Базарбү МЕДЕТОВА: «Жараткан бүт бардыгын берсе дагы, Эмнеге уктай албай кыжалатмын?…» (жаңыланды)
Өткөн кылымдын 70-80-жылдарында жылдыздары жанган Фатима Абдалова, Бурулкан Сарыгулова, Бурулкан Карагулова, Бактыгүл Чотурова, Гүлжамийла Шакирова ж.б. таланттуу акын кыздардын арасында Базарбү Медетова да бар болчу. Бирок ар түрдүү себептерден кийинки жылдары акын ырлары менен бөлүшкөндү токтотуп койгон эле. Анткен менен акындык жүрөктү толугу менен басып, андагы поэзия дүйнөсүн кулпулоо мүмкүн эмес. Акыркы жылдары Базарбү Медетова ырларын кайрадан жарыялап баштап, көптөгөн поэзия күйөрмандарына, өзгөчө жаштарга, кайрадан «ачылыш» болууда. Акын эженин биз менен бөлүшкөн ырларын тартуулайбыз.
КАТ
Кундуз чач жаап турган,
кулпурган ай далым ай.
Кулундай ойдологон,
куюндай кайраным ай.
Сүйүүнү мөлтүлдөгөн,
ким төктү? Арманым ай!
Эссизим элдиреткен
эрксизим, жалганым ай!
Бозоргон шыбак талаа,
боздогон шамал учкан.
Жашоо бул тегирменби?
Утулуп, кимдер уткан?
Көздөрүң баягыдай,
чачымды тарап турат.
Жүрөгүм алып учуп,
ишенбей карап турат.
Акылым токтоо азыр,
өткөндү эске салган.
Жалынба, бекер эми
эскирген жарам калган.
ТАГДЫР МЕНИ ТАШТАП ИЙБЕГИН
Шилисинен басып асканын,
Чагылгандын издейм атканын.
Чатыр жасап алып жамгырдан,
Шамалдын мен сылайм чачтарын.
Боюн таштап бийик зоокадан
Шумкар учту, анын адаты.
Көздөрү анын жерди тытса да,
Көктү чийип барат канаты.
Бүт ааламды жарык кылат күн.
Айды көрөт аалам чынында.
Бүт ааламды шамал кыдырып,
Бүт ааламды тиктейм ырымда.
Көзөнөктөн чыгып, ийненин.
Жашоо мени жакшы ийледиң.
Көкөлөтүп көтөрүп чыгып,
Тагдыр мени таштап ийбегин.
КЫЖАЛАТМЫН
Чапанын кийип алып дубананын
булутту, чагылганды кубалаймын.
Бороонду кармап алып жууруймун да,
жамгырды бирден терип убарамын.
Аздан соң булуттардын жугу калбай,
ачылып асман бети жуулгандай.
Өмүр суу, аласалып, ойго салып,
бүлүнткөн жан дүйнөнүн нугу кандай?
Акырын карайм анан айланамды,
жарыкты бул жылдыздар кайдан алды?
Мөөнөтүн бул жашоонун өтөгөндө
мен дагы бир жылдызга айланамбы?
Жашоодо ылдый актым, өйдө актым.
көбүнө жакпасам да, азга жактым.
Жараткан бүт бардыгын берсе дагы,
эмнеге уктай албай кыжалатмын?…
УШУЛ БАРАК АЧЫЛБАЙ КАЛСЫН
Ыйлап жаткан күндү сооротуп,
Туйлап жаткан шамал басылат.
Ай кемтигин аздап толтуруп,
Түн кабагы бир аз ачылат.
Шамал уктап, жамгыр үргүлөйт.
Көкүрөктө алоо, караңгы.
Айыпсыздай жылтылдайсың не?
Унуттуңбу салган жараңды?
Аяп турат көзүм көзүмдү.
Бүттү өчтү, эми баары кеч.
Талкаланып калган сүйүүнү,
Кайра жасоо мүмкүн эмес эч.
Жан дүйнөмдүн тоосу ураган,
Көп кыздарга чачсаң ышкыңды.
Баарын, баарын унутуп койгон,
Ушунчалык уятсызсыңбы?
Кайрылууга убактым да жок,
Кайгырууга арзыбас жансың.
Жалбарууңа суусабайм дагы,
Ушул барак ачылбай калсын.
КЕЛБЕГИН, БОЛДУ…
Боз талаа чаңы учкан,
кар жакын муздайт денем.
Келатып божурашып,
бурулуп кеткен элең.
Шок элең, өткүр элең,
кыдырып ойду-тоону,
чарчадың, эми мага
келбегин. Болду, болду.
Мен сени ар бир мүнөт,
келет деп күткөн элем.
Жай бою жаай берип,
күзүндө бүткөн элем.
Сен менден жазды күтпө,
дүйнөмө салып кечти
Кыш келет, күздөн кийин.
өрт сүйүү калып кетти.
Мыжыгат жүрөгүмдү
бир жарат эскирбеген.
Оо менин, көктүгүм ай,
ызама кеч кирбеген.
* * *
Жолумду тоспо менин,
жогуңду таба албайсың.
Чачылсаң төгүлсөң да,
аялуум саналбайсың.
Алдыңан чыкканымда,
сен мага учурашпа.
Кыйналган көзүң менен,
кыйроого учуратпа.
Оо менин акылсызым,
тоңдуруп койбодуңбу.
Адашып кайра келсең,
кечет деп ойлодуңбу?
Чамынган дарыянын,
түз жерде токтошу бар…
Колумду кармабагын,
колумда коштошуу бар.
* * *
Эмнеге жалбырактай
күздөгү, дирилдейсиң?
Качанкы махабатты,
күүлөнтүп, ийиндейсиң.
Эскергим келбейт менин,
өзүңдөн качам неге?
Өрттөнгөн сүйүү болгон
ал сүйүү жазам беле?
Козгобо кеч баарысы,
өрттөнүп күйүп бүткөм.
Көөдөн бош, көкүрөк бош,
Мен сени сүйүп бүткөм!



