Айгүл МОЛДОКУЛОВА

 

1976-жылы 6-февралда Нарын облусу, Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген.

Бишкекте иштейт. Медицина кызматкери. Саламаттыкты сактоонун отличниги.

 

Акын жана анын чыгармачылыгы тууралуу

 

Ырлары

*   *   *

Мен сүрөтчү… Калтар тонун жамынып,
Айым келди жаап жашырган элесин.
Ойго чөккөн карегинин түбүндө,
Онтоп турду оор турмуштун белеси…

Чылымданбы же эркектин милдетин,
Ээлигине эңип артып жүргөнбү,
Коңур үнү коомайланып тургандай,
Жөлөнөөрү жөргөм сымал түйгөнбү?

Карегиме сиңип калган калемим,
Калтар тонун жондон алып ыргытты,
Кагаз сүйлөп оозу менен айымдын,
Калем ыйлап тартып жатты чындыкты…

 

*   *   *

Периштелер жашайт кайсы аралда,
Деңиздеби, кеме күткөн жээктеби,
Көрбөс элем турмуш тегиз болгондо,
Чычаладай чындык чылым чеккенин…

Күйүп-күйбөй же жалындап жок болбой,
Үлбүрөгөн үмүт жандап жүрүүдө,
Жашап жүрүп жандалбастап жүгүрүп,
Жаны чыгаар бирөө күндү сүйүүдө…

Алай дүлөй өмүр деңиз сыяктуу,
Аркы жээктен бейиш күтүп жүргөндөр,
Кыбылага карап жаят алакан,
Төбөсүнө тоодой күнөө үйгөндөр….

Жаралууну кааламакпы тирүүлөр,
Жарыктыктын эки бетин билгенде,
Күн карама ишеничи ийленип,
Күлгө айланат күн күйгүзүп ийгенде…

 

*   *   *

Атакем тургузган ошол шаар…
Керемет кези экен жомоктун,
Астыртан баш ийкеп узатаар,
Азыр мен ал үйгө конокмун…

Атамдын тургузган тереги,
Арманын обонго салгансыйт,
Шаарынан шаң күлкү угулбай,
Шаабайы салкындап калгансыйт.

Ийленип, кызарган токочтун,
Илебин сагынган кемеге,
Жоолугун аймалап түтүнү,
Ишарат кылчу эле энеме…

Асмандап тосулган короолор,
Ал шаарды койнуна жашырып,
Жомоктой дүйнөңдү кургун деп,
Жолдору узатат ашыгып.

 

*   *   *

Эртең туруп кандай бет кап кийемин?
Ээлигимди катам кандай адамдан?
Эки жүздү алып жүрүү кандай оор,
Эки жүзүм кантип, кайдан жаралган?

Сынган окшойм, балким бала кезимде,
Сындарынан мен таянган бирөөнүн…
Бери карап күлүп оозум жыйылбай,
Ары карап сыбызгыдай күйөмүн.

Ишеничти жоготкондой темселейм,
Ичке ийнимде шылкыйган баш илинген,
Эки илебим эбак нурун жоготуп,
Эки адамдын жүзү мага кийилген.

Жашоо мага жарык чачпай калгандай,
Жандагандар жоготкондой кызыгын,
Арсыз жаным артынса да эки жүз,
Алып жүрөм бир адамдын ысымын…

 

*   *   *

Эркиндик жок жасалмалуу жүзүндө,
Эч ким туйбас муңу бардай мунжунун,
Карегиңдин түпкүрүнө кан уюп,
Кантип жашап жүрдүң экен кургурум.

Думананын баалап бүгүн эрк күчүн…
Душман болуп өзүнө өзү жашынган,
Коркогум ай кош көрүнгөн көлөкөң,
Кул мүнөзүң сени сазга матырган.

Чечкиндүүлүк чектен ары узабай,
Ченем менен укугуңдан ажырап,
Мейли экөөбүз күң сыяктуу тушалсак,
Эртеңкилер кимден, кантип жашынат.

Өз үйүңдө өгөй болуу кандай оор,
Чоочун жайдан сага жарык тиеби,
Кара жанын тепкилеген кургурум,
Кайтып барат кызыл күндүн илеби….

 

*   *   *

Сүйүүсүз жаралгандар чоочун өңдүү…
Түрткүнчүк болуп батпай кыйналышат,
Кабагы ачылбаган жакынынын,
Каар сүрүн кандарына ыйгарышат…

Канкорлор кайдан чыгат дейсиңер да,
Канатсыз кургурлардан күнсүз баккан!
Күүлөнүп көккө умтулуп учмак эле…
Күйүтү ичте кайнап, үнсүз жаткан.

Жарылат жанар тоонун кыйкырыгы,
Уулдаган үндөн анан чочубагын,
Жаралуу күйүт күнгө чагылышып,
Жалындап, тоонун боздойт чокулары…

Эненин муң зарына күйүп күндөр,
Эр жүрөк жигит отко өмүр таштап…
Согушчул ошол канкор кыялында,
Ааламды ажарлаган сүрөт жаткан…

 

*   *   *

Жат калаада жалгыз кайың ыргалган,
Эркин жайды эңсеп алыс кеттиңби,
Чарчоолордун миң бир ыры ырдалган,
Чаң көчөдө өчпөйүн деп чечтиңби…

Билем сенин бийик болчу максатың,
Гүлдөйт элең мээрим алсаң тамырдан,
Кара изин калтырса да дилиңе,
каның тамган… Кайышаттыр кабыргаң…

Канат бүтөөр, балким кайра кайтаарсың,
Тоскоолдукту арың менен талкалап,
Бүчүр байлап, сени күткөн кайыңды,
Бүтүн мээрим, сүйүүң менен калкала…

 

*   *   *

Сен жана сен. Сен ээрчиген көлөкө,
Күн чыгыштан беттеп батыш тарапты..
Бир көрүнүп, кай бир жерден көрүнбөй,
Эки караан тынчтык издеп баратты…

Жай табалбай тоого, ташка урунуп,
Жашыл өрөөн өөн учурап көзүңө…
Алдастаган карааныңды калтырып,
Алп көлөкөң сенден озуп өтүүдө.

Көлөкөңдү күн жок жерден жоготуп,
Көмүлдүң да боюңду урган деңизге…
Кечээ сага убактысын кызганган
Кежир досуң келди бүгүн сени издеп…

 

*   *   *

Көгүчкөндөр байыр албас жайларда,
Көпөлөктөр гүлдүн жытын искебейт,
Периштелер көтөрүлүп асманга,
Периштелер жерден бакыт издебейт.

Көлөкөсү набыт болгон жандуулар,
Көр көөдөндөн сурагансыйт ырайым,
Ибилистер аралаган жайлардан,
Илкий басып бирөө издейт кудайын.

Бозоргон шаар, бороон жулуп кеткендей,
Саргарышкан талдар жаздын күнүндө,
Көзү өткүр шумкар көктө көрүнбөй,
Сокур үкү жарык издеп үңүлдөйт

 

*   *   *

Туман, туман бараткан жолуң туман,
Башыңдагы балакет оюң туман,
Кожоюндун алдында кулдук уруп,
Котур ташы койнунда, дооруң туман.

Кум белден ашып келген конок туман,
Куу түлкү кайтып келген… жомок туман,
Томкоргон тоонун качып берекеси,
Тоолуктар томсорушат, тоноп туман.

Жылмайган жылуу жүздүн ичи туман,
Жылдыздуу, жандап жүргөн киши туман,
Ааламда пейил тарып баратабы,
Айга жол ачкандардын иши туман.

Асмандап тосулган үй, сүйүү туман,
Ай жандап караңгыда жүрүү туман,
Желбегей жамындырып ээрчиткендер…
Жердиги башкалардын сүрү туман.

Адамга адам бойдон калуу туман,
Ааламга тынчтык жолун табуу туман,
Өчсө жер өйдө жактан жылдыз кулап,
Өрт туман, өрттөн өйдө болуу туман…

 

*   *   *

Сүйүүмдү жазып бүткөм жүрөгүмө,
Тамырым ташып жүргөн каным менен,
Желпинтип желге учураар убак өткөн,
Жээк түртсө жерге жатат жаным менен.

Ак сүйүү унчукпоону каалайт билсең,
Астейдил багып жүрөм жүрөгүмдө,
Мен менен кошо туруп ак таңымда,
Мен менен кошо уктайт түнөгүмдө.

Ал сезим тирүүлүктүн маңызы да,
Ансыз сен кайсар болуп калсаң керек,
Кызыксыз жашап эмне кереги бар,
Денемден демим жулуп салсам керек…

 

*   *   *

Күбүлүп түшүп дарак жалбырагы,
Күз көптүн бүлүк салып сезимине,
Күңгүрөп… күндү санап манжалары,
Күмүш чач кемпир өмүр кечирүүдө.

Карыя ак сакалдуу обочодо,
Каруусу кайткан колун сунат күнгө,
Кудайым алып кет дейт барчу жерге,
Кубаттуу болоюн деп сурак күндө.

Күз күрөш. Ызгаардуу кыш камын ойлоп,
Отун, аш камдагандар чамынгандай,
Күбүлүп түшкөн дарак жалбырагы,
Күйүттүү ээсин карайт сагынгандай.

Сур асман күнүн салып алаканга,
Күн дагы, күз да жылып өтүп жатат,
Улгайган карыларды көчө жоктойт…
Уурдалып бул өмүрдөн көчүп жатат.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.