Сары-Колдо кайрадан жаңырган ат дүбүртү

murgabТажикстандын Мургабында 18-19-июлда ат чабыш болду. Ат оюндары аймактын эгемен тарыхында жыйырма жылдай убактан бери биринчи жолу өткөрүлдү.

Ат чабышта Акылбек Эшиев аттуу чабандестин аты чабылгандардын арасында ден-соолугу эң мыкты деп табылып, байге алды.

Мургабдын шартында аттардын ден-соолугу, чыдамкайлыгы абдан маанилүү. Райондо он төрт миңдей адам жашайт. Алардын сексенден ашык пайызы кыргыздар.

Кыргыздар басымдуулук кылган бул аймакта азыр болгону жүзгө жетпеген ат бар. Жергиликтүү эл өтө бийик тоолуу аймакка аттар чыдабай тез эле өлүп калгандыктан көп бакпай калышкан.

“Кыргыз аты” мекемесинин жетекчиси, француз айым Жаклин Рипар чыныгы кыргыз аттары болгондо мындай аймактарда кадыресе жашап кете алаарын айтат. Союздун тушунда кыргыз жылкысы башка башка түрдөгү аттар менен аргындашып, тоо-ташка жарамдуулары дээрлик калбай калган.

Мургабдагы фестивалда жалпысынан он алты ат чабылды. Биринчи айлампадан кийин аттардын абалы текшерилип, экинчи турга кое берилди. Аттардын биринчи келгени эмес, күүлүкпөй-чаалыкпай чуркаганы байге алды.

Фестивалда ошондой эле “Көк бөрү” “Тыйын эңмей”, “Кыз куумай” сыяктуу улуттук оюндар болду. Ыр-күүлөр жаңырып, Сары-Колдун жыйырма жылдан бери тунжурап турган тоо-талаасы шаңга бөлөндү окшойт.

Көп жылдардан бери аттар чабылбай, айрыкча жаш муундун от ойнотууну унута баштаганы байкалып турду. Бир топтон бери Кыргызстанда жашап, кыргыз кызына үйлөнүп, улуттун оюндарын жакшы билип калган белгиялык Хюг аттуу адам алтүгүл тыйын эңип жаткандарга ат үзөңгүсүн өйдөрөк тартуу керектигин үйрөтүп жүрдү.

Фестиваль чынында эле жергиликтүү элге абдан жагып турду. Мургабдын акими Майрамбек Тойчиев эл үчүн чыныгы майрам болгонун фестивалдын соңунда белгилеп өттү:

– Баардык жерде калк каржалып, кыйналып турган мезгилде аз да болсо алаксытып, элдин маанайын көтөрүп руханий жактан колдоо болду. Экинчи жактан, бизде унутулуп бараткан ат ойнотуу өнөрү, комуз өнөрү, төкмө акындык өнөрү, мына ушулардын баары кайра жаралуусуна өбөлгө түзө турган жакшы саамалык болду деп эсептейм.

Мургабдык чабандестер буга чейин Кыргызстанда “Кыргыз аты” мекемеси уюштурган ат чабыш фестивалына эки-үч жолу чакырылган. Кыргыз аттарын даңазалоо, унутулуп бараткан ат оюндарын жандантуу үчүн  аталган мекеменин жетекчиси Жаклин Рипар бул ирээт Мургабда өткөрүүнү чечкен.

Жаклин Рипар аймакта ат ойнотуу кайрадан салтка айландыруу үчүн эмдиги жылы да фестиваль уюштурууга жардам берерин, фестивалды жыл сайын өткөрүп турууга көмөктөшөөрүн билдирди. Анын айтымында, ат оюндары улуттук маданиятты гана жандантууга өбөлгө болбостон, экотуризмди, аны менен кошо аймактын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошот.

Быйыл ат чабыш фестивалы быйыл төрт жолу өтөт. Мургабда уюштурулгандан кийин август айынан башында Памир-Алай жергесиндеги Ленин чокусунун этегинде болот. Андан кийин октябрда Токтогулда болуп,  ат оюндары көлдүн Барскоонунда ноябрь айында жыйынтыкталат.

Элеонора Бейшенбек кызы, «Азаттык», 27.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.