Гордон Руперт ДИКСОН: «Лалангамена»
(аңгеме)
Сириустун 563 секторундагы Чалгындоо станциясында болгон окуяга Клей Харбэнкти жана бардыгы Балакай деп чакырган Уильям Питерборону күнөөлөсөңөр болот. Мен эч кимди күнөөлөбөйм. Бирок мен Дорсай планетасынанмын…
Балакеттин бардыгы кыялы чукул Балакай станцияга келип, андагылардан бир кезде акча сайылган оюн дегенде бардыгын унутчумун деп мактанып айтып калганына карабай аны менен ойногусу келбеген жалгыз гана Клей чыкканын билген күндөн бери башталды.
Бирок төрт жылдан кийин гана экөө куполдун бетинин абалын текшерүү боюнча күзөткө чыккан күнү бул тирешүү чоң окуянын айланышына себепчи болду. Вахтадан бош жыйырма адам кают-компанияда отурганбыз, тамбурдан чыккан адам үндөрүнөн, скафандрлардын чечилишинен, коридордогу кадамдардын дабышынан бардыгыбыз Балакай бүгүн бүт смена бою тилин өзгөчө кайрап, өтө мыскылдуу болгонун сезип турдук.
– Мына дагы бир күн өттү, – деген Балакайдын үнү угулду, – дагы элүү кредитка чөнтөккө түштү. А сенин акча салчу торопоюңдун абалы кандай?
Мен Клей араң карманып жатканын даана элестеттим. Жумшак тарсусиандык говор менен айткан анын жагымдуу конур үнү угулду:
– Сонун эле, Балакай. Ал эч качан көп жебейт, ошондуктан тамак да сиңире албай кыйналбайт.
Бул өтө таамай жооп болчу, анткени Балакай станцияда чогуу иштеген жолдошторунан эбегейсиз көп акча утуп, маарып калган эле. Бирок Балакай ушуга окшош сөздөргө териге тургандай эмес – териси калың неме болчу. Ал каткырып жиберди да экөө кают-компанияга кирип келишти.
Экөө бири бирине бир туугандардай, же алардын жашын эске алып тагыраак айтсак, ата баладай окшош эле. Экөө тең бойлуу, чачтары кара, кең далылуу, жүздөрү кууш болчу. Бирок Клейдин жүзүнөн жылдардын тактары байкалып турчу, терең бырыштар түшүп, ууртунун учтары жерди карап калган. Башка да айырмачылыктар бар болчу. Бирок Балакайды карап, Клей бир кезде кандай болгонун, ал эми Клейди карап убакыттын өтүшү менен Балакай келечекте кандай болорун көрсө болор эле.
– Салам, Клей, – дедим мен.
– Салам, Морт, – деди ал жаныма отуруп жатып.
– Салам, Морт, – деди Балакай.
Мен жооп бербедим, ал көз ирмемге чыңала түштү. Түндөй кара каректеринин түбүндө от көрүндү. Бирок мен Дорсай планетасынанмын, урушсак аягына чейин урушабыз, өлүмгө баргандан да коркпойбуз. Балким ушул үчүнбү, биз, дорсайлыктар өтө сылык болобуз. Бирок сылыктыгыңды Балакай түшүнчүдөй эмес, дегеле кычыктуу иронияны дагы. Андайларга союл гана таасир этет.
Биздеги абалды жакшы деп айтуу кыйын эле. Адам өздөштүргөн аймактын чегинде – Сиристун ары жагында жайгашкан 563-чалгындоо станциясындагы жыйырма чакты адамдын бардыгынын сиркеси суу көтөрбөй, ачуулуу болуп калышкан; көбү башка жакка которулуу тууралуу рапорт да жазганы жетишти. Балакай менен Клейдин ортосундагы тымызын тирешүү станцияны экиге бөлүп салган болчу.
Бардыгыбыз Кызматка акча деп барганбыз – балээнин тамыры мына так ушунда жатат. Күнүнө элүү кредитка. Бирок да ал үчүн он жылга жалданышың керек. Акча берип, боштондукка чыксаң болот дечи, бирок ага жүз миң керек. Өзүңөр эсептеп көрсөңөр. Ар бир тыйынды коротпой чогулта турган болсоң, мындай акчаны дээрлик алты жылда гана табасың.
Клей мөөнөтүн толук өтөгүсү келчи. Жалындаган жаш курагында ал кумарга берилип, көп ойнойт эле. Эбегейсиз чоң акчаларды уткан да, уттурган да учурлары болгон. Эми бардыгынан чарчап, улгайып калганында үйүнө – Тарсус кичинекей планетасына, Лалангемага кайткысы келчү.
Ойногонун токтотту. Бул арам акчалар дейт эле Клей. Тапкан маянасын толугу менен банкка которуп турчу.
Ал эми Балакай мүмкүнчүлүк болуп турганда байып калууну эңсөөчү. Жолдоштору менен ойногон төрт жыл арылыгында ал боштондугун сатып алганга жетиштүү каражат топтоп алган, керек болсо андан кийин да колунда бир тобу кала тургандай абалга жеткен болчу. Балким ал ушундай кылат беле, бирок Клейдин банктык эсеби аны Элдорадай көзүн кызартып туруп алды. Ошондуктан Балакай дагы эле станциядан кетпей, Клейдин айласын кетирип жатты.
Ал такай эки бутага урат эле: Клейдин мурда кумарчы-оюнчу болгонуна ишенбей турганын билдирчү жана да Клейдин ыйык максаты жана кыялы, мекени Лалангеманын үстүнөн көп мыскылдачу. Карыганда адам сезимтал боло баштайбы, Клей өзгөчө сагынуу менен Лалангемасы тууралуу сөз кылып, аны Ааламдагы эң ажайып кооз жер деп кайталай берчү.
– Морт, – деп баштады Балакай, жактырбоомду этибарга албай жаныбызга отуруп жатып, – хиксаброд өзү кандай болот?
Демек менин союлум ага таасир этпептир да. Мен да мурдагыдай болбой калган окшойм. Клейди эске албаганда, мен дагы станциядагы эң аксакалдуулардын бири болчумун, балким ошону үчүн Клей менен биз бат эле жакындашып кеткендирбиз деп ойлоп коём.
– Эмне болду? Сурап калыпсың.
– Жакында ал бизге келет.
Кают-компаниядагы күрү-күү заматта токтоп, баары Балакайды карап калышты. Адам баласы өздөштүрүп жашаган аймактын чегинен өтүп жаткан бардык коноктор биздикине окшош станциядан сөзсүз катталып өтөт.
Бирок биздин 563-станция жайгашкан алыскы кычыкта мындай коноктор өтө сейрек болот эле, мындай нерсе дайыма чоң окуя болчу.
Ал эмес Клей да кызыгып калды.
– Кызык экен, – деди ал. – Аны сен кайдан билесиң?
– Мага азыр эле кабар келди, – деп жооп берди Балакай колун эч нерсе болбогондой жаңсап. – Морт, ал деги кандай, кимге ошкош?
Мен өз өмүрүмдө бул бөлмөдө отургандардын бардыгынан, ал эмес Клейден да көбүрөөк нерсени көргөнгө жетиштим. Бул менин Кызматка жалданган экинчи мөөнөтүм. Мындан жыйырма жыл мурун болгон окуялар – Денеб кагылышуусу кечээ эле болгондой эсимде жакшы сакталып турат.
– Көсөөдөй түптүз, – дедим мен. – Түнт жана чычайган неме. Азезилдей текебер, күндүн нурундай чынчыл жана ийненин көзүнөн өтүп бараткан төөдөй капкатуу, чымыр денелүү. Бети колли иттикине окшош адам сымал келишет. Алар тууралуу кандай сөздөр айтылаарын баарыңар жакшы билет болушуңар керек?
Аркамдан бирөө «жок» деди, балким, бул атайын мен үчүн айтылган болушу ыктымал – мен да жаш өйдөлөгөн сайын сүйлөөк болуп баратам.
– Алар Ааламдагы жападан жалгыз жалданма ортомчулар болуп эсептелет. Аны жалдаса болот, бирок акча берип да, күч колдонуп коркутуп да эч качан чындыктан башканы айттыра албайсың. Мына ушунусу менен алар бардыгына кызыктуу, аларга дайым муктаждык бар. Эки тарап араздаша кетсе эле дароо сүйлөшүүлөрдө өзүлөрүнүн өкүлү катары хиксабродду жалдашат. Хиксаброд – тулку бою менен чынчылдыктын өзү десек болот.
– Ошондойбу, бул мага жагып жатат, – деди Балакай. – Аны чоң шаан-шөкөт менен тосуп албайлыбы, кандай дейсиңер?
– Андан ыраазычылыкты күтпөй эле койгула, – деп күңкүлдөдүм. – Хиксаброддор таптакыр башкача болушат.
– Андай болсо да мейли, – деди Балакай. – Бир аз көңүл ачып алабыз.
Бөлмөдө отургандардын бардыгы анын кубаттап кетишти. Мен жалгыз калдым. Бул сунуш ал эмес Клейге да жагып калды.
– Алар биз жегенди эле жей беришеби? – деп сурады Балакай. – Андай болсо, шорпо, салат, ысык тамак, шампан жана бренди… – Ал кызыгуу менен тамак-аштын түрлөрүн атап, манжаларын бүгө баштады. Анын шыктанганы бардыгына жукту. Бирок акырында Балакай чыдабай кетип Клейге кайра тийише кетти.
– Анан, албетте, – деди ал, – Клей, сен ага Лалангаменаң жөнүндө айтып берсең да болот.
Клей түнөрө түштү. Мен дорсаймын жана да жашоомдо көптү көргөнгө жетиштим. Эч качан адамды тууган жери менен байланыштырган сезимдердин үстүнөн мыскылдабаш керек экенин жакшы билем. Ал сезимдер эң ыйык, эң бекем болушат. Ал тууралуу тамашалоо адамгерчиликке жатпайт.
Бирок Балакай жаш да, макоо да болчу. Ал биз эч качан болбогон, бирок бардыгыбыздын башатыбыз болгон Жер планетасынан жаңы эле учуп келген эле. Балакай чыдамы жок, кызуу кандуу жан болуп, башкаларын көңүлү менен эсептешчү эмес. Ал бардыгыбыздай эле Клейдин сүйлөөк, оңтою келе калса эле Лалангамесын көкөлөтүп мактай берүү адатынын аркасында бир кезде эр жүрөк жана кайраттуу адамдын карып бараткан белгисин аңдап сезип турат болчу.
Бирок Клейге болгон жакшы мамилесинен унчукпаган башкалардан айырмаланып, Балакай анын эч качан башка ойнобойм деген чечиминен баш тартышын каалайт эле, бул максатына жетүү үчүн бардык аракетин жумшачу. Ошондуктан такай бир бутага урат эле, ал эми бул бута ушунчалык аялуу болгондуктан, Клейдин токтоолугу да жетиштүү түрдө калканыч боло албашы мүмкүн болчу.
Досумдун заары бетине чыга түштү.
Үнү кыргылданып, – Жетишет, – деди ал. – Лалангаменага асылба.
– Мен да өзүм аны каалайм, – деди Балакай, – бирок сен өзүң аны такай эскертип жатпайсыңбы. Анан да бир кезде кумар оюнчу болгонуң тууралуу калп сөздөрүң да ага кошул-ташыл болуп жатат. Акыркыны тастыктай албай жатсаң, анан кантип мен Лалангамена жөнүндө келжирегениңе ишене алам?
Клейдин чекесиндеги кан тамырлар бөрсөйүп чыкты, бирок ал кармана алды.
– Миң жолу айттым, – деп тиштенип сүйлөдү. – Мындай акчалар эч качан колго жукпайт. Бир кезде муну сен өзүң түшүнөрсүң.
– Баягы эле сөздөр! – деп тоотпой сүйлөдү Балакай. – Баягы эле курулай сөздөр.
Клей өлүктөй кубара түшүп, саамга дем албай катып калды. Балакай жаралган коркунчту сездиби, билбейм, бирок мен Клей кайра дем ала баштап, төшү көтөрүлгөнчө катып калдым. Ал кескин бурулуп, кают-компаниядан чыгып кетти. Анын кадамдары жатак бөлмөлөргө алып барчу коридордо угулбай калды.
Бир аздан кийин мен камбузда жалгыз жүргөн Балакайды көрдүм. Ал өзүнө бутерброд жасап жатыптыр. Ал башын көтөрүп, таңгалгандай да, чочулагандай да мени карады.
– О, Морт, салам, – деди ал эч нерсе болбогондой түр менен. – Маселе чыктыбы?
– Ооба, сенде. Клей менен мушташкың келеби?
– Жок, – деп мыңкылдады тамагын чайнап жатып. – Мен аны каалабайм.
– Кааласаң ал сөзсүз болот.
– Морт, уксаң мени, – деди да оозундагысын жутканча саамга унчукпай калып. – Менимче, Клей өзү үчүн жооп бере алгандай куракка эчак эле жеткен, кандай дейсиң?
Бүт денем дүр этип, чыйрала түштүм. Менин жинденгеним бетиме чыккан окшойт, үстөлдүн четинде отурган Балакай шашып бутуна тура калды.
– Морт, койсоң, – деди ал. – Сени таарынтайын деген ой жок болчу.
Мен өзүмдү колго алып, мүмкүн болушунча токтоо жооп бергенге аракет кылдым.
– Клей сага караганда көптү көргөн. Ага асылганыңды токтот.
– Клей менен бир нерсе болуп кетеби деп коркуп жатасыңбы?
– Жок, мен сени аяп жатам.
Балакай күтүүсүз каткырып жиберди да бутерброддон жаңы тиштеген неме какап кетти.
– Эми түшүндүм. Мени эмне кылып жатканын билбеген жаш бала деп ойлоп жатсаң керек.
– Туура түшүндүң. Айтканымды ук, туура айттымбы же жокпу, айтпай эле кой, – мен ансыз деле аны түшүнөм.
– Сенин сөздөрүң мени кызыктырбайт, – деди ал кызара түшүп. – Мага бирөөнүн акыл-насаатынын кереги жок.
– О, жок, сен мен айтканды кунт коюп угасың, анткени ал бардыгыбызга тийиштүү. Сен бул жакка романтиканы, атак-даңкты эңсеп жалданып келгенсиң, а иш жүзүндө бул жерде таптакыр башкача экен, жай жашоону, зеригүүнү гана таба алдың.
Ал жылмаюп койду.
– Эми сен мени Клейге тийишип көңүл ачкысы келип жатат дегени турасың го, ошондойбу?
– Клей көптү көргөн, зериктирген жай жашоодон коркпойт. Анан да ал башкалар менен, өзү менен тынч жашаганга эчак үйрөнгөн. Ага башкаларды кемсинтип, кыйындыгын көрсөтүүгө зарылчылык жок.
Балакай кофеден ууртады.
– А мен, демек, башкаларды кемсинтет экенмин да?
– Сен… Сен бардык эле жаштардайсың. Өз мүмкүнчүлүктөрүңөрдү сынап, өз ордуңарды издеп жатасыңар. Тапкандан кийин, бир аз токтолуп, акылдуурак болуп каласыңар. Айрымдарды гана эске албаганда. Сен эртеби, кечпи токтолосуң деп ойлойм. Башкалардын эсебинен өзүңдүң кыйындыгыңды көрсөткөндү канчалык эрте токтотсоң, ошончолук сага да, бизге да жакшы болот.
– Токтотпосомчу? – деп Балакай үнүн катуу чыгарды.
– Тилекке каршы, бул станция Жердеги колледж эмес, же бирөөнү шылдыңы менен кордоосу бир аз кыжырданууну гана жаратып, тим болуп калган кайсы бир тынч планета эмес. Станцияда эч жакка жашына албайсың. Эгер тамашакөй эч нерсе болбойт деп, эч нерседен коркпой тамашасын уланта бере турган болсо, тамашага кабылган адам болушунча карманаар… анан бир нерсе болуп кетиши ыктымал.
– Демек сен баары бир Клейди коргоп жатат экенсиң да.
– Канча айтам сага, түшүнчү! Клей – накта эр адам, ал көргөндү сен көрө элексиң… Эгер бирөө жабыркай турган болсо, ал сен гана болосуң!
Ал каткырып, эшикти катуу жаап коридорго чыгып кетти. Мен аны токтоткон жокмун. Эгер айткандарың калп экени билинип турса, калп айтканды улантууну кажети бар беле.
Эртеси хиксаброд учуп келди. Анын аты Дор Лассос экен. Өзүнүн расасынын өкүлүнө окшоп бизден жарым башка бийик, териси жашыл, жүзү эч нерседен камаарабаган иттикине түспөлдөш эле.
Ал мен вахтада турганда келди, вахтаман бошогуча аны башкалар тосуп, каютага жайгаштырып коюшту.
Ошондой болсо да жалпы тааныштар чыгып калышы мүмкүн деген күдүк үмүт менен ага бардым. Анын жана менин элим салыштырмалуу аз сандагы элдерден болот, ошондуктан экөөбүз жакшы тааныгандар чыгып калышы мүмкүн эле. Мен дагы Клейге окшоп үйүмдү катуу сагынчу болдум.
Каютасына кирип жатып: – Кечиресиз… – деп барып токтоп калдым.
Каютада Балакай отурган эле. Ал мага бир кызык көз караш менен карап койду.
– Сен алардын тилинде сүйлөшө аласыңбы? – деп ишенбегендей менден сурады.
Мен башымды ийкедим. Денебдеги жаңжал учурунда үйрөнүп алгам жайым бар.
Мен өзүмө келип хиксабродго суроомду бергенде ал “жок” дегенсип башын чайкады.
Буга таңгалбай эле койсо болот эле. Ал Денеб жаңжалындагы биздин котормочуну кайдан билмек эле? Хиксаброддордо биздикиндей үй-бүлө деген түшүнүк жок. Ысымдарын сүйүктүүлөрүнүн же сыйлуу аксакал адамдарынын атынан коюшат. Мен сылык коштошуп чыгып кеттим.
Анан гана мага Балакай хиксаброд менен эмне жөнүндө сүйлөшүшү мүмкүн деген ой келди.
Чынын айтсам, сарсанаа болуп жаттым. Балакайды алдайын деген оюм оңунан чыкпай калгандыктан, Клейдин өзү менен сүйлөшүп көрүүнү туура көрдүм. Ыңгайлуу учурду күтүп калдым, бирок Клей Балакай менен акыркы тирешүүсүнөн кийин каютасынан көп чыкпай калган болчу. Акыры шылтоо таап ага жөнөдүм.
Клей окуп отуруптур. Бою узун, дагы эле алибеттүү адамдын карылардын ички кийимин кийип отурганы мага кызыктай көрүндү. Көздөрүн ичке, ийкемдүү манжалары менен калкалап, бүлбүлдөгөн экранга үңүлүп отурган болчу. Мен кирип келгенде башын көтөрдү, станцияда чогуу иштеген төрт жыл аралыгында жадыма бекем уюп тааныш болуп калган жылмаюусун көрдүм
– Бул эмне? – деп башымды проектор жакка жаңсадым.
– Болбогон жазуучунун болбогон романы, – деп жылмайып койду Клей. – Бирок ал дагы, бул дагы тарсусиандык.
Мени карай жылдырылган отургучка отура кеттим.
– Аркыны-беркини айтып отурбай, түз эле айтайын, каршы эмессиңби?
– Айта бер, – деп мени кубаттады.
– Балакай, – дедим түз эле, – жана сен. Муну токтотуш керек.
– Кандай сунушуң бар?
– Эки сунуш. Жооп берердин алдында ар биринин үстүндө жакшылап ойлонуп көрсөң. Биринчиден, биз керектүү болгон ондон тогуз добушту топтоп, аны станциядан биз менен келише албады деп кетирсек болот.
Клей башын жай чайкады.
– Жок, Морт.
– Мен тийиштүү колдорду чогулта алам деп ойлойм, – дедим мен болбой. – Ал баарын тажатып бүттү.
– Иштин баары анда эмес экенин өзүң да жакшы билесиң, – деди Клей. – Мындай арыздан кийин аны кайсы бир кычыкка жиберип салышат, ал жакта Балакай мындан да жаман шартка кабылат да бүт өмүрүн бузуп алат. Ал өмүрүнүн аягына чейин бизди жек көрүп өтөт.
– Эмне болуптур? Өзүнөн көрсүн.
– Мен тарсусиандыкмын, андайга баралбайм. Жок, мен макул эмесмин.
– Макул, – дедим мен. – Андай болсо менде башка дагы бир сунуш бар. Сенде эркиндигиңди сатып алганга керек акчанын жарымы бар. Мен дагы бул жылдары бир топ акча топтой алдым. Андан сырткары калган үч жылымдын акчасын да сага которо алам. Аларды алгын да кызматтан бошонуп кет. Эми бул сен күткөндөй эмес дечи, бирок ошондой болсо да…
– А сен үйүңө кантип кайтасың? – деп сурады ал.
– Мени карачы.
Ал мени карады. Ал эмнени көрүп турганын билем: муруну сынган, тырыктар, терең бырыштар баскан дорсайдын жүзү.
– Мен эч качан үйүмө кайтпайм.
Клей мени унчукпай карап турду, көздөрүнүн тээ түпкүрүндө үмүт жалыны пайда болгонсуду. Бирок ал жалын бат эле өчүп, мен бул жолу да утулганымды сездим.
– Балким, – деди ал ойлуу. – Бирок мен ага себепчи болгум келбейт.
Мен коштошуп чыгып кеттим.
* * *
Адатынча станцияда дайыма бирөө вахтада турат. Бирок өзгөчө сейрек учурларда, мисалы, бүгүнкүдөй хискаброддун урматына уюштурулган сый тамакта, бардыгын кают-компанияда чогултса болот эле – бир гана ал үчүн иштин бардыгын мурдараак бүтүрүп, радиобилдирүү болбой турган, кемелер келбей турган убакытты тандаш керек.
Кают-компанияны ашыкча эмеректерден бошотуп, ага тамактана турган чоң столду койдук. Коктейль ичилип, той башталды.
Тамактануунун үстүндөгү сөздөр адаттагыдай эле биздин коёндой окшош кызматтык иш күндөрүбүздүн чегинен чыгып, укмуштуу жолугушуулар, жерлер, табышмактуу окуялар жөнүндө болуп жатты. Бардыгы хиксаброддун көңүлүн ачкысы келет. Ал болсо столдун башында мени менен Клейдин ортобузда унчукпай мостоюп отурган эле. Десерттен кийин Медия тууралуу сөз болгуча.
– Медия, – деп ойлуу айтты Балакай. – Мен ал тууралуу уккам. Аны көрктүү планета деп айта албайсың, бирок анда кандай гана метаболизм болбосун ага зарыл болгон жашоонун формасы бар деген кептер айтылып жүрөт. Анын аталышы… азыр эстейинчи… аталышы…
– Аны «нигти» дейт, – Дор Лассостун күтүлбөгөн кургак үнү угулду. – Татаал нервдик системасы бар, этин калың май баскан төрт буттуу кичинекей жаныбар. Мен Медияда сексен жыл мурун болгом, анда ал анчалык деле таанымал эмес болчу. Биз алып барган тамак-аштарыбыз бузулуп калып, нигти акыл-эстүү жашоо формаларынын бардыгына азык боло алат деген теориянын чын-калпын текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ал унчукпай калды.
– Анан? – деди Балакай, – Бул окуяны бизге айтып жатканыңызга караганда, баарыңар аман-эсен калган болушуңар керек.
– Мен жана кемедеги бардык адамдар нигтини жесе болот деген тыянакка келдик. Тилекке каршы, арабызда Поляристен бир нече микрушнилер бар болчу.
– Эмне болду? – деп бирөө кызыкты.
– Акыл-эси жогору, бирок ийкеми жок жандыктар, – деди Лор Лассос брендиден ууртап, – Алар конвульсия болуп, өлүп калышты.
Хиксаброддор менен мурда бир аз мамилем болуп, алардын кулк-мүнөзүн жакшы билгендигимен, Дор Лассосту ушул сөздөрдү айтууга садизм эмес, бардыгына кайдыгерлиги түрткү болгонун билем. Бирок бөлмөдөгүлөр жийиркене түшүштү. Микрушнилер – философия менен поэзияга жакын, өтө сезимтал жандар. Аларды бардыгы жакшы көрүшөт.
Столдо отургандар коноктон көрүнөр-көрүнбөс окчундай түшүштү. Бирок ага баары бир эле, кебелип да койгон жок, дүркүрөгөн кол чабуулар да аны толкунданта албас эле. Хиксаброддор сезимдерин оңою менен билдиришпейт.
– Жаман болгон экен, – деди Клей акырын. – Мага алар дайыма жакчу.
Ал шараптан көбүрөөк ичип койгон болушу керек, ошондуктан анын эч кандай жаман ою жок айткан бул сөзү башкаларга катуу тийди.
Дор Лассосдун муздак кара көздөрү ал жакка бурулду. Бирок эмне көргөнү, кандай ойго келгени – баарына табышмак бойдон калды.
– Жалпысынан алганда, – деп көңүл кош тыянактады, – чынчыл раса.
Бул хиксаброддордун оозунан чыккан эң жогорку мактоо болчу, мен ыңгайсыздык ушуну менен чечилди деген ойго келгем.
Бирок бул арада Балакай сөзгө аралаша калды.
– Биздей эмес да, – деди ал. – Ошондой да, туурабы?
От чачкан көзүм менен ага карай калдым, бирок ал мага көңүл бурбай үнүн катуу чыгарып кайталады:
– Биздей эмес да, Дор Лассос, туурабы?
Балакай да ашыкча көп ичип койгон эле, тынч боло түшкөн бөлмөдө анын үнү катуу жаңырды.
– Адамдар бири биринен катуу айырмаланат, – деп жай жооп берди хиксаброд. – Айрымдары чындыкка жакындап барышат. Жалпысынан алганда адамдар расасын чынчыл деп айтууга жарабас.
Бул хиксаброддун адаттагы эч ким, эч нерсе менен эсептешпеген так, чынчыл жообу эле. Дор Лассос өлүм алдында да ушинтип жооп берет болчу. Балакай кайра үн катты.
– Ошондой деңизчи. Бирок адамдардын тамашасынын көп бөлүгү, Дор Лассос, калпка негизделет. Арабыздагы айрымдар көңүл ачуу максатында гана калп айтат.
Дор Лассос брендиден ууртап унчукпады.
– Ооба, – деп улантты Балакай, – мындай адам кээде ойлойт, анын калпынын өрдөктөрү башкаларга кызыктуу деп. Бирок көп учурда алар адамды тажатып иет, өзгөчө калпын көп жолу кайталап айта беришсе. Башка жагынан алганда, ушундай бир адистер бар дейсиң, ал эмес сиз да алардып калпын күлкүлүү деп эсептейт элеңиз.
Клей түзөлө калды, анын кескин кыймылынан столдогу стакандагы суюктук ак дасмалга төгүлө түштү.
Мен Балакайдан көзүн албаган Клейге, Дор Лассоска көз чаптырдым, жаман бир нерсе болуп кетчүдөй сезим пайда болду менде.
– Андай болушу кыйын, – деди Дор Лассос.
– Жок, сиз алгач мындай корифейдин сөзүн угуп көрүшүңүз керек, – деди Балакай кызууга алдырып, – өзгөчө ага калп айтканга ыңгайлуу шарт жаралып турганда. Мисалы, ата мекен болгон планета темасын алалы. Сиздин мекениңиз, Хикс эмнеге окшош?
– Мен эмне болорун болжоп айтканга жетиштүүдөй уктум. Башкалардын көңүлүн бурбаганга аракет кылып турдум да кают-компаниядан чыгып кеттим.
Дор Лассос жөтөлүп алды.
– Ал өтө кооз, – деген анын жансыз үнү угулду – Хикстин диаметри – отуз сегиз миң универсалдуу метр. Планетада үч тоо кыркасы, он жети туздуу суу массасы бар.
Мен эч ким жок коридорлор менен радиорубкага жетип, бизге келген радиобилдирүүлөрдүн журналын ачтым. «Келди» деген графада Дор Лассос тууралуу маалыматтар бар болчу. Акыркы сапта Хиксаброд бизге келген акыркы пункт жазылган.
Тарсус.
Клей менин досум. Адам көтөрө ала турган нерсенин чеги болот. Дубалда станциядагылардын тизмеги илинип турган. Уильяма Питерборо деген ысымдын тушуна дорсайлыктардын белгисин койдум да, кичинекей шкафтан өзүмдүн куралымды алып, кают-компанияга кайтып келдим.
Дор Лассос сөзүн улантып жатыптыр:
– …Флора менен фауна ушундай керемет тең салмактуулукта болгондуктан, акыркы алтымыш миң жылдыкта бир дагы популяциянын саны бир пайыздан ашык өзгөргөн жок. Хикстеги жашоо ыраатуу, тынч нукта өтөт. Аба ырайы керектүү чектерде башкарылып турат. – Дор Лассостун жансыз үнү көз ирмемге өзгөрө түштү. – Бир күнү мен ага кайтып барам.
– Кооз көрүнүш, – деп кошумчалады Балакай. Ал столдун үстүнө эңкейе калды, көздөрү жайнап, күлгөндө ак тиштери жарк дей түштү. – Мекениңиз керемет экен. Бирок, тилекке каршы, ал башка белгилүү бир ажайып жерге жетпейт деп айтат элем.
Хиксаброддор да намысчыл келишет. Дор Лассостун жүзү мурдагыдай эле жансыз болгону менен үнү күтүүсүздөн чыңала түштү.
– Силердин планетаңарбы?
– Андай болсо кана! – деди Балакай үнүн көтөрүп, жырткычтай ырсая карап. – Мен ал жерди эч качан көргөн эмесмин, бирок акыркы бир нече жылда ал тууралуу өтө көп уктум. Же бул чынында эле, Ааламдагы эң керемет жер, же ал тууралуу айткан адам…
Мен отургучумду жылдырып тура калдым, бирок Клей чыканагыман алып кайра отургузуп койду.
– Сен айтайын дегениң… – деп Клей мен тура калганда былжырак кебин токтоткон Балакайга кайрылды.
– …Адам, – мен мурда сөз кылган калп боюнча адистердин мыктысы, – деп бүтүрдү Балакай.
Мен турайын деп кайра аракет кылдым, бирок Клей мени кайра токтотуп койду.
– Бул менин укугум… – деп тиштенип айтты.
Ал бренди куюлган стаканды жай көтөрүп, Балакайдын бетине чачып ийди.
– Куралыңды алып чык! – деп буйруду Клей.
Балакай атып тура калды. Бардыгы ал ойлогондой болуп жатканына карабай, сезимдерине ээ боло албай жатты. Жинденгенинен бети кубара түштү.
– Сөзсүз эле куралбы? – деп толкундаганынан чыйылдады ал.
– Сен мени калпычы дедиң.
– Курал бардыгын чечмек беле? – Балакай терең дем тартып, кыркырап күлүп жиберди. – Эми биз көптөн бери келаткан талашыбызды чече алабыз. – Ал бөлмөдөгүлөрдүн баарын карап чыгып Клейге токтоду. – Эки нерсени сен баарынан көп айтат элең. Биринчиси: сен кумарчы-оюнчу болгонуңду. Экинчиси: Лалангамена, Тарсусдагы сенин кымбаттуу Лалангаменаң, – Ааламдагы эң кооз ажайып жер экенин. Алардын кайсынысы чын?
Клей карманганга аракет кылып, оор үшкүрүнүп алды.
– А дагы, бу дагы.
– Сен аны далилдей аласыңбы?
– Өмүрүм менен!
– Ошондойбу, – деп мыскылдады Балакай, – Бирок мен муну өмүрүң менен эмес, акыркы жылдарда топтоп алган акчаң менен далилдеп бер деп өтүнөт элем. Сен кумарчы-оюнчу болгом дейсиң! Мелдешпейлиби?
Ушул жерде Клей ага коюлган тузакты эми гана байкагандай болду.
– Макул де, – шыкактап жатты Балакай. – Бул сенин биринчи айтканыңды тастыктайт.
– Экинчисинчи? – деди Клей.
– Эми… – Балакай Дор Лассос жакка колун жаңсап. – Мындан да мыкты калысты табуу мүмкүн эместир? Арабызда хиксаброд отурат. – Конок жакка бир аз бурулуп, Балакай таазим кылып койду. – Ал айтсын: чынбы бул, же калппы?
Мен дагы бир жолу турганга аракет кылдым, Клей мени кайра эле ордума отургузуп койду.
– Мырза, биздин талашыбызды чечип бере алат белеңиз? – деп Дор Лассоско кайрылды.
Бири бирин карап калышты.
Бир аз унчукпай туруп: – Мен бул жакка Тарсусдан келдим. Бириккен Топографиялык топ планетанын картасын түзүп жатыптыр. Мен анын туура экендигин тастыктап беришим керек болчу, – деди хиксаброд.
Чегинерге жол калбай калды. Бардыгы жоопту күтүп туруп калышты. Жарылайын деп араң карманып, жолдошторумдун жүздөрүн көз албай карап турдум, алардан бирөө чыгып бул болуп жаткан жагымсыз көрүнүштү мына-мына токтототтур деген үмүтүм бар болчу. Бирок Клейге жан тарткандын ордуна, кайдыгерликти, уятсыздыкты, ал эмес эми эмне болуп кетет экен деген кызыгууну көрдүм, аларга баары бир болчу, бул окуя кан менен бүтөбү, көз жаш менен бүтөбү, негизи алардын кызыгуусу канса болду эле.
Клейдин досу болуп жалгыз гана мен калганым мага таңгалычтуу ачылыш болду. Жалгыз мени гана анын Лалангемасынын сулуулугу тууралуу эч качан бүтпөс баяны тажатпайт эле. Мен өзүм да кары адамдар сыяктуу сүйлөөк жана кечиримдүү болуп калгам. Бирок башкалардын чыдамы чегине жетиптир. Мен трагедия катары кабылдаган нерсени алар ашынып кеткен бабырды ордуна коюу катары көрүштү.
Клейдин көзү тунарып, муздай түштү.
– Сен эмне саясың? – деп сурады ал.
– Менде болгондун бардыгын, – деп жооп берди Балакай, ачкөздөнүп алдыга жутуна калып. – Сеникинен кыйла көбүрөөк. Сегиз жылдык айлыгымды.
Бир да сөз айтпастан Клей чек китепчесин алып чыгып, болгон суммага чек жазды да, китепчени жана чекти хиксаброддун алдына коюп койду. Балакай, буга даяр болуп турганбы, ал дагы чекти жаза коюп, акыркы жумада утуп алган акчанын калың пачкасын анын үстүнө таштап койду.
– Бул бүт баарыбы? – деди Клей.
– Баары, – деди Балакай.
Клей башын ийкеп, артка жылды.
– Баштайлы, – деди ал.
Балакай конокко бурулду.
– Биз сиздин жардамыңызды баалайбыз.
– Бул сөздөрдү укканыма кубанычтамын, – деди хиксаброд, – анткени жеңген адам мен ортомчу болгонум үчүн бир миң кредитка төлөшү керек болот.
Бул күтүлбөгөн сөздөр Балакайдын шаштысын кетирди. Бөлмөдөгүлөрдүн ичинде жалгыз мен гана Хикс элин жакшы билет элем жана ушундай болорун күткөм, калгандар үчүн бул таңгалыштуу жаңылык болду. Буга чейин көпчүлүк мелдешти бизге гана тийиштүү, мейли катаал, бирок кеминде дегенде адилеттүү оюн катары кабылдап жатышкан болчу. Эми бул окуянын жаман жагы ачылгандай болду аларга – бул алардын жолдошун өлтүрүү үчүн бирөөнү жалдаганга окшошуп кетти.
Бирок кеч болуп калган эле, мелдешке катышкандар кол алышып коюшту. Ошондой болсо да бөлмөдө жактырбагандардын үнү угулду.
Ал эми Клейдин акчалары оюн бүт ээлеп алган Балакай токтогусу келбеди.
– Сиз Картографиялык топто болгонсуз да? – деп сурады ал Дор Лассостон.
– Ооба.
– Демек, сиз планетаны жакшы билесиз да?
– Ооба.
– Анын географиясын? – деп тактады Балакай.
– Мен кайталанганды жаман көрөм. – Хиксаброд мистейип, жактырбагандай Балакайга карады.
– Бул кандай планета? – деди Балакай кургак эриндерин жалап. Ал акырындан өзүн колго алгандай болду. – Ал чоңбу?
– Жок.
– Кенге байбы?
– Жок.
– Коозбу?
– Андай дебейт элем.
– Маалкатпа! – деп бакырды Клей.
Мелдешти жеңген адамдай Балакай ана карап алып, хиксабродго бурулду.
– Эң сонун, Дор Лассос, анда иштин өзүнө өтөлү. Сиз Лалангамена тууралуу уктуңуз беле?
– Ооба.
– Сиз Лалангаменада болгонсузбу?
– Ооба.
– Сиз болушунча чынчыл жана ачык… (хиксаброддун көзүндө биринчи жолу жек көрүүнүн оту жана түштү; Балакай өзү байкабай анын ар-намысына кечирилгис доо кетирип алды) – чынчыл жана ачык Лалангамена – Ааламдагы эң ажайып керемет жер деп айта аласызбы?
Дор Лассос бөлмөдөгүлөрдүн бардыгын бирден карап чыкты. Болуп жаткан нерсени жактырбаганы эми анын жүзүндө даана байкала баштады.
– Ооба, – деди ал.
Бардыгы селдейип туруп калышты. Дор Лассос бутуна туруп, алдындагы акчадан бир миң кредитканы санап алып, калган акчаны, чек кагаздарын Клейге карматты. Андан кийин ал алдыга бир кадам жасап, алакандарын өйдө каратып колдорун Балакайдын бетине такады.
– Менин колдорум таза, – деди ал.
Манжалары чыңала түштү. Бир маалда биздин көзүбүзчө манжаларынын учтарынан жалтыраган катуу тырмакчалар пайда болуп Балакайдын бетине тиер-тийбес сеңселип калышты.
– Сиз хиксаброддун чынчылдыгынан шектенип жатасызбы? – деген металл үн угулду.
Балакай кубара түштү. Устарадай курч тырмактар анын так көз алдында болчу.
– Жок… – деп шыбырдаы ал.
Тырмактар тартылып, хиксаброд колдорун түшүрдү. Кайра эле мистейген жана керсейген Дор Лассос артка бир кадам жасап, таазим кылды.
– Сыйыңар үчүн ыраазычылыгымды билдирем, – деди ал, анын кургак үнү өкүм сүргөн тынчтыкта өзгөчө катуу жаңырды.
Андан кийин Дор Лассос бурулуп кают-компаниядан мостоюп чыгып кетти.
* * *
– Коштошолу, – деди Клей Харбэнк менин колумду катуу кысып жатып. – Мени Лалангамена кандай жылуу күтүп алса Дорсай дагы сени ошондой эле кабыл алат болушу керек деп ойлойм.
– Акчаң коротуп, мени бошотуп алуунун зарылчылыгы жок болчу, – деп күңкүлдөдүм.
– Болбогон кепти баштабачы. Акча экөөбүзгө оңой эле жетет болчу, – деди Клей.
Мелдеш болгон күндөн бери бир ай өттү. Экөөбүз Денеб I эбегейсиз зор космопортунда турганбыз. Он мүнөттөн кийин менин кемем Дорсайга жөнөйт. Клей болсо Тарсуска сейрек жөнөчү кемени дагы бир нече күн күтүшү керек болчу.
– Мелдеш – акылга сыйбаган иш болчу, – дедим мен нааразылыгымды төгүп алгым келип.
– Тескерисинче, – деди Клей. Анын жүзүнө көлөкө түшкөндөй болду. – Сен билесиң да чыныгы оюнчу сөзсүз ута турган учурда гана акча саят. Хиксаброддун көзүн көргөнүмдө эле утарымды билгем.
– Түшүнбөдүм.
– Хиксаброд өз ата-журтун жакшы көрөт эле.
Мен таңгалып аны карап калдым.
Бирок сен Хикс деген эмес элең да. Ал, ооба, Хиксти Ааламдагы эң ажайып жер дейт болчу. Сен болсо Тарсусту – Лалангаменаны айткан болчусуң да!
Досумдун жүзү кайра суз тарта түштү.
– Мен утмакмын. Жыйынтыгы белгилүү болчу. Мен өзүмдү Балакайдын алдында ыңгайсыз сезип жатам, бирок ага эскерткем. Анан да ал жаш, мен болсо картайып калдым, жеңилүүгө укугум жок болчу.
– Балким асмандан жерге түшөрсүң, – дедим мен, – анан, акыры, түшүндүрүп берерсиң? Эмне үчүн сен сөзсүз утат элең? Анын сыры эмнеде?
– Анын сыры? – күлүп сурады Клей. – Анын сыры хиксаброд чындыктан башканы айта албаганында жатат. Бардыгы менин мекенимдин аталышына байланыштуу.
– Ал менин таңгалган жүзүмө карап, колун ийниме койду.
– Иштин бардыгы, Морт, мында… Лалангамена – шаар да эмес, айыл да эмес. Тарсуста ар бирөөнүн өз Лалангаменасы бар. Аааламдагы ар бир жандын.
– Муну менен эмне дегиң келет, Клей?
– Бул сөз, – деди ал, – Тарсусиандык тилде “ата конуш” дегенди билдирет.
Которгон Марат ТОКОЕВ


