ЖАЗ жөнүндөгү ыр сынагына келген чыгармалар
#28. Неге адамзат…
Күн узарып, жер да жылып, жаз келет,
Көккө айланып, жер тарап да дем берет.
Жаңыланып бак дарактар кийинип,
Жашыл түскө оронушат, бай терек.
Күн жылмайып, нурлар жерди өпсө да,
Неге адамзат, сүйүүлөрүн бөлүшпөйт?
Тиктегени бир төрт бурчтук телефон,
Тегеректе гүл турса да көрүшпөйт.
Ал ансайын гүлдөп, бүрдөп теребел,
Өчөшкөндөй табият да жанданат.
Күн нуруна жылыныша бак-дарак,
Жаз күнүнө кадимкидей камданат.
Жаңыланып турса дагы теребел,
Неге адамзат жылуулукту бөлүшпөйт?
Жер жашарып, жаңы демге толсо да,
Ырайымын жаздын неге көрүшпөйт?
#29. Жаз керемети
Кабылдап жаз айынын мүнөздөрүн,
Көркөмдөп көңүл сүйгөн сүрөттөрүн.
Көшүлгөн көп жылдарды көрүү максат,
Тариздеп тирүүлүктүн мүнөттөрүн.
Жылытса күндүн нуру денебизди,
Эстейбиз мээрим төккөн энебизди.
Жагымдуу жашыл килем токуп берген,
Биз анын кереметин сезебизби?
Эх, Жазым! Жер-Энени кулпунтасың,
Жашоого жандууларды умтултасың.
Кайрадан энчи берип, эркелетип,
Алдыга өмүр саатын жылдыртасың.
Жаз айым жарык сенин кабак-кашың,
Ажарың ачып турат сүйкүм назың.
Периште сыяктанып касиеттүү,
Улай бер пенделердин өмүр жашын.
#30. Жаз
Келдиңби жаз, жарып кыштын муз тоңун,
Жандандырып уйкудагы тоо боорун.
Өлбөстүктүн мөлтүрүнө чайынып,
Суктандырып байчечекей гүл жолуң.
Маңдайыман жумшак желиң сылаган,
Жылуулугуң жанга эргүү чылаган.
Тармалдатып, кара түстүү чачымды,
Көзүн кысып эркелетип сынаган.
Үлбүрөгөн жашыл көйнөк жарашып,
Саймаларың шүүдүрүмдү талашып.
Аалам бүгүн осмо койгон беш көкүл,
Айчырайдай бирге басып жанашып.
Жазды апкелген каркыранын канаты,
Чар тарапта көктөмдөрдүн жаннаты.
Бир куюмга масмын, толтур чөйчөктү,
Жан дүйнөмдө оргуйт ырдын санаты.
Жайнап талаа, сүйүү сезим төгүлө,
Кайра-кайра суктанамын көркүңө.
Көңүлүмө үмүт толуп ар дайым,
Жаздай болуп, жашарсам дейм күндө.



