Бүгүн эл аралык музей күнү: Кыргызстандагы сүрөт музейиндеги абал

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде 17-кылымдан ушул убакка чейинки аралыкта чогулган 3500гө жакын классикалык живопистик картина, 1962 скульптура, 9 миңге жакын графикалык картина жана 3600дөн ашуун кыргыз элинин прикладдык искусствосуна таандык предметтер бар. Бул тууралуу бүгүн «Замандаш-пресс» маалымат агенттигинеде өткөн маалымат жыйынында аталган музейдин директору Юристанбек Шыгаев билдирди.

Директордун айтымында, музейдин коллекциясында баасы бир нече миллиондогон долларды түзгөн уникалдуу картиналар ондоп саналат. Ал эми музей жетекчилигине бир нече жолу ал картиналарды сатып, каржы маселелерин чечүү сунушу түшкөн. “Булар кыргыз элинин атадан балага өткөн мурас байлыктары. Аларды сатып жиберүү эл байлыгына кол салгандык”, – дейт Ю.Шыгаев.

Бардыгы болуп музейде 120 адам, алардын ичинде 20га жакын илимий кызматкерлер – эксперттер жана искусствоведдер иштейт. Тилекке каршы, алардын айлык маянасы өтө төмөн экендигин белгилеген директор, 1,5-2 миң сом айлык акы эч нерсеге жетпестигин, ошондуктан башкы сүрөт үйүндө картиналарды рестврациялап турган кызматкердин жоктугун өкүнүү менен белгиледи.

“Маданият министри Султан Раевдин колдоосу астында учурда Москвада бир студентибиз реставраторлукту окуп жатат. Ал эми италиялык жеке ишкер Жоржио Фиаккони кыргыз студент-реставраторун Флоренцияга эки жылдык окууга жиберем, деген убадасын берди”, – деп музей жетекчиси.

Мындан сырткары, музейдин шыбынан тамчы тамгандыктан, ал толук бойдон ремонттон өткөрүүгө муктаж. Айта кетсек, картиналар өзгөчө микроклиматты талап кылгандыктан, мындай жагдайды директор, “биздин картиналар грипп менен ооруп жатышат”, – деп образдуу салыштырды.

Бул жылы аталган музей 75 жашка чыгат. Ал 1934-жылы Третьяков галереясы белекке берген 80 картина менен ишин баштаган.

“Zpress.kg” МА, 18.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.