Кыргыз жазуучусу америкалык окурмандары менен жолугушууда

10-сентябрда Американын Айова штатындагы Айова-Сити шаарында Шамбо-Хауз адабий окуулары болуп өттү, – деп кабарлайт «Кыргызстандын жаңы адабияты» сайты. Анда кыргыз жазуучусу Турусбек Мадылбай дагы катышып, өзүнүн атактуу чыгармасы “Күкүнүс” романынан үзүндүлөрдү англисче окуп берди. Америкалык окурмандардын өзгөчө кызыгуусун туудурган нерсе: 1989-жылы жазылган бул китепте башкы каарманы тарабынан Куран китебин мазактап, мечитти өртөгөнү тууралу айтылган. Жалпыга маалым болгондой, акыркы күндөрү Америкада жана жалпы эле дүйнөдө Терри Жонс деген пастордун жорук-жосуну талкууланууда. Ал 11-сентябрда Флориданын мечитинде Куран китебин өрттөйм деп жарыялаган. Көрсө, мындай аракеттер жалаң эле бүгүн жасалып жаткан жери жок экен. Анан дагы америкалык адабият күйөрмандарын таңгалдырганы: бүт дүйнөнү дүңгүрөткөн Кыргызстандагы 2005— жана 2010-жылдардагы төңкөрүштөр жана мамлекет башчыларынын качышы романда жыйырма жыл мурун эле баяндалыптыр.

Акырында жазуучу улуу “Манастан” кыргызча окуп берип, өзүнүн англисчеге котормосун тааныштырганда, америкалык окурмандар дүркүрөгөн кол чабуулар менен кабыл алды.

Эми жазуучу АКШтын Чикаго, Нью-Йорк, Вашингтон, Сан-Франциско, Портлэнд, Жаңы Орлеан ж. б. шаарларын кыдырат. Айова-Ситидеги анын келерки жолугушуулары октябрь айынын экинчи жарымына белгиленди.

Турусбек Мадылбай АКШга ЮНЕСКО жана АКШ Өкмөтүнүн чакыруусу менен барган. Эл аралык жазуучулар программасынын бул долбоору боюнча жазуучу АКШтын шаар-кыштактарын кыдырып ал жактын китепкөйлөрүнө өз чыгармаларынан окуп берүү, китептерин англис тилине которуу, ошол өлкөнүн элинин турмушу менен таанышуу жана адабий жолугушууларга катышуу каралган.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.