Кыргыз кинорежиссер, оператор жана аниматорлор Голливудда стажировкадан өтүшөт

Кыргыз кинорежиссер, оператор, экинчи составдагы техникалык топ жана мультипликаторлор Голливуддан стажировкадан өтүшөт. “КАБАР” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Республиканын Маданият жана маалымат министри С.Раев бул мүмкүнчүлүктү Голливуддагы “20-кылым FOX” кинокомпаниясы тартуулагандыгын билдирди.

Анын сөзү боюнча, Голливуд келечекте Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин, бирок биздин адистер ал жактагы дүйнөлүк стандарттарга жооп берүүсү зарыл. “Голливуд Кыргызстан менен кинотармагында кызматташса биздин адистер да алардын деңгээлинде болуусу керек. Маданият министрлиги астында жеке жана мамлекеттик киностудиялардан турган атайын бөлүм түзүлөт. Алардын ишин Голливудд колдоого алып каржылайт”- дейт министр. Бул бөлүмдүн ишке кириши менен эмгек орундары түзүлүп, жогорку квалификациядагы адистер эмгектенишет.

М.Момуналиева, «КАБАР» МА, 19.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.