Үч собол. А. Эгембердиеванын, М. Токторовдун, Г. Исаеванын жана К. Эрназаровдун жооптору

 

Учурдагы адабияттын абалына сереп салууга, андагы процесстерди түшүнүүгө, чыгармачылыктын сырын ачууга аракет кылуу максатында «Кыргыз маданият борбору» кыргыз адабиятын мыкты билген, кесиптештеринин арасында кадыр-баркы бар, пикири кесиптештерине да, калың окурман журтчулугуна да таасирдүү болгон, чыгармачылыгы чоң кызыгууну жараткан калемгерлерге үч собол таштап, алардын жоопторун сайтыбызда жарыялап турмакчыбыз. 

«Үч собол» рубрикабызда биз калемгерлерге төмөнкү суроолорубузду бергенбиз.

1. Поэзия, сиздин баамыңызда, бул эмне? Бардык эле ырды поэзия деп атасак болобу?

2. Кайсы бир адабиятта ар бир доордо көп жакшы акын, бирок саналуу гана чоң акын болот деген пикир бар. Сиз бул пикирге макулсузбу? Азыр кыргыз адабиятында чоң акын деп кимди атасак болот? Жаш курагына карабай.

3. Сиздин пикириңизде, кыргыз адабиятынын өнүгүүсү үчүн азыр эмне жетишпейт?

Бул жолу А. Эгембердиеванын, М. Токторовдун, Г. Исаеванын жана К. Эрназаровдун жоопторун сунуштайбыз:

Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА

Акын, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

1. Поэзия – бала кезден берки өзүмдөн өзүм ага кантип тартылып кеткенимди билбеген аруу, таза, сыйкырдуу дүйнө. Ыр окуганды, акындарды, адабиятты жакшы көргөнүм эч буйдалуусуз филфакка алып келди. Бир ырымда “Атамдан чоң акын жоктой көрүнгөн” – деп жазганым бар. Бала кездеги менин кичинекей дүйнөм андан бери абдан кеңейди, азыр поэзия мага – чексиздик. “Бардыгы эле ырбы?” дегенге келгенде, кимдин бирөөнүн жүрөгүнөн түнөк тапса, ичиндеги саптар эсте калса, ал – поэзия.

2. Акын Роза Карагулова эже менен көп сүйлөшүп калдым. “Үнсүз кайрыктар” (2025) деген китебимдин атын эже койгон. “Кайрыктар деген бул – мелодия. Анан ал кантип… үнсүз?” – десем, “Ичиндеги ырлар ошондой экен” – деп калтырды эле. Аты ошондой китептин мукабасына Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадралиев агай өзү сунуштаган “Эсимде” деген сүрөтү дал келе түшкөн. Муну мен ыңгайы келип калгандан айтып атам. Ошол, Роза эже менен сүйлөшүп калсак, “Талаа гүлдөрү бар, үй гүлдөрү бар. Баары эле – гүл. Ким эмнени жакшы көрөт?” – деп калчу. Мен деле ошондой ойлойм, ар бир акындын өз окурманы бар. Учурунда союздук республикалар бирден акын, жазуучусун сууруп чыгып, алар Бүткул союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаттары болушкан. Бардык республикалардан – жигиттер, бизден жалгыз – аял зат өкүлү, Майрамкан Абылкасымова. Эже адабиятта жолдуу болду, чоң акын. Бирок анын далдаасында калган, чоң акын катары көрүнө албаган мыкты акындар болду да. Бул көбүнчө тагдырга, жолдуулукка байланыштуу нерсе деп ойлойм.

3. Кыргыз адабиятынын өнүгүүсү үчүн бүгүн окурман жетишпейт. Илгеркидей үстөмөнүнөн жатып алып гезит, журнал, альманахтарды, повесть романдарды окуган фанат муун, адабий чыгармаларга талап, чыгармаларды элге жеткирген басылмалар, мамлекеттик деңгээлде бурулган көңүл, жер-жерлердеги жандуу китепканалар, элеттеги эл менен акындарды жолуктурган кечелер болсо, адабият өнүкмөк.

 

Майрамбек ТОКТОРОВ

Акын, журналист. Республикалык “Кут Билим” газетасынын башкы редактору. “Жаз чакырган жан дүйнө” аттуу ырлар жыйнагынын автору. Бир катар адабий китептердин редактору, түзүүчүсү. ТҮРКСОЙ  уюштурган «Беш акын» аттуу акындардын теле сынагынын жеңүүчүсү. КР журналисттер союзунун сыйлыгынын лауреаты.

1. Поэзия – бул ички энергиянын чакырыгын алып чыккан руханий касиет. Поэзия – бул жөн эле уйкаштык, муун, ыргак эмес, адамдык касиетти чагылткан эстетикалык көрүнүш. Ар бир эле адамдын ички дүйнөсүндө поэзиянын элементтери жашайт. Болгону аны шык, жөндөмү барлар гана сыртка чыгара алат. Адамдын ички жан дүйнөсүндө поэзия бар кезде сулуулукту, сүйүүнү, боорукерликти, өзгөчө философиялык туюмду жарата алат. Ал жок жерде жогоруда мен айткан пакиза нерселер жоголот да, анын ордуна, тескерисинче, таш боордук, жек көрүүчүлүк сыяктуу терс энергия пайда болуп, адам кишиге, сөлөкөткө айланат.

Уйкашы бар саптардын баары эле поэзия болбойт. Поэзия жүрөктөн жаралат. Нукура поэзия окурманга энергия, дух берип, таасири күчтүү болот. Анын сыртка чыккандагы касиети жаңы төрөлгөн баладай ыңаалап, жандуу шаң берип, тирүүлүктүн маңызын, кубанычын, арман, кайгысын, үмүтүн ала түшүшү керек. Ошону поэзия дейт.

2. “Чоң акын” деген түшүнүктү мен табиятынан гений, улуу акындар барбы дегендей түшүнө турган болсом, кыргызда андай акындар бар. Алардын дээрлик көпчүлүгүнүн көзү өтүп кетти. Бизде “жок эле жок” деп өзүбүздүн эски тепшибизди тебе бергендер да бар. Ошол эле учурда жаныбызда жүргөн таланттуу акындарды көргүбүз келбейт. Чыгармачыл адамдын Чыңгыз агабыздай тирүүсүндө бааланганына не жетсин!

Экинчиден, “Чоң акын” дегенге келсек, хандан, бектен кайра тартпаган, революциялык духтагы, жарым өмүрүн түрмөдө өткөргөн Назым Хикметтей акындар бизде жок. Бирок, акын чаар баш болуп эле, өз чындыгын да таңуулай бербеш керек. Ал мезгилдин кан тамырын сезе билип, өз улутунун максат, мүдөөсүндө туруп, чындыкты коркпой жаза билиши парз.

Улуу муундан Кыргыздын маңдайына бүткөн А. Өмүрканов, А. Рыскулов, Ш. Дүйшеев, С. Акматбекова, Т. Самудинов, А. Жакшылыков, М. Ааматов, Т. Нурманбетов, К. Култегин, А. Акбаров, К. Урманбетов, Б. Турал, К. Кадыракунов, К. Көкүлов, К. Бакиров, Б. Чотурова, Ф. Абдалова, Б. Сарыгулова, Ж. Саалай, Б. Салгамани өңдүү ж.б. ондогон акындардын атын сыймык менен атай алат элем. Кийинки муундан да уучубуз куру эмес, жоон топ акындар келе жатат.

3. Колдоо жетишпейт. Элди китеп окууга үндөшүбүз керек. Ошол эле учурда интеллектуалдык потенциалы күчтүү, дүйнөлүк масштабда ой калчай алган чыгармалар жазылышы парз. Адабиятка мамлекеттик колдоонун кереги жок дегендер жаңылышат. Адабий процесске да ошолор жолтоо болушту. Ага карабай Кыргыз адабияты өнүгүүнүн үстүндө. Аны мамлекет өзү колдоого алып, дурусун чыгарып, мыктысын дүйнөлүк тилдерге котортуп, кыргыз атын ааламга дайын кылышыбыз керек.

Кечээ жакында Мамлекеттик катчы А. Койчиев чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциянын форумун өткөрүү пландалып жатканын Фейсбук баракчасында жазып чыкты. Анда азыркынын Айтматовун, Чокморовун, Океевин, улуттун кайра жаралуу доорун кантип жаратабыз деген чалкеш маселелер айтылыптыр. Президенттин “Улут деми, уңгу жол” Жарлыгынын алкагында адабиятыбызда, поэзияда, маданиятта ренессанс жаратуу мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм.

 

Гүлүмкан ИСАЕВА

Акын, котормочу. «Жан жарык» (2018), «#Сезим_сонатасы» (2024) ырлар жыйнактары жарык көргөн.

1. Поэзия – жан дүйнөнүн,  сезимдердин, ой-туюмдун көркөм, образдуу жана ыргактуу тил менен берилиши. 

Менимче, уйкушы бар саптардын баары эле поэзия эмес. Сезимге таянган, сезимдерден жаралган,  поэтикалуу, музыкалуу, жүрөктөн жаралып, жүрөккө жеткен ырларды поэзия деп билем!

2. Таланттар тобу менен келет дешет. Балким ошондойдур. Ар бир доордун өзүнүн үнү, изи болор таланттары болот. Баардык доордун жакшы акындары көп болушу мүмкүн, а чоң акындары бар болгон, чоң акындар чыга алган доорду адабияттагы чын эле «алтын доор» десе болот. Кыргыз адабиятындагы мен китебинин, чыгармаларынын окурманына, күйөрманына айланып, кайталап окуп жүргөн  авторлорум Сагын Акматбекова, Айсулуу Көкөева («Аялдын күндөлүгү» китеби мен үчүн кара сөз түрүндөгү поэзия!).

3. Кыргыз адабиятынын өнүгүүсү үчүн билимдүү, изденген, өз үнү, почерки бар авторлор да, аң-сезими жетик, эстетикалык табити жакшы окурмандар да дайыма керек деп ойлойм…

 

Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Физик, жазуучу, котормочу.

1. Поэзия Жараткан тарабынан адамзатка гана тартууланып, инсандагы аруу, тунук сезимдерин назик эмоцианалдык жол менен туюнтуп турган инсандагы антропологиялык өзгөчөлүк. Дүйнөнүн көркөм эстетикалык тарабын тилдик каражаттардын жардамында ачып берип, сулуулукка болгон адамдын тээ жан-дүйнө түпкүрүнөн булактай оргуштап чыккан дирилдек сезимдерин айкалыштырып бере алган чебер искусство.

Көпчүлүк поэзия десе эле ыр түрүндө жазылган чыгарманы түшүнөт экен. Ыр – бул саптардын айкалышынан түзүлүп, өзүнчө бүтүндүктү жараткан көркөм чыгарма. Ал эми поэзия кеңири диапазондо жатат да, өзүнө лирика, проза, учкул сөздөрдү камтыган тилдик бирден-бир чебер каражаттын жыйнактуу туундусу. Демек ырга камтылган көркөм символдор, метафоралык элементтер гана анын поэзиялык маңызын аныктап турат. Бардык эле ырды поэзия деп атаганга болбойт.

2. Ар бир доор өзүнө таандык даанышмандарды – пайгамбарды, күчтүү саясый жана коомдук ишмерди, философту, окумуштууну ж.б.у.с. тарыхый инсанды жаратат, анын ичинде акын менен жазуучусун да. Белгилүү акын менен жазуучуну доор менен анын маңдайына жазылган татаал тагдыры жаратат. Мисалы, алгачкы советтик доордогу оош-кыйыш мезгил Булгаков менен Айтматовду жараткан. Алыкул Осмонов менен Тургунбай Эргешовдун белгилүү акын болуп калышына маңдайына жазылган оор тагдыры себеп. Кээ бир ыр же проза жаратып жүргөндөр арасында чыгармачылыгын өзүн элден бөтөнчө… кылып көрсөткөн Жараткандан берилген тартуу деп түшүнгөндөр да бар. Ошого алар жараткан ыр же проза түрүндөгү чыгармалары мааниси супсак «пыр» бойдон калып кеткен. Чыгарма жаратуу – бул «мода» эмес, «күйүттүү келин кошокчу» демекчи, белгилүү акын менен жазуучунун артында ошол доордун оош-кыйыш мезгили менен бешенесине жазылган оор тагдыры жатат. Өмүрү кыйынчылык көрбөгөн, кийими бүтүн, курсагы ток бак-таалайлуу адамдан күчтүү акын же жазуучу чыгышы күмөн (Эгер ал өзүн ушул чөйрөнүн адамы катары санаса да). Ким белгилүү акын же жазуучу бойдон калат – буга мезгил гана тараза.

Акындардан Алыкул Осмонов, Тургунбай Эргешов, Табылды Муканов, казак акыны Мукагали Макатаев жана Бектуруш Салгамани жараткан ырларды эргүү менен окуйм. Орустардан Александр Блоктун, түрк акыны Назым Хикметтин ырларын жактырам. Башка белгилүү акындарды деле таптакыр сапатсыз деп айтууга болбойт, өзүнө таандык мыкты стили, жараткан жакшы ырлары арбын.

Социалдык тармактарда, адабий сайттарда жаш муундар – учурдун акын-жазуучулары жараткан чыгармалары байма-бай жарыяланып турат. Уучубуз кур эмес, кээ бир учурда кимдир бирөөнүн ыр же проза түрүндө жараткан чыгармасын окуп, эмгегине бали деп баа берген учурум көп эле болду, азыркы жаш муундарда деле таланттуу акын-жазуучулар, котормочулар арбын. Алардын дагы бир өзгөчөлүгү, азыркы шартта чыгармачылык жол менен киреше таап, жан багышка эч мүмкүн эмес, окурмандар аз, өз каражаты менен чыгарган китептери чыгашасын дээрлик актабайт, ошого карабай чыгармачылык менен шугулданып келаткан жаш муундарга «Бүгүнкү доордун агартуучу баатыры» деген наам берсек жарашат. Автор тартуулаган бардык эле чыгармасы шедевр түрүндө жаралып калышы эч мүмкүн эмес. Менмин деген акын-жазуучунун деле 2-3 чыгармасы ага зор ийгилик алып келген. Ошондуктан чыгармачыл адам токтоосуз эмгектене бериши зарыл, бир күнү ийгилик сөзсүз жылмаят. 

3. Бул жерде кызык нерсени байкадым: Көпчүлүк жарандар учурдагы кыргыз адабиятынын аксап жатканын өкмөттөн көрүшөт экен. Мамлекет чыгармачыл чөйрөгө да көңүл буруп, каражат жагынан да каралашып койсо деп наалып калгандарын окуп калам. Бул деген жеткен апендичилик! Мамлекет тарабынан каржыланган акын-жазуучудан эч качан кийинки муунга мураска калар мыкты чыгарма жаралбайт. Өнүккөн өлкөлөр деле чыгармачыл жарандарын финансы-материалдык жактан эч кандай колдоого алган эмес, аларга шарт гана түзүп берген. Чыгармачыл адам өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу мамлекетке салык төлөөгө гана милдеттүү. Мамлекет аларга өлкө казынасы үчүн салык төлөтүшкө гана укугу бар, башка эч кандай милдеткер эмес. Чыгармачыл адамды эл багат. Элдин табити искусство жана маданий баалуулуктарга тартыла баштаганда гана, китеп дүкөндөрдө сатыкка коюлган китептер окурмандар тарабынан байма-бай сатып алынып, акын-жазуучу менен котормочунун  материалдык абалы жакшырат, эл кечкисин драм театрга, опера-балет театрына, музейге жулунуп, кассадагы билеттер алдын-ала калбай сатылып баштаганда гана, улуттук искусство жана маданият чөйрөсүндө өзүнөн-өзү жандануу башталат. Демек улуттук адабият менен маданияттын өнүгүүсү үчүн азыр бир гана руханий баалуулуктарга суусаган эл жетишпейт. «Артист менен молдону эл багышка милдеттүү» – деп куудулдардын айтканында чоң мандем жатат. Коомду агартууда адабият динден да күчтүү курал. Ушуну эске ала жүргөнүбүз оң.


Мурдагы жооптордон:

Ү. Култаеванын, Б. Таштаналиевдин, Р. Жуманазарованын, Ж. Турдубаевдин жана Э. Ажыканованын жооптору менен бул жерден тааныша аласыздар.
Ж. Касаболотовдун, Р. Аманованын, Д. Бейшеналиеванын, Б. Медетованын, Г. Станалиеванын жооптору менен бул жерден тааныша аласыздар.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.