Сүрөтчү, керамист Эмил КАРАТАЕВ: “Чопого жан киргизип ырахат алам”

Кыргыз маданиятынын тарыхында кыргыздын рухун керамикага чагылдырып, улуттук колоритти жайылтууну максат кылган таланттуу сүрөтчүлөр саналуу гана. Алардын бири бүгүнкү мейманыбыз Эмил Каратаев. Учурда Сүймөнкул Чокморов атындагы № 92-кесиптик техникалык лицейинде карапа тобунун устаты. Таш доорун унутта калтырбай, өз өнөрүн жаш муундарга үйрөтүп келет.

– “Устанын баласы гана уста болот” деп коюшат эмеспи, сиздин талант даарыган касиетиңиз кимден калган?
– Талант мага кудайдын берген олжосу десем жаңылышпайм. Себеби, атамдын устачылык жайы жок, ветеринардык врач. Үйдө жалгыз мен устачылык, сүрөтчүлүк өнөргө кызыгып, карапачы болдум. Калган бир туугандарым башка кесипти аркалап жүрүшөт. Жараткандын буйругу менен кээде устанын баласы деле башка кесипке кетет турбайбы. Анын сыңарындай устанын баласы болбосом деле карапачы болуп чыга келдим.

– Башка сүрөтчүлөрдөн айрымачылыгыңыз барбы?
– Сүрөтчүлөр сүрөт тартып, живопис жанрына кайрылат. Мен чопо менен иштейм. Айырмачылыгым керамика жанрына кайрылганымда болсо керек. Карапачылардын көбү чопого жан киргизишет, көбүнчө кыргыздын колоритине басым жасайм.

– Кээде сүрөт тартып калган учурдар кездешсе керек…
– Албетте, айрым учурларда сүрөт тартам, бирок, андай убак өтө сейрек кездешет. Көпчүлүк учурда карапа жасоого көңүл бөлөм.

– Керамиканы жасаганга чейин сүрөттөрүн тартып,эскиз чийип аласызбы?
– Антпесе ишти баштоого мүмкүн эмес да. Керамиканы жасаганга чейин биринчи орунда эскизин даярдап алуу зарыл.

– Керамиканын технологиясы туралуу айтсаңыз…
– Кадимки чопону сууга ээритип, …. даярдап, аны гипстен жасалган ванналарга куюп, чопо массасын даярдап алабыз. Андан соң чопо массасынан даярдалган буюм печкага бышырылгандан кийин керамика деген атка ээ болот. Негизги технология чопо. Ал эми керамика отко бышып чыккандан кийинкиси.

– Эң мыкты чопону кай жактан аласыз? Мыкты чопо табуунун азабы көп болсо керек…
– Чынында мыкты чопону табуунун түйшүгү оор эле. Башында бир аз кыйналчумун. Азыр мыкты чопону Өзгөндөн алам. Ал жактын чополору ийкемдүү жана иштегенге жеңил болот.

– Кудай берген талантыңызды кайсы өлкөлөргө көргөзө алдыңыз? Башка мамлекеттин өкүлдөрү атайын заказ менен буюмдарды жасатып турабы?
– Жасаган эмгектерим бир топ өлкөлөргө чейин тарады. Ал эми заказ бергендер Индия, Кытай, Казакстан, Турция, Корея мамлекеттеринин өкүлдөрү. Алар менен тыгыз байланыштабыз. Керек болгон учурда өздөрү келип заказ кылышат, алардын оюндагыдай кылып жасап берем.

– Өзүңүздүн өнөр көргөзмөңүздү өткөрдүңүз беле?
– Жакында Ош шаарына барып атайын көргөзмөткөрүп келдим. Эл жакшы кабыл алышты. Жасаган эмгегиңди сыртан баалап турса сүйүнөт экенсиң.

Бегимай МААДАБАЕВА, “Арт.kg(“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.