Касым Тыныстанов
Эл агартуу комиссары, биринчи профессор Касым Тыныстанов катардагы гана окумуштуу эмес, кыргыз маданиятына, кыргыз жазмасына, адабиятка, тилге, ой жүгүртүүгө реформа жасаган улуу новатор болгон. Мына ошондой улуу инсанды лингвистика, фольклор, этнография, поэзия, эпос женундо эч түшүнүгү жок сабатсыз, наадан тергөөчү, төрт сыныпты бүтүргөн, жакасында эки ромбусу бар ички иштер органынын желдети суракка алган.
ПОЛИКАРПОВ: – Сен облустук партконференцияда: «Байманаптардын жактоочусу жана тектүү өкүлү деп айыпталыпсың. Көп жылдар улутчулдук иш жүргүзүп, адабият менен маданиятта буржуазиянын агенти болгонсуң. Сага либерал мамиле кылганы үчүн обкомдун мурдагы жетекчилери кошо айыпталган.
ТЫНЫСТАНОВ: – «Менин жолум жана чыгармачылыгым» деген макаламда мен кетирген каталарымды мойнума алган элем. Бирок, алдын ала айтып коёюн, мен партиянын ишенимин актайм, ак тоого кудуретим жетет. Менин ишенимим бекем. Партия мени дагы көп жолу сынайт. Сыноодон өткөрүп, ишимди текшерген соң чындыкка көзү жетет. Ал эми адабияттагы агент дегениңиз күлкү келтирет. Адабиятта агент болбойт.
ПОЛИКАРПОВ: – Чыгармаларындагы улутчул тар көз караштарың үчүн сени коммунисттик партиянын катарынан чыгарган. Буга «Академиялык кечелериң» күбө. Эл агартуу комиссары болуп туруп, тегерегиңе улутчул элементтерди топтоп, билим берүү ишин бүлүндүргөнсүң. Ал аракеттериңдин бети ачылды. Партияга ата-тегиңди жашырып киргенсиң. Сен Акылбек уругунан чыккан ири манаптын тукумусуң.
ТЫНЫСТАНОВ: – Мен аларды туудурган эмесмин. Алар мени туудурган. А менин көз карашым совет өкмөтүнө түз. Ооба, ата-тегиме байланыштырып, мени партиядан чыгарышкан, бирок ишеним берип, кайтадан катарына алышкан.
ПОЛИКАРПОВ: – А сен партиянын ишенимин актаган жоксуң. Обкомдун VII пленумунун чечиминде: «Сен жөнүндө кыргыз улуттук театрында актуалдуу репертуарларды, пролетардык чыгармаларды жаратуунун ордуна буржуазиялык-феодалдык түзүлүштү эңсеген чыгармаларды сунуш кылып, контрреволюциялык идеологияны тарата баштаган» деп жазылып турат. Анда «Хан Шабдан», «Селкинчек», «Шер Нияз», «1916-жыл», «Академиялык кечелер» деген чыгармалардын саясый каталары баса көрсөтүлгөн.
ТЫНЫСТАНОВ: – Мен анда эки жаңылыштык кетирген экем. 1928-жылы чыккан окуу китепке бир нече элдик макал-лакаптарды киргизгем жана «Академиялык кечелердеги» каталар. Силерге кандайдыр контрреволюциялык сыяктуу көрүнгөн, азыркы партиянын саясатына каршы тенденциялар кирип кеткен. Ал тенденциядан жат идеологияны тапкандар «Тыныстанов театр трибунасынан өзүнүн буржуазиялык таптык көз карашын жайылтып жатат» деген ашкере жарлыкты тагышкан. Бул туура эмес, муну атайын кылгандар бар. Жаңылыштык кетсе жумшартпайлы, аны оңдойлу.
ПОЛИКАРПОВ: – (мажбурлап). Колуңду кой
ТЫНЫСТАНОВ: – (мукактанып). Эмне үчүн кол коём?
ПОЛИКАРПОВ: – Каталарымды мойнума алдым деп. Күнөөбүздү жумшартпайлы дебедиңби.
ТЫНЫСТАНОВ: – Мында тиешеси жок адамдардын аттары жүрөт.
ПОЛИКАРПОВ: – Жылда бир теория чыгарып Элебаев, Турусбеков, Серкебаев, Карасаев сыяктуу жаштардын башын айлантып, Совет өкмөтүнө каршы тукургансың. Сен сунуш кылган терминологияны кайрадан иштей башташты. Түзгөн синтаксисиң оор. Эч ким түшүнбөйт. Биз орусчасын кабыл алабыз. Ал Осмонкул Алиев менен Акматбек Жумабаев «жакшы» деп жазып бергенден кийин жарыкка чыккан. Силер бириңерди бириңер колдоп, дайыма жаат күрөшүнүн башында тургансыңар.
ТЫНЫСТАНОВ: – Мага койгон дооматтар илимий негизде эмес. Тил боюнча эмгектериме жазган сын-пикирлер, рецензиялар үстүртөн, мени каралоо максатында гана болгон. Эмгекке марксттик-лениндик позициядан анализ берилген эмес.
ПОЛИКАРПОВ: – Сенин «тил илимин» көзөмөлдө. Кадрлар өсүп-жетилбегендиктен, сен каалагандай жазып келгенсиң. Революция дегенди ыңкылап деп, эркиндик дегенди уруят деп, диктатура дегенди үстөмдүк деп, боец дегенди чоро деп. Кайдан тапкансың бул байманаптык эски терминдерди? Жаш пролетариатты аңкоо деп ойлосоң керек. Жинди киши жок мында. «Даның болсо орооңдо – малың батпайт корооңдо» дегениң эмне? Данды мамлекетке төкпөй, ороңо кат дегениңби? Партиянын дан саясатына каршысыңбы? Ушундай үгүттөрдөн улам, 33-жылы өлкөдө ачарчылык өкүм сүргөн!
ТЫНЫСТАНОВ: – Бул тиричиликке байланышкан мурдагы элдик макал.
ПОЛИКАРПОВ: – Совет өкмөтүнө мурдагы макалдын кереги жок. Бул кулактардын макалы, эскинин саркындысы. Сенин «окуу китебиңе» биздин саясатка каршы ушундай чыгармалар толгон. Мында алашордочулардын ырлары да жүрөт. (Окуйт).
«Алаштын адамынын баары дайын,
Ким калды таразага тартылбаган?
Жакшымын деген жандар толуп жатат,
Жакшылык өз башынан артылбаган».
Бул кимдин ыры?
ТЫНЫСТАНОВ: – Ахмед Байтурсундуку. Ал казак элинин көрүнүктүү акыны. Илимпоз-агартуучу, профессор тилчи. «Кырк накыл», «Тил куралы», «Адабият таануу» деген айтылуу эмгектердин автору.
ПОЛИКАРПОВ: – А булчу?..
«Калкың таштап кеткин дедиң: кеттим мен,
Качан айттым жердин четин – чет бул деп?
Жылан сымал жылып кирген койнума,
Далай ирет жатты жакын эттим мен.
Бак-дөөлөттөн качкын дедиң: качтым мен,
Жокчулукка коюн-колтук ачтым кең!
Доңузга – ылай, итке – сөөк керек деп,
Бар дүйнөмдү желге учуруп чачтым мен!»
ТЫНЫСТАНОВ: – Бул Магжан Жумабаевдин ыры. Андай таланттуу акын казак, кыргызда чанда чыгат.
ПОЛИКАРПОВ: – Мен анын талант-палантын сурап атканым жок. Өкмөткө көз карашы, совет мамлекетине мамилеси кандай?
ТЫНЫСТАНОВ: – Совет мамлекетине мамилеси түз. Ал чынчыл акын.
ПОЛИКАРПОВ: – Кыргыз адабиятына Карачев, Кекенов, Кененсариев, Курман Лепесов сыяктуу кыргыз улутчулдары кирип кеткени аз келгенсип, казак улутчулдарын, алашордочулдарды да киргизмексиң. Абдыкерим Сыдыков менен кайсы уюмда тургансың?
ТЫНЫСТАНОВ: – Мен Сыдыковдун уюмун билбейм. Андай уюм бар экенине ишенбейм.
ПОЛИКАРПОВ: – Сыдыковдун пантүрктүк уюму аркылуу өткөн заманды көксөгөн ырларынды котортуп тургансың. Сага карата сегиз макала жазып Аликеев каралап жатпайбы.
ТЫНЫСТАНОВ: – Көралбастыктан болуп жатат. Менин ырларым кыргызча гана чыккан. Эч кандай пантүрктүк, панисламдык уюмдарга тиешеси жок. Мен «Академиялык кечелерди» орусчага өзүм которуп, Алексей Максимович Горькийге жөнөткөм, бирок жооп келе элек.
ПОЛИКАРПОВ: – И, келбейт да! Пролетариаттын улуу жазуучусу буржуазиялык улутчулдарга кайнаса каны кошулбайт. Педвузда окуган студенттер Тыныстанов менен Карачевди биринчи пролетар жазуучулары деп кыйкырышыптыр. Кыйкыргандар кайда жатканын билесиңби?
ТЫНЫСТАНОВ: – Билбейт экем.
ПОЛИКАРПОВ: – «Билбей» каласыңар. Сенин камераңдын катарында жатат.
ТЫНЫСТАНОВ: – Кайран жигиттер, ак жерден камалган экен.
ПОЛИКАРПОВ: – Кана, кайталачы, кандай экен өткөн заман? «Чоң казат» «Жаңыл мырза», «Койчу», «Манас» деген дастандарында өткөн заманды көкөлөтө мактап, буржуазиялык идеяларды тараткансың. (Тыныстановду айтууга мажбурлайт).
ТЫНЫСТАНОВ:
– «Ой, чиркин, күн экенсиң өткөн заман!
Тамшанткан, такылдаткан, таң калтырган.
Кийиктей эркин өскөн элиң кандай,
Кайгысыз, убайымсыз ыр ырдаган.
Бактылуу бир күнсүң го түштөгүдөй,
Жаңылдай ири жандуу кыз урунган.
Ал өңдүү жыргал күндөр жылас болду,
Күңгүрөн, долу комуз, муңкан, муңкан!..»
ПОЛИКАРПОВ: – (Делону колуна алып, Касымдын ырларын өзү окуйт):
«Боорунда Алатоонун жел ойногон,
Жел менен эркин кыргыз эл ойногон.
Балпайып бай-байбиче ырыс күтүп,
Жамынып этек-жеңин жыргап конгон.
Бейпилде, берекеде жаткан элди,
Бугумга чыбык кырккан эр колдогон…»
Ким колдогон?.. Мына, ушунуң үчүн сендей заманчыл, улутчул иттерди атуу керек!
Касым Тыныстанов жалааны мойнуна албай, протоколго колун койбой койгондо тергөөчү чекесин өтүктүн такасы менен бурап, жалындаган контрамаркага башын малып, акыл-эстен ажыраткан. Анан, зордоп жаздырган кагаздарга кол койдурган. Сурактагыларга норма коюлган: обкомдун катчысы 40, райкомдун катчысы 20 кишини каралоого тийиш. Жалаа жаап, каралагандардын арасында өзү менен бирге иштеген замандаштарынын, каламдаштарынын колдору болгон.
Мына ушинтип өлкө боюнча эң мыкты кадрлар атайы жалданган баканооздор тарабынан караланып, энкавэде желдеттеринин тепкисинде курман болушкан. Эл чарбасынын, экономиканын, маданияттын, илим-билимдин, өнөр жайдын өнүгүшүндөгү кедергилер, ордунан чыкпай калган максаттар, ашкере пландардын ийгиликсиз бүтүшү, кемчиликтер «эл душмандарына» жазылып, жеңиштер алардын ордуна келгендерге ыйгарылган. Аткарылбай турган милдеттер ачык эле «эл душмандарынын» мойнуна жүктөлгөн. Өлкө ээликме абалга туш болуп, бардыгы баш ылдый карап калган. Адамдар репрессия деген ажыдаардын алкымына бирин-бири сатып кире беришкен.
Энкаведе желдетиңиз тери аткарган кызыл террорду «камалсын, атылсын, жазага тартылсын» деген ооз көптүрмө ураандар коштоп, кимдир бирөөлөргө жолтоо болгондор массалык түрдө жок кылынган. Мамлекеттик ишмерлерди, чыгармачыл инсандарды, интеллигенциянын гүлдөрүн гана эмес, катардагы партияда жок адамдарды да репрессия тегирмени чайнап турган. Адамдар айыптоолордун маанисин таптакыр түшүнгөн эмес. Такшалган большевиктер да репрессияны – социализмдин душмандарына каршы күрөш катары кабыл алышкан. Досторунун ушагы, кошунасынын чагымы, замандашынын жалаасы менен сабатсыз адамдар да репрессиянын курманы болгон.
Ички иштер органынын желдеттери тыяншандык чабанды кармап калып, «троцкист» деп кыйнап, мойнуна алдырыш үчүн аракет кылышат. Ал байкуш мойнуна алайын эле дейт, бирок эмнени аларын билбейт. Кирди-чыкты акылына акыры бирдеме келе калып, улуу тоодо «көргөнүн» айтат.
ЧАБАН: – Мен Троцкийди көргөм!
ТЕРГӨӨЧҮ: – Каерден көрдүң эле? Кандай киши экен?
ЧАБАН: – Кой көчүрүп баратканда ашуудан көргөм. Алды жагымды карасам, Троцкий турат. Манастай алп, шаа мурут, сүрдүү киши экен. Эки колунда эки тапанча, илгичинде гранат. Ал: «баш иесинби мага?» деди. Мен коркуп кетип: «баш ийбегенде, баш ийем. Баш ийип эле жүрбөймбү» дедим. Ошондо ал «биздин уюмга кир» деди. Мен макул болдум. Ал көрүнбөй калды. Мен ашуудан коюмду айдап кеттим.
Эрнис ТУРСУНОВ, Кыргыз эл акыны, «Кыргыз Туусу»
Аттокур Жапановдун Фейсбук баракчасынан алынды



