«Кусеин атаңардын керээзи бар», – дейт Айша апабыз

Кылымга тете жашап, жалаң кыргыз эли эмес, жамы түрк элдерине сан кылымда көөнөрбөс мурас калтырган мударис Кусеин Карасаевдин байбичеси Айша эне бир аз мезгилден бери Бишкекте. Заман капшабы катуу толкундай чайкаса да, сыр аяктай сынынан кетпей, акылы тунук бойдон, нускалуу калыбынан кенедей жазбай келаткан энебиз да нар көтөргүс эмгек жасаган киши. Өңгөсүн айтпаганда да, ушул 85 жаш кураганда мударис окуган китебинин чекесине карандаш менен арабча жазып коё берген сөз бүрлөрүн кыргызчага которуп, машинкеге басып жатканынын өзү эле өлчөөсүз эмгек эмеспи. Кумдан алгын издегендей жалаң сөз издеп, сөздүн тегин издеп, маанисин иликтегенге бүткүл өмүрүн берген Кусейин Карасаев казса казыла, жазса жазыла берчу кенч сымал болуп калганын мезгил акак таштай кашкайтып көрсөтүп баратат. Артында 30 томдой орошон эмгек калды. Азыр дагы 20 томго сыярлык эмгеги турганын Айша эне кеп салып отурду. Биз мурда мударис жөнүндө жазылгандарды, айтылгандарды көп кайталабаш үчүн Айша энеге бөлөкчө собол салууга аракеттенсек да, сөз учугу айланып келип эле, өктөлүү нерсеге такалып жатты.

– 90 дон аша жашаган өмүр ичинде мударис маңдайы жарылгыча эмнеге өтө кубанды, эле, Айша эне?

– 60 миң сөздү камтыган «Орфографиялык сөздүгү» чыкты. Ошондо чоң сөздүктү бооруна бекем кысып алып, «ушинтип жолдо ката боорума кучактап келдим, кубанычым көкүрөгүмө сыйбай, ушунчалык кубандым», деди. Андай чоң эмгекти бир киши жазчу эмес экен да. Кээ бир кишилер өзүңүзгө кошуп, дагы бир кишинин автор кылып жазыңыз деп кыйнап жүрүштү. Ал турсун, Москвага, редакцияга киши жөнөтүшүп. Мындай эмгекти бир киши жазууга мүмкүнбү деп да суратышты. Алар мындай эмгекти өзүнчө топ жазат, бирок муну жалгыз эле киши жазган деп айтышыптыр. Ошентип, китеби көп эмгек, далай азап менен жарыкка чыкканда, өтө кубанды. Андан кийин «Орусча-кыргызча сөздүгү» чыкканда да аябай сүйүндү. Мына, чыгат деп жатканда, согуш башталып кетпедиби. 1944-жылы Советтер Союзунун Баатыры Федоровдун жардамы менен чыкты. Анткени, Федоровду Кыргызстандын түштүгүнөн депутатка шайлашкан эле. Ал кыргызча үйрөтчү деп, Кусейинден кыргызча үйрөнүп, биякка келгенде кыргызча доклад жасаганы эсимде. Ал кезде сөздүк жок, котормочулар аябай кыйналып жүрүшкөн. Баары кубанып, кубатташкан. Мунун баарын эскерүүмдө жаздым.

– Ал киши өз өмүрү жолунда кайсы нерсеге катуу капаланган деп ойлойсуз?

– Бул киши үч жолу сыноодон өттү. 1932-1933-жылдары институтту бүтүрүп келип, иштеп жүргөндө, Сагымбайдан башка манасчы издейли деп, бир айга Көлгө командировкага жиберишти. Ошондо Тил-адабият ниститутунда Касым Тыныстанов, Шабданов, Батманов, Жантөшев болуп иштеп жүрүшүп, Көлдөн манасчы таап кел деп жибергенде, Саякбай Каралаевди таап келип отурбайбы. 10-15 кишиден комиссия түзүп, биздин үйгө чакырып эле, Каралаевди «Манас» айтырышты. Ал «Каныкейдин Тайторуну чапкан жерин» тим эле ыйлап отуруп айтчу. Комиссия жактырып, ушу кишиден «Манас» жазылсын дешкенде, жазыла баштады. Анан БКнын бир секретарына жакпай калып, «Сагынбай турганда, мурду менен кыйкырган немени ким таап келген», – деп кинелеп, бизди Жалал-Абалга айдады. Ал жерде экөөбүз тең педтехникумда сабак берип жүрдүк. Кусейин үч түрдүү предметтен сабак берчү. Жазга жуук камап, Оштун чоң түрмөсүнө алып кетти. Ал жерден таяк жеп, кордукту көрүп, тил угуп, тишинен айрылып, андан чыгып келери менен безгек менен ооруп калды. Мени да иштен бошотуп, үйдү бошот деп, куугунтукка ала баштады. Айлам кеткенде, кызымды көтөрүп алып, Ошко бардым. Эмне кылам деп, Кусейинге кайрылсам, бөлөк эч жакка кетпей, түз эле айылга жөнө деди.

Агам Шакир менен Талды-Сууга араң жетсек эле, «Я еду на работу» деген телеграмма келди. Көрсө, түрмөдөн бошотуптур да, «Еду» дегенинин себеби, Ошто редакцияда Сыдык Карачев деген иштейт экен. Мурда «Эркин-Тоодо» секретарь болуп иштеген. Ал мен бошодум деп жазба, анда телеграмма бала-чакаңа жетпей калат деген тура. Үйгө келди, абдан арык, Караколдо бир өзбектин бир бөлмөлүү үйүнө патирге кирип турдук. Кызмат жок. Түрмөдөн чыккан деп, «эскичил», «улутчул» деген коркунучтуу жарлыктарды тагып койду. Эч ким кызматка албайт. Ошол жерде бирге окуган жолдошу райкомдун секретары Осмонкул Тынаевдин аркасы менен техникумга мугалим болду. Мында менин төркүнүм иштейт экен. Жанынан коркуп, иштеп алып салат. Кайра орношот, ошентип, аябай кыйналып жүрдү. БКнын секретары Белоцкий кайта ишке орноштурду. Бул – бир болду.

Анан, 1936-жылы Москвага чакырып кетишти. «Орусча-кыргызча сөздүктү» түзүүгө киришти. Аңгыча 1937-жылдын каары келип, иштен алынсын деген буйрук чыгыптыр. 9 ай кызматсыз жүрдү. 1940–1950-жылдары кайра космополитизм деген чыгып, Бектенов, Байжиев, Саманчин дегендерди камап, бул киши камалбай калды. Ошол тушта аны Москвадагы Ломоносов атындагы университетке лекция окууга чакырып, ошоякка кетип, камоодон кутулуп кетти.

Молдо Кылыч, Арстанбекти катуу каралап жаткан мезгилде аны иштен алып, партиядан чыгарып, экөөбүз тең ишсиз отурдук. Ошондо абдан капа боло турган. Же китеби чыкпайт, же котормо бербейт. Мына ушул учурда, эмне үчүн мени мынчалык кордойт деп, жүрөгү сыздап, көңүлү чөгүп капаланган. Мен айтчумун: «Тобо кылалычы, сенин эле жолдошторуң, замандаштарың Тыныстанов, Арабаев, Шабдановдор камалып жок болуп кетпедиби, сен амансың, капа болбой, жөн отурчу», – деп сооротоор элем.

– Көңүлү балкып, ыраазычылыгын айткан учур болдубу?

– Майрам Акаева жетектеген «Мээрим» фонду «Даанышман» деген сыйлыгын ыйгарган учурда ооруп жаткан. 30-декабрда (1997-жыл) саат беште тапшырабыз деп чакырышты. Адеп уккунда, макул баралы деди. Облкеңештин төрагасы (Ысык-Көл) Ж. Турдубаев келип, мени Сизди алып барып келүүгө бекитишти. Эртең чыгалы дегенде, «ооруп турам, жете албайм го», – деди. Менин ордума Алтынай барат деп, кызын жиберген. Аны тапшыруу учурунда Аскар Акаев сүйлөбөдүбү: «Кудайдын берген карыясы, 90дон ашкандан кийин мусулмандардын эсеби боюнча, ар 30 жылда бир жылдан жаш кошулат, ошондой болгондо бул киши 100гө чыгып, ХХІ-кылымда жашап жатат», деп сүйлөдү да, угуп алып, туура айтат, мен чын эле 100дөн ашып кеттим деп, аябай ыраазы болгон.

1997-жылы декабрдын аягында «Заман-Кыргызстандан» түрк балдары келди. Алар «Карыганда эмне үчүн Караколго келдиңиз?» – деп сурашты. «Мен – пилмин. Ал да көп жашайт, ал да өлөөрүндө туулган жерине барып өлөт экен», – деп жооп берди.

– Көзү өтөрдө көкүрөк арманын айттыбы?

– Иштеттирбей тумчуктуруп, жок жеринен жалган күнөөлөгөндө ыза болчу. Кийин карылыгы жетип, бизге эгемендик келгенден кийин баары калыбына түшкөндө, жаш кезде азап тартканың унутулуп кетет экен деп айтчу эле. Өлөр алдында эл аман, бала-бакырам аман, эл журтумун эгемендүүлүгүн көрдүм, анын даамын таттым, жакшы сөздөрдүн уктум, эч арманым жок деп жатып, каза болду.

А кишинин көзү өткөндөн кийин архивин аңтарып ортуруп. Мар Байжиевге атайлап жазган катын таап алдым. Бул катты мен мурда көргөн эмес экенмин. Эми ошону мен сиздердин гезитиңерге берип отурам. Ал мындайча жазылган:

«Урматтуу уулум, Мар!

К. Юдахиндин атында жүргөн «Кыргызча-орусча сөздүк» жөнүндөгү документтердин бардыгын жибердим. «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман», дегендей, өзүмдүн кандаш кыргыздарымдын кимиси УШУЛ ИШКЕ ШЕРИК болду жана Юдахинди жеке автор кылып коюшту, аны жазбайм. Саа зарыл документтерди гана жибердим. Ошол документтердин негизинде кемесия токтом чыгарып, менин авторлугумду да калыбына келтирсе, жакшы болоор эле. Ушундай чоң эмгектин авторлугунан ажырап калганыма, тагыраак айтсам, ажыратып салганына аябай ыза болом. Депутат катары, ушул иштин чындыгын тактатып койсоң, абзел болоор эле. Ошону талап да кылам. Ушул сөздүктөн Юдахин:

1. Илимдин кандидаты болду: 2. Илимдин доктору болду; 3. Эмгек «Кызыл Туу» орденин алды; 4. Ленин орденин алды; 5. Лауреат болду: 6. Эл аралык сыйлыкты алды. 7. Депутат болду: 8. Илимге эмгек сиңирген ишмер деген наамды алды; 9. Гонорарды бүт жеди. Бул эки сөздүктөн башка илимий эмгеги жокко эсе.

Мен эмне алдым:

1. Түрмө; 2. Улутчул; 3. Эл душманы; 4. Жат элемент; 5. Эскичил; 6. Өмүрдүн жартысын кызматсыз өткөрүү.

Менин алган толгон сыйлыктарым мугалимдик, окуу куралдарын жазуу, коомдук иштерден болду. «Кыргызча-орусча сөздүктөн» авторлугум калыбына келбесе, дүйнөдөн көзүм ачык өтөт. Ызалык жүрөктү курттай жеп жүрөт.

Саламым менен, мударис Х.Карасай уулу

1992-жыл, ноябрь.»

Бу киши араб, иран, кытай, монгол, орус тилдерин, андан сырткары уйгур, татар, өзбек, казак, калмак, дунган тилдерин жакшы билчү. Юдахин Өзбекстанда иштеп, өзбекче билчү экен. Токчоро Жолдошев түзгөн келишим менен 1928-жылдан баштап, экөө сөз чогулта башташат. Юдахинди ээрчитип алып, байбичеси менен Кара-Секи кыштагына алып барып, боз үйдү тиктирип, чечтирип, кайра көрсөтүп тамакты уюштуруп, бардык шартты түзгөн. Юдахин Кусейинсиз сөздүктүн бир да сөзүн жазчу эмес. Ушул сөздүктө кимдин эмгеги канчалык экенин тастыктаган документтер колдо турат. «Кара кылды как жарган» калыстык менен «Кыргызча-орусча сөздүккө» бу кишиге да авторлугун берип коюшса, болбойт беле. Бүгүн корко турган, чочулай турган эч нерсе жок го?

Ушул катты окуп алып, аягындагы «Кыргызча-орусча сөздүктөн» автордугум калыбына келбесе, дүйнөдөн көзү ачык өтөм, ызаалык жүрөгүмдү курттай жеп жүрөт» дегени жанымды жай алдырбай, жүрөгүм сыздап, аттын башындай армандуу болуп кайгырдым.

– Көзү өтөрдө керээз сөз калтырдыбы?

– Бул киши айтаар эле, биримдик, таштын уюлундай ынтымакта болсоңор, ишиңер алга жылат. Кекчил болбогула, коомчулуктагы терс жүрүм-турумдардан: аракечтик, нашаакорлук, каракчылыктан алыс болгула деп, ушул үч нерсени айтчу. Эң кызык жери, мен да ушуну көп айтып жүрөм. Бир ай эле төшөктө жатты. Онтоп кыйналган жок. Тамакты ылгап ичип, жөн эле жатчу. Капельница алып, дары ичти. Биз түнүндө кезек менен жанында отурчубуз. 1998-жылдын 20-декабры эле. Түн ичинде Алтынайдын кичүү уулу Аскар экөөбүз жанында отурганбыз. Түнкү саат төрттөрдө ойгонду. Анардын ширесин бердик. Анан бизден «жазып ала турганыңар барбы?» деп сурады. «Бар» дедик. Аскар дароо аппаратын коё койду. Айт, – дедик. Ошондо: «Бу түрк эли абдан түптүү эл, бул эл менен дос болуш керек, бир тууган болуш керек. Бөтөнчө Орто Азиялык эл менен Стамбул түрктөрү биригүү керек», деди. Анан «бүттү» деп отуруп алды. Бир топ отурду. Мен: «Дагы сүйлөсөң, дагы эмне дейсиң?», – десем, «бүттү», – деди. Ошондон баштап сүйлөгөн жок. Керээзи ушул.

Бермет МАТКЕРИМОВА, «Кыргыз Туусу», 7-9-декабрь, 1999-жыл.

Аттокур Жапановдун Фейсбук баракчасынан алынды

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.