Кыргыздар жөнүндө мусулман окумуштуулары кандай эмгектерди жазышкан?

Орто кылымдарда ислам дүйнөсү гүлдөп өнүгүп, мусулман окумуштуулары дүйнө жүзүн илим-билим менен жарыктандырып турганда, алардын кээ бирлери өз китептеринде биздин ата-бабалар жөнүндө, биздин жерлер жөнүндө да жазып кетишкен.

Кыргыз тарыхына тиешелүү маалымат жазылган ошол илгерки китептердин азыркыга чейин сакталып жеткени бар, сакталбай калганы да бар. Сакталбай, бизге жетпей калган китептер жөнүндө башка сакталган китептерде жазылган эскерүүлөр аркылуу билебиз. 

Сакталбай калган тарыхый эмгектердин катарында 9-кылымда ал-Жахиз, 10-кылымда Абузайид Ахмад ибни ал-Балхи, Абуабдуллах Мухаммед ибни Ахмад ибни Наср ал-Жайхани деген мусулман авторлорунун өтө баалуу китептери болгондугу маалым. Алардын жазгандарын окуп, керектүү маалыматтарын пайдаланган жана өздөрү да жаңы билимдерди кошумчалаган кийинки авторлордун көбүнүн жазган эмгектери илим чөйрөсүндө азыркыга чейин сакталып, баркталып келет.

Кыргызстандын жана байыркы кыргыздардын тарыхы жөнүндө билгендерин өз заманында күбө катары жазып калтырган мусулман окумуштуулары кимдер болушкандыгын жана алардын эмне деген китептери болгондугун билесизби? Мусулмандар тарабынан 9-кылымдан ХХII кылымга чейинки аралыкта жазылган китептердин ичинен жыйырмадай эмгекте биздин тарыхка тиешелүү маалыматтар камтылган. Алардын белгилүүлөрү булар:

  1. Абулкасим Убайдуллах ибни Абдуллах ибни Хордадбех деген арап географынын 233-жылы (846-ж.) жазган «Китаб-ал-масалик ва-л-мамалик» (кыргызчалаганда «Жолдор жана мамлекеттер китеби») деген эмгеги.
  2. Ахмад ибни Ахмад ибни ал-Факих деген географтын 290-жылы (903-ж.) жазган «Китаб-ал-булдан» («Шаарлар китеби») деген эмгеги.
  3. Абулфараж Кудама ибни Жафардын 316-жылы (928-ж) жазган «Китаб-ал-хараж» («Салык китеби») деген китеби.
  4. Ал-Истахри деген саякатчынын 318-321-жылдар (930-933-жж.) аралыгында жазган «Китаб масалик ал-мамалик» («Жолдор жана мамлекеттер китеби») деген эмгеги.
  5. Абулкасим ибни Хаукал деген географтын 952-967-жылдар аралыгында жазган «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Жолдор жана мамлекеттер китеби») деген китеби.
  6. Абуабдуллах Мухаммед ибни Ахмад ибни Абубакр ал-Банна аш-Шами ал-Мукаддаси деген арап географынын 375-жылы (985-986-жж.) жазылган «Ахсан ат-такасим фи марифат ал-калим» (кыргызчалаганда «Климаттарды таануу үчүн мыкты бөлүштүрүү») деп аталган китеби.
  7. Абудулаф ал-Йанбуй ал-Хазражи 331-жылы (942-ж.) Бухарадан күн чыгышты көздөй саякат баштап, көргөндөрүн “Рисала” деген эмгегинде жазган.
  8. Автору белгисиз, 372-жылы (982-ж.) фарсыча жазылган “Худуд-ал-алам” деген географиялык китеп.
  9. Гардизи деген перс тарыхчысынын 440-444-жылдар (1049-1053-жж.) аралыгында жазган “Зайн ал-ахбар” (“Кабарлардын кооздугу”) деген китеби.
  10. Махмуд ал-Барсхани ал-Кашкари деген кыргызстандык мусулман окумуштуунун 464-466-жылдар (1072-1074-жж.) аралыгында жазылган “Диван лугат ат-турк” (“Түрк лексикасынын жыйнагы”) деген изилдөөсү.
  11. Шараф-аз-заман Тахир ал-Марвазинин 514-жылы (1120-ж.) жазган “Табаи ал-хайаван” (“Айбанаттардын табияты”) деген эмгеги. 
  12. Абуабдуллах Мухаммед ибни Мухаммед ибни Абдуллах ал-Идриси деген арап окумуштуусунун 547-жылы (1153-ж.) жазган “Нузхат ал-муштак фи-хтирак ал-афак” (“Аймактарды кыдырып чыгып чарчаган адамдын көңүл ачуусу”) деген китеби.
  13. Мухаммед ибни Нажиб Бакрандын ХХII кылымда фарсыча жазган “Жахан наме” (“Дүйнө таануу”) деген китеби.
  14. Мухаммед Ауфи жазган “Жавами ал-хикайат ва-лавами ар-ривайат” (“Окуялардан жана укмуштуудай баяндардын жыйнагы”) деген китеп.
  15. Ат-Табари деген мусулман тарыхчысы жазган “Тарих ар-расул ва-л-мулук” (“Пайгамбарлар жана падышалар тарыхы”) деген китеп.
  16. Ал-Йакуби жазган “Китаб ал-булдан” (“Өлкөлөр китеби”) деген эмгеги.
  17. Ибни Руста жазган “Ал-алак ан-нафиса” (“Кымбат баалуулуктар”) деген китеп.
  18. Ал-Масуди жазган “Китаб ат-танбих ва-л-ишраф” (“Эскертүүнүн жана кайра кароонун китеби”) жана “Ахбар ал-заман” (“Заман тарыхы”) деген эмгектери ж.б.

Тизме ушуну менен эле токтоп калбайт, бул жерде моңголдордун дооруна чейинкилер гана жазылды, демек, андан кийин да жазылган тиешелүү китептер бар. Бул тарыхый эмгектердин жана алардын авторлорунун ар биринин өзүнүн кызыктуу тарыхы, баяны да бар экени шексиз. Бул китептердеги кыргыздар жөнүндө, Кыргызстан жөнүндө тарыхый маалыматтар болсо мындан өтө кызыктуу. Бирок, бул тарыхый жазууларды окуй алган жана туура чечмелей алышкан саналуу гана тарыхчылар бар. Аларды пайдаланып, бул тексттерди кыргызча туура котортуп чыгаруу жана бул тарыхый булактар аркылуу кыргыз тарыхын тактап жазып чыгуу зарылчылыгы турат. Арапча, фарсыча эле эмес, кытайча, моңголчо, англисче билген адистерге да бүгүнкү күндө Кыргызстандын илим чөйрөсү муктаж болуп турган учуру. 

Эгемендикке ээ болгондон бери илим-билим тармагына жетишерлик көңүл бурулбай, илимпоздорго колдоо болбой жаткандыгы өкүндүрөт. Айрыкча, тарых изилдөө багытында жаштар окумуштуулук жолундагы айлыгына үй-бүлөсүн бага албай, илимий изилдөөсүнө да каражат жеткире албай келишет. Мамлекет жана элибиздин кайрымдуу жарандары тарыхчылардын архивдик, этнографиялык, археологиялык изилдөө сапарларына, эмгектеринин басылып чыгарылуусуна көмөк көрсөтүшсө, тарыхыбыз дагы да даңазалана бермекчи дегим келди.

Кыргыйбек МОЛДОЖУНУСОВ, тарыхчы,
“Кыргыз Туусу”, 16.01.2024-ж.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.