Токтогул түркчө ырдады

Түрк элдеринин эл аралык уюму болгон ТүркСОЙ (TÜRKSOY) уюму быйылкы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата иш чаралардын алкагында акындын тандалган чыгармаларынын жыйнагын Анкара шаарында түрк тилинде басып чыгарды. Мындагы ырлар кыргызча эки томдуктан тандалган. Которуу иши Ибрагим Түрхан тарабынан ишке ашырылган. Ырлар 6-7 айда которулуп бүткөн жана ырлардын негизинде ысык-көлдүк сүрөтчү Бейшенбек Жыргалбаев китепти кооздогон. Китеп 400 беттен ашык, мукабасы жалтырак сырт менен капталган, кагазы өтө жогорку сапатта.

Кыргыз тараптан котормочуга Омор Султанов, Айдарбек Сармамбетов, Абдыкерим Муратов, Керимбек Кадыракунов кеп-кеңеш берип турса, ТүркСОЙ уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов жана анын жардамчысы Фират Пурташ көмөк көрсөткөн.

Китеп бардык түрк тилдүү мамлекеттерге тарайт жана Кыргызстандагы таанытымы Бишкекте жана Кетмен-Төбөдө Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгынын жыйынтыкталыш жыйындарынын алкагында 14-17-октябрларда болот. Бул тууралуу педагогика илимдеринин доктору, профессор, токтогултаануучу Абдыкерим Муратов бизге билдирди.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.