. Бирок мыкты чыгарма камкордуктан улам эмес, калемгердин талантына, жеке изденүүсүнө байланыштуу жаралат эмеспи.

Изденүү, эмгектенүү жетишпегенсийт.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.