«Мен Орозкул эмес, Орозбекмин»
Эр ортону элүүгө толгондо Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, өткөн жылы өмүрдүн алтымыш кырын ашканда артисти деген ардактуу наамга ээ болгон О. Кутманалиев менен талант жагынан гана танапташ эмес, отуз жылдан бери коңшу үйдө чукул жашайбыз. Эртели-кеч салам алик алышып, ар кандай аңгеме-дүкөн куруп, өткөн-кеткенди эстеп, маңдай жазыла күлөбүз, эртеңкиге ой чуркатып, кыялданабыз.
Ороз аке көлөмүнө келбети, келбетине көлөмү жарашкан, көзү кичирээк болгону менен бадырак тиштерине бараандуу күлкүсү жарашкан пенде. Сыртынан караганда тааныбаган киши ай кетмен көтөргөн бир сугатчы дыйкан экен деп ойлоору бышык. А чындыгында дыйканы Дыйкан эле. Жер дегенде жата калып иштейт. Биз ага кечкурун иштен келатып, там аркасындагы бакчасынан жолуктук. Бакчасы демекчи, беш кабат үйдүн (өзү экинчи кабатта жашайт) артындагы какыр таштуу жерди иштетип, чакан жемиш аянты кылып алган. Шабдалы, өрүк, чие, алча, дан куурай, кулпунай жана башка мөмө-жемиштери бар. Башка бирөөлөр болгондо «мен эл артистимин» деп эки колун желкесине кайчылаштырып диванга керилип жатып албайт беле…
— Сокулук районунун Шалта айылындагы мектепте төртүнчү класста окуум токтолду. Согуш маалы. Өзүмдүн мадыра баш теңтуштарым менен кырмандан кампага ышкырта араба айдайм, жазында соко кармайм, жайында чөп тырмайм. Неси болсо да бала чагыман дыйканчылыкка жедеп бышыктым. Жылдар желаргыдай зыпылдап, 1948-жыл да кирип келди. Ошо жылы Зууракандын айылындагы (мурдагы Калинин колхозу) мектепке шу-у! – деп эле 8-класска барып олтурдум. Акындык өнөрдүн артыкчылыгы, бул да болсо. Анткени окуган китептерди, уккан аңгемелерди мобу башым (ак чач аралаган чачын сыйпалай) үналгыдай эле «жазып» калчу. Ошондо эле айылга келген артисттердин өнөрлөрүн бир угуу менен көкүрөгүмө көрөңгүлөтүп, эртеси кошуна-колоңдорго «сайрап берчүмүн».
— Ороз аке, деги канча жашыңыздан тартып ырдап калдыңыз?
— Билбейм, айтор төрөлгөндө эле жарыкка ыйлап түшкөндүн ордуна ырдап түшсөм керек (тамаша дегендей, бажаңдай күлөт), Кудайым ырайым этип, тагдырыма ырчылыкты жазыптыр да. Небере чөбөрөлөрүмдү жанымдай көрүп, тойго дегендей топ жыйынга көрүп, ашка көбүнчө ээрчите барам. Бирок дайыма эмес. Ал эми комузумду эч качан калтырбайм. Уктасам башымда, ойгонсом кашымда ал. Алымкул Үсөнбай уулу айткандай, «комузум колдо турганда – мен коштогон аттай элирем…».
— Эл алдына, башкача айтканда, артистикти кесиптик өнөр кылып, кайсы жылдарда чыктыңыз?
— Эл алдына дароо эле чыккан жокмун. 1955-жылдан тартып сахнага мен ойноткон түрдүү кейиптеги куурчактарым чыкты. Анткен менен бу куурчак театры менин алгачкы жүзүмдү ачты. Туура он жыл кичинекейлердин көңүл ачуу эрмеги, ошону менен бирге рухий жактан тарбиячысы да болдум. Кийин, 1965-жылы Кыргыз Мамлекеттик филармониясына которулуп, ачык сахнага чыгып, ырдай баштадым. Анан атайын бригада эл түзүп, эл араладык. Ал топко А. Айталиев, А. Шаршенов, Ж. Чабалдаев, М. Козубекова, Т. Абдиев жана башкалар бар эле. Тууганбай экөөбүз комузубузду «сабай» чертип, айтыша турганбыз. Басa, учурдан пайдаланып анын жакында Кыргыз Республикасынын эл артисти болушу менен куттуктай кетким келет.
— Сиз төкмө акын, артист, дастанчы гана эмес, кино актер катары да жумуруятыбызга кеңири белгилүүсүз. Эми кандайча көркөм тасмаларга «яппышып» калганыңызды… (Бул жерде бир окуя эске түшөт. Аргасыз жылмайып да аламын, кээде. Курортто бир сүрөтчү эс алуучуларды жайдары тарта салып, «ана, яппышты» – деп фото аппаратынын «көзүнө» томого кийгизе салаар эле).
— Тасмаларга тартылаарымдын алдында, так айтканда 1969-жылы өмүрлүк жолдошуман ажырап, филармониядан аргасыз бошоого мажбур болдум. Анда аяк-быякка көп чыгат элек да. Беш баланы «талаага» таштап кете албадым. Ылайыктуу деп радиодо диктор, режиссер болуп иштедим. Ошол жерден байбичем Фатимага (азыр да үн оператор болуп иштөөдө) жолугуп үй-бүлө курдум. Ал бардыгы болуп он бир баланын энеси болду. Ошо радиодо жүргөндө кайсы бир кино журналдын сөзүн окуп берүүгө мени «Кыргызфильм» студиясына чакырыл калышты. Барсам «Ак куулар конгон айдың көл» деген жаңы тасмага каармандарды тандап алыш үчүн сыноо жүрүп жаткан экен. Эшикти кызыга карап турсам, Юра Борецский деген режиссер басып келип, киного тартылгың келеби деп калды. Макул болбой коймок белем. Фильмде бир бийкечти (ролдо – Таттыбүбү Турсунбаева эле) эки жигит талашкан учур бар экен. Менин «атаандашым» казактын белгилүү артисти маркум (Анвар Молдобеков) «Кыз-Жибек» фильминде Чегинин ролун аткарган болуп чыкты. Экөөбүз мушташышыбыз керек. Бир маалда «мотор» деди эле, тиги мурда машыгып калган неме мени сабап калса болобу. Көрсө «мотору» – «баштадык» – деген сөз турбайбы. Аны кайдан билейин. Ызалана түшкөн жаным «дагы бир жолу мотор дегилечи» деп жибериптирмин. Ал сөз айтылары менен эле Анварды көмөлөтө коюптурмун. Ошентип «Ак куулар конгон айдың көлдөгү» Caбырбек – менин биринчи кино кейипкерим болду.
— Анан кантип «Ак кемемеге» туш болуп калдыңыз?..
— Ошо тасманын алгачкы сынак кароосунан мени белгилүү режиссер Болот Шамшиев көрөт да, көңүлүнө түйүп калат… Кийин «Сүйүү жаңырыгы» аттуу фильмине мени чакырды. Абдан кыраакы адис. Сүйлөшүп жатып эле кимдин кандай экенин билип коёт. Дүйнөгө атагы кеткен Сүймөнкул Чокморовду тапкан да ал эмеспи. Ошондо эле мени «Ак кемедеги» Орозкулга дайындады. «Орозбек, сен азыртадан эле бул татаал каармандын кейпин кие бер. Сөзсүз тартыласың»…
Мен ал кезде сегиз баланын атасы болуп калган элем. Ал Орозкул эч бир бала жытын көрбөгөн адам. Ичимден сызылам: «кантип баласыз ата боло алам?»… Акыры камырдай кайра жууруп Орозбек эмес, Орозкул кылды мени, таланттуу peжиссер. Болот Шамшиевдин бир эле фильминен өткөн актер бир чоң институтту бүтөт, даяр диплом алып чыгат… Ошентип, кино актер катары «Эрте жаздагы турналарда», «Махабат дастанында», «Бөрү зынданында» жана башка көркөм тасмаларда тартылдым.
— Ороз аке, кантсе да «Ак кеме» сизди бир кыйла жээкке алып барды ээ?…
— Ал ырас. Анткени турмуштун дал өзүндөгүдөй тартылган. Бир эле окуяны айтып берейин. Ар бир фильмге өзүнчө смета түзүлөт. Тартылуу маалында кандай тамак, ал турсун канча арак ичиле турганы эсептелет. Орозкулдун мас болуп, кайын атасын сабаган жерин тартыш үчүн мага арак ичириш керек эле. Тартылуу башталаар алдында Болот Шамшиев менин көзүмдү аңтара ачып көрүп, экинчи режиссер Темир Дүйшөкеев менен кысаңдаша кетти:
— Муну эмне үчүн ичирткен жоксуң?
— Тиги чын дилинен актана менин эки бөтөлкөдөй ичкенимди айтты. «Дагы бер» деди башкы режиссер өткүр сүйлөй. Көзүм мас болмоюнча мени ири планга ала албай жатат. Акыры анын оюндагыдай болду, кинодогу ошол жер турмуштун дал өзүндөгүдөй болуп чыкты. (Орозбек бир аз тунжурай түштү, анан башын чайкап күлдү).
— Оңбогон Орозкул үчүн далай «кордук» көрдүм го. Бир жолу «Октябрь» кинотеатрынын жанындагы «Чынар» кафесинде жаңы эле борщ алып ичкени жастам, сомодой үч жигит келип: ушу сен кайын атаңды сабайсың ээ, балага кордук көрсөтөсүң ээ дешип, башыма борщумду куюп ийсе болобу, бирөө. Анысы ал. Дагы бир жолу учурундагы белгилүү спортсмен Тобокел Мамыров досумдун үйүндө олтурсам, айылдан келген эжеси ашканада Тобокелге минтип айтып жатпайбы:
— Ыя ботом, тиги зөөкүр неме кайдан жүрөт? Же мындан башка теңтуш таба албай калдыңбы? Кийин комуз чертип ырдап берсем, сен Орозкул эмес эле Орозбек турбайсыңбы деп алкап, улам-улам ысык чайын сунду. Мынча болду, дагы бир окуяны айта кетейин. Жакында эле дарылоочу врачым мени көрүп жатып: Орозкул байке, сиз «Ак кемеде» Орозбектин ролун эң мыкты ойногонсуз ээ – десе болобу.
А чынында мен Орозкул эмес, Орозбекмин да…
Орозбек менен коштошуп, редакцияга ойлуу келатам. Жолду ката Ысык-Көлдүн толкунунда кылкылдаган Ак кеме, эне бугунун башын карсылдата балталаган Орозкул көз алдыма тартылат. Ичимен жектейм аны, мен дагы. А Орозбек болсо атасынын аты айтып тургандай эле Кут конгон адам, жумуруятыбыздын эл артисти, чоң үй-бүлөнүн ээси.
Аттокур Жапановдун Фейсбук баракчасынан алынды



