Д. Крыловдун “Непутевые заметки” деген программасы Кыргызстан жөнүндө баяндайт

2009-жылдын 22-мартында Дмитрий Крыловдун Россиянын биринчи каналынын “Непутевые заметки” деген автордук программасында Кыргызстан жөнүндө фильм көрсөтүлөт. Бул туурасында бүгүн Кыргызстан өкмөтүнө караштуу туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Басма сөз кызматы билдиргендей, “Непутевые заметки” программасынын кино тартуучу тобу Кыргызстанда ушул жылдын февраль айынын башталышында болгон. Бул республиканын жаратылыштык ажайып жайларын, анын маданий өзгөчөлүктөрүн жана эс алуунун кышкы түрлөрүн тартуу үчүн Санта-Клаустун жана анын досторунун II-Эл аралык кышкы фестивалынын алкагында болгон”, – деп кошумчалашкан басма сөз кызматынан.

ЖТ, «КАБАР» МА, 19.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.