Жөжө

(XIX-кылым)

Айтышта дайым чыккан мен бир буудан,
Дегдеңдеп чыгып келем калың чуудан.
Жамандык-жакшылыкты тең бөлүшөр
Жанымда жок го менде ага-тууган.
Жаштыгым азап менен өтүп жатыр,
Муң-кайгы өз башыма жетип жатыр.
Ач калып, кыштын түнү талаа кезип,
Бир күнүм бир кылымга кээде татыр.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.