“Жаз” жөнүндө бир ыр сынагына келген кезектеги ырлар

 

#31. Неге мынча жаз кечигет?

Терезеден тиктейм сыртты сустанып,
Тоңгон жердин жүзү турат кубарып.
Күтө берип карегим да талыды,
Күндүн нуру жүргөндөйбү уялып?

Көңүл сууп калтыраган чымчыктай,
Кыштын суугу кетпей койду тынчытпай.
Неге мынча жаз кечигет быйылкы,
Кечиккен бир бакыт өңдүү үн катпай.

Булуттар да көктө оор түнөктөй,
Бир жылуулук жетпей турат чүрөктөй.
Жазды күткөн үмүт гана үшүбөй,
Жашап келет согуп жаткан жүрөктөй.

Сабыр кылчы, бүчүр жарып гүл ачат,
Бир күнү эле жаз да кирип келет шат.
Бул кечигүү – балким, сулуу жаз үчүн,
Даярдалган эң бир кымбат чоң белек!

 

#32. Жаздын жеңиши

Жаз жадырап нурун чачып албырат,
Жан-жаныбар күн чубактайт магдырап.
Кычыраган кышты жеңип чыктык деп,
Боюн таштап жаткан өңдүү шалдырап.

Кыш алсырап, жаздан качып айбыгат,
Каарданып кээде артка кайрылат.
Кысыракты, боз токтуну кубалап,
Камчыланат, акым калды, калдылап.

Жаз да эрте, күчкө толуп алды бат,
Чабуул коюп кышка жамгыр жаадырат.
Кармаш күчөп жан-жаныбар ураалап,
Жазды коштоп кышты эстен тандырат.

Бороон кетти, боздоп, улуп, күйүгө,
Аяз кетти, алы жетпей түңүлө.
Жаз жетпеген бийиктике бет алып,
Ала-Тоого, ак кар баскан үйүнө.

Тоготпогон тоңдун кетип ээриши,
Тоо мөңгүсү дайра болуп келиши.
Тирүүлүктү, жылуулукту бериши,
Жаздын бизге алып келген жеңиши!

 

#33. Жазгы сапар

– Көрсөттүңбү тетиктерин усталарга,
Ала-Бел, кар кете элек, жолдо калба, –
Кары энем бизди узатып… жолго чыктык,
Кар ээрип, жаз башбагып өрүкзарга.

Тарбайган бутактары асман тиреп,
Түшүмү мол болсо экен – жазгы тилек.
Карт өрүк – кара чапан аксакалдай,
Узатып кала берген бата тилеп.

Жазгы жаан… ала-шалбырт бардык тарап,
Бешимде биз бараттык Ошту аралап.
Кол жаңсап, эч ким бизди чакырбады,
Орозо – тандыр самсы жабык турат.

Колундагы саатын улам карап,
Жанымда отурган, ал аты – Самат:
– Көчүрүп, балдарымды алып келем, –
Ал өзү чек арада кызмат кылат.

– Жалынып, дуба кылам бир Кудайга,
Неберем иштеп жүрөт чоң Дубайда, –
Кары эне арт жагымдан дуба кылат, –
Айылда адам калбай суу бурганга…

Дөңгөлөк чимирилип, жолдор узап,
Кыялдар ээ-жаа бербей, оюн курат.
Кары эне: – Жараткан өзү бизди асырасын, –
Жаз быйыл, эмнегедир, ооруп турат.

 

#34

* * *

Мен жазды күтпөймүн, мээримин издебейм,
Мелтиреп узатам, ойду да түздөбөйм.
Мейли көп адамга жакшылык апкелээр,
Мен такыр! Таптакыр, жылуулук издебейм.

Терезе бууланып жамгырдан кийинки,
Телмире тиктейм эх… мен жазды бүгүнкү.
Демейден өзгөчө, таптакыр башкача,
Дарактар бул кезде жапжашыл кийинчү.

Ал бүгүн негедир жүрөктө сезилбейт,
Жашарган айлана, жагымдуу көрүнбөйт.
Буулуккан ой басып, булуттай чубалган,
Жамгырдай төгүлүп, анан саал жеңилдейт.

Көңүлдө дале кыш, муз болуп катыган,
Апамды жоготком! Мен жазда жашыгам.
Арадан абдан көп мезгилдер кетсе да,
Ар келген жаздан мен качамын… жашынам.

Мен жазды күтпөймүн, сүйүү да издебейм,
Мелтиреп узатам, ойду да түздөбөйм.
Мейли көп адамга жакшылык апкелээр,
Баары бир күтпөймүн, жылуулук издебейм

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.