Жек ЛОНДОН: «Жашоонун мыйзамы»
(аңгеме)
Кары Коскуш кунт коюп укканга аракет кылып жатты. Көзү көрбөй калганына көп болгон, бирок кулагы мурдагыдай эле жакшы укчу, азыр ал эң акырын чыккан дабышты да кетирбей тыңшап жатты. Ал эми бырыш баскан чекесинин астында жылтырап турган аң-сезими алдыда эмне болоруна кайдыгер эле. А, бул чыйылдап жаткан ичке үн Сит-Кум-То-Ханын үнү; ал чаңырып, иттерди чанага куруп жатат. Сит-Кум-То-Ха – анын кызынын кызы, бирок ал кардын үстүндө жалгыз отурган, эч кимге кереги жок, жардамга муктаж карыган чоң атасына бекер убактысын короткусу келбейт. Конуштан жылууга убакыт келди. Алдыда узак жол бар, ал эми кыска күн токтоп күтүп турбайт. Жашоо кызды алдыга чакырып жатат, жашоо талап кылган иштер чакырып жатат, өлүм эмес.
Ал эми өзү азыр өлүмгө абдан жакын. Бул ой карыяны бир мүнөткө чочутту, ал колун сунуп, калтыраган манжалары менен жанындагы бир аз кургак бутактарды кармалап койду. Бутактар жанында экенине ынангандан кийин, ал колун эскилиги жеткен теринин астына катып, кайрадан тыңшай баштады. Тоңуп калган бугу терисинин кургак кычыраганы ага уруу башчысынын үйү жыйналганын жана азыр аны ыңгайлуу түккө таңып жатышканын билдирди.
Уруу башчысы анын уулу болчу, ал узун бойлуу жана күчтүү, уруунун башчысы жана мыкты мергенчи. Мына анын аялдарды шаштырып жаткан үнү, алар оокаттарын чогултуп жатышат. Кары Коскуш кулагын түрүп, эч нерсени калтырбай укканга аракет кылып жатты. Ал бул үндөрдү акыркы жолу угуп жатат. Джиохоунун жана Тускендин үйлөрү бүктөлдү! Жети, сегиз, он… Кыязы, өз үйүн жыйнап жаткан шамандын үйү гана калды окшойт. Бала ыйлап баштады; бир аял аны сооротуп, бир нерсени жай, ичтен чыккан үн менен кыңылдап ырдап жатты. Бул кичинекей Ку-Ти, деп ойлоду карыя, чыргоол бала жана ден-соолугу начар. Балким, ал жакында өлүп калар, өлсө тундранын тоң жеринде чуңкур казылып, үстүнө суусарлардан коргоо үчүн таштар үйүлөт. Бирок, баары бир эмеспи?
Эң жакшы дегенде, дагы бир нече жыл жашаар, жана курсагы ток болгондон көрө ач калган күндөрү көп болмок. Акыры, өлүм аны баары бир алып тынат, ажал түбөлүк ачка жана ачкалардын ичинен эң сугалагы. Эмне болуп жатат? А, бул эркектер жүктөрдү байлап, кайыш курларды бекем тартып жатышкан экен. Ал угуп жатты, а жакында эч нерсе укпайт. Камчынын соккусу ышкырып иттерге тийип жатат. Уктуңбу, алар улуп жиберишти! Алар үчүн узак жол кандай гана жек көрүндү! Кетип жатышат! Чаналар биринин артынан бири акырын жыла башташты. Кетишти. Алар анын жашоосунан жок болушту, эми ал акыркы оор саатты жалгыз тосуп алат.
Жок, мына мокасиндин астында кар кычырады. Жанына адам келди; анын башынан сылады. Уулу ага кандай гана жакшы мамиле кылып жатат! Ал башка карыяларды эстеди, алардын уулдары уруу менен кетип калышкан. Анын уулу алардай эмес. Карыя ойлору менен өткөнгө сүңгүп кирди, бирок жаш адамдын үнү аны азыркы абалына кайтарды.
— Сен жакшы элесиңби? – деп сурады уулу.
— Ооба, жакшы элемин.
— Жаныңда кургак бутактар бар, – деп улантты жаш адам, – от жалындап күйүп жатат. Аба ырайы бузулду. Жакында кар жаайт. Мына, жаай баштады.
— Ооба, кар жаап жатат.
— Эл шашылууда. Алардын жүктөрү оор, ал эми курсактары ачкалыктан кабырылып турат. Жол алыс, алар ылдамдай башташты. Мен кетейин. Сен жакшы элесиңби?
— Жакшымын. Мен азыр күзгү жалбыракка окшошмун, бутакта араң илинип турам. Шамалдын биринчи соккусу – мен кулайм. Үнүм кемпирдикиндей болуп калды. Көздөрүм буттарыма жол көрсөтпөй калды, ал эми буттарым коргошун байлап алгансып оор, мен чарчадым. Баары жакшы.
Ыраазы болгон Коскуш башын ылдый салып алыстан кардын ызылдаган үнү басылгыча ушинтип отурду. Эми ал уулу анын чакырыгын укпасын билди. Колу шашылыш түрдө кургак бутактарды кармады. Алдында күтүп турган түпсүз түбөлүктүүлүктөн аны ушул гана бир боо отун бөлүп турган. Кургак бутактардын бир боосу анын өмүрүнүн чени болчу. Улам ташталган бир бутак отту өчүрбөй турат, ошондой эле, бутактар азайган сайын, өлүм ага жакындайт. Акыркы бутак жылуулугун берип бүткөндө, сууктун бийлиги башталат. Адегенде буттары багынат, андан кийин колдору, акырында денеси катыйт. Анан башы шылкыйып тизесине түшөт, ал тынчыйт. Бул оңой. Өлүм баарына жазылган. Коскуш таарынган жок. Жашоо ушундай, ал адилеттүү. Ал төрөлүп, жерге жакын жашаган жана анын мыйзамы ага жаңы эмес. Бул бардык тирүү жандыктардын мыйзамы. Жаратылыш айрым тирүү жандыктарга өзгөчө ырайым кылбайт. Анын көңүлү бардык түрлөргө, расаларга бурулган.
Мындан чоң жалпылоолорго карыган Коскуштун жөнөкөй акылы жөндөмсүз болчу, бирок муну ал бекем өздөштүргөн. Мунун мисалдарын ал жашоодо бардык жерде көрдү. Дарак ширеге толот, жашыл бүчүрлөр ачылат, мөмө берет, сары жалбырак түшөт – ошону менен айлана аяктайт. Бирок ар бир тирүү жандыкка жаратылыш милдет тагат. Аны аткарбаса, ал өлөт. Аткарса дагы, баары бир өлөт. Жаратылыш кайдыгер: ага баш ийген адамдар көп, бирок түбөлүктүүлүк баш ийгендер үчүн эмес, баш ийүү үчүн жазылган.
Коскуштун уруусу абдан эски. Ал бала кезинде карыялар өздөрүнөн мурунку карыяларды эстешчү. Демек, уруу жашай берет, ал бардык ата-бабаларынын баш ийүүсүнүн символу, алардын мүрзөлөрү да көптөн бери унутулуп калган. Өлгөндөр эсепке алынбайт; алар жөн гана бирдиктер. Алар асмандагы булуттардай жылып өтүштү. Ал дагы кетет. Жаратылыш кайдыгер. Ал жашоого бир милдет койду, бир мыйзам берди.
Жашоонун милдети – тукум улоо, анын мыйзамы – өлүм. Кыз – көрүүгө жагымдуу жандык. Ал күчтүү, көкүрөгү бийик, басканы сергек, көздөрү жалын чачып жаркырайт. Бирок бул кыздын милдети али алдыда. Анын көзүндөгү жаркыроо күчөйт, басканы тездейт, ал кээде жигиттерге батыл, кээде уялчаак болуп, аларга өз тынчсыздануусун билдирет. Ал барган сайын сулуу болот; акыры, бир мергенчи аны өз үйүнө алып кетет, ал иштеп, ага тамак жасап берет жана анын балдарынын энеси болуп калат.
Бирок тун баласы төрөлгөндөн баштап, сулуулук аялдан кетет: анын басканы оорлошуп, жайлайт, көздөрү күңүрт тартат жана өчө баштайт. Оттун жанында отурган кемпирдин бырыш баскан бетине кичинекей неберелер гана кубаныч менен жабышышат. Анын милдети аткарылды. Ал эми ачарчылыктан жаралган биринчи коркунучта же узакка көчөөрдө азыр аны кардын үстүнө бир аз кургак бутактардын жанына таштагандай, аны да журтка таштап кетишет. Жашоонун мыйзамы ушундай.
Коскуш этияттык менен кургак бутакты отко салып, ой жүгүртүүсүн улантты. Ушундай нерсе бардык жерде жана бардыгында болот. Чиркейлер биринчи суукта жок болушат. Кичинекей тыйын чычкан өлүш үчүн токойго кирип кетет. Жылдар өткөн сайын коён оорлошуп, мурдагыдай тездик менен душмандан качып кутула албайт. Ал тургай аюу да карып, көзү көрбөй калат, олдоксон кыймылдап, акырында ажылдаган иттердин тобу аны жеңип чыгат.
Коскуш өз атасын Клондайктын жогору жагына кантип таштап кеткенин эстеди, – бул аларга миссионер диний китептери жана дары-дармек кутусу менен келген кышта болчу. Коскуш бул кутуну эстегенде бир нече жолу эриндерин жалап койду, бирок азыр анын оозунда шилекей жок эле. Айрыкча, ал «ооруну басаңдаткычты» эстеди. Бирок миссионер урууга чоң түйшүк болгон, ал аң алып келген эмес, өзү болсо көп жечү, аңчылар ага нааразы болушкан. Акыры ал Мэйонун жанындагы дарыяда суук тийип өлдү, андан кийин иттер анын сөөктөрүн чачып, талап кетишти.
Коскуш кайрадан отко кургак бутактарды салып, дагы да өткөндү эстей кетти. Улуу Ачарчылык учурунда карыялар отко жакын отуруп, Юкон үч кыш бою музсуз эркин акканы жана андан кийин үч жай бою тоңуп турганы тууралуу эски убактагы тумандуу уламыштарды айтышчу. Бир ачарчылыкта Коскуш апасынан айрылган. Жайында сом балык келбей калды, уруу кышты жана бугуларды күтүп жатты. Кыш келди, бирок бугулар да келишпеди. Мындай нерсе эзели карыялардын эсинде да жок эле. Бугулар келген жок, бул ачарчылыктын жетинчи жылы болду. Коёндор азайды, ал эми иттерден териси менен сөөктөрү гана калды. Балдар узак кышкы караңгылыкта ачкасынан ыйлап, четинен өлүп жатышты, аялдар менен карыялар өлүштү жана ар бир он адамдан бири гана жазды жана күндүн кайтып келгенин көрдү. Ооба, бул чоң ачарчылык болчу!
Бирок ал эт ушунчалык көптүгүнөн бузулгандыктан, семиз иттер такыр жалкоо тартып, эркектер качкан аңдарды көрсө да, аларды өлтүрбөй калышкан, аялдар төрөткө жөндөмдүү болуп, үйлөрдө эркек жана кыз балдар сойлоп, тоголонуп ойноп жүргөн молчулуктун мезгилдерин да көргөн. Эркектер ошондо текеберленишип, болбогон жерден мурунку чыр-чатактарды эстешчү. Алар пелли уруусун жок кылуу үчүн түштүктү көздөй тоолорду ашып өтүшкөн жана танана уруусунун өчүп калган отторуна көз салуу үчүн батышка барышкан. Карыянын эсинде, ал бала кезде молчулук жылында карышкырлар бугуну талап өлтүрүшкөнүн көргөн. Зинг-Ха ошондо аны менен чогуу кардын үстүндө жаткан. Зинг-Ха, ал кийин чебер аңчы болду, кийин Юкондогу муз жарылып кетип каза болгон. Ал суудан жарым-жартылай гана чыкканга үлгүрүптүр. Аны бир айдан кийин музга тоңуп калган жеринен табышкан.
Ошентип, – бугуга келели. Ал жана Зинг-Ха ошол күнү аталарын туурап, аңчылык кылып ойноого барышкан. Тоңуп калган дарыядан алар бугунун жаңы изин жана анын артынан кууп өтүшкөн карышкырлардын изин көрүштү.
— Карган экен, – деди изди жакшы билген Зинг-Ха. – Карыган бугу. Үйүрүнөн адашып калган. Карышкырлар аны бир туугандарынан бөлүп салышты жана эми аны коё беришпейт.
Ошондой болду. Бул карышкырлардын адаты. Күнү-түнү тынбай алар анын артынан ырылдап, тиштерин шакылдатып, кубалап, акырына чейин артынан сая түшүшөт. Эки баланын каны кайнап чыкты. Аңчылыктын аягы эмне менен бүтөт – муну көрүү керек.
Чоң чыдамсыздык менен алар барган сайын алдыга кете беришти. Ал тургай, ал, Коскуш, азырынча көзүнүн курчтугу жана из кубарлыгы менен мактана албаса да, көзүн жумуп алдыга бара бермек – из ушунчалык даана болчу. Алар кар бетине жаңы эле түшкөн, ар бир кадам сайын жаңы эле жазылган куугунтуктун кайгылуу окуясын окушту. Мына бул жерде бугу токтоп, айбат кылган. Бардык тарапка, үч адамдын бою жеткен аралыкта кар тебеленип, казылган. Ортосунда бугунун кең туяктарынын терең издери, ал эми тегерегинде карышкырлардын жеңил издери. Айрымдары, алардын үйүрлөштөрү курмандыкка атырылып жатканда, кыязы, комдонуп, кардын үстүндө жатышкансыйт. Алардын денелеринин издери ушунчалык даана болгондуктан, мунун баары бир мүнөт мурун болгондой. Бир карышкыр жан айласын кылып, бүт күчү менен коргонгон курмандыктын таманында калып, тебеленип өлүп калыптыр. Таза мүлжүнгөн сөөктөрдүн үймөгү муну ырастап турду.
Алар кайрадан лыжаларынын жүрүшүн жайлатышты. Мына, бул жерде да айыгышкан күрөш болгон. Кардагы издер күбөлөндүрүп турганына караганда, бугуну эки жолу жерге жыгышкан жана эки жолу ал душмандарын кулатып, кайра бутуна турган. Ал өз милдетин эбак эле аткарган, бирок жашоо ага кымбат болчу. Зинг-Ха айтты: «Бир жолу жыгылган бугу кайра бутуна турганы эч качан болгон эмес». Бирок бул турду. Кийин алар бул тууралуу бакшыга айтышканда, ал муну керемет жана кандайдыр бир жышаан деп эсептеген. Акыры, алар бугу жээкке чыгып, токойго жашынгысы келген жерге келишти. Бирок душмандар анын артынан жете барышты, жана ал тикесинен тик туруп, алардын экөөнү чапчып салды. Алар ошол бойдон кардын үстүндө жаткан жеринде калышты, анткени куугунтук аяктап калган эле.
Дагы, биринин артынан бири, эки жерде салгылашуу болгону көзгө илинди. Эми из канга боёлуп, ири айбандын шилтеген кадамы чалыштап, мүдүрүлө баштаган экен. Мына ошондо алар салгылашуунун биринчи үндөрүн угушту – аңчылыктын катуу чыккан хору эмес, карышкырдын тиштери бугунун капталдарына жакындаганын билдирген кыска, үзүл-тазыл чыккан үндөр. Зинг-Ха шамалга каршы бет алып, кардын үстү менен боортоктоп сойлоп жөнөдү, анын артына келечекте анын уруусунун башчысы – Коскуш ээрчип бара жатты. Алар жаш карагайдын бутактарынын арасынан салгылашуунун аяктаганын карап турушту.
Бул көрүнүш, жаштыктын бардык таасирлери сыяктуу эле, Коскуштун эсинде азыр да жап жаңы болчу, айрыкча куугунтуктун аягы анын өчүп бараткан каректеринде күнү бүгүнкүдөй даана тартыла түштү. Коскуш буга таң калды, анткени кийинки күндөрү, эркектердин башчысы жана кеңештин башчысы болуп турганда, ал көптөгөн улуу иштерди жасады – ал тургай, пелли уруусунун элинин оозунда анын аты каргаша болуп калган, кол менен жекеме жеке мушташууда бычак менен өлтүргөн бөтөн ак киши жөнүндө айтпай эле коёлу. Коскуш көпкө чейин жаш кезин ойлоп отурду. Акыры от өчө баштады, суук күчөдү. Бул жолу ал отко дароо эки бутак ыргытты жана калган бутактар менен өлүмдүн үстүнөн болгон бийлигин так өлчөдү. Эгерде Сит-Кум-То-Ха чоң атасын ойлоп, көбүрөөк бутак чогултса, анын өмүрүнүн сааттары узармак. Бул ушунчалык кыйынбы?
Бирок Сит-Кум-То-Ха дайыма ага кайдыгер болчу. Ал эми Зинг-Ханын уулу Кундуз ага биринчи жолу көз салгандан бери, ал өз ата-бабаларын такыр сыйлабай калган. Бирок, баары бир эмеспи? Ал жалындаган жаш кезинде башкача кылды беле?
Бир мүнөткө Коскуш жымжырттыкты угуп турду. Балким, анын уулунун жүрөгү жумшарып, ал иттер менен кайра кайтып келип, өзүнүн карыган атасын бардык уруусу менен бирге жамбаштары майга толгон бугулар көп болгон жакка алып кетээр.
Коскуш кулагын түрүп укканга аракет кылды, анын мээси бир саамга өзүнүн чыңалган ишин токтотту. Эч кандай үн жок – жымжырттык. Толук жымжырттыктын ортосунда анын дем алганы гана угулат. Кандай гана жалгыздык! Чу! Бул эмне? Анын денеси калтырай баштады. Тааныш, катуу улуган үн жымжырттыкты жарып өттү. Ал жакын эле жерден чыкты. Коскуштун көрбөгөн көзүнүн алдында элес пайда болду: карыган бугу, жарадар болгон, канга боёлгон капталдары жана үрпөйгөн жалы бар, чоң бутактуу мүйүздөрүн ылдый ийип, алар менен акыркы күчүнө чейин кармашып жатат.
Ал жаркылдаган боз денелерди, күйүп жаткан көздөрдү, азууларды, ууртарынан аккан шилекейди көрдү. Ал эми айлана акырындык менен кысылып, тепселген кардын ортосундагы кара такка биригип жатканын көрдү.
Муздак тумшук анын бетине тийди, жана бул анын ойлорун азыркы абалга алып келди. Ал колун отко сунуп, чычаланы сууруп чыкты. Адамдан тукумунан бери келе жаткан коркунучка моюн сунуп, жырткыч бир туугандарына кайрылган созулган улуусу менен артка чегинди. Алар дароо ага жооп беришти, жана шилекей чачыраган карышкырлар оттун тегерегинде шакек болуп курчады. Карыя кулак төшөдү, андан кийин чычаланы булгалады, жана ырылдоолор дароо күрүлдөөгө өттү; жырткычтар артка чегингиси келбеди. Мына бири көкүрөгү менен алдыга жылды, анын артынан экинчиси, үчүнчүсү; бирок эч кимиси артка чегинген жок.
«Эмнеге жашоого жабышам?» – деп сурады Коскуш өзүнөн, жана жалындаган чычаланы кардын үстүнө ыргытып жиберди. Ал бышылдап өчүп калды. Карышкырлар тынчсызданып күркүрөштү, бирок ордунан жылышкан жок. Коскуш кайрадан карыган бугунун акыркы салгылашуусун көрүп, башын шылкыйтты. Акыры баары бир эмеспи? Жашоонун мыйзамы ушундай.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ



