“Маданият” маанилүү басылмаларды чыгарат

Жаңы ачылган “Маданият” басма үйүнөн маданияттын бардык тармактары боюнча басылмалар чыгат. Кыргыздын тандалган 100дөн ашык авторунун 150дөй чыгармасы басууга даяр. Басманын техникалык жабдыктары Германиядан, Япониядан алынып келинген.

Маданият жана маалымат министрлигинин алдында ачылган “Маданият” басма үйү – мектептердин, окуу жайлардын, музей жана театрлардын, кинематография, архив мекемелеринин ишине эң зарыл адабияттарды басып чыгармакчы. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын классикага айланган эң мыкты чыгармаларынын жыйнактарын, хрестоматиялык топтомдорун басып чыгаруу айрыкча мектеп окуучуларына, студенттерге, жаштарга зарыл деген пикирде, “Маданият” басмасынын башкы редактору Памирбек Казыбаев:

Башталгыч класстардын окуучуларына, тестиер балдарга, жаштарга арналган адабияттарды чыгарыш керек. Себеби учурда “кыргыз тили, дили” деген маселе коюлуп жатпайбы. Мисалы биз балдарды, неберелерди күнөөлөйбүз – эчтеке билбейсиң деп. А биз өзүбүз аларга шарт түзүп бердикпи? Мультфильм жок, балдар үчүн тасмалар жок, китеп жок… Алар эмнени айтат? Ошондон улам бизде башкача бир муун келаткандай.

Ошондой эле кыргыз элинин тарыхына байланышкан көп маалыматтар бул кезге чейин жарыкка чыкпай келди же бурмаланып жазылды. Мисалы “Маданият” басма үйү 1916-жылдагы Үркүнгө байланышкан мурда басылып чыккан жана жарыкка чыкпай келген чыгармаларды басууга даярдап жатат:

– Мына 1916-жылдагы Үркүн окуясы. Мына ошондо 350 миңдей кыргыз падышанын желдеттеринин огунан, качып баратып жолдогу азап-тозоктордон, жырткычтарлан, күркүрөп аккан дарыялардан, күтүүсүз көчкүлөрдөн мертинишкен да. Мына ушул окуяларды баяндаган Касымалы Баялиновдун “Ажарын”, Мукай Элебаевдин “Узак жолун”, Жусуп Турусбековдун чыгармаларын жана дагы башка авторлордун көркөм беренелерин, Кушчубек Үсөнбаев өңдүү 16-жылдагы окуяны изилдеген окумуштуулардын илимий эмгектерин, дагы башка тарыхый, партиялык документтерди чагылдырып бербесек кайдан келдик, кандай эл болгонбуз, чындык каякта – жаштарыбызга түшүнүксүз калат го.

“Маданият” басма үйүнүн техникалык жабдыктары дүйнөдөгү соңку үлгүдөгү шаймандар. Ал жабдыктар Германиядан, Япониядан алынып келинген. Бул жабдыктардын ар кандай көлөмдөгү басылмаларды миллионго чейинки нускада басууга мүмкүндүгү бар.

“Маданият” басма үйүнүн техникалык жабдыктарынын айрым мүмкүндүктөрү тууралу аталган басманын администратору Максат Султанов “Азаттыкка” буларды маалымдады:

– Чоң аппаратыбыз китептерди төрт түстө миңден миллионго чейинки нускада басат. Бул “Манроланд” деген аппарат. Германиядан чыккан. Бул аппарат азырынча башка өлкөлөрдө чыга элек. Мунун өзгөчөлүгү – кагаз тандабайт. Кадимки жука кагаздардан тартып картондорго чейин баса берет. Чакан тиражга эсептелген аппараттарыбыз да бар. Бул аппараттар чыгымды аз кетирет.

Ал эми Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев – кептин баары бул жаңы басманын элибиз үчүн иштеп беришинде деди:

Басмакананын иши – бул элдин иши. Бир гана милдет бар – басма жакшылап иштеп бериш керек. Болгон биздин ишеничтин баары акталыш керек. Мыкиы чыгармаларды басуу иштерин мыктылап уютуруш керек. Биз ошону күтөбүз, ошону самайбыз.

Фатима Абдалова, «Азаттык» радиосу, 09.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.