Өрттөнүп кайра тирилген
ОРОЗКУЛДУН ЭКИНЧИ ӨЛЧӨӨСҮ
Жыйырма жылдай мурун эл аралык баркы бар “Орус байгеси” (“Русская премия”) адабий конкурсунда Турусбек Мадылбайдын “Күкүнүс” романы жеӊишке жеткен. Кезинде буга Чынгыз Айтматов да көӊүл буруп, жогору баа берген. Автор өзү айткандай, “иңглисче, орусча, кытайча ж.б. тилдерде бир эмес, үч-төрт сыйра чыккан, бирок ушул күнгө чейин кыргызча басыла элек” чыгарманын айрым өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз кылалы.
Өктөбүрдөн бир көөрүк
Жазуучу өзү бул романын кайсы бир маегинде өпкөгө салыштырган эле. Жыйрылганда – чакан шаарчадагы бир үй, шаар башчы болуп жүрүп карыган бир киши, азганактай элдин күнүмдүк тиричилиги, жөнөкөй, кээде абдан күлкүлүү окуялар. Жазылганда – бүткүл өлкөнүн, мурдагы СССРдин тарыхына, ага чейинки түркүн хандыктар менен империялардын, бүтүндөй адамзаттын тагдырына тиешелүү кеӊири, көп катмарлуу мааниси бар, метафорага шыкалган баян. Муну илгерки темир усталар урунган көөрүккө окшош десек да болчудай.
Контекстти (тексттин сыртындагы, бирок анын мазмунуна катышы бар чыгармаларды, символдорду, тарыхый окуяларды ж.б.) ыгы менен катыштырып, калемгер чыгармачыл көөрүгүн абдан ийкемдүү колдонуптур. Баш каарман эӊ оболу Өктөбүр төӊкөрүшүн ишке ашырган Ленинге жана баарыбыз жакшы билген “Ак кемедеги” Орозкулга (мунун аты да ушундай), миӊдеген бейкүнөө адамдарды репрессиялаган Сталин менен кыргыздын революционерлерине, андан ары дүйнөлүк диндердин жаралышына каршы турган байыркы падышаларга, фараондорго да окшоштурулат.
Бирок көбүнчө негизги сюжетке тарыхый-мифологиялык фон болгон каармандардын аты-жөнү айтылбайт, аларга кыйыр түрдө ишарат жасалат. Мисалы, Лениндин өмүр жолун билгендер ага тиешелүү контекст бар экенин түшүнөт: кедейлердин атынан совет өкмөтүн түзгөн жол башчы дайыма жактырып уккан “Апассионатаны” (Бетховендин №23 сонатасын) жана революционерлердин – кийин РСФСРдин жана СССРдин да 1944-жылга чейинки гимни болгон “Интернационалды” Орозкул да жакшы көрүп угуп жүрөт.
Өлүм алдында жаткан баш каарман өзүн “дале тирүүңөрдөн тирүүмүн” дейт (Маяковскийдин совет доорундагы мектепте окутулуп келген “Владимир Ильич Ленин” поэмасындагы саптын өзгөртүлгөнү). Таӊ каларлык ооруга чалдыккандан кийин өтө жагымсыз жыты туш тарапты каптаган каармандын үйү Москванын Кызыл аянтындагы күмбөздү (мавзолейди) эске салат.
«Ак кеменин» доошу
Кээ бир көркөм тексттерде каармандын аты-жөнү да өзүнчө мааниге ээ болуп, чыгарманын идеялык мазмунун тереӊдетиши, кеӊейтиши мүмкүн. Айрыкча окурман журтуна мурдатан таанымал ысымдар кийинки чыгармаларда кездешсе, эки башка сюжеттеги тагдырларды, мүнөздөрдү салыштырууга, айырмачылыктары менен жакындык-жалпылыгын байкап, жаӊыча чечмелөөгө түрткү бериши ыктымал.
Чынгыз Айтматовдун “Ак кемесиндеги” өзөктүү кагылыш (конфликт) жомоктогудай таза, аруу дүйнөсү бар аты аталбаган бала менен ач көз, таш боор, кара мүртөз, башкаларды басынтып, кордоону көксөгөн Орозкулдун ортосунда жүрөт. Мындагы бала өзөктүү сюжетти баштан аяк коштоп жүрөт, бардык окуялар анын көзү менен “көрүлөт”, башка каармандардын баары анын мөлтүр тунук жан дүйнөсүнө канчалык жакын, алыс же каршы экендигине жараша барк-баасы айкындалат.
Сюжеттин алдыӊкы сызыгы – Орозкул башкарган корукта аз эле убакыт аралыгында болуп өткөн окуялар бала билген эки жомок менен байланышта окулат, кабылданат. Биринчи жомокту таятасынан угуп жүрөт – ал Мүйүздүү Эне жөнүндө. Экинчиси – баланын келечекке карай созулуп-созулбай, уланып-уланбай үзүлүп калган армандуу Ак кеме баяны…
Турусбек Мадылбайдын “Күкүнүс” романындагы баш каармандын аты да Орозкул. Бул чыгармадагы бала сюжеттин жыйынтык бөлүгүндө – эӊ аягында пайда болот. Анын жомок айткан таятасы жөнүндө сөз жок, өзү деле аны угуп түшүнгүдөй чоӊоё элек – туулганына аз эле убакыт болгондой.
“Күкүнүстө” да ар түрдүү жомоктор, уламыштар эскерилет. (Чынгыз Айтматовдун “Деӊиз жээгин бойлой жорткон ала дөбөт” повестиндеги Кирисктин “чычкан аке, суу бер” деп зарыккан эпизод менен Жеӊижоктун “Аккан суусун” да автор контекстке камтыган – мындай учурлар абдан көп, ар бири жөнүндө өзүнчө эссе жазууга болот.) Эл менен бийлик, жеке адам менен эл, бийлик менен дин, пенденин жан дүйнөсү, рухий изденүүсү, адашуулары, түркүн доорлордогу тагдырлар, тарыхый окуялар…
Мунун баарын байыркы шаар-мамлекеттин ордунда калган чакан кыштактын (Муз-Төрдүн) “өкүмдары” Орозкул эстейт, эстеген сайын жан дүйнөсүнө бүлүк түшөт. Баш каармандын дүйнө таанымын калыптандырган лениндик окууга ылайык талаштуу, кээде өтө катаал, кан төгүүгө чейин жеткен чечимдерди чыгарат. Анын жан дүйнөсүн сюжеттин бутактап-шактаган тарамдары ар кайсы жагынан күзгүдөй чагылдырат; эзелки окуялардын шоокумун азыркы мезгилге үндөштүрө жаӊыртат…
Бир жомоктун миӊ соӊу
Чынгыз Айтматовдун повестиндеги эки жомоктун бири – Бугу Эне жөнүндөгү эзелки уламыш, экинчиси – ошол жомоктун ак кеме тууралуу бала кыялданып жүргөн, бирок бүтпөй калган уландысы. Автордун бул чыгармасы үчүн өзү тандаган баштапкы аталышы “Жомоктон кийин” болгонун да белгилей кетели.
Турусбек Мадылбайдын чыгармасы да ошол жомоктордун, тагыраагы, тема/идеялардын өтө айырмалуу, көп дооштуу (полифониялуу) вариациясы сыяктанат. “Ак кеме” баланын “балык болуп сүзүп кетиши” – өлүмү менен аяктаса, “Күкүнүстүн” соӊунда баш каарман баланы куткаруу үчүн жан берет. Өз үйүн өрттөөнү чечкен Орозкул күтүүсүздөн ошол тамдын бастырмасында пайда болгон бөбөктү (ал чүкө ойноп отурган болот) көрөт. Ошондо жалбырттап күйө баштаган кургак чөптүн үстүнө боюн таштап күйүп өлөт да, баланы сактап калат.
Өмүр бою катаалдык менен башкарып, акыры өлөрүндө өзгөчө оорунун айынан быкшыган жыты да элди тажатып бүткөн киши эми бейтааныш бала үчүн жанын берет. Жашоонун дайыма жаӊырып турушу жөнүндө байыркы мифтеги өрттөнүп, күлдөн кайра тирилген күкүнүс (феникс) метафорасынын бул повесттеги бир мааниси ушул – эӊ эле жаман дегидей адам деле жашоонун кийинки муунда уланышы үчүн өз өмүрүн бериши мүмкүн.
“Ак кеменин” идеясы канчалык тереӊ, көркөмдүк куну бийик экенин билебиз. Анын күтүүсүз өӊүттөн такыр башкача баяндалышы сыяктанган “Күкүнүстү” да автор ошого татыктуу деӊгээлдеги өзгөчө подтекст жана контекст менен жазууга аракеттениптир. Романдын финалындагы тыянак – андагы көптөгөн карама-каршылыктуу идеялардын бири гана.
(Контекст жагын билбейт экенмин дебей, мындай чыгармаларды ар бир окурман колго алып, окуй баштаса, окуялык деӊгээлдеги биринчи катмардын астында чыгарманын улам тереӊдеп барган идеялары да бар экенин сезет. Жакын достору, санаалаштары менен бирге чечмелешке аракеттенсе, көп нерселерди тереӊдете түшүнүүгө жетишет. Адабий билимди өз алдынча өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү азыркы кезде абдан кеӊейгенин да айта кетели.)
Өрт жарыгы: романдан ой чачыла
Роман үч бөлүктөн турат: Биринчи түш: Чөл. Экинчи түш: Бийлик. Үчүнчү түш: От.
Андагы урунттуу метафоралар, эпизоддор:
Кооз кыял жана реалдуу турмуш. Чындык жана анын түрдүүчө кабылданышы, түшүнүлүшү.
Үн/музыка: Бетховендин сонатасы жана чыгыш мотивиндеги күү.
Жыт – быкшып жаткан Орозкулду дарылоо үчүн келип жүргөн медэжейдин кампачы болуп так иштеген ак жүрөк атасы жакшы жыттарга – гүлдүн жытына да чыдабайт экен. Бул метафора сыйымдуулугу жагынан Марсель Прусттун “Жоголгон мезгилди издеп” романындагы чайдын даамына окшош.
“Эл аны дагы Намурут деп атап, ага каршы бир нерсе кылуудан анын бир шайтаны бардай коркуп турчу. Орозкулду кудайды тааныбаган байыркы Намурут деген падышага окшоштурчу. Көрсө, ал падыша алоолонто от жактырып, Ибраим пайгамбарды ошол отко өрттөөгө буйрук бериптир. Бирок Алланын амири менен от пайгамбарга эч кандай зыян келтирбей өчүп калат”…
Шайтан – Орозкулдун өзүн келекелөөсү/какшыктоосу.
Орозкулдун өз уулунун аянычтуу тагдыры.
Атеист Орозкул менен Жунус имам экөөнүн өмүр бою тирешип келгендеги окуялары. (Каармандын ысымы Жунус пайгамбардын атынан коюлганы бекеринен эмес. Айтмакчы, Орозкулдун фамилиясы да кызык.)
Жунуска айтканы: “Мен өмүрүмдү бул дүйнөнү жакшыртууга арнадым, сен тиги дүйнөгө соопту көп топтоого …”
Адам атанын балдары Абыл менен Кабыл (Кайым) баяны. Жусуп пайгамбарды бир туугандары сатып ийгени.
Миӊдеген адамдардын канын төккөн Искендер Зулкарнайдын диний чөйрөдө ыйык деп таанылганы.
Жунус: “Ошондуктан өтмүштү идеалдаштыруу менен биз өзүбүздүн кемчиликтерди да идеалдаштырабыз”.
Албуут дайраны сугат арыкка бөгөш үчүн курмандыкка чалынган жетим баланын баяны.
Жунус: “Бирок элди Кудайга сыйынуудан кайтарып, анын ордуна жеке адамга сыйынтып койдуӊар. Бул деле кулчулук, бул дагы дин, эгер билгиӊ келсе”.
Революция жана адам табияты жөнүндө
Иса пайгамбардын бул “жарыкка кылыч алып келгени”.
Орозкулдун мектепти алтын белги менен бүтүргөн Искендер аттуу агасы губернаторго (күнадырга) кол салганы үчүн дарга асылган. “Башкача кылам” (Лениндин өмүр жолундагы бурулуш окуяга ишарат).
Муз-Төрдөгү Дөлө айылынын какшыкчыл (чоӊколорго абдан окшош) тургундары менен саяктар /”кыргыз жөөттөр”.
Совет бийлигине каршы кутум, Троцкий; “Үркүн кайталанбасын”. Орозкулдун жээни элди дүрбөткөндө.
Орозкул өмүрүнүн соӊунда каратаман калайыктын тарыхтагы өзгөрбөгөнү, элдин аӊ-сезимин өркүндөтүү үчүн революционер, аалым, пайгамбарлардын аракеттери жөнүндө кыжаалат ойго батат…
Муӊайым жылмаюу: күлкүлүү, сабак болорлук окуялардан
…Райимжан менен талашкан Жоробек Орозкулду актап-жактайт, үч жолу мүдүрүлгөн атын дароо союп салган деп мактайт. Сталинге салыштырат. Анын ордунда болсом, айыпталгандарды кулакка тартпай эле атып салмакмын, коммунизм куруп коймокмун дейт. Ошол убакта аялы келип…
Айылдагы Акимбайдын шаарда иштейт деп сыймыктанган “чоӊ кызматтуу” уулу жөнүндө.
Орозкулдун терезеден кыйкырганын мас Калмырза укканда… [сары фон менен белгиленген ушул келкини өзүнчө алкакка алып койсо болот]
Жолдош Турдубаев, адабиятчы



