Темир Бирназаров, режиссер: “Кыргызфильмде” коррупция күч алган”

– Темир агай айтсаңыз, СССР учурунда гүлдөгөн кыргыз киносунун алсызданып кетишине эмне себептер болгон?
Союз учурунда 15 республика бир болчу. Ошол 15 республика бири-бири менен тыгыз экономикалык байланышта турчу. Биздин мамлекетте тартылган кинолор СССРдин карамагындагы бардык өлкөгө экспорттолуп турчу. Ошонун негизинде ар бир тартылган тасма сатыкка чыгып, чыгымдалган каражатты кайтарып алаар эле. Мындан сырткары союз учурунда кино тармагына мамлекет тарабынан жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, каражат жагы толук камсыз болуп келген. Анан дагы ал кезде көркөм кеңеш деген болгон. Тартылган ар бир тасма көркөм кеңештин кароосунан өткөндөн кийин гана коомчулукка тартууланчу. Эгер көркөм кеңештин сыноосунан өтпөй калса, анда ал тасманы көрсөтүүгө тыюу салынчу.

Кыргыз киносунун гүлдөшүнүн эң негизги себеби – коммунисттик идеологиянын күчтүүлүгүндө эле. Элдин аң-сезимин коммунисттик идеологияга сугаруу максатында бир жылда бир же эки тасма тартылып, коомчулукка тартууланып келген. СССР тарады, ар ким өзүнүн базарын ээлеп, өз арабасын тарта баштады. Көпчүлүк мамлекеттердин катарында биз дагы базар экономикасын, демократия жолун тандап алдык. Демократия дегенди биздин адамдар “ээн баштык” деп кабыл алышып, мамлекеттин мүлкүнө беш манжасын салып, каалагандай калчай башташты. Ошонун кесепетинен коррупция деген балекет пайда болуп, кулачын кенен жайды. Бул илдет чыгармачыл адамдарды топтогон тармактарда да өнүгүп, тамырын терең жайды. Акча, байлык деген заманда маданиятты, искусствону, руханий байлыкты ойлогон жетекчи болгон жок. Ошондуктан биздин кино тармагыбыз алсызданып, артка кетти. Эгер кинону сүйгөн адам жетекчиликке келгенде биздин кино тармагыбыз бүгүнкүдөй абалга келмек эмес.

Кыргыз киносунун алсызданышына базар экономикасы да чоң таасирин тийгизди. Базар десе, соода-сатыкка аралашпаган эл байкуш кара жанды багуу үчүн баарын сатууга киришти. Анан ичинде маданияттын жүзү болгон кино тармагы да кирди. Кино бул – өндүрүш, товар, прокат. Ар бир тартылган тасма киреше алып келиши шарт. Союз тарагандан кийин, кино тармагына мамлекет тарабынан каржылоо токтоп калган. Азыр көп акча сарпталып, сапаттуу тартылган тасмалар эч качан өзүн-өзү актабайт. Ошондуктан жогорку деңгээлдеги тасмалар тартылбай, алардын ордун жеңил-желпи тасмалар ээлеп жатат.

Айрым “өзүн режиссермун” дегендердин эмгеги менен тартылып жаткан саны бар сапаты жок, батыш маданиятын туураган тасмалар кыргыз тасмасынын деңгээлине көлөкө түшүрбөйбү?
Чынын айтсам, ошол саны бар, сапаты жок кинолорду тарткан режиссерлорду биз режиссер деп эсептебейбиз. Алардын тарткан тасмаларын көргөн да эмесмин. Ошондуктан алардын эмгектерине сын айтуудан алысмын. Эгер “Кыргызфильмде” иштеген профессионал режиссерлор сиз айткандай тасма тарткан болсо, мен өз көз карашымды билдирмекмин. Эми өздөрүн режиссермун дегендер кинонун арты менен нан таап, жан багып жаткандар да. Биз аларды сен тартпа деп айта албайбыз. Себеби биз демократия менен базар экономикасын тандап алганбыз. Кандай жол менен болбосун, акча таап жаныңды бак деген принцип менен күн кечирип жатпайбызбы. Демократиялуу өлкөдө цензура деген болбошу керек. Менимче, сапатсыз тасмалар өзү эле иргелип калат. Мындай тасмалардын эч кандай зыяны жок.

Маданият-улуттун жүзү, маданияттын жүзү кино жана театр дейт. Баарына макул дей берсек, батыштын стилиндеги тасмалар келечек муунду маңкурттукка алып келбейби?
Мен образдуу салыштырып берейин. Мамлекеттик деңгээлде өтүк чыгарган фирма бар дейли. Фирмадан сапаттуу бут кийимдер чыгат. Ал мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынып, текшерилип турат. Ошол эле фирманын жанында сапатсыз ошондой өтүк жасап бирөө иштейт. Анын өтүгүн башка өлкөлөргө экспорт кыла албайсың. Ал өзүнүн жанын баккан адам. Чыгарган өтүгү менен жанындагы адамдарды гана камсыздай алат. Ушул сыяктуу эле, профессионал режиссерлор тарабынан тартылган кинолор эл аралык фестивалдарга катышып, кыргыз улутунун жүзүн көрсөтүп келет. Ал эми сапатсыз тасмалар тар чөйрөдөн чыга албайт.

Кечиресиз, менимче, тасманы өтүккө салыштырууга мүмкүн эмес го дейм. Дегеним, сапатсыз өтүк адамдын аң-сезимин булгабайт да. Ал эми кино аң-сезимди талкалоонун бирден-бир куралы эмеспи…
Эми аны реалдуу эмес, образдуу салыштырууга болот. Азыр ар ким өзү каалагандай тасма тартат. Аны тыюуга эч кимдин укугу жок. Акчасы бар адам керек болсо, порнография тартат. Ага өзүнүн каражаты кетип жатат. Мамлекеттин акчасын сарптап жаткан жок да. Ошол үчүн аларды көзөмөлдөөгө мамлекеттин акысы жок.

Акыркы кездерде ырчыларды тасмага тартуу модага айланып бара жатат. Элдин ичи профессионал актер-актрисалардан курубу?
Ар бир режиссердун өзүнүн табити бар. Ошол портретке карата башкы каарманды издейт. Биздин билимдүү жаштардын арасында ал режиссер каалаган кыз-жигит жок болуп калышы мүмкүн. Ошол себептен режиссерлор баш каармандарды элдин арасынан издөөгө аргасыз болуп жатат. Мына менин “Арманым Лира” деген киного баш каарманды бир жыл издеп жүрүп араң таптым. Айрым режиссерлордун ырчыларды тартып жатышы да ушундан улам болсо керек.

Сиз учурда “Кыргызфильмде” эмгектенип жатасыз. Мындан үч-төрт ай мурда “Кыргызфильмде” жетекчилерди алмаштыруу туурасында ызы-чуу чыкты эле…
“Кыргызфильмде” коррупция катуу күч алган. Бул илдет бир гана “Кыргызфильмде” эмес, бардык тармакты мите курттай соруп, чырмооктой чырмап алган. Ошол илдеттен кутулуу үчүн биз 7- апрелде “Кыргызфильмдин” жетекчисин алмаштырууга аракет жасаганбыз. Чынын айтканда, жетекчини алмаштырууда катуу кармаш болду. Ал кишинин артында күчтүү адамдар турган экен, бийлик алмашканга чейин биздин талабыбыз орундалбай келди. Күтүлбөгөн жерден революция болуп, 7-апрелден соң, жетекчини алмаштырдык.

Союз урагандан кийин кошоматчы коррупционерлер бийлик башына келишкен. “Кыргызфильмге” да ошондой жетекчи келген. Жыйырма жылдан бери жарытылуу иш аткарылбаган. Азыр деле кино тармагына мамлекет тарабынан каражат бөлүнөт. Ал каражатка жылына жок дегенде бир кино тартып турса болот болчу. Тилекке каршы, эгемендүүлүккө чыккандан бери “Кыргызфильм” тарабынан жарытылуу көзгө илинерлик бар тасма тартылган эмес. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн акчаны жеп гана отура беришкен.

Жетекчи алмашканда “Кыргызфильмге” текшерүү комиссиясы келдиби?
Жок. Келген жок. Азыр биз да ал иштер ушул боюнча эле жабылып калабы же ачылып, күнөөлүү адамдар жоопко тартылабы деген суроолорго жооп издеп жатабыз. Жеп-ичкен адамдар жоопкерчиликке тартылбай, кызматынан кете берсе, өлкөбүздү жегич-ичкичтер каптап кетет го.

“Кыргызфильмге” мамлекет тарабынан канча каражат бөлүнөт?
“Кыргызфильмге” жылына мамлекет тарабынан 9 миллион каражат бөлүнөт. Ошол каражаттын 3 миллиону кино тартканга жумшалмак. Тартылган киносу да, үч миллиондун үч тыйыны да жок. Калган алты миллион кайда жумшалганы белгисиз. Мына жыйырма жылдан бери жарытылуу кино тартылган жок, тартса да эптеп, чампалап тартып койгон. Анысы “Кыргызфильмдин” текчелеринде чаң басып жатат. Дагы бир айта турган нерсе, “Кыргызфильмде” жалпысынан, кырк-элүүдөй адам иштейт. Бирок бир дагы режиссер, бир дагы оператор жок. Баары эле жетекчи, орун басар. Бул эмне деген шумдук. Жеке режиссерлор өз чөнтөгүнөн кино тартып, балдарды окутуп жатат. Ал ми “Кыргызфильмдин” жетекчилери креслого отуруп алып, эртеден-кечке акча алмай менен алектенишип келген. Мунун баарына ким күнөөлүү? Албетте, жетекчи күнөөлүү.

Мына Эралиев, тасма тартам деп, бир жарым миллионго чукул акча алып, акчасы да, тасмасы да жок. Тартылбай токтоп калган. Б. Шамшиев да үч миллион сом алып, киносунун аягына чыкпай, ал да токтоп турат. Же кинодон жок, же акчадан жок. Ортодо эле мамлекеттин акчасы ары-бери чачылып жатат. Мунун баарын көзөмөлга албаган жетекчинин күнөөсү, жоопкерчиликтин жоктугу.

Азыр “Кыргызфильмде” кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?
Учурда бизде жаңылануу жүрүп жатат. СССР учурунда штамп болуп калган структураны өзгөртүүгө бел байлап жатабыз. Алдыда жакшы максаттар көп. Аны ишке ашкандан кийин айталы.

Жаркынай КАДЫРКУЛОВА, “Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.