Жаныбек Жанызак агайдын тажрыйбасы

Жаныбек Жанызак агайдын «Кыргыз гезиттер айылын» ким билбесин. Бул сайт учурдагы эң окумал кыргыз сайттарынын бири болуп саналат. Деги эле Жаныбек Жанызак агайдын Интернетти кыргызчалаштыруудагы эмгеги зор. Айта кетсек так ушул киши эң биринчи кыргыз тилиндеги сайтты Интернетке чыгарган. Веб желеде акча табуу жагын да биринчилерден өздөштүрө баштады.

Кыргыз Интернети (орусча кырызчасы менен кошо) али да жакшы өнүгө элек. Айрым иликтөөлөр боюнча, элдин 17%ы гана Интернет менен колдонуп келет. Буга жараша Кыргызстандын жарандары ачкан оригиналдуу сайттар да аз. Ал эми кыргыз тилдүүлөрүн санап чыгууга эки колдогу манжалары эле жетиштүү десек болт. Ошого жараша Интернеттин кыргыз сегменти реклама берүүчүлөрдү көп деле кызыктырбайт, демек Интернет менен жан багып кетүү учурда болбогон иш. Ага карабай Жаныбек Жанызак агай бул жерде да алгылыктуу ийгиликтерге жете алды десек болот. Агайдын «Кыргыз гезиттер айылын» кыдырып жүрүп, анын Интернетте акча табуу тажрыйбасы менен бөлүшкөн катып окуп калдым. Кыргызча желеде шугулдангадарга бул тажрыйба кызыктуу да жана да пайдалуу болот болуш керек деп ойлойм. Учурдагы биздин жалпы максатыбыз – кыргыз тилдүү Интернеттин өнүгүүсү. Макала бул жерде.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.