Жээнбек Каримов: “Чоконун жоруктары”
«Өзүбүздүн немистер»
Согуштун талаасында Чонтой немистин өлүгүнө кабылат. Ал бечара сууга түшөм дегенби, айтор тыш кийимдерин чечип, этияттык менен бүктөп таш үстүнө койгон экен, өзүнө ошондон кийин ок жаңылган окшойт. Чонтой кийимге кызыга «артык дөөлөт баш жарбайт» деп аны колтукка кыса жөнөдү. Ой-тоону таңыркай ыбырсып жүрүп биздикилердин чегинип кеткенин сезбептир. Аңгыча немистер катуу чабуул коёт, өлөт деген ушулбу деп жүрөгү түшкөн Чонтой шашыла немис формасын кийип, өзүнүкүн дарыяга ыргытат. Ошол учурда биздикилер кайра чабуулга өтүп, эми немистер чегинет, Чонтойдун эми чындап шаштысы кетет. «Кудай уруп кайдагы немистин формасын кие койдум эле, эми немис деп мени өзүбүздүкүлөр гана ит аткандай атып салат», – деп чебелектейт. Ошондо бекинүүгө шашып окопко боюн таштайт. Секирип баратып окоптогу төрт немисти көрө, эмнеси болсо да ылым санамыш этип:
– Здраствуйте! – деп барк этет. Кайра чочуйт: «Эми балакет баспадыбы, здраствуйтени немис түшүнмөк беле?». Аңгыча төрт немис Чонтойго шарт бурула бир ооздон:
– Здраствуйте! – дешет.
Көрсө, алар да «өзүбүздүн немистер» тура!
Котормо
Орус тилинен экзаменде окутуучу: «Исполняющий обязанности директора неполной средней школы имени Льва Толстого» дегенди кыргызча которууну Чокого буюрат. Анда орусчаны семичкедей чаккан Чоко минтип которуп койгон экен: «Жоон Арстан атындагы толор-толбос мектептин болор-болбос деректири».
Касапчыга мал кайгы
Партия күчүндө күжүлдөп турган кез. Чонтой жеңил машиненин шопуру, башкарманы ташыйт.
Бир күнү уктап кетип ташты сүзөт да, башкарма мүрт кетет. Эмне кылар айласын таппай башын мыжып отурса, жолдон атчан Чоко өтүп калат. Чонтойдун абалын түшүнүп:
– Башкарманы набыт кетирип шоруң каткан турбайбы, – десе, Чонтой:
– Башкармага кайгырганым жок, бул өлсө эртең эле райком башкасын жиберет, мына бу каран калгыр моторду айтсаң, – деп каңырыгы түтөгөн экен.
Шыбырашып
Чоко дагы эки шериги менен Жунгилиде адашып жүрүп киши жегич адам-жапайыларга туш келишет. Үчөөнү кармап алышып, адам-жапайылар оюн курушат. Алар сөздү кадимкидей түшүнүп, өздөрү да кадыресе сүйлөшөт имиш.
– Табышмак айткыла, эгер жандырмагын таппай калсак тирүү каласыңар, таап алсак силерди жеп коёбуз, – дешет тигилер. Чоконун бир шериги шашкалактап:
– Телевизор, – дей салат.
Жапайылар беркилерге угузбай көпкө шыбырашат да, анан:
– Айнеги бар төрт бурчтукпу, ичинен киши көрүнөбү? Аны билебиз, – дешип, табышмак айтканды тытып жеп коюшат.
Экинчи шериги тигини көрүп, муун-жүүнү бошой өң алеттен кете:
– Самолёт, – дейт.
Тигилер дагы бир дем шыбырашып, анан:
– Асманда учкан темирби? Аны да билебиз, – дешип, тигини да жеп салышат.
Кезек Чокого келет. Чоко тобокел кыла:
– Партбюро! – деп чый-пыйы чыгып кыйкырып жиберет.
Тигилер бир аш бышым шыбырашса да таба алышпайт, анан алардын атаманы:
– Сен тирүү калдың, эми жандырмагын өзүң айтып берчи, баатыр – деп суранат.
Анда Чоко байлануу турган жеринен каадаланып:
– Партбюро деген кудум ушул силерге окшоп шыбырашып, шыбырашып туруп, анан ар кандай адамды жеп коёт, – деген экен.
Баланын байкагычтыгы
Илгери ичкиликке азгырылып жүргөн жылдарынын биринде Чоко жумуштан чарчап келсе, алты жашар уулу алдынан чыгып тааныбай калгандай атасын тигиле карап:
– Ата бүгүн эмне жумушка барбадың? – деп таң калып сурайт.
– Бардым, уулум, бардым. Азыр жумуштан келатам, – деп аябай чарчаган Чоко сиркеси суу көтөрбөй, же баланын көңүлүн калтыра албай ооз учунан күңк этти.
– Калп айттың ээ, ата, – деп баласы да Чокону кетире койбой алдын тороду.
– Чын уулум, чын.
– Калп, ата. Чын болсо, анда эмне үчүн мас эмессиң? – деп кайра сураптыр уулу.
Куйрукпу?
Башкарма Чонтой малдын бир айлык кириш-чыгыш отчетун карап жаткан. Аңгыча чабан Чоко атынан канжыгасындагы 3 койдун башын Чонтойдун алдына тоголотуп, бир айда ушул үч кой набыт болгондугун кабарлады.
– Бу малчы дегениң бир кеп жебес, кежир болот экен. Антпесе күн сайын малдын башын аман сактагыла, о айланайындар, малдын башын сактай көргүлө деп кан какшайбыз. А булардын кылганы тигине, – деп зиркилдесе, Чоко:
– Ой, аксакал, ошол сиздин буйрукту аткарыш үчүн ушул 3 малдын башын көздүн карегиндей сактап келбедимби, же муну куйрук деп турасызбы? – дептир.
Ысырык
Чонтойдун уюнун желини ооруп, жаткан жеринен жылбай калат. Билгендерден кеңеш сураса, майлап коюуну сунуш кылышат. Чонтой май издеп таба албай, акыры бир челек бензин таап, уюнун желини эле эмес «ушул балакетке экинчи кабылбасын», – деп бүт тулку боюн майлайт да, арчанын куу бутагы менен ысырыктап койсо ую өрттөнүп кеткен имиш.
Майрамга келгиле
Маркс колхозунун тургундары четтен эле Маркс баштанышып колунан калем түшпөй, баш оту менен жазмакерликке кирип кеткен маал. Бир айырмасы Маркс «Капиталды» жазса, Маркс тургундары кээде атын койсо, кээде койбой арыз, тоголок кат жазышат. Алардын арыз менен тоголок катын ревизор Чоко жыйырма беш жолу текшерди окшойт. Маркс тургундары жазгандан, Чоко текшергенден тажабайт.
Апрель айынын башында кезектеги текшерүүсүн бүтүп, облуска кайтып жатканда алиги жазгычтардын атаманы:
– Көп кыйналдыңыз окшойт, эми май майрамында келип конок болуп кетиңиз, – дептир.
Анда ички таарынычтан улам ачуусу ичинде шакардай кайнаган Чоко:
– Кезектеги арызды эртеге жөнөтсөңөр, кудай буюрса Май майрамына да келип каларбыз, – деген экен.
Кызарганча
Чоко чоңколордун айылына чоң болуп барып калат. Бул элдин таамай сөздү чукугандай тапкычтыгын мурдатан угуп, «бул эл менен биринчи жолугушуум кандай өтөөр экен, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болбосом экен», – деп ичтен кабатырланып жүргөн. Эртеге эртең менен чогулуш өтүлөт деген күнү облустан аттуу-баштуу меймандар келип, алар менен Чоко түн жарымына дейре бирге отурууга туура келет да, эртеси уйкусу канбагандыктан чогулушка көзү кызарып, жүзү шишимек тартып жетип келет. Чогулуш аякташына жакындап калганда бир аксакал:
– Чоко мырза, зор аракет менен белсенип кириштиңиз, эми тиги көптөн бери бүтпөй келе жаткан мончону бүтүрүп бергениңизде бетибиз шишип, көзүбүз кызарганча жуунат элек, – деп куйкум сөз менен чымчып кайрылат.
Бул сөзгө бир чети ичинен катуу кызаңдай түшкөн Чоко аксакалды кызарган көздөрү менен тирмийип тиктеп:
– Бир айга жетпестен бүтүрөбүз, аксакал. Ошондо көзүңүз эле эмес, көчүгүңүз кызарганча жуунасыз, – деп шарт жооп бергенде, эл дуу күлүп жиберген экен.


