“Кыргызстан- кыска метраждуу тасмалардын мекени” деген долбоор өз ишин баштайт

«Айтыш» киностудиясынын “Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын мекени” деген долбоору ишин баштайт.

“Учурда атамекендик кино кыйын абалда турат, бул багытты өнүктүрүү үчүн чечкиндүү иш-чаралар зарыл. Каражат маселелерине байланыштуу жылына  бир-эки толук метраждуу картина тартылат. Кино коомчулугу жана көрүүчүлөр аларды салыштыра албайт, ал эми салыштырып сыноо мүмкүнчүлүгү жок жерде өнүгүү жок”,-деп айтылат долбоордун башталышы тууралуу таратылган маалыматта.

“Бирок Кыргызстандагы кинону өнүктүрүүдө толук метраждуу фильмдер жалгыз жол эмес. Бизде жакшы фильм тартууга жетишээрлик таланттту режиссерлер бар.Кыска метраждуу фильмдер кыргыз киносу өз ордун татыктуу ээлөөсү үчүн дүйнөлүк бийиктик болуп эсептелет”,-деп айтылат билдирүүдө.

“Zpress.kg” МА, 17.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.