Антон ЧЕХОВ: «Мекенчил»
Кичинекей немис шаарчасы, аты дарылык касиети бар белгилүү булактардын биринен алынган. Бул жерде жашоочу үйлөрдөн да мейманканалар арбын, немистерден да чет элдиктер көп.
Шаардын четинде, бийик тоонун боорунда, жашыл бактын көлөкөсүндө жайгашкан мейманканадан даамдуу сыраны, сылык тейлөөчүлөрдү жана көз жоосун алган кооз көрүнүштү таба аласыз.
Ушундай бир жагымдуу кечте, дал ушул мейманкананын террасасында, ак мрамор столдун жанында эки орус отурушкан. Алар сыра ичип, шашки ойноп жатышты. Экөө тең “дамкага” чыгууну самап, дарылануунун ийгиликтери тууралуу сүйлөшүп отурушту. Экөө тең чоң курсактан жана май баскан боордон арылуу үчүн келишкен эле.
Жыпар жыттуу липа бактарынын жалбырактарынан аралап өткөн немис айынын нуру аларга жарыгын чачат… Жумшак сыдырым жел орус муруттарын жана сакалдарын сылап, чоң курсактуулардын кулагына жагымдуу үндөрдү жеткирип жатты. Тоонун этегинен музыканын добушу угулат. Немистер кайсы бир улуттук майрамды белгилеп жатышкан окшойт. Музыканын обону тоонун чокусуна жетпей, үнү гана алыстан угулуп турду… Меланхолиялуу, накта немисче, кайгылуу, жай обон… Аны укканда жаның кейип, кошо улугуң келет…
Орустар “дамканы” көздөй аракеттенип, ойлуу угуп отурушту. Экөө тең жан дүйнөсүндө бактылуу абалда эле. Липалардын назик шыбырашы, салкын жел, меланхолиялуу обон – мунун баары биригип, алардын орус жанын эритип жиберди.
– Мындай шартта, Тарас Иванович, сүйгөнүң болсо жакшы экен, – деди алардын бири. – Бирөөгө ашык болуп, караңгы аллеяда сейилдеп жүрсөң…
– М-да…
Орустарыбыз сүйүү, достук тууралуу сөзгө киришти. Таттуу көз ирмемдер! Акыры, экөө тең өздөрү да байкабай, сезбей эле шашкинин таштарын таштап, орус баштарын муштумдары менен таяп, ойго батышты.
Обон барган сайын күчөдү. Көп өтпөй жалаң гана сурнайлар, контрабастар эмес, скрипкалар да угула баштады.
Орустар ылдый карашты да, факелдер менен коштолгон жөө жүрүштү көрүштү. Жөө жүрүш өйдө карай жылып келе жаткан. Көп өтпөй липалардын арасынан кызыл факелдердин жалыны жаркырап, добуштуу ыр угулуп, музыка орустардын кулагынын түбүнөн жаңыра баштады. Жаш кыздар, аялдар, жоокерлер, студенттер, кары-картаңдар бир заматта узун, түз аллеяны толтуруп, бүт бакчаны жарыкка бөлөп, чурулдап жатышты… Артынан сыра жана шарап куюлган бочкаларды көтөрүп келишти. Гүл чачып, ар кандай түстөгү бенгал отторун жагышты.
Орустардын жан дүйнөсү козголуп кетти.
Алар да бул жөө жүрүшкө кошулгусу келди. Бөтөлкөлөрүн алып, элге кошулушту. Жөө жүрүш мейманкананын артындагы аянтчада токтоду. Бир кары киши ортого чыгып, бир нерсе деди. Аны кол чабышты. Бир студент (бурш) столго чыгып, абдан кызуу сөз сүйлөдү. Андан кийин – экинчи, үчүнчү, төртүнчү… Сүйлөп, кыйкырып, колдорун булгалап жатышты…
Пётр Фомич толкунданып турду. Анын көкүрөгүндө жарык, жылуу, жайлуу болчу. Сүйлөп жаткан элди көрүп, өзү да сүйлөгүсү келди. Сөз жугуштуу болот. Пётр Фомич элди аралап столго барды. Колдорун булгалап, трибунага чыкты. Дагы бир жолу колдорун булгалап койду. Анын бети кызарып кетти. Ал солкулдап, тили булдуруктап, мас абалында кыйкырды:
«Балдар! Немистерди соккула!»
Анын бактысына жараша немистер орусчаны түшүнүшкөн жок!
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ



