Нарында «Жаш таланттар-2009» сынагы болуп өттү

Нарын шаарында «Жаш таланттар-2009» кароо сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Naryn.kg” медиа борборунун сайтында билдирилет.

Аталган сынакка Нарын облусунун туш тарабынан келген 12 жаштан 16 жашка чейинки ар тараптуу өнөрпоз окуучулардын корутунду концертти облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында болуп өткөн. Облус алкагындагы «Жаш таланттар» фестивалынын баш байгеси Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу Айсана Оморовага улуттук аспаптарда чебер ойногондугу үчүн ыйгарылды. Айсана мындан төрт  жыл мурда же ал 2-класс учурунда эле Түркүянын Стамбул шаарында болгон Эл аралык «Түрк дүйнөсү» фестивалына катышып, диплом менен сыйлангандыгын калыстар тобунун төрайымы «Балтаттуу» коомдук уюмунун жетекчиси Гүлмира Мамбеталиева белгиледи.

1997-жылы негизделген республикалык жаш таланттар кароо-сынагы 12 жылдан бери карай Нарын облусунда үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

«Zpress.kg» МА, 13.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.