Төрөкул ДООРОВ: «Эне кадыры»
Таңдын атышы бүгүн башкача. Жер агарбай эле кеч кирип бараткандай сезилип турду Айгүлгө. Күздөгү адамды ичиркентер үшүк жок, бир жагымсыз жылымык… төшөктөн тура кала адатынча ашканасына кирип, балдары ойгонгончо нанүштөгө жумуртка кууруганга киришти. Күн сайын таңда үстүнө бир күрмөсүн жамынып алчу, азыр негедир көкүрөгү кысылат, аба жетпей ысыйт.
— Айзада, Акыл, турбайсыңарбы эми? Тек койсо жата эле берсеңер! Сабакка кечигесиңер!
Айзада өзү да бүгүн ишине кечиге тургандай. Ош базарынын кире беришинен эптеп бир орун алып, жаш балдардын оюнчуктарын сата баштаганына да бир жыл болуптур – турмушу андан жакшырып деле кетпеди. Акчанын кайда кетип жатканы түшүнүксүз, пулдун куну качкан мезгил. Москвада иштеген күйөөсүнө ишенбей калганы качан! Бир жарытылуу акча салсачы. Беш сом салса «кайда короттуң» деп беш күн мээсин жейт.
Аңгыча телефону шыңгырады.
— Алло!
— Айгүл, жакшысыңарбы? Балдарың кандай?
— Ары жактан угулган Мурат акесинин үнү Айгүлдү таң калтыргандай ал унчукпай калды.
— Айгүл?
— Кандайсыз, ава? Демдүү отурасыздарбы? Жеңемдер тынчпы? – Айгүл эми гана эсине келгендей, үнүн мүмкүн болушунча жумшарта чыгарымыш болуп, ичиндеги тынчсызданууну басканга аракет кылат.
— Кудайга шүгүр, тынчпыз. Айгүл, сен келчи айылга бүгүн, азыр эле жолго чыксаң. Атаң кичине сыркоолоп калыптыр, азыр ооруканага жаткырып келдик.
— Эмне болду?! – Айгүл колундагы бир жумуртка жерге түшүп сынып калганын да байкабады.
— Атам кандай? Эмне болуп кетти, ава?!
— Жок, жок, кабатыр болбо, жакшы эле. Кичине табы айнып калган экен, жаткырып койдук. Азыр догдурлар карап жатышат. Ары-бери болгуча келип турсаң дегем. Айдарга да кабар бердик. Ал бүгүн түштөн кийин конот экен Бишкекке, анан таксиге отурат. Бирге келсеңер деле болот.
— Ава, жашырбай ачыгын айтсаңыз эми. Жаш бала эмесмин. Атам кандай…? Апам каякта?
— Эми… карындашым, Жапар авамдын абалы оорураак. Ошон үчүн бул жакта туугандар менен акылдашып, силерди келе берсе дедик. Апаң жакшы.
Мурат агасы – Айгүлдүн атасынын жалгыз иниси. Ал айылда кезинде агроном болуп жүрүп, союз таркагандан кийин короого мал айдап, жайлоого чыгып кеткен. Ошол бойдон тоодон түшпөйт.
* * *
Айгүл айылга эртеси гана араң чыкты. Учак аптасына эки эле жолу каттайт, таксиде да орун болбой, талашып-тартышып олтуруп, эптеп бир орун тапты. Узак жол жүрүп, жолду ката атасынын абалы жөнүндө туугандары ачык айтпай жатканын, чынында, ал азыр жаназага эле баратканын туюп турду. Атасы ооруп жүргөнүнө бир нече жыл болбоду беле. Көрсөтпөгөн догдуру, эмчи-домчулары калбады, атасы өзү деле акыркы жылдары таптакыр өзүн кое бергендей сезилчү – адам өзүндө жашоого деген үмүттү, күрөш үчүн күчтү жоготуп коет турбайбы.
«Эгер атам өтүп кеткен болсо, анда дагы бир-эки аптага кармалам. Балдарды бирөөгө дайындап коюшум керек. Малды да таң эртелеп кошунам бадага кошуп турбаса болбойт… Уфф, азыр иш кычап турганда…» деп ойлоп баратты Айгүл. Анан ошол ойлору үчүн өзүн жемелеп, «кайдагы мал, кайдагы иш атам өлүм менен алышып жатканда?!» деп башын мыкчыйт. Көз алдында айдың талаа, жолдо кудум эле жарышка чыккан сымал биринен бири озгон көлүктөр…
Секелек кыз кезин эстегиси келди. Атасы аны жетелеп борборго апарып, өзү каалаган кызыл гүлдүү көйнөк сатып бергенин, ошондогу көпөлөк учкан көгүлтүр асман, гүлдүү шаарды эстей берет көңүлү караңгылашканда. Көзүнөн жашы кылгырып «жок, атам аман болсо болду…» дейт. Анан ушунун баарын ойлогондо эмнегедир апасы оюна бир келбегенине өзүнчө кысынып, уялып да кетти. Кудум эле апасы өмүрүндө болбогондой…
Кайра эле эсине Кытайдан алдыртып койгон товары түшө калат. Аны бүгүн алышы керек эмес беле. Товарды алып койбосо, дагы бир аптага иши артка калып, акча түшпөй калат, балдарды ким тойгузат анан? «Эр болбой кал сен, бизге дурусурак каралашып, убагында акча салып турса, темселеп жүрбөйт элем» деп кобуранат. Анан кайра эле ушу ойлору атасы жөнүндө оюн бузганына жини келет. «Уфф…»
— Эже, жакшы элесизби? – Таксист Айгүлдүн ыйлап баратканын байкады көрүнөт.
— Мен… мындай эле… Жакшы эле… атам ооруканага түшүп калыптыр, ошого кыжаалат болуп… – деп тим болду.
* * *
Үйдүн короосу адамга толуп кетиптир. Айылдан атасынын да, апасынын да туугандары бастырып келишкен көрүнөт, баары эле бирдемеден корккондой же бирдемени жашыргандай, ачык сүйлөй албай эле Айгүлдү аяр карашат. Москвада иштеп жүргөн иниси да келип калыптыр андан мурда. Кенже иниси Марат жүрөт адамдардын колуна суу куюп. Эжесин көрө сала ал колундагы абдестени жерге кое сала чуркады.
— Айналайын күчүгүм, эмне болуп кетти? – Айгүл токтоно албай инисин кучактап ыйлап жиберди. Марат алда качан институтту бүтсө да эжесинин көзүнө ошол кичинекей эле бөбөк. Экөөнүн кыжылдаша кетмейи тез-тез кайталанып турганы да ошондон болор, эжеси инисин баласындай эле көрөт, а тигинисине бул жаксачы. Эже катары убагында Маратты көп деле карай албай калганы бирок чын. Марат эми эле төрөлгөндө турмушка чыгып кеткен болчу Айгүл. Азыр да аны баласындай бооруна кыса кучактап, ыйлап жатты.
— Койгула эми, атаңар абалы оор болгону менен жакшылыктан үмүт үзбөгүлө…
— Ары жакта турган кемпирлердин бири күңк эте андан ары сөзүн дагы кандай чындык менен бекемдешти билбегендей, кудум азыр баарынын алдында ачык эле жалган сүйлөп койгондой, осол боло басып кетти.
— Апам кайда? Мен атама барам, – деди Айгүл инисине карап.
— Сизди күтүп жатканбыз, эже. Апамды чакырайын, бирге чыгалы, – деди аңгыча Айдар.
Райондун ооруканасы деле алыс эмес, бир нече көчө арыда. Заматта эле жетип барышты. Оорукананын дарбазасынын айланасы кудум базардын кире беришиндей болуп кетиптир: колчатыр жайып алып күндөн коргонуп отурган аял суусундукту ыстакандап сатып олтурат. Жанында катары менен эшиктери ачык турган дарыканалар. Алардын эшигинин оозуна да столдор коюлган, адамдар бири сатып, бири алып, айтор, жашоо уланып жатканынын белгисин жасап олтурушат.
— Эми… аксакалдын абалы оор, – деп сөзүн баштады врач алар эптеп жанагы дарбазадан кирип, андан ары жан сактоочу бөлүмгө бастырып барышканда, – Биз араң эле балдары чогулсун деп аксакалды аппаратта кармап турдук…
— Ал эмне дегениңиз? – деп Айдар укканына бир ишенип, бир ишенбей, бир түшүнүп, бир түшүнбөй карады врачка.
— Аксакал «обширный инсульт» алган, мээсине кан кеткен. Бул экинчиси. Азыр аппарат менен эле кармап турганыбыз болбосо, мээси толугу менен «өчкөн» десе болот. Кайра адам болот деген үмүт жок…
Догдурдун кабинетинде үшкүрүнгөн үндөр угулуп кетти. Айгүл ыйлап кирди. Айдар болсо эжесин колунан алып, сооротуп жатат.
— Биздин колдон мындайда эч нерсе деле келбейт, айланайындар, бизди түшүнгүлө. Атаңар экинчи ирет инсульт болду, оорунан берген экен бул сапар. Азыр эми силердин эле уруксат керек аппаратты өчүрүш үчүн.
— Эмне? Ал кандай? Мен түшүнгөн жокмун…, – дейт Айдар дарыгерге бир карап, калгандарга бир карап.
— Айтайын дегеним, аксакалдын ойгонушуна ишеним дээрлик жок. Канча күтүшүңөрдү билсе, бир Кудай билет. Ойгонгон күндө деле ал атаңар болбойт…
Айгүлдүн ыйы дагы катуураак угула баштады. Эми Марат эжесинин колун кармап, аны сооротууга киришти.
— Кантип мен атамды дем алып турган аппараттан үзүп алам? – деди Айдар. – Бул деген аны өлтүрүү менен бирдей эмеспи?
Эми бөлмөдө ыйлаган үч башка үн угула баштады.
Жанатан бери үн-сөзсүз отурган апасы бир үшкүрүнүп алды да, ордунан туруп, догдурдун маңдайына барды.
— Мага бериңиз кагазды. «Мен Кадича Турабаева. Жолдошумду аппараттан үзгөнгө уруксатымды беремин. Эч кимге нааразылыгым жок…».
* * *
Андан аркы окуялар Айдарга кудум түштөгүдөй эле болуп жатты. Алар уруксатын берген катка кол койбой жатып эле сырттан кирген медсестра врачка аппарат өчүрүлгөнүн кабарлады. Бул каргыш тийгир ооруканада баары эле эптеп ошол аппаратта жаткан адамдан кутулгусу келди беле? «Мынчалык шашылышты?» деп мында отургандар бир сыйра ыйлап алышты. «Адам өмүрү ушунчалык эле…?»
Айыл жери айыл да, кантесиң. Жандандыруу бөлүмү үчүнчү кабатта эле. Денени биринчи кабатка түшүрүшкө эшик оозунда кабар күтүп турган эркектин баарын чакыра башташты. Жасат артылган замбилди алты азамат эптеп биринчи кабатка жеткирди «адам өлгөндө оор болуп кетеби, ыя?» деп күшүлдөп барып. Баары көтөрө көптөп денени машинеге артып, үйдү көздөй жөнөп жатышат.
Тез жардам көлүгүндө атасынын шейшептерге оролгон жасатынын жанында Айдар, анан токтоно албай ыйлап жаткан Айгүл менен аны сооротконго аракет кылган апасы менен Марат отурушат.
Ооруканадан үйгө чейин, ашып барса, беш мүнөттүк жол, бирок бул эч эле бүтпөс сапардай сезилип туруп алды Айдарга. Ал азыр өлгөн атасын үйүнө алып баратканын, эми эч качан аны менен сүйлөшө албасын ойлоп, каңырыгы түтөп баратат. Бирок көзүнө эч жаш тегеренбей койду. «Азыр үйгө киргенде тууган-уруктун алдында ыйлап турбасам уят». Айдар атасы менен байланышкан, ал үчүн эң кымбат учурду эстегенге аракет кылат. Мынаке, 5-6 жашар бала кези. Атасы аны жетелей басып баратышат… Колунда жаңы эле алган оюнчук машина…
Жок, дагы эле ыйлай албайт.
Айдар бир чети атасынын маселеси тез эле чечилгенине да ичтен кубангандай. «Азыр компанияда иш чачтан көп, кантсе да узагыраак убакытка келе албайт болчумун». Атасы эгер көпкө жатып калганда аны кантип карамак? Түйшүгү артмак да. Бала-чакасын калтырып, бул жакка узакка келе алмак эмес… Ушуну ойлоду Айдар. Бирок ошол эле замат өз оюнан өзү уялып, «Эмне деген айбанмын! Атам өлүп жатса менин ойлогонуму!» деп үшкүрүнүп алды.
Дарбаза ачылганда эле эл чурулдап кетти. Баары түшүндү окшойт өлүк келгенин. Үйдө да ыйлачуларга атайын төшөктөр салынып, өлүк коюлчу жер да даярдалып коюлуптур. Баары эле ушундай болорун алдын ала билген көрүнөт.
* * *
— Мен кайра-кайра эле келе беремби? Кайын журтум эмне дейт? – деди Айгүл жанатан берки айтылып жаткан сөздөргө чыдабай.
Бир туугандар азыр атасы өткөн соң энесин кантип ким карап каларын сүйлөшүп жатышкан. Ай сайын келип турганга Айгүлдүн чама-чаркы жок эле чындап.
— А мен чет жакта жүрсөм. Ишимди, үй-бүлөмдү кантип таштамак элем. Ошол жактагы ишим бар үчүн акча салып жатпаймбы силерге, – деген Айдар эми инисин карап калды.
— Баарыңардын шылтооңор бар. Мени карайсыңар. Мен кала албайм бул жакта апам менен жалгыз. Сыгылып кетем! – деди эң кенжеси Марат. – Мен бул жакта буулугуп баратам!
— Эмнеге эле буулугасың? Сенин бир туруктуу ишиң болбосо Бишкекте, үйлөнө элексиң. Апаңдын жанында болсоң эмне болот бир жылча? – деген байкесинин сөзү Мараттын кыжырын келтирди көрүнөт.
— Сизге айтканга оңой. Сиз чет мамлекетте жыргап жүрөсүз. Өзүңүз каалаган турмуш, балдарыңыздын жанында… бизге «итке сөөк таштагандай» айда-жылда кичине акча салып коюп, анан «багып жатам» деп милдет кылып… – деди Марат.
— Эмне?! Айда-жылда?… милдет кылып?… эмне деп эле былжырап атасың, эй, акмак?! …
— Эмне үчүн мени укпайсыңар? Мен кенжеңер болгонум үчүн эле ушинтип жазалай бересиңерби? Баарыңар максатыңарга жете бергиле, а менин максатым менен эмне ишиңер болмок эле, албетте! Анткени мен кенжеңермин да, ээ? Ошон үчүн апамды карап калышым керек да. Милдет да, ошону айталбай жатасыңарбы?!
— Марат… эмне деп жатасың? Токтоткун бул эркелигиңди! Ооба, сен кенжебизсиң, апам менен сен калышың керек, – деди эжеси.
— Жок!
— Токтоткулачы, балдарым… – апасы дасторконду карап, башын эңкейте ойлонуп калды. – Мен силерге жүк болгум келбейт. Өзүм каламын. Эч кимиңин калышыңды каалабайм. Бара бергиле, айланайындар.
— Апа… Коюңчу эми, өзүңүз эркелетип бүтүргөнсүз мунуңузду… – Айгүлдүн үнү жалооруп кечирим сурагандай чыкты.
Кадича акырын төшөгүнө сүйрөлүп барып, чечинбестен эле жата калды. “Үхх… чарчап турам…”.
Бир аз келме келтирип, Кадича оор үшкүрүнүп алды. Эмнегедир көкүрөгү кысылып турат…
“Айланайын Кудай… айланайын Кудай… кечире көр…”. Кемпир бир эле сөзүн кайра-кайра кайталап, бир убакта көзүн катуу жумуп алды. Бирдемени көргүсү келбей, бир нерседен качкандай болуп, көзүн ачпай койду. Чалы өткөнүнө да беш күн болуптур. Балдары эптеп атасын узатышты. Ошол башкысы.
“Жазга жетсек… – деди ичинен, – эптеп жазга жетсек, күн жылый баштаса…”.
Кадича көзүн бекем жумуп алды.



