Мелис Карыбеков, парапсихолог: “Кара дубаны” жандыруунун жолун таптым”

Жүрүштүн жүз бутагы
– Алтай – Ала-Тоо жүрүшүнүн мааниси зор. Манас атабыз Алтайдан Ала-Тоого аттанып кеткенден бери бир да Манас урпагы барып, ал жер менен байланыш кылган эмес экен. Биздин Алтай – Ала-Тоо жүрүшү чоң тарыхый миссия болду. Ал жерге барып түлөө кылып, жакшы жөрөлгөлөрдү жасап келдик. Азыр элибиз оор ахыбалда турганда, доор өзгөрүп жаткан маалда Манас – Тоосуна, Манас – Көлүнө бардык. Ал жерге мындан башка барууга болбойт экен. Бул бир тарыхый учурда кайталанышы мүмкүн экен, маселен биздин элде кандайдыр бир өйдө-төмөн өзгөрүү болуп, элибиз кыйналып, адашып турган учурлар болгондо гана Манас Атанын тоосу сырын ачып, бизди кабыл алат экен. Биз барганча Тайгада жай бою жаан жаап жатканын айтылды, биз, кыргыз балдар ошол тоо этегине баргандан кийин жаан токтоду. Үч күн ошол тоо башында жүзгө чукул кыргыз уул-кыздары болдук. Жаан токтоп асманда бир дагы булут калбай керемет, мээримин төгүп турду. Ошол жерге боз үй тигилди, Манас айтылды, куран окутуп бата кылып, түлөө жасадык.

Ажыдаар кытайдан кайтты
– Алтайлык боордоштор да Теңирчилик жолдору менен (алар мусулман эмес) өздөрүнүн жөрөлгөсүн жасап, колдонгон ырымдарын кылып жатышты. Баардык жөрөлгөлөр жасалып бүтүп акыркы кыргыз баласы тоодон түшкөндө, бизди эле күтүп тургансып, жаан мөндүрлөп кайрадан төгүп баштады. Андан өтүп “Аттанар Таш” деген жерге бардык. Баатыр бабабыз так ошол жерден чоролору менен аттанып кеткен экен. Ал жерден Алтайлык боордоштор менен биздин жигиттер улак тартышып, ат өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ошол жерде куран окуп жатканда асмандан кут түштү. Ал кутту биз фотоаппаратка да, видеокамерага да тартып үлгүрдүк. Кадимкидей көлдүн үстүндө турду, барган балдардын баарысы көрдү. Укмуштуудай уникалдуу окуяга күбө болдук. Барган чоролорубуздун баары ошол кутту жүрөктөрүнө салып, аң-сезимине куюп келишти. Эми элибизге таратып жеткизип беришет. Бул миссиянын негизги максаты элибизди жаман энергиядан тазартуу, жакшы жакка жетелөө, ата-бабабыздан келе жаткан руханий байлыкты кайра элибизге алып келүү. Мен парапсихолог, сырдуу дүйнөнүн сырын билген адам катары жазып жүргөн “кара дуба” деген макалаларым бар, эң негизги максатым улутту “кара дубадан” тазалоо. Биздин элге бир убактарда Кытай падышачылыгы тарабынан “кара дуба” салыныптыр. Манас Атабыздын ажыдаар колдоочусун Кытайлар алып кеткен. Ошону кайтаруу жөрөлгөсүн жасадык.

Хакас эмес, Какач
– Биз Кыргызстандын чөлкөмүндө гана ойлонот экенбиз да, Кыргыз каганатын унутуп коюптурбуз. Кыргыз каганатына Алтайлык кыргыздар, “Тоолук шордуулар” – Горные Шорцы, “Какачтар” – Хакастар, Тувалыктар бүт кирет экен. Баарын майдалап, талкалап, бөлүп-жарган тура. Дүйнөгө тарап, башка улут болуп кеткен кыргыздардын туу башында биз турат экенбиз. Эркин болуп Манасыбыз бизде тургандыктан биз бүтүндөй кыргыз каганатына, Түрк элдердин көпчүлүк бөлүгү үчүн жоопкерчиликти мойнубузга алышыбыз керек экен.

Кыдыр дарагы
– Биз Манас Атабыздын туулган жеринен топурак, суу алып Манас Тоодон Таласка келип Кароол дөбө менен байланыштырып, топуракты чачып, биринчи миссиябызды аткардык. Эми күзүндө бизге белгилүү “Дасмия” комплексинин кожоюну Турусбек Мамашев менен Өкмөтбек Алмакүчүков октябрь айында Алтайга барып Кедр (Кыдыр) дарагынын көчөтүн Кыргызстанга көчүрүп келишет да, Манас комплексине ж.б. белгилүү жерлерге отургузушат. Андан кийин гана жылкылар алынып келинет. Көп убакыттан бери эсибизге албай, унутуп келген “кайып жылкылар” орусча айтканда “небесные кони” деген бар. Алар буттары узун, көктөн түшкөн жылкылар. “Аккула” ошолордун бири болгон. Биз ошол жылкыларды кайтарып келишибиз керек. Бул жолу барганыбызда кайып жылкылардын элесин, энергиясын, образын алып келдик, эми денесин алып келишибиз керек. Анын эч кандай кыйынчылыгы жок. Экинчиден ветеринардык тоскоолдуктар болду. Ал жылкылар туяктары чоң, такаланбаган, таш баспаган жылкылар экен.

Эки жүз жылкынын кыркы биздики
– Элибиз “Камбар Ата” тукуму алдында көп күнөөгө батып жүрүптүр. Кыргыз эли үчүн жылкы баласы эт, акча, мактаныч гана болуп калган экен. Анын касиетин, ыйыктыгын жоготуп алыптырбыз. Ошондуктан Манас – Тоосунан Акай Кинеев деген тууганыбызга аян берилип атыптыр. Бизден барган чоро жигиттердин баарысы каскадер, улакчы, ат үстүндө ойногон балдар эле. Булар түшүндү, “биз канчалаган мыкты жылкыларыбызды Казакстанга сатып жибериптирбиз, туура эмес пайдаланыптырбыз” деп, өкүнүштү. Акай Кинеев тууганыбыздын эки жүз жылкысы бар экен, ошонун кыркын “кыргыздарга бекер берем” деп мага көрсөттү. Мага укмуштай аяндар болду, дүйнөнү көрүп аттым, Кыргыздын тукуму үчүн гана барып чектелүү элем, бирок, ал жерде дүйнөлүк масштабдагы көп нерселер болду. Кыргыздын бири-бирине болгон пейили абдан бузулуп калган, ал тургай дем алган абабыз да таза эмес, “эртеңки күнүбүз дүрбөлөң болбойбу?” деген коркунуч менен жашап жатабыз. Ишеним жок. Чыңгыз Атабыз жазган маңкуртизмдин доорун сүрүүдөбүз. Ошол татаал кырдаалдан кантип чыгып кетүүнүн жолун көрдүм.

Боз үй тиксе эле төңкөрүш болобу?
– Бул иш-чараларды бийликтегилер кабылдашууда. Алардын бир канчасы менен кайтып келгенден кийин жолуктум. Акай Кинени да жүздөштүрдүм. Видеого тартылып калган куттун түшүп атканын көргөздүм. Эми анын баарын элге жеткиребиз. Мамлекет бийлик башчыларыныкы эмес, элдики. Күздө болчу шайлоого ички, сырткы, душмандар согушка түртүп баратат. Ушул жүрүштөн орустар, казактар биздин парламенттик башкаруу болуп, өнүгүп, өсүшүбүзгө өтө каршы экенин көрдүк. Орусия бийлигинин улам бир саясий лидерибизди чакырып алып сүйлөшүп атканы, “бири-бирине баш ийбесин, бири-бири менен чабышсын, борборлошкон бийлиги болбосун” деген эле аракет экенин түшүндүк. Биз шайлоодо утулсак, согушсак, анан алар сырткы аскерлерин киргизип, бизди кайра өздөрүнө багындырып алгысы келет экен. Көрсө, биздин эркиндигибизге баары каршы тура. Кыргыз эли топурактан эмес, нурдан жаралган эл. Нурдан жаралган эл эч убакта кул болбойт. Манас деген чоң энергетикалык нурдун белгиси. Бизди эч ким багындыра албайт. “Кыргыздар боз үй тиксе эле төңкөрүш болот” деп шаар ичине боз үй тиктирбей койду. Бизди кайтарып жүргөн ОМОН, милициялары да бизден кооптонуп, “баш кесерлер” деп кабылдап турушту. Эки-үч күн өтүп, бизди түшүнгөндөн кийин унчукпай калышты. Бул заман да өтөт. Кыргыздын айкөлдүгү, меймандостугу, тынчтыкты сүйгөн эл экени дүйнөгө маалым болот. Ал күндөргө аз калды.

Энергиябыз жерге сиңип…
– Биздин эл ушунчалык “кара дубага” чыланып калган. Башкача атоого да болбойт. Азыр бизде ар бир үчүнчү киши көз ачык. Чынында көз ачык бир-эки гана кишини билем. Калганы амбициясы ашынгандар. Диний агымдар, алар да “мен- мен” деп турат, анан да Манасты “жомок” деп мээбизге сиңирип салган. Кыргыз каганатын жок кылгандан бери ушундай каргашалуу иштер башка падышачылыктар тараптан жүргөн. “Кайыптын каргашасы” деген бар. Канчалаган белгилүү адамдар, кинорежиссер Мелис Убукеев, Асан Жакыпбеков сыяктуу залкар адамдарыбыз “Манасты жазабыз, изилдейбиз” деп атып эле, бей ажал өлүмгө туш болушкан. Азыр бизге жасалган жөн эле тоскоолдуктар толтура. Мен ушунун жандырмагын жандырып келдим. Менин негизги максатым ушул болчу. Анан улуттун “кара дубасын” жандыруунун жолун таптым. Жыл башында айткам, “же эл титирейт же жер титирейт” деп. Эл титирегенин көрдүк. Эми биздин терс энергиябыз жерге сиңип атат, пейилибизди оңдобосок, он эки баллга жеткен жер титирөө болот. Анда биздин кыйраганыбыз ошол. Көкө Теңирдин, Жараткан Алланын каргышына калышыбыз мүмкүн. Пейилибиз аябай булганган. Баары эле депутат болуп, улуу, бийик көрүнгүсү келет. Биз менен Алтайга барып келген жигиттердин пейили тазарып, өздөрү өзгөрүп такыр башкача болуп келишти.

Кыргызга каршылар кыргыз эмес!
– Кыргыз каганаты, Түрк элдери кайрадан дүйнөлүк аренанын бийиктигине кайтып келчү учур келди. Ошондо “Түрк элдеринин алдыңкы сабында кыргыз турат” деген маалымат бар эле. Ошонун так экенин билдик. Азыркы Кыргызстан ушул жолду тандап кетсе, эки жылдан кийин аябагандай чоң өнүгүүнүн астында болот. Азыр биз таразанын эки табагындайбыз. Бири кыйратат, бири дүркүрөтүп өндүрүп, өстүрөт. Ал биздин тандообузга жараша болот. Биздин бабабыз Манастан алынгандай энергия башка элде жок. Манастын энергиясын толук бойдон кабыл алдык. Эми бул элге тарайт. Жакында биздин жүрүштүн жыйынтыгын көрө баштайсыңар. Каршы болгондор макул болот. Такыр каршы болгондор кыйрайт. Манас атанын каарына кабылат. Кыргызга каршы болгондор кыргыз эмес. Анын баары өз жазасын алат.

Жаңылай АЛИЕВА, “Кыргыз радиосу”
(«Айат пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.