Кыргызстандык бир катар жаштар бирикмелери биригип Бишкекте “Нооруз” майрамын белгилешет

Кыргызстандык бир катар жаштар бирикмелери биригип Бишкекте “Нооруз” майрамын белгилешет. Бул тууралуу “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмесинин төрагасы Мирхамид Токтогул уулу “Zpress.kg” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чара төрт жылдан бери Бишкекте улуттук маанайдагы мекенчил бирикмелердин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен өткөрүлүп келе жатат. Анын негизги максаты болуп, улуттук аң – сезимди көтөрүп, тарыхый, руханий мааниси терең улуттук майрамдарды, элдин сакталышы жана ынтымагы үчүн белгилеп, кийинки муундарга мурастоо болуп саналат.

“Быйыл да Нооруз майрамын 2008-жылы түзүлгөн Кыргыз Жаштарынын Улуттук Биримдиги, Жаштар Департаменти, “Кут Ордо” коомдук бирикмеси, “Бакдөөлөт” коомдук фонду, “Зор киреше” насыя агенттиги, “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук биримдиги ж.б. бир катар бирикмелер өткөрүп жатат”, деп белгиледи М.Токтогул уулу.

Уюштуруучулардын билдиришинче, Нооруз майрамынын алкагында өткөрүлүп жаткан аталган салтанатта кыргыздын улуттук белгилери көргөзүлмөкчү.

“Иш-чарада майрамдык концерт, улуттук оюндар, сый тамак уюштурулуп, аксакалдар өргөөсү, айымдар өргөөсү, жаштар өргөөсү тигилет. Ал эми кечки бөлүгүндө өргөө ичинде улуу сөз, Манас баяны, айтыш, ыр кесе уланып, түн ортосунда улуу от жагылат. Мындан кийин жаштар ак чөлмөк ойноп, селкинчек тебишип кадыр түн тосуп чыгышат. Эң башкы иш болуп элге, жерге аруу тилектер тиленип турулат”, деп – кошумчалады жаштар бирикмесинин төрагасы.

Мирхамид Токтогул уулунун айтымында, жаштар уюштурган Ноорузга арналган салтанат Бишкектин Тынчтык проспектисиндеги “Манас” кинотеатрынын аймагында 20-мартта саат 14:00дө башталып, 21-мартка чейин созулат.

«Zpress.kg» МА, 19.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.