Жупка – орозо тамагы

Ачыбаган камырдан жасалган эзелки гүлазыктардын бири – жупка. Жупканы мындай күндөрү жасабаганыбыз менен, ыйык Рамазан айында көпчүлүктүн сүйүктүү даамына айланат. Анткени ал тоюмдуу жана сиңимдүү тамак болуп саналат.

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Ун – 200 грамм
Суу – 1 стакан
Татымына жараша туз

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Буудай унунан катуу камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.
2. Тыныккандан кийин четинен үзүп алып, калыңдыгы 1-2 миллиметрдей кылып жайып алабыз.
3. Жайылган камырды какшыган казанга же көмөчтанга улам бирден каттап салып, жети-сегизден жуптап бышырып алуу керек. Улам оодарып, отту бирдей кармап, баарына саресеп салбаса күйүп кетиши ыктымал.
4. Даяр болгон жупканы кесеге туурап, үстүнө сары май, эзилген сүзмөнү салып кайнак суудан куябыз. Татымына жараша туз саласыз. Үч мүнөттөн соң тамагыңыз даяр. Табитиңизге жараша кара мурч, майда тууралган пиязды кошуп ичсеңиз да болот.
5. Жупканы алдын ала даярдап, майдалап, кездемеден тигилген баштыкта 1 жылга чейин сактасаңыз болот. Анан да бул азык алыс жолго чыкканда алып жүрүүгө да ыңгайлуу.
6. Жупканы шорпого, сүткө, эзилген курутка чылап ичсе да болот.

Дамира Арстанова, “Супер-Инфо”, №457 5-11-август, 2011-жыл

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.